Ордумдан туруп күзгүнү каранып ,өзүмдү бир сыйра түзөп жатканда , телефондун музыкасы оюмдун быт - чытын чыгарып салды. - Алоо - дедим ,добушум өзүмө араң угулгандай болуп. Мен келдим - деген добуш угулду . Жакшы баратам - дедим да , басканга өзүмдө күч таппай калчылдайм гоо. Сыртка чыкканга чейинки абалым бир өзүмө маалым. Алдыга карай баскан кадамым артка кетип жаткандай , ордумда кыймылсыз тургандаймын. Эки аттап жетип барчуу эшик да алыстап жылып кеткендей. Мына эшикке да жетип келдим ,сыртта кимди көрөм ??? Кандай адам мени күтүп турат ? Ал адамдан өз Эркинимди көрө аламынбы же мага бейтааныш адам болуп көрүнөбү ? - деген ой кучагында эшикти ачтым... Сыртка чыкканда биринчи сурдөө болдубу ,абалым өзүмө түшүнүксүз, эч нерсени көрбөй туруп калдым. Мага карай басып келе жаткан кадам добушу менен менин жүрөгүмдүн согуусу айкалышып жаткандай туюлду мага. Жаныма жакындаган караан аста гана колумдан кармады . Мен эми көзүмдү бекем жумуп алдым. Ансыз да көзүм эч нерсени көрбөй жаткан. Сезүү органдарым ишке түшүп кеттиби билбейм, түшүнбөйм. Ошол каарылуу колдор , чекемден өөп учурашты ... Ошол жылуу , куйдуруучу күчкө ээ болгон ээриндер.... Кандайсың Гульсара ? Анын да үнү дирилдеп угулду. Канча турдук бири бирибизди коомай кучактап ... билбейм. Жакын ортодо кафе барбы ? - деген суроосу мени өзүмө келтирди. Араңдан зорго көзүмдү ачтым коомайланып. Дагын тунарып көрбөй калсамчы деген ойдо. Жок көз алдымдагы туман таркап , бою узун, ак саргыл келген ,жап жаак кишинин кучагында турамын. Эркин ,сени да көрчү күн бар экен ээ - дедим, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жаткандай. Ошол жылмайуу ,ошол бакыраң көздөр мени карап жылмайып турду. Күлгөндө бир тарапка тартып кетчүү илеби да ошол боюнча. Өзүнө аябай жарашат жылмайганы... Кыйла убакыт өтүп, мен да өзүмө келгеним менен , Эркинди тик карай албай айбыгып турам. Машинаңды ушул жерге койуп койобер , кафе бизге жакын дедим да алдыга карай жол баштап жөнөдүм. Эркин колумдан тутуп , мага катар басып келди. Кафеге кирдик. Бизге тынч жерден оорун керек эле - деп тосуп чыккан кызга утурлай басты. Экинчи кабатта адам аз , жогору чыксаңыздар болот . Сиздер жай тандап отура бериңиздер, бир аздан кийин алдыңыздарга өтөм - деди да басып кетти. Биз жогору чыктык , айткандай эле адам аз экен. Чеке жерден жай тандап басып келдик. Ар дайымкыдай дилгир Эркин оорундукту түздөп, менин отурушумду күтүп турду. Олтургандан кийин ,көз кырымды салып Эркинди күзөтүп карап турдум. Жаныбызга келген кызга ,эмнелерди алып келишин айтып сүйлөп жатты. Унутпаптыр мен Наполеон тортун жакшы көрүшүмдү. Тамактан кийин бир кесимден торт алып келесиң - деп сөзүн аяктады. Убакыт аябай тез өткөндөй болду . Кечки тамакты ичип анан таркайлы - деп тамашалап отурду. Эркин ,мен сүйгөн Эркин. Канча суулар акты , канча көз жаш төгүлдү... Жашы улгайган менен , өзү өзгөргөн эмес. Дале тамашакөй, жайдары... Анын бир уулу ,эки кызы бар экен. Аялы узак убакыт ооруп жүрүп , көзү өтүптур. Жарасына туз сеппейинчи - деп көп суроо бергеним жок. Ал мени ,,чоң аял болупсуң. толуп да кетипсиң - деп тамашалайт. Токчулуктун символумун да - деп жооп берем мен да. Канча олтурдук билбейм , сапарыбыз карыды дегендей ,биздин да сөзүбүз бүтүп баратты. Эркиндин телефонуна коңгуроо келип калды... - Алоо , аа сенсиңби ,мейли эртең уйдомун , келебер - деп телефонду өчүрдү. Аял кишинин үнү... Эртең эмне конок кутөсуңбу ? - дедим. Бир каткырып күлүп алды да , ооба алыстан мейман келе жатыптыр - деди. Ошол чалуудан кийин Эркиндин көңүлү абдан көтөрүлүп кеткени байкалып турду. Мындай суроону биринчи учурашууда сураганга болбосо да ,аялдык кызыгуум күч алып кеттиби билбейм. Эркин сенин азыркы учурда бирөө жарым менен мамилең барбы ? - деп сурадым. Ал мени көпкө карап турду да , сенин жоолугуп калышыңды билген жокмун , жалгыздык жаман экен деди. Бир келиндин алты баласы бар , балдары баары майда . Эри Россияга кетип дареги жок. Менин балдарым да Россияда. Балам үй салып ,уста бакканга чакырып жүрүп ,жакындашып калдык ушул келин менен - дейт. Балдарына боорум ооруп жүрүп , ушул ишке барып калдым деп. Менден кыйла жаш кичүү - дейт. Сулуубу - деп сурадым, -Ооба сулуу - деди. Кызганыч деле болгон жок менде. Арадан көп убакыттар өтүп , сүйүү жарасы бүтүп калган кезде жолукканыбыз үчүнбү ,айтоор капа да болгонум жок. Тагдыр бизди алда качан карама каршы жактарга улактырып салган ... Коштошордо , дагын жолугушуу насип кылабы жокпу айтоор. Эркин , мени кечир - дедим . Сени күтпөй турмушка чыгып кеткеним үчүн, ушунча жыл өткөндөн кийин актангым келген жок. Колуңдан келсе кечир - дедим. Ал болсо тамаша же чын айттыбы мага табышмак . Кечире албайм - деди да чекемден өөп, машинасына олтурган боюнча жөнөп кетти. ЗУУРА. 2025 ж. (уландысы бар)
Жакшы группа
КЕЧИККЕН СҮЙҮҮ (уландысы)
Ордумдан туруп күзгүнү каранып ,өзүмдү бир сыйра түзөп жатканда , телефондун музыкасы оюмдун быт - чытын чыгарып салды.
- Алоо - дедим ,добушум өзүмө араң угулгандай болуп.
Мен келдим - деген добуш угулду .
Жакшы баратам - дедим да , басканга өзүмдө күч таппай калчылдайм гоо.
Сыртка чыкканга чейинки абалым бир өзүмө маалым.
Алдыга карай баскан кадамым артка кетип жаткандай , ордумда кыймылсыз тургандаймын. Эки аттап жетип барчуу эшик да алыстап жылып кеткендей.
Мына эшикке да жетип келдим ,сыртта кимди көрөм ???
Кандай адам мени күтүп турат ?
Ал адамдан өз Эркинимди көрө аламынбы же мага бейтааныш адам болуп көрүнөбү ? - деген ой кучагында эшикти ачтым...
Сыртка чыкканда биринчи сурдөө болдубу ,абалым өзүмө түшүнүксүз, эч нерсени көрбөй туруп калдым.
Мага карай басып келе жаткан кадам добушу менен менин жүрөгүмдүн согуусу айкалышып жаткандай туюлду мага.
Жаныма жакындаган караан аста гана колумдан кармады .
Мен эми көзүмдү бекем жумуп алдым. Ансыз да көзүм эч нерсени көрбөй жаткан.
Сезүү органдарым ишке түшүп кеттиби билбейм, түшүнбөйм.
Ошол каарылуу колдор , чекемден өөп учурашты ...
Ошол жылуу , куйдуруучу күчкө ээ болгон ээриндер....
Кандайсың Гульсара ?
Анын да үнү дирилдеп угулду.
Канча турдук бири бирибизди коомай кучактап ... билбейм.
Жакын ортодо кафе барбы ? - деген суроосу мени өзүмө келтирди.
Араңдан зорго көзүмдү ачтым коомайланып. Дагын тунарып көрбөй калсамчы деген ойдо.
Жок көз алдымдагы туман таркап , бою узун, ак саргыл келген ,жап жаак кишинин кучагында турамын.
Эркин ,сени да көрчү күн бар экен ээ - дедим, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жаткандай.
Ошол жылмайуу ,ошол бакыраң көздөр мени карап жылмайып турду.
Күлгөндө бир тарапка тартып кетчүү илеби да ошол боюнча.
Өзүнө аябай жарашат жылмайганы...
Кыйла убакыт өтүп, мен да өзүмө келгеним менен , Эркинди тик карай албай айбыгып турам.
Машинаңды ушул жерге койуп койобер , кафе бизге жакын дедим да алдыга карай жол баштап жөнөдүм.
Эркин колумдан тутуп , мага катар басып келди.
Кафеге кирдик.
Бизге тынч жерден оорун керек эле - деп тосуп чыккан кызга утурлай басты.
Экинчи кабатта адам аз , жогору чыксаңыздар болот .
Сиздер жай тандап отура бериңиздер, бир аздан кийин алдыңыздарга өтөм - деди да басып кетти.
Биз жогору чыктык , айткандай эле адам аз экен. Чеке жерден жай тандап басып келдик.
Ар дайымкыдай дилгир Эркин оорундукту түздөп, менин отурушумду күтүп турду.
Олтургандан кийин ,көз кырымды салып Эркинди күзөтүп карап турдум.
Жаныбызга келген кызга ,эмнелерди алып келишин айтып сүйлөп жатты.
Унутпаптыр мен Наполеон тортун жакшы көрүшүмдү.
Тамактан кийин бир кесимден торт алып келесиң - деп сөзүн аяктады.
Убакыт аябай тез өткөндөй болду .
Кечки тамакты ичип анан таркайлы - деп тамашалап отурду.
Эркин ,мен сүйгөн Эркин.
Канча суулар акты , канча көз жаш төгүлдү...
Жашы улгайган менен , өзү өзгөргөн эмес.
Дале тамашакөй, жайдары...
Анын бир уулу ,эки кызы бар экен. Аялы узак убакыт ооруп жүрүп , көзү өтүптур.
Жарасына туз сеппейинчи - деп көп суроо бергеним жок.
Ал мени ,,чоң аял болупсуң.
толуп да кетипсиң - деп тамашалайт.
Токчулуктун символумун да - деп жооп берем мен да.
Канча олтурдук билбейм , сапарыбыз карыды дегендей ,биздин да сөзүбүз бүтүп баратты.
Эркиндин телефонуна коңгуроо келип калды...
- Алоо , аа сенсиңби ,мейли эртең уйдомун , келебер - деп телефонду өчүрдү.
Аял кишинин үнү...
Эртең эмне конок кутөсуңбу ? - дедим.
Бир каткырып күлүп алды да , ооба алыстан мейман келе жатыптыр - деди.
Ошол чалуудан кийин Эркиндин көңүлү абдан көтөрүлүп кеткени байкалып турду.
Мындай суроону биринчи учурашууда сураганга болбосо да ,аялдык кызыгуум күч алып кеттиби билбейм.
Эркин сенин азыркы учурда бирөө жарым менен мамилең барбы ? - деп сурадым.
Ал мени көпкө карап турду да , сенин жоолугуп калышыңды билген жокмун , жалгыздык жаман экен деди.
Бир келиндин алты баласы бар , балдары баары майда . Эри Россияга кетип дареги жок.
Менин балдарым да Россияда.
Балам үй салып ,уста бакканга чакырып жүрүп ,жакындашып калдык ушул келин менен - дейт. Балдарына боорум ооруп жүрүп , ушул ишке барып калдым деп.
Менден кыйла жаш кичүү - дейт.
Сулуубу - деп сурадым,
-Ооба сулуу - деди.
Кызганыч деле болгон жок менде. Арадан көп убакыттар өтүп , сүйүү жарасы бүтүп калган кезде жолукканыбыз үчүнбү ,айтоор капа да болгонум жок.
Тагдыр бизди алда качан карама каршы жактарга улактырып салган ...
Коштошордо , дагын жолугушуу насип кылабы жокпу айтоор.
Эркин , мени кечир - дедим .
Сени күтпөй турмушка чыгып кеткеним үчүн, ушунча жыл өткөндөн кийин актангым келген жок.
Колуңдан келсе кечир - дедим.
Ал болсо тамаша же чын айттыбы мага табышмак .
Кечире албайм - деди да чекемден өөп, машинасына олтурган боюнча жөнөп кетти.
ЗУУРА. 2025 ж. (уландысы бар)