بسم الله الر حمن الر حيم.

Тема: КОҢШУГА ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ ИСЛАМ ДИНИНДЕ АРАМ.
Бул иш чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет жана анын Алланын алдындагы жазасы да өтө катуу.Айлана-чөйрөсүндөгүлөргө зыян келтирип жүргөн адам толук ыйманга ээ боло албайт.Ибн Масуддан риваят кылынган бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)минтип сурашкан:
-Эң чоң күнөө эмне?
-Сени Алла Таала жаратканына карабастан Ага башканы шерик кылышың.
-Ырыскыңды бөлүшөт деп коркуп ,өз балаңды өлтүрүшүң!
-Андан кийинчи ?
-Коңушуңдун абалы (никесиндеги) менен зына кылышың.
Абу Шурайх(радиаллаху анху)айткан хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):
-Аллага касам ичем ,момун болбойт,Аллага касам ичем,момун болбойт,Аллага касам ичем ,момун болбойт,-.
-Оо ,Алланын элчиси,ал ким?-деп сахабалар сураганда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):
-Коңушусуна зыяны тийип турган адам!-деп жооп берген.
Абу Хурайрадан (радиаллаху анху)риваят кылынат:
"Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи ва саллам)мындай деп сурашты:
-Оо,Алла элчиси,баланча аял түнүн намаз,күндүзүн орозо менен өткөрөт .Бирок анын тили заар,коңшу-колоңдорун ыза кылат.
-Анда анын жакшылыгы жок.Ал аял тозокто болот!-деди Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам).
-Баланча аял парз намаздарын окуйт.Рамазан орозосун тутат.Бир кесим быштагы болсо аны да садака кылат.Анын мындан башка кылган ибадаты жок.Коңшуларына жаман сөз айтпайт.
📚40 Хадис
🕌 ИСЛАМ АКЫЙКАТ ДИН
🔵Бизге катталыңыздар:
Whatsapp:
Мырзалар үчүн:
0555 13 05 94
Айымдар үчүн:
0777 18 55 60
Эскертүү тайпага (группа)
жазууга болбойт⛔

بسم الله الر حمن الر حيم. - 854365356741

Комментарии

Комментариев нет.