4 янв 2023

ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ...

2-бөлүм.
Канча уктаганы белгисиз, Марта көзүн ачса капкара түн түшүптүр. Биринчи каерде экенин эстей албай көпкө жатты. Күндүзү көргөн чыракты сыйпалап таап, жанында жаткан ширеңке менен тамызды. Бир чети жарыкты көрүп бирөө жарым келбесин деп коркту, кайра бул токойдо өзүм жалгызмын , канча күн басып бир да адам изин байкабаганын ойлоду. Кызды ойлор каптады, эмне кылам, кантип жашайм? Бул үйдүн ээси болушу мүмкүн да... Карандай суудан жутуп-жутуп алды, ойлор менен алышып жатып кайра уйкуга кирди, денесинин жанчылып ооруп жатканын эми гана байкады кыз...
Мартаны чымчыктардын сайраганы ойготту, ушунчалык кооз сайрашат, биринен-бири өтүп, ордунан туруп сыртка чыкты. Кулап кетпейин деп акырын жерге түштү. Максаты жегенге бир нерсе табуу, үйдөн да алыс кеткиси келбеди, кантсе да адам талабына керектүү нерселер бар эле бул үйдө. Токойдон жаңгак тапты этегине толтура терип артка кайтты. Үйгө чыгып бети-колун жууду, жаңгакты таш менен чагып жеп кыйла өзөгүн жалгады. Үйдө турган жыгачтан жасалган сандыкка окшогон немени ачып кийим тапты. Кийимдер эркекке таандык эле. Айла жок өзүнүн кийимин алмаштырбаса болбойт, футболка менен шым таап чыкты, текчеде турган самынды алып, жерге түшүп булак издеп жөнөдү.
Мектепте жашоо уланууда, сабак учурунда мектептин өздөштүрүүчүсү улгайган апа кирип, бүгүндөн баштап англис тилин үйрөнөсүңөр, бизге жаңы мугалим эжей келди деп, эжекени чакырып кыздарга тааныштырды. Кыздардын ар биринде өзүнчө күчтүү жактары бар. Бири математикадан жакшы болсо бири каратэден жакшы. Бири кылычты жакшы өздөштүрсө бири кол күрөштөн жакшы эле. Ада жөндөмдүү кыз чыкты же жетимдер нарагынан чыйраак болушабы... Чарчаганына карабастан кыздардан көп машыгат, билимин да кошо өздөштүрүп чоңойгон сайын өжөрлүгү калып, мүнөзү калыптана баштады. Анын максаты 18 жашка чыкканда, бул мектептин дубалдарын таштап кеткенде, ата-энесин табуу, аларга бере турган бир эле суроосу бар, -"эмне себептен?"...
Марта булак издеп жүрүп, суунун шарын уккандай болду, багытын алып бара жатып кичинекей шаркыратмага туш болду, алдында анча чоң эмес көлү менен. Кыз азыр өзүн ушунча кир сезип турду, кайра-кайра самынданып жуунду, чачтары жуулганга саксайбай, адам кейпине келди. Тапкан кийимди кийип, өзүнүн кийимдерин жууду. Кайра үйгө кайтып келди. Үйдүн чаңын аарчып, жыйнаштырды. Эрте мененкиден калган жаңгагынан чагып жеп, сергип калган кыз уйкуга кетти. Түнү бир маалда эшиктин ачылып жаткан добушунан ойгонду....
Кыздын жүрөгү оозуна келди, өгөй атасынын жоруктары унутулгус болгон...Кирген адам биринчи эч нерсе сезбестен чыракты тамызды. Анан бурулуп Мартаны көрдү, экөө бири-бирин тиктеп көпкө турушту. Кыз тура калып качууга умтулду, бала эшикти тороп туруп алды. Акыры тынчтыкты бузуп суроо узатты:
- Сен кимсиң? Кандайча бул жерге келдиң? Коркпо мен сага тийбейм, алсызды кордоо менин адатымда жок. Марта ишенээр-ишенбесин билбей карап тура берди. Келген баланын чыдамы кете түштү. Чөнтөгүнөн бычак алып чыгып кыздын алдына ыргытты.
- Бычак сеники эгер мага ишенбей жатсаң.
Марта үйүнөн качып кеткенин, көп күн жол басып ушул үйдү тапканын айтты бирок кызы тууралуу ооз ачпады.
-Менин атым Актан, өзүң түшүнгөндөй бул менин үйүм, мен жылына бир жолу гана шаарга түшүп келем, керектүүмдү алып. Сени азыр кууп чыга албайм, жашай бер анан ойлонобуз кандай кылышты, укта эртең сүйлөшөбүз деп чыракты өчүрүп сыртка чыгып кетти. Марта көпкө уктай албай жатты, Актан чындап эле жакшы адамбы же ошондой көрүнгүсү келдиби, бир жагынан бул ээн токойдо Актанга эч ким тоскоол болмок эмес. Көңүлү бир аз жайланып уйкуга кетти кыз, бычакты жастыгынын астына коюп алды.
Ада жамгырда сыртта көп жүрүп ооруп калды, ысытма катуу чыгып жөөлүп жатты. Уйку-соонун ортосунда апасын көрдү, өзүнүкүндөй капкара тармал чачтары бар экен апасынын. Үчүнчү күн ысытмасы кайтпай жаткан Адага апасы көрүнүп, ал кызынын чачтарынан сылап, жата бергениң болбойт, өзүңдү жый, ооруну жең. Сенин бактылуу күндөрүң али алдыда, сен сакайбасаң анан кантип мен сени табам?.... Ада жөөлүп жатса да, апасы аны жакшы көрөөрүн, экөө сөзсүз жолугаарына ишенип турду. Эки күндөн кийин эч нерсе көрбөгөндөй төшөктөн туруп кетти.
Эртеси Марта эрте ойгонду, көкүрөгүн таңып жүрүп сүтү кайтып калган эле бирок футболкасы суу болуп калыптыр, эшикти такылдатып Актан кирип келди. Кыздын абалын көрүп баарын түшүндү, бир секирип Мартага жетти.
- Кана балаң? Эмне кылдың балаңы? Көздөрү заар чачып турган баладан кыз коркту.
- Коё бер, кызым тирүү, мен аны таштаганга мажбур болдум. Бала Мартанын көзүнө тике карап көпкө турду, кыз да көзүн алып качпай тиктеп тура берди. Калп айтпаганына ишенип кыздын далысын коё берди. Сандыктан башка футболка таап кызга ыргытты, кийинип жерге түш деди да өзү чыгып кетти.
Бүгүн Ада 12 ге чыкты, кыздын бою кыйла өсүп, капкара тармал чачтары укмуш кооз эле. Спорт боюнча алдына адам салбайт жада калса андан чоң кыздардан жөндөмдүү, колуна кайсы курал албасын Ада анын жолун билет. Аткан жебеси мээлеген буюмду табат, кылыч кыздын үчүнчү колундай сойлойт. Каратэде ылдамдыгы устатын кууп бара жатат. Лин Аданын жөндөмүн башынан эле байкаган, бул кыздан эң мыкты жоокер чыгаарын түшүнгөн. Ар бир кыз тууралуу маалыматты Лин өйдөдөгү шефтерге дайындап турат. Аданын жашы гана жаштык кылат болбосо бул кыз даяр эле...
Бир күнү Лин шаарга түшүп келмек болду, дайым өзү кетчү устаты бүгүн Аданы шерик кылып жанына алып алды. Кыздар узун плащ кийишип кылычтарын плащтын ичинде тигилген кынына салышты. Ада түшүнбөдү биз базарга эле барабыз ал жакта кылычтын эмне кереги бар...Лин экөө базар кыдырып, устаты ар кандай адамдар менен токтоп сүйлөшүп жатты. Анан Адага бурулуп жүр кайттык деди. Экоо тоо тарапка бет алышты. Кыздарды күтүп турушкан эле.
Беш-алты жигит алдыларын тороп чыгышты. Лин кылычын сууруп чыкты Ада аны кайталады. Жигиттер каратэни жакшы билишет эле бирок көчөдө үйрөнүшкөн. Эки кыздын ылдамдыгы жана ыкмалары профессионал экендиги байкалып турду. Кыздар бири-биринин жонун тосуп тап берген балдардын чабуулун кайтарып жатышты. Тепкенде эсин жоготуп коё турган талуу жерлерине тээп, биринин артынан бирин сулатып жатышты. Адада суроолор көбөйдү, жүр кеттик деди Лин, азыр булар ойгонушат. Экөө тез ылдамдыкта тоонун башындагы мектепке жетишти. Ада балдардын жөн эле тоноочулар эмес экенине түшүнүп турду. Лин бекер Аданы өзү менен алган экенмин деп ойлоду. Ал балдарды жалгыз деле жеңе алмак. Бирок устаты Аданы иш жүзүндө сынагысы келген эле. Ада сыноону ийгиликтүү өттү устатынын көзүнө...
Урматтуу окурмандар, Ада тууралуу жазганымда убакыт 12 жыл алдыга жылып, Марта тууралуу кеп болгондо анын төрөттөн кийинки жашоосу чагылдырылып жатат.
Автор: #Елизабет.
Уландысы бар...

Комментарии

Комментариев нет.