СТРЕСС – көп ооруну жаратуучу душман

Стресстен кантип кутулууга мүмкүн?
Кутулуу үчүн бийик мунарага чыгып алып, сырт дүйнө менен таптакыр байланышпай коюу кажет. Бирок минтүү мүмкүн болбогондуктан, стресстен чыгуунун жолун үйрөнүү оң.
СТРЕСС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Стресс – адамдын эмоционалдык тынчтыгынын жана тең салмагынын бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу. Негизи, нервдик чыңалууну организм “ден соолукка коркунуч туулду” деп кабыл алат. Ошол себептүү организмде химиялык жана биологиялык реакциялар жүрөт. Бул дененин күрөшүүгө (кырдаалга каршы турууга) же качууга даяр болуусун шарттайт. Ачуулануу же коркууга кез келгенде денени калтырак басып, муштум түйүлүп, анан артты карабай качуу же мушташуу келип чыгат. Коркунучтан кутулуу керек болгондо адам күчтүү болуп кетери да баарына маалым. Бул да болсо организмдин жашап кетүүгө болгон далалаты
ЗЫЯНЫ – ООРУЛАРДЫ ЖАРАТЫП, АДАМДЫ КАРТАЙТЫП ЖИБЕРГЕНИНДЕ
Эгер стресс узакка созулуп кетсе, анда нерв системасынын чыңалуусунан улам адамда шакый, белде оорутуу, кант диабети жана жыныстык жактан шалдык келип чыгат. Буга кан басымдын көтөрүлүүсү кошулат. Ал эми ашказанда туз кислотасы көбүрөөк бөлүнүп чыгып, ашказан жарасына кептелүү коркунучун жаратат.
Адамдын ДНКсында теломер аттуу зат бар. Булар генетикалык туруктуулукту жана хромосомдорду сактоого жооп беришет. Жаш өйдөлөгөн сайын теломерлер азайып отурат. Ал эми катуу же улам кайталанган стрессте теломерлердин саны кескин кыскарып, адам бир топ жашка улгая түшкөндөй көрү­нүп калат. Стресс иммунитетке да зыянын тийгизет. Иммунитет начарлаганда тери жана аллергиялык оорулардын жаралуусу мүмкүн. Сурап билуу тел 89035590569ушул

СТРЕСС – көп ооруну жаратуучу душман - 872448257872
СТРЕСС – көп ооруну жаратуучу душман - 872448257616

Комментарии

Комментариев нет.