3-БӨЛҮМ. - 887475380051

3-БӨЛҮМ.

Зейне тан аткыча ар кайсыны ойлоп, санаа тарьып чыкты. Негедир куйоосу акыркы мезгилде озгоруп жургонун байкады. Кээ кездерде ар кандай ушактарды да кулагы чалып, анын калп чынын биле албай аябай туталанган бечара. "Тан аткыча таксовать этем"-деп кетсе ошого кайыл болчу эмес беле, бугун уктай албай жаткан себеби, жана кундуз улуу кызы уйго ыйлап келди. Он биринчи класста окуп,бой салып суйкайып калган кызы эле опко-опкосуно батпай ыйлап келсе, эне байкуштун оюна алда нелер келип,журогу тушуп калды:
-Жыпара, айланайын эмне болду?
Кызы унчукпай ыйлаган бойдон торку болмого отуп кетти да комкоросунон тушуп алып ого бетер солуктады.
-Ботом, айтып деп, тущундуруп анан ыйласан боло! Айтпайсынбы журокту тушурбой!
Кызы жаткан бойдон ачуулана айтты:
-Эмне болгонун жанагы уятсыз эринден сурап ал!!!
Зейне даана журогу тушту. "Кокуй, бул шерменде эмне дейт?! Оз атасын "атам" дебей калганбы... Мура... Ал эмне кылды буга. Жини келип кетти. Жыпараны ийинден аткый кармап, силкий отургузду.
-Ай бейбак, эмне деп эле келжирейсин сен? Эмне, оз атанды "ата" дегенге оозун барбай калдыбы?! "Эрин" деп тим эле...
Коп жиниме тийбей азыр болгонун болгондой айт!
Кызы копко чейин мелтейип бир чекитти тиктеп отурду. Чынында бугунку уккан нерсесин апасына кантип айтуу керек экенин биле албай жатты. Эне болсо мостое э, унчукпай жооп кутуп отурат.
-Мама...-Мунайым унчукту.
-Ыя, айт айта бер!
-Кантип айтаарымдыда билбейм...
-Уялба, мен баарын тушуном. Эмне бироону суйуп калдынбы?
Кыз башын чайкады.
-Андай болсо кана! Мынчалык ыйлабайт элемго ошол учун... Биз... Сиз... Биздин уй-було ушунчалык уят болуптурбуз, апа!
-Эмне дейт кокуй! Доорубо! -Зейне секирип кетти.
-Чын мама. Бугун классташ балдарымдан уктум.
-Эмнени?
-Папам тууралуу. Сизден болок да аялы бар экен. Аты Нурийла имиш, чоогу журушконун коп эле корот экен элдер. Сыягы биз эле билбесек керек...
-Калп!. -Зейне ушинти. Бирок негедир ушул "калп" деген созду ушунчалык жууну бош, ишенимсиз айткандыктан, бул ачуу ушактын чындыгына козу жетип, бирок колунан азыр эч нерсе келе албасын билгендиги сезилип турду. Кызы шуу ушкурунду.
-Бмлбейм мама, балким калптыр. Юирок балдардын айтымында папамдын андан башка да жактары бар экен. Эл арасында аны "аферист" дешет экен, "сутенер" дешет экен. Чынын айтсам олгум гана келип турат! Кайсы бетим менен басып журом!!!
Кызынын оозунан бул укмуштуу создорду угуп, Зейне шалдайып гана отуруп калды. "Аттин арман... Мураны мындай деп ким ойлосун. Балким ушак! Чын эле... Ушак эле болсо экен!
Аферист, сутенер болгонун ким коруптур! Кызын жооткото унчукту.
-Болду кызым, коп эле ыйлай бербе. Мунун баары ушак, калп! Эл айта берет. Коро альастардын чыгарганы.
Ушуну айтууга гана аран жарап, ордунан туруп кетти. Кечке эч бир жумуш жасоого конулу чаппай, санаасы санга болунуп, кейип журду. Кызы да ошондой абалда эле. Эми болсо тун кирип, уктоого жатсада уйкусу келбей, оюнун баары кундузгу уккан ушак кепте. Мурага телефон чалса очурулуу экен...
***
Жийдеш кемпир Айзатты эки кундон бери кутсо келбеди. "Аа олунгоройун щуркуя, журотда дагы бир жерде",-деп тим болду озунчо. Конумуш тиичилигин улантып, уйунун ичин чан жугузбай жыйнап, полун жышып жууп жаткан, эшиктен кобураган ундор угулду. "Дагы ким болуп кетти", ушул ой менен оозгу болмого чыга калып уулу, келинчеги, кичинекей небере кызы бодуп кирип келе жатышканын корду. Кантсе да эне эмеспи, уулун сагынып калыптыр коптон бери корбогонго. Козу жашылданып кучагын жая умтулду.
-Кагылайын балам, кайда журдун ушундан бери! Уулуда чын пейилден энесин аяп, козунун жашын суртту.
-Болду апа, ыйлабанызчы. Мына, келбедикби баарыбыз, сизди жалгыз таштабвйлы деп. Анаркул да келди, неберениз менен чоогу.
Ал келинчеги менен кызын коздой бурулду. Ортолорунда не юир талаш-тартыш, уруштар болуп, эчен ирээт кайненеден запкы корсо дагы, ошонун баарысын кыз учун куйоосц учун кечирип, ушул жерде кайрадан жашоого макул болуп келген Анарккл, озун кучтоп жылмая, кайненеси менен учурашты.
-Кандайсыз апа, куулу-демдуу турасызбы...
-Жакшы айланайын, ырас келген турбайсынарбы, неберемди да сагындым.
Жийдеш кичинекей кыздын мандайынан суйду. Уулу болсо ушул корунушко шугурчулук кылып, жок дегенде мындан ары болсо да жакшыраак жашоого умуттонду. Болбосо акыркы кундору ар кайсы тааныштарынын " апанды жалгыз эле таштадынюы? ", -деген суроолорунан тажап бутту эле. Ал куну ошентип, бака-шака ьушуп, бир бактылуу уйбулонун кейпин кийип кеч киргизишти. Кечинде Айзат келди таптакыр озгорулуп. Баягы жудоо кейпи жок. Чачы-башы иреттуу, жарашыктуу кийинип алган неме ого бетер чырайына чыгып, коргон жанды аргасыз озуно каратат. Келини Анаркул кантсе да аялзаты эмеспи,анын бул турун коруп, ичи тарый тушту. Иниси болсо анын бул турун коруп озунчо кубанып алды. "Жашоосу оноло баштаганго бечара эжемдин. Жездем неге чоогу келген жок..."
-Ай-иий, кандайсынар! Качан келдинер? Коптон бери корушпогонго сагынат экен киши...
-Жакшы эже. Эмне, жездем келген жокбу?
-Ай койчу, ошо жезденди! Айзат жактырбай колун силкип таштады. Эжесинин бул жоругунан бирдемени шекщип, игиси урулойо тиктеди:
-Эмне болду анчалык эже? Жездем жезделей эле кишиго!
-Ээ айта берсе соз коп, аны кийин угасын бобогум. Эне негизгиси эженндин конулу жайында! Буюрса баары жакшы болот!!!
Эжесинин бир аз кызуурак экенин эми гана сезген Урмат "Буга эмне болгон"?-дегенсип апасын суроолу тиктеди. Жийдеш кемпир "Жон кой аны",-дегенчелик кылып, колун билинер-билинбес жансап койду. Айзат конулдуу ырдай башка би болмого кирип кеткенде гана Урматка акырын айтты апасы:
-Ажырашып келди. Кайындары алып келип таштап кетишти олунгоройун шермендени. Мейли,журо берсин. Кайда бармак эле анан...
Эми гана конулу ийигип, келинчеги менен апасынын жарашып алышканына кубанып, жашоону такыр башкача, жакшы жагына озгортууну ойлоп жаткан Урматтын деми сууй тушту. "Эми балээ болгон турбайбы! Мунун кыялы да бир укмуш. Апам экоолосо Анаркулдун шору каттыго..." Алдыртан коз жиберип, келинчегин тиктеди. Анысы алда небак эле маанайы тушуп, унчукпай калган экен.
-Эмне, кайра жарашьырса болбой бекен?-деп сурады Урмат
-Кайдан, тажаган учун алып келип таштады да! Ага эмне жабышып калдын? Эч кимге зыяны деле тийбейт.
Кызын калкаламыш этти Жийдеш.
-Мейли, журо берсин.
Урмат да ушинтти аргасыз. Бирок баягы конул дегдоосу азая тушконсуп, озунон-озу суз тартты. Эки кундон бери Айзат сулуу менен чардап, эми аны уйуно кеттрип коюп же оз уйуно, Зейнеге бараарын же короор козу Нурийлага бараарын чече албай копко ойлоду Мура. Шылтоосу даяр!"Таксовать этип алыска, Нарындын Казарманына же Оштун Алайкуусуна, же Таластын тээ тупкуруно барып келген болот. Жол да аябай начар, машина бузулуп, корбогонду коруп, чарчап, кыфналып аран уйго жеткен киши",-болот. Нурийлага барып жолугуп, андан ары уйуно кетууну чечти.
Эки уч кундон бери зарыга кутуп, сагынып, зарыккан Нурийла Мураны коргондо тим эле энесин коргон баладай кубанды. Бир аз таарынымыш этти.
-Кайда журдун куттуруп...
-Алтыным десе. Куттунбу? Менда сени сагындым.
Келинди бооруна кыса, мандайынан жыттады. Абдан чарчап турган, акырын диванга отуруп жатып чонтогунон адал-арамы аралаш табылган би тутам акчаны сунду Нурийлага. Ал эркелеп, тултундай тескери бурулду:
-Кереги жок. Дагы акча менен алдайын дейсинби, мага акча эмес, сен керексин!
-Койчу Нурийлаш, Садагам... Аябай чарчап келдим. Адыс жерден аман келгениме кубанатко десе.
Келин кичине жумшаргансып, жылуу жылмайды. Эки ууртундагы чункурчалары анын жузун корктондуруп, ажарын ачып жиберди.
-Ме алтыным, алчы моюул акчаларды. Маа десее терезенден нары чачып ий, иши кылып сунган колумду сумсайтпачы. ..
Мура калп чыны аралаш жалдырап, жалынып ийди. Бирок анын бир эч кимде жок онору айткан созу , жасаган иши канчалык калп, орунсуз болсода жузунон эч нерсе байкатчу эмес. Ойлуу, олуттуу тарткан сулуу коздору, мунайынку жузу, уну бул адамды дегеле бир кудайы момун, адамга жакшылыктан болок эч нерсе кыла албаган сонун кишидей корсотчц. Нурийла да аны дал ушул сапаттарынан улам жан дили менен берилип жакшы корду. Анан кантсин бечара. Жылмая кудуп, суйуктуусу сунган акчаны алдыда, суранган коз караш менее:
-Бугун кетпечи...-деп шыбырады Муранын кулак тубуно. Жадырай тиктеген жалынычтуу каректери ички энсоосун, сагынычын кузгудой чагылдырып, шыбырай суйлогону Мураны эс-акылдан тандырып кое жаздады. Канчалык адамдарды жаш-карысын, келин-кызын ылгабай алдап, пайдаланып конгон неме бир гана Нурийланы алдоого, сызга отургузуп кетууго дити барчу эмес. Аны ушунчалык жакшы короорун сезчу ички туюмунда. Азыр да Нурийланын айткан созунон чыга албай бушайман боло, акырында бугун да уйуно барбай эле, ушунда кала берууну чечту...
-Кетпейм садагам, кетпейм. Бугун сенин жанындан эч кайда кете албайм.
-Чын элеби!!!
-Чын алтыным!
-Рахмат сага Мура!
Нурийла мандайы жарыла кубанды. Заматта бугунку кечтин урматына стол устун жасалагалоого аракеттене баштаганда Мура аны токтотту.
-Жаным, бугун убара болбочу, жон эле эс алалы. Аябай чарчап турам. Бир аз уктайлы , андан сон машина менее чыгып, бир жакшы кафеден тамактанабыз.
Анын бул сунушун жан дили менен кабыл алды суйгону.
****
Кызынан уккан бир укмуштай "Мура аферист", "Мура сутенер", "Мура алдамчы", деген сыяктуу эл оозундагы создор ансызда санааркаган Зейнеге кошул-ташыл кайгы болду. Анысы аз келгенсип, эки-уч кундон бери телефондон бир ирээт да оз дайынын айтпай жоголгонучу! "Айбан! ",-деп кыйкырды аялдын тээ жан дуйносундогу бир жапайы ун. "Чыныгы айбан окшойсун. Мен сага ишенип жашап журсо... "Баарынан да кызына "Папан андай эмес, ал коро албастардын гана ушагы",-деп айтканычы! Апасына айтпаганы менен Жыпара да атасынын уч кун катар жоголгонуна озунчо туталанып, ой басып, бир деме десе эле ыйлаганга даяр абалда жургонун сезип эле жатты эненин журогу.
"Байкуш кызым. Анан кантсин, чоноюп да калды, озу курду тели-тентуштарынын арасында созго сынып, башы жергекирип турса жаман да! Балким суйлошкон жигити да бардыр. Ай, ата больой куруп кал! Куруп кал сен... Эгерде элдин айтканы чын болсо, тируу жургондон коро олуп эле калганын жакшы болмок биз учун..."
Алгач жолу ушундай ары катаал, ары оор ойду ойлоду алпейим аялдын журогу. Анын пейили канчалык кенен болсо, ар намысы да ошончолук кучтуу эле! Бир орунда тура албай, кочого чыкты. " Балким Муранын карааны корунобу" ,-деп умут кылып. Арыда эки-уч кощуна аял суйлошуп отурушуптур. Ии, ырас болду, менда бир аз эрмектешип убакыт откороюн.
-Кандайсынар! -Жакындап барып жадырай учурашты.
-Жакшы, эмне корунбой...- бул Айша кошунасы.
-Тиричиликтен кол бошобой эле.
-Ооба десен, биз байкуш аялдар ушинтип эле кунубуз отот, тиги жумуш, бул жумуш деп журур.
-Эркектерге баары бир да ...
-Кетишет," Жумушка кеттим",-деп, аан озу каалаганда гана уйго келишет.
Шектуу шекинет болуп, кошуна аялдын созун Зейне озунл туз кабыл алды. Жанын коерго жер таппай, же кетип кала албай аргасыз аялдардын созуно кошулумуш этти.
Создон соз чыгып отуруп, жогорку бир уфдо жашашан Жийдеш кемпирди бир адам "электрикмин" ,- деп барып, он беш мин сом ондуруп, алдап кеткени жонундо айтышты.
-Ай койчу, ошо бечаранын эмнесин алдашат?
-Ууру точкан бар экен дебейби тиги киши, "штраф салам", "акты тузом" десе бечара корктуда!
-Ой ботом, азыр "ууру точка" элдин баарында эле толтура го, ошончодон ошол бечара кемпирге асылыптырбы анан?
-Ынсапсыз бир кара ниет да. Кемпирдин аны-муну коп тушунбосун билип, алдап кетейин дедиго...
-Анан ал бечара кайдан акча таап берди?
-Угушума караганда кымбат баалу эмеректерин кошуналарына арзан саткан имиш. Уулу келип энесинин алданганын билип, эгер ошол кишини тапсам сазайын окутам деп жатыптыр. Кемпир болсо уулуна каршы чыгып," ал чын эле электрик болчу",-деп кайдагы бир кагаздарды коргозот дейт. Милицияга арыз жазбай жатыптыр.
-Эмнеси болсо да онбой калсын ошо шылуун. Баарыбыздын башыбызда эле карылык барго акыры.
-Ошону айтсан.
Зейне жцрогу опкоолжуп, мына бул аялдардын созу кандайдыр Мурага тиешелуудой сезилип озун жаман сезип турду. Созго да аралаша албады. "Мен эле мынчалык болуп жатам, кызым Жыпарага абдан эле кыйын болуп жатса керек, жаш болсо, шашпа келээрсин! " Кыжыры кайнап чыкты. Уйуно келип телефонду кайра колуна алды. Кудай жалгап, чалса бул жолу очврулуу эмес экен. "Туу-т, туу-ут", деген гудок кеткенде жоктон издегени табылгандай толкунданды.
-Алло, Зейнешка, сенби? -Муранын ото берилуу менен камкор, жумшак чыккан уну Зейненин ачусун бир аз болсода баскандай болду.
-Ооба мен. Кайда журосун деги дайынын чыкпай!
-Алтыным, мен азыр эле келдим Бишкекке, буюрсажарым саат, бир саатта айылга кирип барам. Калганын уйдон суйлошолу ээ? - уну жалынычтуу чыкты.
Булар Бишкекке жакын айылдардын жанында жашашчу.
-Тез кел.-Зейне башка соз айтпай телефонду очуруп салды да шалдырай тушуп отуруп калды.
Мура бул учурда Нурийланын уйунон жаны эле чыгып, машинасын айдап кочого чыккан эле. Базарга кайрылып туркун жер-жемиш, дукондон торт, суусундук алып салып койду машинага. Кечээ Нурийлага болгону эки мин сом берген. Коптон бери эч нерсе бере элек болчу. Аялына берууго 3000 минди даярдап болок чонтогуно салып койду. Оюнда Айзатты эстеп, ага байланыштуу коп-коп акчалар жонундо пейили ток абалда рулга отурдуда тез эле уйуно жетти. Дарбазадан кире юерип кызы Жыпарага бет мандай чыкты. Анысы атасын баштан аяк бир сыйра нааразы коз караш менен караган сон таарынган немедей тултуйган бойдон чыгып кетип калды. "Ии, апасы экоо урушса керек...", деп ойлоп койду Мура. Уйго кирип столдун устуно торт, суусундуктарын коюп, эркелете ун салды:
-Зейне, Зейнешка!
Эшиктен кирген аялы да жана кызы карагандай эле коз караш менен чарчанкы, суз тиктеди.
-Эмне болду алтыным? Бир жерин ооруп турабы?
-ох-хх... Эч жерим оорубайт. Ар кайсыны ойлой берип башым ооруп...
-Аа, билдим. Сыягы мени ойлоп санааркасан керек.
-Деги чынынды айтчы Мура, эмне иштерди жасап, кайда журдун? Мен сага эч нерсе дебейин, болгону эле чынынды айтчы байболгур...
Аялы анын козуно тике карап, чындыкты талап кылды. Каректеринде чексиз санаа, ошону менен бирге кандайдыр бир жакшы нерсесин жоготуп алуудан корккон аялуу сезим турду. Ал чындыкты талап кылып жатты. Бирок... Чындык менен Мура бири-биринен ото алыс эле, ооба, оз чындыгын озу жоготкон, анын ордуна карандай калпты чындай айткан бетсиздик гана калган болчу бул адамда.
-Билесинби Зейне, мага мен уйго чарчап келгенде аялымдын ар кандай суроолорунан коро, кулуп-жайнап, ысык чайы менен тосуп алганы аябай керек, себеби тыным алууну билбей мендей иштеген эркектер ошону самайт. Ушул нерсени тушунчу...
-Мура! Омур бою менин суук жемемди уккан адамдай болуп суйлобочу. Сенин далай жолку, ушуга чейин, озун айткандай кулуп-жайнап тосуп алып журобуз. Бирок бул ирет мен сенден туз жоопту талап кылам.
-Ой Зейнешим... Зейнешим! Мен эмне жыргап журуптурмунбу. Бироолор Ошко тойго барышмак экен. "Таксовать" этип барып келдим. Акчасын жакшы толосо, таксист байкуштар кайда да болсо кете беребизда. Силердин эле камынар менен журом.
-Мм де... канча толошту анан?
-Барып келген бензинден сырткары беш мин сом.
Мура чонтогунон акча алып чыгып аялына сунду. Бул баягы Жийдеш кемпирди алдаган акчанын калганы эле.
-уч минди алып уйго колдон. Калганы машианын тетиктерине кетет.
Зейне унчукпай алып, столдун сурмасына салып таштадыда, маанайы суз отуруп калды.
-Сага эмне болду? Башын аябай ооруп жатабы?
-Жок, азыраак эле.
Унчукпай отурушуп экоо чай ичишти.
-Мобул жемищтер Оштуку. Сени ооз тийсин деп ала келдим.
Уялбай туруп ушинтти Мура! "Оштуку болбосода Ош базарыныкы эмеспи..." -деп оз конулун жубатты.
-Баса, Жыпара эмнеге капалуу? Уруштунарбы?
-Жок Мура. Кызындын чон капачылыгы бар "экообузго" . Бугун эс ал, эртен эч жака кетпе, сен экообуз суйлошчу маанилуу создор бар.
Мура озунчо сактана тушту. "Соо эмес бул кызы экоо. Бир деменин шегин туюп калышканго. .."-деп ойлоп ийди. Бирок андан ары суроо берген жок.
****
Урмат келинчеги Анаркул экоо апасы Жийдешти жалгыз койбой чогуу жашай башташканына бир жума отуп-ото электе уйдо чыр чыкты. Ал чыр Урматтын кичинекей кызына байланыштуу болчу. Анаркул эшикте кир дууп жаткан, анан эле тынтык бербейи кишиге! Ашка жук, башка жук болуп темселеп неге кедишти деймда!- деген кемпирдин ачуу унуно удаа эле кичинекей кыздын "баа" деп бакырып ыйлаган уну чыкты. Анаркул жумушун таштай салып уйго атып кирди. Кызы булдурап, жаны чыга баштаган тили менен чон энесин корсотуп арызданды. Сыягы жаакка чапса керек, бети туктуйо тушуптур... Наристе басылбай ыйлап жатты.
-Кокуй апа! Эмне кылып ийдиниз кичинекей немени?-Анаркул он-алеттен кете кумсарып кайненесине карады.
-Эмне!!! Жеп ийдим дейсинби? Акырын эле чаап койдум, бала дегенди кичине какыс-кукус кылып тарбиялайт да!
-Ошончо катуу урушуп, бетке чапкаыдай бул кыз не кылып ийди апа? "Какыс-кукус" андай болбойт!
Анаркул чыны менее зээни кейиди кызынын ыйлаганына "баягы жашоо кайра башталды..." -деп журоксуп, кайра эле кеткиси келди ушу уйдон.
-Ай келин! Сен эмне мага уйротосун? Мен сага кочодон келген бироо эмесмин! Кайнене дейт мени... Айтышканды токтот мени менен! Болбосо келген жагынарга кайра...-Андан аркысын айтпай кагынып-силкинген бойдон сыртка чыгып кетти. Анаркул солуктап ыйлаган кичинекей кызын бооруна баскан бойдон шалдырап отурдуда калды, Урматтын келишин кутту.
Жийдеш кызы Айзатка келинин жамандап, кечке уну басылган жок. Айзатта булардын чатагын баса турган кайсы акыл туруптур. Кайра энесин кучотуп жатты:
-Андан да катуу айтсаныз болмок. Кээ бироолор керек болсо, келинин сабап деле коюшат экен...
-Ошону айтсае...
-Мунунар болсо кооп бутуптур. Карыган адамга антпе мынтпе деп!
-Керек болсо Урмат экоону тен эле кайра кубалайм! Булар жок, кулак-мээ да тынч... Деги эле копчулукту башынан суйбогон жанмын.
Кайненесинин акыркы созу кулагына "шак"! Дей тушкондо Анаркул ушул уйдо бактылуу жашоо уланаарына биротоло тунулду.
****
Жыпара сабакта да ото конулсуз журду. Бой тартып, суйкайган бийкеч болуп, артынан жигиттер чуркап калган кезинде кыз кишиге атасынын атагы чыккан шылуун экендигин билуудон откон оор нерсе жоктугун азыр тушунду. "Папама эмне жетишпейт... "-дейт санаасында. Ал эми Мура болсо алдамчылыкты эч нерсеси калбай же ачка калгандыктан эмес, жон гана уимдир бироону алдоодон ырахат алуу учун жасасчу.
Дал ушунусун ал озунун болоктордон артыкчылыгы, акылдуулугу катары баалап, айланасындагыларды кандайдыр додой, кемпай элестетчу... "Шектуу шектенет" болуп, Жыпара басса турса да козу башка жакта болгону менен кулагы классташтарынын кубур-шыбырында болуп калды. Журоксуйт бечара. Атасы тууралуу суйлошпосо экен деп санааркайт. .. Ошентип кундор да ото берди. Акырындап журуп баягы калп чыны али белгисиз, бирок уудай ачуу элдин созу тууралуу эне-кыз- Зейне менен Жыпара унутуп баратышты. Албетте, Мура эле болсо баарын жайгаратда! Озу болсо кезектеги курмандыгы Айзат сулуунун ички-сырткы болгон сырын бут билип, эми аны куурчакча пайдаланууга откон...
Жогорку кызматта иштеген, коп жерде кереги тийген бир таанышы бар эле. Жашы элуудон отуп калган, озун салабаттуу кармаганга тырышкан киши. Мура мына ошол таанышы менен жакындап, биротоло достошууну чечти. Антпесе болчудай эмес, жашоо кундон-кунго оорлоп баратат... Достошуу учун мындай адамдар оной менен табылбайт! Ушуну ойлоп, ага бир жакшы сый корсотууну чечти.
-Алло, Нургелди Аманович, кандайсыз? Иштер, денсоолугунуз жакшыбы? Мен Мурамын.
-Аа, жакшы-жакшы, озун кандай?
-Жакшы. Нургелди Аманович, сизге корсотоор бир жакшы сый бар эле. "Сюрпризи" менен!
-Ха-ха-ха, "сюрпризин" кызык экен...
-Анан ошо, убактыныз болсо Чолпон-Атага барып, колго тушкончо бир сый коруп кетсениз...
-Мейли, сен айтсан кантип барбайын.
Алар ушундайча макулдашышкан сон, Мура катуу даярдык коро баштады. Чолпон-Атадан эн жакшы деген мейманкалардын биринен орун суйлошуп, Айзатты сулуулук салонуна алып барып. Кыскасы озунун суйгон жумушун ищтеп жатты.
Бул учурдп Муранын кызы Жыпараны кырсык торуп турду. Баягы... баягв Мура алдап эки ай иштетип, анан акчаларын ала албай, коз жашын колдоткон бойдон калган кыздар сураштырып, издештирип журуп анын ким экенин билишип, уй дарегин таап алышкан. Эми кызуу талаш-тартыштын устундо эле алар.
-Мурикти болсо таптык, эми акчаны кантип ондуробуз?
-Кыйые иш...
-Да-а, эч кимге арыздана да албайт биздей бечаралар.
-Озуно долугуп эле коркутуш керек!
Гуля Соняны шылдындай тиктеди:
-Соничка, мээн ордцнда эмес сенин. Жолугуп коркутсан андай шылуун, аферлор бир заматта баарыьызды оперлерге салып беретда,кайра бизден акча ондуруп алат!
-Гуля туура айтат...
Кыздар бир саамга оз-озунчр тунжурап ойлуу отуруп калышты. Чогуу иштеп, чогуу алданганындары бул кыздарды азга болсо да достоштуруп, биримдиктуу кылып коюптур. Бирок Мая коп запкы тартты. Ошондон уламбы, Мурада кеги чон... далай жолу жеген тепкисине, уккан согуулоруно жаны ачып, ошол буларды алдап кеткен адамды корсл тытып жегенге даяр болуп калган. Кутуусуз башына бир ой келдида алтын таап алгансып кубанды.
-Кыздар, мен таптым!
Баары аны элейе, суроолу тиктешти.
-Билесинерби, эн оригиналдуу бир сунуш бар. Биз анын жанагы кызын уурдайбыз да, барымтага алып туруп Мурикти коркутуп, акчаны эки эселеп ондуруп алабыз.
-Во, туура айтасын!
-Ошентиш керек. Эгер акчаны тез арада бербесен, биз кызынды озубуз каалагандай пайдаланып туруп, акчабызды чыгарып алабыз деп, эгер менттерге билдирсен соо калбайт деп...
-Ура-аа!! !
Баары кубанганынан кыйкырып ийишти. Бат эле бугунку тузулгон планды белгилеп, чакан майрам уюштуруштуда, жайма-жай конул ачып жатышты.
-Кыздар, билесинерби мен эгер ошол эки мин долларымды чын эле кайрып алсам, мындан ары ушул "ишти" таштайт элем- деди Мая чын конулдон.
-Эмне кылат элен анан?
-Билбейм. Ошол акчаны кандайдыр бир пайдалуу нерсени уйронууго жумшап, окуппу иши кылып ошонун арты менен болок жумушка орношот элем. Ушунчалык тажадым ушундай жашоодон. Эркек аттуунун жашында, карысында короюн деген козум жок!
Кыздар Маянын бул созунон кийин ойлуу отуруп калышты. Баары оз тагдырылары, оз келечектери жонундо ойлонушту, чынында жеке эле Мая эмес, ушул жердеги кыздардын баары тажап бутушкон эле мындай ыплас, келечексиз жашоодон. Ар бири эркек аттууну жек корот...
-А эгер Мурик акчаны бербесечи?-деди Асел кызыга.
-Анда мен ошонун озунда олтуром, озумда олм... Мындан болок нерсени элестетеда албаф калдым!
Мая шолоктоп ыйлап ийди. Башкалары да аны коруп кошо ыйлашты эле Гуля чыдабай жиндене кыйкырды.
-Эмне ыйлайсынар, сволучтар! Биз мынтип бырылдап ыйласак, эч нерсенин отоосуно чыкпайбыз. Кичине кайраттуурак болбойсунарбы! Кана, давай соз бергиле, биз андан созсуз акчаны алабыз!! ! Алабыз!! !
-Алабыз!- деп кыйкырышты кыздар.
****
Нурийла Мурага улам-улам звонить эткенден тажабады. Негедир акыркы кундору кандайдыр маанилуу иш менен алектенип жургонсцп, Мура ага коп деле конул болбой бараткан. Бул нерсе аялдын жан дуйносуно тынчтык бербей, ошонун себебин билууго жанталаша аракет кылат.
-Алло, Мура, жаным бул сенби?-деп жалынычтуу суйлоду.
Да, да, мен Нурийлаш! Кандайсын, жон-жай элеби?
-Сени сагынып кеттим.
-Жаным, суранам, тушунуп койчу, мен азыр бара албайм. Бир маанилуу жумугтар болуп жатат.
-Менденда маанилуубу?
-сенден маанилуу эч нерсе жокда алтыным. Бирок жумуш деген жумуш, убагынан откозбош керек! Мен сага кийин баарын тушундуром!
-Кыскасв келе албайм дечи...
-Ошондой.
-Макул анда жакшы кал. -Нурийла шаабайы сууй, телефонду очурдуда отуруп калды.
Бул учурда Мура Айзатты бир сыйра жарашыктуу кийинтуу учун ээрчитип алып базарда журду. Татынакай макияж менен чач жасалгасы Айзаттын татына турпатын ого бетер коркуно чыгарып, жашы жыйырмага жаны жеткен кыздай кулпурат. Ага мынчалык акча коротуп, жасап тузолоонун да себеби бар Муранын. Баягы Нургелди Амановичти жакшылап сыйлап, анан ушул сулууну канча тунго десе, ошончо тунго белек кылып туруп, озу бир жакшы кызматка орношсом дейт. Айзатты алдын ала коп нерсеге макулдаткан. Бугун алар ошол " сыйлуу"- конокту белгиленген мейманканадан кутуп алышы керек эле. Жумуштары буткон сон базардан чыгышып, машинага отурушту да, катуу ылдамдык менен Чолпон-Атага "зуу" коюшту. Туш оой жетишип, жайланышып, кечтин кириши менен келчу конокту кутуп жатышты.
Уландысы бар.

Комментарии