Жаңы, түсү ак болсун. Президенттин иш башкармалыгы 40 машина алууну көздөп жатат

Жаңы, түсү ак болсун. - 925342935891
Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт биримдиги" мекемеси 40 автоунаа сатып алууга тендер жарыялады. Бул туурасында маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына бүгүн, 11-августта, жүктөлдү.
Аталган транспорт каражаттарын алууга республикалык бюджеттен 60 миллион сом каралган. Тендерге катышууга арыз берүү мөөнөтү 1-сентябрда бүтөт.
Анда автоунаалар ак түстө, заводдон жаңы чыккан (бир дагы жүрө элек) болушу керек деген талап коюлган. Ошондой эле төрт дөңгөлөгү тең тарткан, жогорку маневри бар болушу шарт. Президенттин иш башкармалыгы бул автокөлүктөр бардык типтеги жолдорго, анын ичинде шагыл жолдорго да колдонуларын белгилеген. Бирок кыймылдаткычынын көлөмү 2 500 куб сантиметрден ашпашы зарыл.
Кошумча талап катары машиналар алып келингенден кийин техникалык көзөмөлдөн өтүп, коробкасынын жана кыймылдаткычынын майы толук, аккумулятору кубатталган болсун деп жазылат.
Президенттин иш башкармалыгы сатып алууну көздөп жаткан 40 автоунааны эсептей келгенде ар бири 1,5 миллион сомго (17,6 миң доллар) айланууда.

Комментарии

  • 13 авг 2021 06:09
    Менчик машинарды эле Минина турсанар олосунорбу
  • 13 авг 2021 07:38
    Окмотту жеп буто турган болду Ошол акчага студентердин бюджеттик негизде окутпайбы