Комментарии
- 15 мар 2019 12:58Уландысын кутобуз сонун жерине келгенде бутуп калды, эртерэээк чыгарынызчы автор
- 15 мар 2019 19:51Бир тууган иниси болгон менен кыздын апасы болокта каны башка
- 15 мар 2019 22:44Кызыгына келгенде бутуп калганы жаман болуп атат да тезирек чыгаргылачы
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Жакшы группа
ЖАШЫЛ ДАРБАЗА.
Учунчу болум.
Мен силерге мактангандай болбоюн! Мен мектепти бутуп-буто элек эле, мага жуучулар чыгып Ата-энемдерге соз айттыргандар кобойду. Муну менен мен эмнени айткым келет? Албетте биздин уй-булонун айылда чон кадыр-баркы бар экендигин! Турмуш сыноолорун Атам жана анын эки аялы адамдык бийик сапаты менен, сабырдуулугу менен женип, бугунку кундо айылдын эли биздин уй-булого сый-урмат менен мамиле кылып калышканын айткым келди. Себеби беш кол тен эмес дегендей, убагында менин Ата- Апаларымды ар кимиси ар кандай ойдо соз кылышып кулушуп журушподу беле! Мен ошондо коп нерсени бала болсом да сезчумун. Туура тушунгон адамдар ошондо эле Зулайка Апамдын акылдуулугун, анын кайраттуулугун баалашып аны урматтап келишкен. А тушунбогондору
- Бир коргондо эки кундош аял, чогуу кантип жашап жатышты экен? Жунус аке кимиси менен кобуроок жатат экен? Же учоосу тен бир тошокто жатып алышат бекен? дешип бири-бири менен кубур-шыбыр шынкылдашып кулушкон келиндерди деле байкап калган учурларым болгон. Андан башка дагы эмне деген гана создор болгон жок! Азыр эми ошолордун баарынын оозу жабылып,
- Жунус акенин кызы, жакшынакай кыз болуп бой жетип калыптыр. Окууну да жакшы окуп, чон окуу жайга тапшырат экен. Зулайка эженин эмгеги чон бул жерде! Эрин кадырлап, уй-булосун ынтымакта кармап, балдарына да жакшы таалим тарбия берди! дешип Апамды мактап калышкан.
Жуучулар демекчи, алар жонундо Жоодар кайдан угуп алат билбейм?. Экзамен тапшырып жургон кундорубуз Жоодар мага коп тынчсыздана баштады.
- Зирек! Кечээ кечинде силердин уйунордун жанында Эрмек акенин машинасы туруптур го? Сени ошонун баласына, Бакытка деп жатышканы чынбы?
- Сен аны кайдан угуп журосун?
-Элдин баары эле айтып журушпойбу?
- Жоодар! Айткандар айта беришсин. Мени Атамдар окутабыз деп тилек кылып журушконун элдин баары эле жакшы билишет! Сен ага эч кыжаалат болбой эле кой!
Жоодар менин биринчи класстан баштап чогуу окуган классташ балам болот. Экообуз былтыркы куздон бери достошуп суйлошуп журобуз. Анын мага кат жазганына коп болгон. Мен ага копко чейин жооп жазбай журуп, былтыры макул дос болуп журолу деп айткан элем. Экообуздун балалык суйуубуз тээ илгери эле башталган болчу. Мына эми ошол суйуубуз мектепти бутуп жатканыбызда ачыкка чыгып, экообуз дос болуп ээрчишип журобуз. Бирок менин Жоодар менен суйлошуп жургонумду кышындасы Апам билип калып мага катуу эскертуу берген.
-Зирек кызым, эгер окуйм деген оюн болсо, азырынча балдар менен суйлошпой эле кой. Анын устуно сен оной окууга кетип жаткан жоксун. Эгер жок окубайм, эрге тийем дей турган оюн болсо, Анда бизди убара кылбай айтып кой. Сени окутпай эле мектепти бутоорун менен эрге берип салалы! деген мени сынай тиктеп.
Мен уялганымдан
- Жок Апа. Мен окуймун!. Жоодар менин жон гана классташым болот дедим.
-Мен сага эскертип айтып койдум кызым! Сен азыр бир гана окууну ойлошун керек! Азыр силер али баласынар! Коп нерсени тушунбойсунор! Аны кийин убакыт корсотот!
Мен Апама башка эч нерсе дей албадым., Унчукпай эле кутулуп кеттим.
Бирок Жоодар экообуз классташ болгонубуз учун да кундо мектептен корушуп турат эмеспизби. Мен ага Апам менен болгон создордун баарын айтып:
- Жоодар чындап эле биз экообуз азыр, бир гана окууну ойлонушубуз керек! дедим.
Ал унчукпай эле ойлонгон бойдон
- Биздин суйуу эч качан окуубузга жолтоо болбойт Зирек. Биз экообуз кайра бири бирибизге сабактардан жардамдашып гана турабыз деди.
Мен ага да башка соз айтпадым, ага да унчукпадым. Себеби биз класста Жоодар экообуз тен жакшы окуйбуз. Анан да мектепти бутсок медициналык жогорку окуу жайга экообуз чогуу тапшырабыз деп жургонбуз.
Ошентип кундор отуп журуп биз мектепти да аяктап калдык. Жоодар экообуздун махабатыбыз жонундо айылдагылардын баары билип бутушту окшойт. Негизи эле айыл жеринде ошондой эмеспи. Бир созду бир эле адам уккан болсо болду, ал созду эки уч кундон кийин бут айыл угуп буткон болот. Анын устуно мектептен чыгып уйго кайтканда кобунчо Жоодар экообуз ээрчишип басып калабыз. Анын ата-энесинин биз жонундо ойлору жакшы. Бирок менин Ата-Энемдер, айрыкча Зулайка апам менин мындай жургонумду каалабагандай.
Ошентип биздин коптон тилек кылып жургон тилегибиз орундалып жогорку окуу жайда студент болуп окуп калдык. Жоодар экообуз тен Университеттин медициналык факультеттетинде окуйбуз. Ал экообуз бир группада болбогонубуз менен бирок кундо корушуп турабыз. Азырынча окуу менен болуп журуп кочого деле баспайбыз.
Биринчи курста мен тайкемдин уйундо жашап окуп журдум. Тайженем жакшы аял экен. Ал мага аябай эле жакшы мамиле кылып, билбеген нерсемди уйротуп жатты. Алардын баласы Эркин да озу айткандай сабактарыма жардам берип, мага жол корсотуп коп билгендерин болушуп журду. Ал да мед.факта тортунчу курс болуп калган экен. Мен жаны шаарга келгенде Эркин мени ээрчитип алып шаарды корсотуп айландырып чыкты. Алардыкында жашаганым учун, анан да окуу жайыбыз бир болгон учун ал экообуз коп ээрчишип журуп калдык. Кээде окуу жайга да экообуз чогуу кетебиз. Чынын айтсам Эркин аябай эле токтоо жигит. Же анын жашы менден улуу болгон учунбу, же шаарда осуп, билимдуу ата-эненин баласы болгон учунбу билбейм, айтор ал мен учун копту билген ото акылдуу жигит эле. Озу да узун бойлуу, сымбаттуу, апакай жигит болгон учун ага коп кыздар кызыгышаар эле. Группадагы чогуу окуган кыздар деле
- Зирек! Мынча сонун Тайкен бар? Ал менин журогумду жаралап койду. Эми кантем десен? деп биросуу айтса, дагы бироосу
- Билбейм Зирек! Эптеп ал Тайкенди мага бир нерсе кылбасак болбой калды. Эмесем бир куну менин журогумдун соккону токтоп калат! дешип тамашалап кулуп калышаар эле.
Эркинди Жоодар да жакшы таанып калды. Бирок ал менин тууганым экенине карабай Жоодар мени андан билинтирбей ичинен кызганчу болуп алды.
Жаны окуп жургондо уйумдогулорду аябай эле сагынып журдум. Ар дем алыш сайын айылга Ата-энемдерге барып келем. Алар да мени келет дешип, тамак ашын даярдашып мени кутуп отурушат. Мен баргандан кийин баарыбыз кубанып дасторконду тегеректей суйлошуп отуруп калабыз. Менин уйго барганым, алар учун майрам болчу. Айрыкча Зулайка апам мени коп сагынаар эле. Экообуз бир болмодо тырнактайымдан эле аны менен чогуу жатып журбодумбу! Мен кеткенден кийин апам копко чейин
- Сага аябай эле конуп калган экем кызым. Сен жок ордун онурайып эле калды. Сени катуу сагынып коргум келгенде, кээде артындан сага кетип калгым келет деп, айтып журду. Инилерим Максат менен Азамат да биринин артынан бири чоноюшуп келатышат. Айрыкча Максат чонойюп жатканга, чачын он тарабына тарап кузгунун алдынан жылбай калыптыр. Анысын байкап калган Апамдар оздорунчо ага суйунуп калышат. Атам болсо
- Максатты мектепти бутоору менен эле уйлоймун! Ысмайыл досумдун кызын алып берем деп тамаша чыны аралаш айтып калат.
Мурда уйдо журуп коп байкачу эмес окшойм. Барган сайын Атам козумо картайып бараткандай. Аны коруп акыркы кундору коп аячу болдум.
Мен экинчи курстан баштап окуу жайга жакын жерден кыздар менен чогуу квартирага чыгып алдым. Мурдагыдай ар дем алыш сайын, айылга уйго барбай да калдым. Айрыкча кыштын кундору. Бирок ага Ата-Апамдар болбой эле мени сагынышып которунуп келип алышчу болушту. Алар биринчи жолу мага келишкенде аябай кызык болгон. Анда кышкы сессия башталып башым китептен которулбой экзаменге катуу даярданып айылга копко барбай калдым. Экзамендерди тапшырып бутуп, бир жолу каникулга барам деп ойлоп жургом. Анан эле бир куну окуу жайдан чыгып кыздар менен келатсам Атам менен эки апам жолдун аркы бетинде турушуптур!
Мына кызык! Болгондо да апаларымдын экоосу тен келип алышыптыр!
Алардын сумкаларын которушуп квартиртирага алып келдик. Чогуу жашаган кыздарым Атамдын эки аялын билишкенде ооздору ачылып эле тушунушпой туруп калышты. Алар биз менен чогуу суйлошуп чай ичип отурганда учоонун бири-бирине кылган мамилелерин корушуп, аябай тан калышты. Алар кетишкенден кийин да, кыздар копко чейин менден алар жонундо кызыгышып сурашып журушту. Ал аз келгенсип биринен-бири угуп жатышып, группалаштарыма менин эки Апам бар экени аябай эле кызык болуп чон жанылык жаратты. Алар жонундо ар кимиси ар нерсени сурай беришип мени жудотуп да салышты. Акыры бир кызыбыз
- Зирек мен озумду сенин ордуна коюп элестетип жатам. Сен эки апандын ортосунда аябай эле бактылуу кыз болсон керек э? деди озунчо кыялдана.
-Ооба! дедим мен ойлонбой туруп.
-Мен чындап эле аябай бактылуу оскон кызмын! Болгондо да эки эненин мээримине болонгон кызмын! дедим сыймыктана.
- Да-а Зирек! Чындап эле сен аябай бактылуу кыз экенсин. Себеби сенин эки апан, эки жигитин бар деди Гулзат деген кызыбыз.
- Кандайча эки жигит? Менин бир эле Жоодар деген жигитим бар!
Гулзат куудулдана козун жумуп алып
- Жакында сага дагы бир жигит пайда болот! Мен ал жигиттин сени суйоорун коптон бери байкап журом! деди козу аччык аялдардын кыймылын туурап корсотуп . Биз баарыбыз ага кулуп калдык.
Жоодар экообуз кээде шаар айланып басып калабыз. Андайда экообуз жетелешип журуп таттуу кыялдарга болонуп созубуз эч бутпойт. Кээде окуу менен болуп журуп жолукпай да калган кундорубуз болуп калат. Анан да кобунчо экообуз айылга ээрчишип алып чогуу кетебиз. Бир куну экообуз чон жолдон айылга жоо басып баратып Жоодар мага
- Зирек! Мына быйыл экообуз учунчу курс да болуп калдык. Макул десен, Ата-энемди силерге жонотуп сага сойко салдырып койсомбу дегем, деп калды
- Азыр эрте го дейм!
- Азыр салдырып койсом конулум бир аз болсо да тынч журот элем. Анан акыркы курстарда той кылып уйлонот элек.
- Билбейм Жоодар! Аны апамдарга айтып корушум керек дедим мен.
- Сен бугун алар менен суйлош анда. Кийинки дем алышта мен сага Ата-энемди жонотойун. Мен унчукпадым.
Уйго келип Жоодардын созун Апама айтсамбы, айтпасамбы деп озумчо ойлонуп журдум. Жатаарда Апам экообуз болмобузго кирип аны-муну суйлошуп отуруп калдык. Бир убакта Апам
-Зирек. Бугун эмне эле ойлонуп калгансын кызым? Келгенден бери эле оюн бир жерде эмес. Эмне болду? деп сурады.
- Эч нерсе деле болгон жок, болгону....?
Мен созду эмне деп баштаарымды билбей туруп калдым.
-Айт, айта бер кызым. Ичиндегини жашырба.
- Апа, Жоодар Ата-энесин жонотуп сойко салып койсокпу дейт дедим мен жерди тиктеп
Апам унчукпай эле ону бозоруп отуруп калды.
- Азыр сойко салсак, кийин окууну бутоордо той кылабыз дейт деп кошумчаладым.
Апам телмирип копко чейин ойлонуп суйлобой отура берди. Бир убакта
- Кызым! Мен сен менен коптон бери суйлошсомбу деп ойлонуп журдум эле. Бирок эч бир ыгын таппай, сен менен кантип ачык суйлошоорумду билбей, ичимдеги дартымты сага кантип тушундуроорумду билбей жургом.
Зирек! Сен туулганда атан экообуз, сени акылы тунук, сезимтал, бизди туура тушунгон зирек кыз болсун деп атынды "Зирек" деп койгон элек. Кудайга шугур! Сен биз ойлогондой эле коп нерсени озун тушунуп, акылын жеткен кыз болдун! Мен сага ...???
Апам ушул жерге келгенде жашып кетти.
- Апа!
Мен ордумдан туруп келип апамды кучактадым.
- Апоо! Ыйлабанызчы. Мен силерди тушуном! Сиз айтпасаныз да мен силер жонундо баарын билем дедим апамды далысынан сылай.
Апам ыйлап ыйлап, козунун жашын аарчып бир аз озуну колго алды окшойт.
- Жаным кызым. Мен бул омурумдо оной кунду кечирбедим. Ичим куйуп, орт болуп баланын айынан эмне гана кундорду корбодум. Акыры айлам калбай, аргам кеткенде Атанды озум уйлондуром деп чечтим. Бул нерсе мага канчалык оор болбосун, мен атан учун эптеп баарына чыдоого аргасыз элем. Ары карап ыйлап, бери карап кулуп журуп бул оюумду ишке ашырдым. Ошентип Атан Максуда апана уйлонуп, коптон куткон балабыз сен торолдун! Сен торолгондо биздин уйдо жашообуз жандангандай болду. Мен сага бут ички жан дуйном менен имерилип, сени боорума кысып жытына тойбой кайра-кайра жыттагылап ооп-ооп алчумун. Кээде ыйлаганында эмчегимден сут чыкпаса да оозуна салып сооротчумун. Сен торолгондон баштап менин жашоого умутум артып, менин жашоом сен менен гана болуп калды. Сага алаксып, болгон убактымдын баарын сени менен откоруп журуп, менин кайгырып капа болуп ыйлаганга бош убактым калбай калды. Максуда апан, сени тороп, сага ак сутун эмизген энен! Байкуш ал сени эмизгени менен, менин козумчо ал бир да жолу сага имерилип эркелетип элжиребеди. Мен атанды уйлогондо ага кандай чыдасам, ал да баласын торогондо мага ошондой чыдап берди окшойт. Сени эмизип бутуп эле мага карматчу. Калганын баарын озум жасап, сени мен озум бактым. Кудайым бизге дагы эки уулду берди. Аларды апандын оз эркине койдум. Ал да оз балдарынын дидарына тойсун дедим. Мен Максуда апана эки дуйно ыраазымын. Ал ушул кунго чейин мени сыйлап гана келди. Кудайым эч качан ага жакшылыктарын аянбасын! Ага эки дуйнонун бейишин берсин!
Апам буларды айтып жатканда козунон жашы сызылып агып жатты. Мен да ага кошулуп ыйлап, апамдын коз жаштарын колум менен аарчып аны опкулоп жаттым. Апам андан ары дагы созун уланты.
- Зирек! Жаным кызым!. Сен менин журогумсун. Сен менин жашоомсун. Сен менин денемде айланып жургон канымсын. Мен сенден алыс эч качан жашай албаймын. Мен сенин мээримине муктажмын кызым! Адамга карыганда да балдарынын мээрими керек экен. Ошондуктан сени ымыркай кезинден боорума кысып журуп, кийинки кундору мен кызымды эч качан жатка бербейм. Кудай буйруса кызым бой жеткенде озумдуку кылам деп ниет кылып журдум элем. Туурасын айтсам сени, озумдун бир боорлорум инимдин баласы Эркинге деген элем! деди.
Мен эмне дээримди билбей эле апамдын коздоруно кадала тиктеп туруп калдым.
- Зирек, жаным кызым. Сенин балдарындын жат бироодон эмес, менин тууганымдан болушун каалар элем. Мен карыганда, дагы да сага жакын болуп, балдарынды чын дилимден,чын боорум менен озумо жакын тартып оз неберемдей сезсемби дегем. Биздин дагы канча омурубуз калды, аны бир кудай озу билээр. Ошентсе да мен карылык кундорумду сенин колунда откоргум келет!
Апам ыйлап жатты. Мен коздорумду чон ачып эле эмне жонундо кантип ойлоноорумду билбей дендароо болуп эле отуруп калдым. Менин коз алдыма Жоодардын элеси тартылып, мен мындан ары кандай кадам таштап, эмне деп чечим кабыл алаарымды билбей башым катып турдум.
Уландысы бар.