Жайлоо түнү, нурун чачып толгон ай, Жашыл эле, сонун эле анда жай. Олтурчу элек, тегерете тизилип, Ойноочубуз анда "жоолук таштамай." Кеч кирсе эле оюнга биз шашылып, Келгиле деп бирибизди чакырып. Көзүн жумуп бирөө көпкө эсептеп, Калганыбыз калчу элек жашынып. Имерилип бирибизге жанашып, Издөөчүбүз калсак эгер адашып. Азыркыдай бирибизди талабай, Ак чөлмөктү ойночубуз талашып. Баары сонун, бүт айлана жашыл бак, Балалык кез, оюн ойноп жарышмак. Боё кезим, сезбептирмин ал кезде, Бул өмүрдүн экендигин табышмак. Абдан сонун күндөр артта калды ээ, Азыр ойнойм жашоо менен жашынмак. Жаратман: Жыргалбек Усенов. 30.04.2025. 03:49 Москва. «Аруу Дүйнө»
Жакшы группа
БАЛАЛЫКТАН БИР ЭЛЕС
Жайлоо түнү, нурун чачып толгон ай,
Жашыл эле, сонун эле анда жай.
Олтурчу элек, тегерете тизилип,
Ойноочубуз анда "жоолук таштамай."
Кеч кирсе эле оюнга биз шашылып,
Келгиле деп бирибизди чакырып.
Көзүн жумуп бирөө көпкө эсептеп,
Калганыбыз калчу элек жашынып.
Имерилип бирибизге жанашып,
Издөөчүбүз калсак эгер адашып.
Азыркыдай бирибизди талабай,
Ак чөлмөктү ойночубуз талашып.
Баары сонун, бүт айлана жашыл бак,
Балалык кез, оюн ойноп жарышмак.
Боё кезим, сезбептирмин ал кезде,
Бул өмүрдүн экендигин табышмак.
Абдан сонун күндөр артта калды ээ,
Азыр ойнойм жашоо менен жашынмак.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 30.04.2025.
03:49 Москва. «Аруу Дүйнө»