Уландысы. *ТУФАЙЛ ИБН АМР АД-ДАУСИ РАЗИЯЛЛООХУ ЪАНХУ.* *"О,АЛЛАХ,ТУФАЙЛГА ӨЗҮНҮН ДААВАТ НИЕТИН ИШКЕ АШЫРУУСУНА КӨМӨК БОЛООР АЯН ТАРТУУЛАЙ КӨР!.* Аллахтын Элчисинин С А В дубасы. Туфайл ибн Амр ад-Дауси исламга чейинки жахилия доорунда Даус уруусунун жолбашчысы жана арабдардан асыл тукум аксөөк тегинен келип чыккан белгилүү адамдардан бири болуп, адамдар арасында өзүнүн берешендиги жана айкөлдүгү менен атактуу киши эле. Анын очогунан эч качан казан түшчү эмес жана кирүүнү каалаган ар бир адам үчүн анын үйүнүн эшиктери ар дайым ачык турчу... Анткени ал ач калган адамдарды тойгозуп, жакырларга жардам берип, колдоо сураган адамдарга колдоо көрсөтүп, көмөк сураган адамга ар дайым жардам колу сунулуу турган жан эле. Муну менен катар эле Туфайл акылдуу, баамчыл, көргөч, көсөм, адептүү жана билимдүү адам болуп, сөздүн кереметтүү даамын, түсүн, таасирин жана кудуреттүү күчүн өтө назик сезе алган таланттуу залкар акын да болчу. ... Бир күнү ошол Туфайл өзүнүн Тихамдагы турак жайын таштап, Меккени көздөй жол алды. Ал кезде Аллахтын куттуу Элчиси С А В менен каапыр курайштардын ортосундагы күрөш улам күч алып, жааташуунун жалыны алоолонуп турган чак болчу. Ар бир тарап өзүнө тарапкерлерди табууга умтулуп, өзүнө дан тарткандардын санын мүмкүн болушунча көбүрөөк арттырууга аракет кылып жатышкан эле. Мындай шартта Аллахтын Элчиси С А В адамдарды ааламдардын жалгыз Эгеси Аллахка гана сыйунууга талыкпастан жана тыныкпастан чакырып, бул үчүн өзүнө курал катары ыйман менен исламды, акыйкат менен чындыкты колдонуп жаткан. Ал эми каапыр курайштар болсо Аллахтын Элчисинин С А В дааватына каршы өздөрүндө болгон бардык күч кубаттарды жана ашынган амалкөйлүктөрдү гана эмес, кылыч,найза, камчы, таш, от,суу,кишен,аркан...жана адамды азаптуу кыйноолорго салчу башка да толгон токой куралдардан баарын жүзү каралык жана карөзгөйлүк менен айоосуз колдонушуп, исламга данталаша каршы турушуп, адамдарды андан оолактатуу, акыйкаттан алыстатуу үчүн эч нерселерин аяшпастан, эч нерседен кацра тартпастан, катаал каардуулук жана татаал таш боордук, ынсапсыз ырайымсыздык жана мээримсиз мыкаачылык менен күрөшүп жатышкан болчу. Меккеде абал ушундай абдан курчуп, катаал күрөш улам татаалдап бараткан учурда жолго аттанган Туфайл бул күрөштүн маани маңызын түшүүнү мындай кой, деги эле ошондой күрөштүн болуп жаткан жатпаганынан да бейкабар эле. Ал Меккеге өз иши менен жөн жай бараткан мусапырлардын гана бири болчу. Ошондуктан ал Меккеге таймашкан тараптардын бирин жактап күрөшүү үчүн жолго чыгып жаткан жери жок. Буга чейин Аллахтын Элчиси С А В алып келген акыйкат дин жана ага каршылык көрсөтүп жаткан мушрик курайштардын кутумдуктары тууралуу кабардар болууну мындай кой, ал жараян роцесстердин болуп жатканы тууралуу да үч уктаса түшүнө кирген эмес. Мына ушундай жагдайлардын натыйжасында акыры Туфайл ибн Амр ад-Даусинин эми эси көөнүнөн өмүр бою кеткис кызыктуу окуяга туш болду. Келгиле, анда, ал окуя кандай башталып, кандайча уланып, кантип бүткөнүн анын өз оозунан угалы, анткени ал айтып берген бул акыйкат окуя, чындыгында эле, кызыктуу жана ыймансыздар эч качан ишене албас деңгээлдеги табышмактуу жерлери да бар. Туфайл кийин өзү ошол олуттуу чындык окуялар тууралуу минтип айтып берет: "Меккеге келдим. Менин бул жерге келгенимди көрүп калышкан курайш шейхтери дароо жаныма жетиа келишип, жадырап жайнай ысык салам айтышып, өздөрүндө болгон бардык адептүүлүктөрүн, колдорунан келген бардык ызат урматтарын көрсөтүшүп, анан мени өздөрүнүн эң мыкты үйлөрүнүн бирине жайгаштырышты. Ошондон кийин курайштардын шейхтери, жолбашчылары, төбөлдөрү мага бир бирден тынбай келишип, мындай деп айтып жатышты:" О, Туфайл, сен биздин өлкөгө келген бул учурунда, биздин арабызда пайда болуп, өзүн пайгамбармын деп жарыялаган бир киши биздин бардык иштерибизди бузуп, үй бүлөлөрүбүздү ыдыратып, коомубуздун ынтымагын кетирүүдө. Өзүбүзгө келген бул балакет эми сага жана сенин жериңе да жетет го деп чочулап турабыз. Ошондуктан сен аны менен сүйлөшпөгүн жана анын эч бир сөзүнө кулак салбагын. Чындыгында, анын сөздөрүндө уккн жандын баарын өзүнө азгырып кете алуучу кандайдыр бир керемет сыйкырчылык бар. Ал ошол кереметтүү сөздөрүнүн жардамы менен атадан уулду, энеден кызды, агадан инини,эрден аялды ажыратууда...". Уландысы бар. http://ok.ru/group/53488674341115
БЕЙИШКЕ АШЫК ЖҮРӨКТӨР ...
*БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ*
Уландысы.
*ТУФАЙЛ ИБН АМР АД-ДАУСИ РАЗИЯЛЛООХУ ЪАНХУ.*
*"О,АЛЛАХ,ТУФАЙЛГА ӨЗҮНҮН ДААВАТ НИЕТИН ИШКЕ АШЫРУУСУНА КӨМӨК БОЛООР АЯН ТАРТУУЛАЙ КӨР!.*
Аллахтын Элчисинин С А В дубасы.
Туфайл ибн Амр ад-Дауси исламга чейинки жахилия доорунда Даус уруусунун жолбашчысы жана арабдардан асыл тукум аксөөк тегинен келип чыккан белгилүү адамдардан бири болуп, адамдар арасында өзүнүн берешендиги жана айкөлдүгү менен атактуу киши эле.
Анын очогунан эч качан казан түшчү эмес жана кирүүнү каалаган ар бир адам үчүн анын үйүнүн эшиктери ар дайым ачык турчу... Анткени ал ач калган адамдарды тойгозуп, жакырларга жардам берип, колдоо сураган адамдарга колдоо көрсөтүп, көмөк сураган адамга ар дайым жардам колу сунулуу турган жан эле. Муну менен катар эле Туфайл акылдуу, баамчыл, көргөч, көсөм, адептүү жана билимдүү адам болуп, сөздүн кереметтүү даамын, түсүн, таасирин жана кудуреттүү күчүн өтө назик сезе алган таланттуу залкар акын да болчу.
... Бир күнү ошол Туфайл өзүнүн Тихамдагы турак жайын таштап, Меккени көздөй жол алды.
Ал кезде Аллахтын куттуу Элчиси С А В менен каапыр курайштардын ортосундагы күрөш улам күч алып, жааташуунун жалыны алоолонуп турган чак болчу. Ар бир тарап өзүнө тарапкерлерди табууга умтулуп, өзүнө дан тарткандардын санын мүмкүн болушунча көбүрөөк арттырууга аракет кылып жатышкан эле.
Мындай шартта Аллахтын Элчиси С А В адамдарды ааламдардын жалгыз Эгеси Аллахка гана сыйунууга талыкпастан жана тыныкпастан чакырып, бул үчүн өзүнө курал катары ыйман менен исламды, акыйкат менен чындыкты колдонуп жаткан.
Ал эми каапыр курайштар болсо Аллахтын Элчисинин С А В дааватына каршы өздөрүндө болгон бардык күч кубаттарды жана ашынган амалкөйлүктөрдү гана эмес, кылыч,найза, камчы, таш, от,суу,кишен,аркан...жана адамды азаптуу кыйноолорго салчу башка да толгон токой куралдардан баарын жүзү каралык жана карөзгөйлүк менен айоосуз колдонушуп, исламга данталаша каршы турушуп, адамдарды андан оолактатуу, акыйкаттан алыстатуу үчүн эч нерселерин аяшпастан, эч нерседен кацра тартпастан, катаал каардуулук жана татаал таш боордук, ынсапсыз ырайымсыздык жана мээримсиз мыкаачылык менен күрөшүп жатышкан болчу.
Меккеде абал ушундай абдан курчуп, катаал күрөш улам татаалдап бараткан учурда жолго аттанган Туфайл бул күрөштүн маани маңызын түшүүнү мындай кой, деги эле ошондой күрөштүн болуп жаткан жатпаганынан да бейкабар эле. Ал Меккеге өз иши менен жөн жай бараткан мусапырлардын гана бири болчу. Ошондуктан ал Меккеге таймашкан тараптардын бирин жактап күрөшүү үчүн жолго чыгып жаткан жери жок. Буга чейин Аллахтын Элчиси С А В алып келген акыйкат дин жана ага каршылык көрсөтүп жаткан мушрик курайштардын кутумдуктары тууралуу кабардар болууну мындай кой, ал жараян роцесстердин болуп жатканы тууралуу да үч уктаса түшүнө кирген эмес.
Мына ушундай жагдайлардын натыйжасында акыры Туфайл ибн Амр ад-Даусинин эми эси көөнүнөн өмүр бою кеткис кызыктуу окуяга туш болду.
Келгиле, анда, ал окуя кандай башталып, кандайча уланып, кантип бүткөнүн анын өз оозунан угалы, анткени ал айтып берген бул акыйкат окуя, чындыгында эле, кызыктуу жана ыймансыздар эч качан ишене албас деңгээлдеги табышмактуу жерлери да бар.
Туфайл кийин өзү ошол олуттуу чындык окуялар тууралуу минтип айтып берет:
"Меккеге келдим. Менин бул жерге келгенимди көрүп калышкан курайш шейхтери дароо жаныма жетиа келишип, жадырап жайнай ысык салам айтышып, өздөрүндө болгон бардык адептүүлүктөрүн, колдорунан келген бардык ызат урматтарын көрсөтүшүп, анан мени өздөрүнүн эң мыкты үйлөрүнүн бирине жайгаштырышты.
Ошондон кийин курайштардын шейхтери, жолбашчылары, төбөлдөрү мага бир бирден тынбай келишип, мындай деп айтып жатышты:" О, Туфайл, сен биздин өлкөгө келген бул учурунда, биздин арабызда пайда болуп, өзүн пайгамбармын деп жарыялаган бир киши биздин бардык иштерибизди бузуп, үй бүлөлөрүбүздү ыдыратып, коомубуздун ынтымагын кетирүүдө. Өзүбүзгө келген бул балакет эми сага жана сенин жериңе да жетет го деп чочулап турабыз. Ошондуктан сен аны менен сүйлөшпөгүн жана анын эч бир сөзүнө кулак салбагын. Чындыгында, анын сөздөрүндө уккн жандын баарын өзүнө азгырып кете алуучу кандайдыр бир керемет сыйкырчылык бар. Ал ошол кереметтүү сөздөрүнүн жардамы менен атадан уулду, энеден кызды, агадан инини,эрден аялды ажыратууда...".
Уландысы бар. http://ok.ru/group/53488674341115