УНУТПА

Буюгуп сезим, кыйналып турам учурда,
Бугумду айтып турамын азыр булутка,
Бурулуш жолдор, кайчылаш тагдыр болсо да,
Баарыбир жаным, сүйөмүн сени унутпа.
Өзгөрүп жашоо, өкүнтүп мени турса да,
Өмүрүм мага эң кымбат белек сунса да.
Өзгөлөр сенден эч качан турбайт жогору,
Өзүңдү гана, сүйөмүн жаным унутпа.
Муңканып турам өзүмө батпай буулуга,
Муңумду азыр ак жамгыр гана угууда.
Жашоомдо менин күтүүсүз нерсе болбосун,
Жүрөктө жалгыз сен гана жаным утутпа.
Мейли сен мага ишенбе мейли ишенгин,
Мен сени гана сүйөмүн жаным унутпа.
Жазган: Жыргалбек Усенов. 31.10.2025.
14:00 Москва

Комментарии

  • 4 ноя 21:59
    Сиз сөз чебери сиз , баарына маалим.
    Зергерлер да карайт өз жараткан буюмуна.
    Ушул жерде бир аз карап , жымсалдоочу жерди оңдоп коюңуз.
    Сизге айтуунун кажети жок ,баарын билип турасыз.
    Жаштык бул тепм, бир аз шашылыпсыз.
  • Комментарий удалён.
  • 26 ноя 13:48
    Жыргалбек Усенов карызды берип коюңуз элдин баары зарплата алышты
  • Вс 16:51
    Фотография