Куладым, мүдүрүлдүм айбайлабай. Кучагым кубанычка толгон менен, Кылчактайм арт жагыма карай, карай. Жанымды жанчып алып тегирменге, Жеңилип ээрден түшүп, эңилгенде. Жан таппай жаны кейип суу тамызаар, Жарылып, кургап калган эриндерге. Багынып башка түшкөн тагдырыма, Баш ийип жаман, жакшы баардыгына. Баладай ыйлап-ыйлап улутунган, Мен дагы шуу үшкүрүп алдым мына. 27.02.2023 ТТ. Москва
ЖУРОК СЫРЫ
Кыр аштым, түздү бастым далай, далай,
Куладым, мүдүрүлдүм айбайлабай.
Кучагым кубанычка толгон менен,
Кылчактайм арт жагыма карай, карай.
Жанымды жанчып алып тегирменге,
Жеңилип ээрден түшүп, эңилгенде.
Жан таппай жаны кейип суу тамызаар,
Жарылып, кургап калган эриндерге.
Багынып башка түшкөн тагдырыма,
Баш ийип жаман, жакшы баардыгына.
Баладай ыйлап-ыйлап улутунган,
Мен дагы шуу үшкүрүп алдым мына.
27.02.2023 ТТ. Москва