КӨЛДҮК КЫЗ

Жай чертип күүлөп, сезимдин назик кылдарын,
Ой термеп турам, эргүүнүн тыңшап ыргагын.
Ак куудай болгон Ыссык-Көлдүк сулууга,
Негедир бүгүн ыр жазгым келди, ыр жазгым.
Дем албай тыңшап көлүмдүн турам шоокумун,
Суктана карап ак куулар көлгө конушун.
Жүрөгүм булкуп, толкундап турам негедир,
Көлүмдүн эмес, уккансып сенин добушуң.
Керемет жансың, ак кууга сулуу окшогон,
Апакай жүзүң, күн нуру дайым коштогон,
Кандай жан элең, сулуусу көлдүн айтсаңчы,
Тынч согуп жаткан, жүрөктү улам козгогон.
Суктанткан далай, арзыган мендей көп жанды,
Өзүңдөн көрөм, көлүмдөн аткан ак таңды.
Ыр жазган арнап, канчалар көлдүн кызына,
Ыр жазып турам, катардан калбай мен дагы.
Ажайып көркөм, талдырган көздү керемет,
Ыссык-Көл сулуу, ажайып сулуу сен дагы.
Автор: Жыргалбек Усенов. 22.12.2024.
23:30 Москва.

Комментарии