—Сенсиз өткөн жылым.

Сенсиз өткөргөн оор мүнөттөрүм... сенсиз кечирген кыйынчылыктарым. Сенсиз атпаган таңдарым. Өзөгүмдү өрттөп, көөдөнүмдү жарган сендик азап. Сенсиз жашаган күндөрүм. Жанымды кыйнап, азап берген сенсиздигим...
Ооба жашай албайм дечүмүн. Дем ала албай каламын дечүмүн сенсиз. Аалам сөгүлүп кетчүдөй туюлчу сенсиз калсам. Айланам тумандап мен өзүм адашып кете тургандай сенсиздиктен коркчумун.
Жашоо болсо мунун баарынын тескерисин жасайт туура. Сендик менен жашап, сенсиздикти элестете албаган мага сенсиз жашоону үйрөтүп койду. Жашап жатамын, умтулуп жатамын!
Дале алдыга карай жылып баратам. Тизелеп жыгылып, чөгөлөп олтурганымда келип колуң созуп тургузуп кеткен сен, кийин өзүң түртүп жибердиң. Бул жолу чөгөлөп эмес, жер кучактап жыгылдым. Майда бөлүктөргө бөлүнүп, сынып чачылдым. Бирок ошол абалымда да алдыга жылдым. Алгач боорум менен сойлоп, анан өрмөлөп жылдым. Кийин бутума туруп аста кадам таштадым. Жаңы баскан баладай тай - тайлап басып келе жаттым. Билесиңби бул жолу өзүм, сенсиз турдум ордумдан. Сенсиздикти түшүнгөнүмдө, сенден кийин биринчи жолу дүйнө көзүмө кооз көрүндү. Сенсиз дайым муң менен, ый жана көз жаш коштолуп аткан таң алгачкы жолу нурлуу болуп атты. Дайым сенсиздик мага азап алып келет дечүмүн. Жок, сенсиз ийгиликтерге жеттим! Сенсиз көп иштерди жасадым. Сенсиз күлгөндү үйрөндүм. Сенсиз күрөшкөндү үйрөндүм. Мен сенсиз жашаганды үйрөндүм! Кош бол менин сенсиздигим...
Жалгызым (Назик)...

—Сенсиз өткөн жылым. - 966906591828

Комментарии

  • 6 мар 2023 17:55
  • 6 мар 2023 19:37
    Кее бир күн келет өзүңдөн башка еч кимге ишенбеген мен ошентип жашайм даже күйөөмө ишенбейм
  • 6 мар 2023 23:03
    Супер!
  • Комментарий удалён.
  • Комментарий удалён.
  • 19 июн 2023 11:47
    Туура, жалгыздыкта жашагандар, жалгыз деле жашоо болот...
  • 21 июн 2023 06:16
    эн туура,баары аракетке жараша,жаман эркектин барынан жогу жакшы.
  • 16 мар 2024 00:02
    Кетсен кетчи кетип калчы журоктон
    Сенсиз деле омур откон кун откон
    Сезимимди байкабадын кантейин
    Суйбойм эми конул калды суйуштон