18 июн 2023

Сүйүү арманы: 5 бөлүм

Мурунку окуянын уландысы күткөндөр барбы аягы эмне менен аякташын күткөндөр үчүн
Эскертүү!!! Бул окуядагы адамдын аттары автордун ойу бойунча жазылган.
Туулган жерден алыс кеттим бирок сыртта өз мекенимден алыс жүргөн болсом да Айдайдын жылмайып мага караганы, шыңгыр, күлкүсү эркелиги, таарынган кыялы эсимден кетпеди тапкан акчамды ичимдикке жумшадым. Ошентип бир жыл өтпөй мекенге кайра кайттым келип эле Айдайды эстеп жаткан жерине барып чөгөлөп түштүм да топурагын мыкчып көздөн жаш токтобой куйула берди . Кечке жанында отуруп айдай менен сүйлөшүп баштадым.
Куба: Айдай мен сени сагындым эсиңдеби бири бирибизге сөз берген элек бактылуу жубайлардан болобуз деп. Эх бактылуу болуш бул жакта турсун сенин акыркы сөзүңдү да уга албадым караңгы жерде менсиз жатасың, жүрөгүм эзилип жатат Айдай сени бир көрсөм кана эле. Бир жыл өттү бирок сенин жүзүң көз алдымда кече гана жолуккандай гүлүмсүрөп турат деп көздөн жаш токтобой отурсам Айдайдын атасы менен апасы келип калды.
Айдайдын атасы: Куба бул сенби деп мага карады мен болсо зорго ордумдан туруп.
Куба: ооба менмин дедим көзүмдүн жашын сүртө калып.
Айдайдын апасы: эх балам дагы деле унутпадыңбы деп мени кучактап ыйлап менин кызым сен келгениңе кубанып жаткандыр деп шолоктоп ыйлап жатты анан чогу Куран окуп Айдайдын атасы мага карап.
Айдайдын атасы: Куба балам сага бир нерсе беришим керек жүр биз менен деп алып кетти. Үйүнө баратып Айдайдын мени күтүп турганын эсиме түшүп көзүмдөн жаш чыга берди апасы желкемден сылап мени сабырдуу бол дегендей кылып жатты бирок өзүнөн да жаш куйулуп жатты. Үйүнө келип атасы.
Айдайдын атасы: жүрү үйгө кир чай ичип кенен сүйлөшөлү деп калды, мага ал учурда чай эмес суу да өтпөй жаткан эле .
Куба: рахмат байке бирок эч нерсе өтпөй жатат деп башты ылдый салдым мени бир аз карап туруп мындай деди.
Айдайдын атасы: балам менин кызым болгондо сен менен гана бактылуу болмок экен эле кызым барда кирип эле чай ичип жүрчүң эле азыр да кир балким кызым кубанып калаар деди. Мен болсо макул болдум кирип отуруп калдык анан чай сунган апасы.
Айдайдын апасы: балам сабыр кыл эми биздин үй сен үчүн ачык. Ии баса атасы жана бир нерсе берем дебедиң беле мага да кызык болуп жатат эмне экенин деп калды. Айдайдын атасы: ооба аны айдай Кубага калтырган экен..............
Уландысы бар достор лайк басып комментарий жаза кеткиле
Автор: Куба Райымкулов

Комментарии