5 янв 2023

- Байкуш үчүнчү кабатта жашаган Памиргүл өтүп кетиптир.

Эмне болуп өтүп кетиптир?
- Тамеки тартам деп үйүн өрттөп алыптыр.
- Ии байкуш күйүп калыптырбы?
- Жок, өрт өчүргүчтөргө телефон чалып кийин терезеден секириптир.
- Анда үчүнчү кабаттан жерге түшүп калыптырбы?
- Жок, Памиргүл терезеден секиргенде өрт өчүргүчтөр келип палатка тосконго үлгүрүп калышыптыр, палаткага түшүп күүлөнүп кайрадан күйүп жаткан үйүнүн терезесинен кирип кетиптир.
- Күйүп өлүптүрбү?
- Жоок, Памиргүл экинчи жолу чуркап келип терезесинен секириптир.
- Экинчисинде палаткага түшпөй жерге түшүп калыптырбы?
- Жоок, секиргенде жерге түшпөй телефондун кабелине илинип калып, жаанын аткан огундай болуп кайрадан күйүп жаткан үйүнүн терезесинен кирип кетиптир.
- Ой деги айтчы эмне болуп өлүптүр?
-Памиргүл өрт өчүрүүгө тоскоол боло бергени үчүн өрт өчүргүчтөр атып өлтүрүшүптүр..😅😅😅

Комментарии