Озгочо базар.

8-болум
Эч нерсе билбейм! - Мариям отура калып буркурап ийди, - кереги жок, мен күйөөгө тийбейм, мени койо беришсин, баары бир бүлө болбойм! - Мариям башка эч нерсе дей албады, бир көргөн аялга болгон окуяны баштан аяк айтууга кудурети жетпес эле, сыр ачууга да болбойт: "эми эмне кылам, чын эле бата деген жаман болот дечү эле, келбей жатып, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп жүрүп дагы эмнеге кабылам, таш түшкөн жеринде оор деп баш ийип кала берсемби, окутам деп жатат"… деп ойлогон Мариям бир саамга Даниярды көз алдына келтирип: "жакшынакай эле жигит, баягы жиндилиги токтодубу, же жөн эле мени жаман аттыдан куткаргысы келип атабы?" деген ойдо мелтирей отуруп калганда Калемкаш анын жоошуй түшкөнүнөн жанына отурду да акыл насаат айтып, көзүнүн жашын сүртүп, башына апаппак жибек жоолукту салып акырын жетелей көшөгө тартылган бош үйгө киргизип төшөккө отургузду да сыртка үн салды:
- Ээ, Сейилкан, келинге арнаган чачылаңды алып келе кал! - Мариямды карады, - Эми жоолук салынбасаң да күйөөдөн чыкты атка каласың, коңшу-колоңдоруң сени күйөөгө тийди деп билди да.
- Азыр, - Сейилкан делбектеп конфет, печеньелерди көтөрүп жетип келди. Мисирейе жүзүн жаш жууп отурган Мариямды көрүп жүрөгү тилинип кетти.
- Мына, эмне кылайын? - деп Калемкаштан сураган менен эки көзү Мариямда болуп ага чачыктуу жоолуктун жарашып калганына жетине албай: "ээ кудай, тим эле мөлтүрөп турганын кара, байкуш эжем, балдарынын ушинтип чоңойгонун көрбөй өлүп калбадыбы, ушул сулуулугунун азабынан уулум да жаман көрүнүп отурат. Садага болойун ак жоолук жарашып үрдүн кызындай болуп калат тура!" деп колундагы конфеттерди артынан ээрчий кирген аялдарды көздөй чача баштады.
- Ак жолтой, ак жүздүү бол садага, алганың менен тең кары, ак жоолугуң башыңан түшпөй бактылуу бол, алдыңды бала, артыңды мал бассын! - Калемкаш жан-алы калбай жүгүрүп Мариямдын аяк-биягына чыгып атты, - Эңкейип улуу кишилерге жүгүн айланайын, - деп кулагына шыбырады. Мариям айласы куруп: "ушуну пешенеме жазган тура, эл көзүнө эптеп жүгүнүп турайын, анан Даниярдын жаныма жологонун көрөм, же өлүп же өлтүрүп тынам!" деп кулагына шыбырады. Бирок жашоо деген табышмак, келечеги туңгуйук болуп башы катып "алдаса болот жаш башты" дегендей чаржайыт ойлорго алдырып аргасыз келин көргөнү келгендерге жүгүнүп жатты. Сейилкан эшик эликтен уулун көрө албай издей баштады. Сыртта туугандары менен турган Касен аны көрүп өзүнө чакырды:
- Ээ кемпир, Майраш деги көнө турганбы, жоолук салындыбы?
- Салынбай анан, аны Калемкаш деген бар, ой-бойуна койбой салып кемпир-кесекке жүгүндүрүп атат, уулуң көрүнбөйт да? - Сейилкан кабатырланганын жашырбай сурады.
- Эмеле ушул жерде жолдош-жоролору менен жүргөн, аны эмне кыласың, эки-үч күн көздөн далдоо боло турсун, тим кой, аны көрсө дагы жинденип элге шерменде кылбасын, - Касен шыбырай сүйлөдү, - Көнсүн, кулагы бышсын, анан кайда бармак эле?
- Таң, капа болуп балдар менен ичип койобу деп чоочуп турам.
- Кой кемпир, жаман ойлой бербе, уулуң баарына баш ийип өзүнө ынсап берип атканда.
- Мейли, мейли атасы, мен үйгө кирейин, элге чай берип тамак тартылганы качан, бата кылып калышпасын жүрү, тиги жаман уулуң биерде болсо болбойт беле, элдин батасы жакшы эмес беле? - деп тамды айланып басып баратып беш-алты бала менен турган Даниярды көрүп, - уулум, жүрү үйгө, алдагы балдарды бир бөлмөгө киргиз, тамак ичишсин, сен кирип бата албайсыңбы балам?! - деди.
- Азыр, - Данияр апасы менен сүйлөшчүдөй кыңырыла калды, - Апа!
- Эмне болду уулум, эл бата кылганы калды, кирип бата ал дагы досторуң менен кирип тамак ич! - Сейилкан анын эмне айтаарын билип эле турду, анткени жана Мариям экөө бөлмөдө сүйлөшүп жатып сыртка чыкса Данияр ары карап басып бараткан экен: "Шордуу балам, баарын угуп койдубу, эми эмне болоор экен?" деп кабатырланганы ошол болчу.
- Апа токтосоң сөз бар?! - Данияр апасынын артынан басты.
- Кой балам, убактымды алба, андай сүйлөшөөр болсоң эл кетсин, кенен-чонон кеңешип-таңашабыз, - Сейилкан үйдү көздөй басты, Данияр унчукпай туруп калды: "Майраштын мени көрөйүн деген көзү болбосо, эртең буларга уят болом да, андан көрө унчукпай эле койойун" деген ойдо аларды өзүнчө бөлмөгө ээрчитип кирди.
Эл деген эл да, эки жашка бата берип, бакыт-таалай каалап, өз колдорунан энчи берип жаткандай дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды ыроолоп жатышты. Ошол жакшы сөз ийиктирип бир канча жаштар тагдырына тан берип жашап калышат го, булардын тагдыры элге көнүмүштөй болгон менен өздөрүнө бүдөмүк эле…
Ошол күнү нике кыйылды…
Арадан эки көн өттү, Касен келинин жүгүндүргөндөн кийин маңдайына чай куйуп берүүсүн өтүндү:
- Майраш айланайын, бүгүндөн баштап келиним да, кызым да болосуң, Сейилкан экөөбүзгө жалгыз Даниярды берип ушунун караанына кагылып отурабыз, эми биздин кызыбыз да бар, тартынбай жүр!
- Ошону айтсаң, жакшыны жатка чыгарабы деген сенин ыймандуу, акылдуу, эстүү болуп чоңойгонуңду өз көзүбүз менен көрүп билип туруп эжемдин арбагын сыйлап, алыстап калбасын деп боорубузга тартып отурабыз, - Сейилкан күйөөсүнүн сөзүн ырастады.
- Мына кызым, үй-жай, дүнүйө экөөңдүкү, биз буларды көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз, өзүң баш көз болосуң, эркек эмне таап келгенин гана билет, - дегенде Мариям таежесин бир жалт карады, ал көз карашта: "Данияр дагы жакшыны жатка чыгарбайт деп жаштайымда чыркыратты беле?!" деген суроо ызалуу билинип турду. Анын бул көз карашынан жалтанган Сейилкан ичип жаткан чайын тиктеп отуруп калды. Ошону менен сөз бүтүп, дасторконду жыйнаган Мариям өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Данияр Мариямдын жанына жолой албай эле өзүнчө кирип чыгып жүрө берди. Күндөр өтүп жатты. Мариям: "качан мени окуйсуңбу деп сураар экен, айткандарына көнүп деги бердим, эл алдында уят кылбайын дедим, менин жаш жүрөгүм сыздап, канаты сынган куштай бир нерседен гана кармалып отурганымды билишеби, же баламды жактырып дешип көөнү ток болуп калыштыбы" деп ичинен сарсанаага бата берди. Сыртынан билгизбей Касенден тартынып сүйлөбөй таежеси ээн боло калганда минтти:
- Таеже, мен окууга тапшырышым керек, өзүмдүн күчүм менен эле өтөм, болгону мени качууга мажбур кылбай өзүңөр эле жөнөткүлө, менин силерге бүлө болбосумду деги билесиңер!
- Эмне дейт ботом, садага болойун десе, эмки жумада Курманды, башка туугандары менен кошо чакырып, кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт деген сөз бар, таежеси алып кетип эле, ырым-жырымын, жол жобосун жасаган жок, жубан алгандай кылып алып кетип унчукпай койду деп кеп кылышат, чыда балам бир аз.
- Кереги жок эч нерсенин, каадасынын да кереги жок, көңүлү жок адамды байласаңар да болбосун кандай билбейсиңер? Силерди жер каратпайын, чакырган элдин көзүнчө сынып калбасын дедим, болбосо… - Мариям ыйлап жатты.
- Оолда-аа карангүн ай, мен сени көндү, акыры баш ийип көзүмдүн карегинин бири болуп ысык чай куйуп берет деп сүйүнүп отурбайынбы?
- Таеже, кантип балапанымда чыркыратып, кордоп, жүрөгүмдү муздаткан адамды кантип жактырам, муздаган жүрөк жылыбайт, кирдеген көңүл агарбайт да, эгер ушу төрүңүзгө таза бойдон келип келин болсом анда башка кеп эле, тайжездем экөөңөр жөн эле чабыла бербегилечи?!
- Майраш, мени укчу каралдым, окуу эч жакка качпайт, сөзсүз окуйсуң, бир аз ыкка көнүп тура тур, анан кетсең да өзүң жаманатты болосуң, татынакай кылып күткөн жерге отурбай койуптур, эси жок экен деп эл кеп кылса Курмандын кадыры түшүп өйдө карап жүрө албай калбайбы, жок дегенде ошолор келип кеткиче койо тур!
- Ага чейин документ алуу бүтүп калат, анан эмки жылга калып калам да? - Мариям аргасыз абалга келди: "Чын эле Курман абамдын эл караган жүзүн жер каратып койомбу, анда эле жаман болот, бирок менин көзүмдү кандай карап ата-энедей үйрүлгөн адамымды уят кылганым туура эмес" деп башын ылдый кыла муңканып алды: "кудай ай, деги кандай күндө калдым эле"…
Бир күнү өз бөлмөсүндө уктап жаткан Мариям кандайдыр бир добуштан ойгонуп кетип башын көтөрсө жанында бажырайган гүл турат. Чо-оң чоң үч тал гвоздика экен. Аны көрүп таң калып койду: "муну ким алып келди экен, эмнеге биерге койду" деп ойлоп, жаңыдан ачылып келе жаткан гүлдүн жыты мурдун өрдөй дивандан эңкейип жыттайын дегенде ортосунда бир бүктөм кагаз турганын көрүп алды да ачып караса сулуу кол менен: "Майраш, туулган күнүң менен!" деп жазып койуптур. Ал таң калганынан жылмайып алды: "өзүмдүн туулган күнүмдү унутуп калганымды кара"! Гүлдөрдү колу менен абайлап кармап жыттады, буруксуйт эмеле үзүп келе койгондой: "муну ким алып келди экен, Данияр эле алып келе койгон го?" деген ойго келди да дароо ордунан туруп гүлдү алып сыртка көтөрүп баратса Касен эшиктин алдында турган, аны көрүп кайра кирип кетти. Таежеси конок келчүдөй камынып жатыптыр. Өзүнүн уктап калганына уялгандай анын жанына барды да жардам бере баштады. Сыйлуу, уяттуу конок келчүдөй түрү бар.
- Таеже, конок келеби? - Мариям баё сурады.
- Апей ботом, конок да келет, сенин туулган күнүңдү ырымдап Даниярдын достору келет экен, анан жөн отуруп алсам болбойт го? - ал Мариямды сынай карады эле анын кабагы бүркөлө түштү.
- Менин туулган күнүмдү кайдан билмек эле, чакырбай эле койбойсузбу?
- Ошо кантип болсун, шарият бойунча сен биздин бүлөбүзсүң, алар Данияр менен чогуу дайыма бирге жүрүшөт. Алар сураган окшойт.
- Анда мен алар келгенде көрүнбөйм, мени силер катарыңарга кошпогула, мен бүлө болуп бербейм дебедим беле?
- Кой балам, ачуусу менен Данияр ызаланып бир балээ болбосун, абайлай гөр балам, ал сени жанындай көрөт, бир сен үчүн жинди болуп кетпесин!
- Ой, оой кантип эле, мен мунуңарга түк ишенбейм, эгер чындап сүйгүсү келсе башкача болмок…
- Садагасы кетейин десе, өткөн нерсени эскербеш керек, ал өттү болду, кекти кууба, кыз баланын кечиримдүү болгону жакшы, көтөрүмдүү бол балам, достору келсе күлүп жайнап тосуп кой. Ансыз деле балам байкуш жаныңа жолой албай жүргөнү жетер, шариятта нике кыйылгандан кийин бирге жатыш керек!
- Койуңузчу таеже, - Мариям уяла жер карады эле ошол убакыттан пайдаланып өктөм унчукту Сейилкан:
- Койбой эле, никеден кийин бирге жатпаса күнөө болот, илгерки кетирген катасы үчүн беттей албай куурады балам, биз өз болуп сени ойуңа койуп атабыз, башка бирөө болсо алда качан койнуна салмак!
- Таеже - е, - Мариям эркелей кетти, - койуңузчу, мен … мен баары бир … - Силердин айтканыңарга ишенип келип алып байланып отурам, - ал дароо сумсая түштү.
- Кой кызым, экөөбүз жомок айтышып отура берсек коноктор келип калат, бол дасторкон жай, тигил күйөөң капа болуп жүрбөсүн. - Сейилкан атайы ушинтип айтты: "бышыкулак боло берсин, ызасы унутулар, кечирээр акыры келип баш ийет да" деп ток пейилдене түштү азыркы түрүн көргөндөн кийин. Дасторкон жайып үстүн толтуруп даярданып бүткөндө беш-алты бала аялы менен келип калышты, алардын ээрчиткен бирден балдары бар эле. Мариям аларды карап таң калып койду: "чоң эле кишилер го, ушулар мени аяш демек беле?" Чынында Данияр отузга чыкканы менен жаш көрүнчү, өңү да жакшынакай болуп жаш жигиттердей, баягы шоктугунун бири жок токтоо болуп калган. Конокторду үйгө киргизип кайпактаган Данияр Мариямга сүйлөй албай апасына карап сүйлөгөндө анын күлкүсү келип кетти: "мынчалык милинкий болуп калган, тим эле кой оозунан чөп албаган момун го, - улутунуп алды Мариям, - аттиң ошондо ушундай болсо мени кордобойт эле го?" деп кайрадан сустая ойго жетеленди. Мариям ошол кечте Даниярдын катарында отуруп конокторго чай куйуп, алардын жакшы каалоолорун, тостторун угуп отурду. Бир жылмайып күлбөдү, ооз ачып сүйлөбөдү. Экөө эки башка адамдай коошпой турду. Данияр анын жанында кадимкидей сүрдөп, жолдош балдарынын, аяштарынын көзүнчө ашыкча сөз сүйлөбөй улам көз кыйыгы менен Мариямды карап койуп атты. Мунун баарын карап, байкап отурган Мариям: "тобо-оо, чын эле момун болуп калган го, эмнеге мынчалык сүрдөгөнсүп атат, түштөн кийин момун болуп көрүнгүсү келип аткан го, канчага чейин чыдаар экен" деген ойдо болду. Коноктордун ичинен ачык-айрым бир келин шакылдап сүйлөп да ырдап да, Мариямга денсоолук, өмүр каалап дегеле жаагы тынбайт. Анча мынча ичкенге ого бетер тамашалай Даниярга тийишип койот.
Оо аяш, казактан кыз жактырбай атайы кыргыздан кыз сүйдүң эми биздин көзүбүзчө аяштын туулган күнүн куттуктап өөп кой!
- Ой ба - ай, ырас айтасың, осундай кылмасаң мынеу шарабыңды ичмейбиз ов.
- Жаша, кане Данияр, Жамийланы бир кушактап өбүп кой!
- Кане, кане өбүскүлө! - деп сүрөп киргенде Мариям сыртка карай чыгып кетмек болуп ордунан тура жөнөгөндө бирөөсү кармап калды:
- Ой бай айеш, бул не кылганыңыз, жигиттин жигити Данияр жаныңда отурады гой, кане өбүшүп койундар! - Мариямдын жүзү кызарып эмне кылаар айласын таппай калды. Данияр болсо былк этпей жылмайган болуп сыр алдырбай отура берди.
- Эй досум, бул не дегениңер, экөөбиңер тең жаңы сүйлескен кыз жигиттей эле бири бириңен уяласыңар! - таң калгандай экөөнү карашты.
- Бизден уялып жатыр гой?
- Неге, биз деген олорго айешпиз, досмуз - деп таарыныч кыла баштаганда Данияр ордунан турду да Мариямга жакындады, жүрөгү түрсүлдөп андан сүрдөгөнү даана билинип турду. Жакындаганда ал Мариямга көзүн кысып койду. Көздөрүн жумуп алып кызга жакындаган сайын өзүн жаман сезип: "эмне мен ушунча коркокмунбу, тартынчаакмынбы, эгер азыр булардын көзүнчө өбүшпөсөк эртең шылдың кылышат" деп ойлоп жетип эле бекем кучактап туруп оозунан өөп алды да конокторун карады:
- Өлбө досум, өлбө, жигит деген ушундай эле болсо, мына эми, бактылуу болосуңар! - деп туш, туштан коштоп киришти. Мариям Даниярга жини келген менен өбүшүүнүн кумары, жагымдуулугу аны ушунчалык делбиретип койду. Аз аздап ичкен виного башы айланып көңүлү көтөрүлө түшкөн эле. Ырдап, бийлеп Мариямдын туулган күнүнө, экөөнүн бактылуу болушуна арналган тосттор биринин артынан бири айтылып жатып Мариям кызып калды да акырын бөлмөсүнө кирип жатып алды. Көпкө чейин достору менен отуруп анан алар кеткенден кийин Данияр көпкө эшикте ары-бери басып жүрө берди: "Эмне кылсам, Майраштын жанына барсамбы, дагы айгай салып кыйкырып кирсе эмне кылам, антпес, анткени менин никелүү аялым болгонуна көп эле болду, көнүп бүтпөдүбү, балким мени өтө жек көрсөчү, же мени эркек эмес экен деп ойлоп жүрбөсүн" деген ойлорго жетеленип өзүн өзү ага барууга мажбурлады. Негизи ал көптөн бери ойлоно берип чорт кыял болуп бараткан, деги эле өз билгенин бербеген мүнөзү бар эле, эгерде өзүнүн күнөөсү болбогондо такыр башкача болмок: "Дагы апамды капа кылып аламбы" деп эле аяп жүргөн. Бүгүн өз эркине баш ийе албай Мариямдын бөлмөсүн көздөй баш бакты. Ата-энесинин бөлмөсү тынч, алар эбак эле уктаган өңдүү. Эшикти акырын ачып үйгө кирип барса жарык өчпөптүр, Мариям чечинбей эле диванга жаткан экен чачтары уйпаланып жүзүн жаап, аны ого бетер сулуу көрсөтүп турат. Даниярдын сугу артып кыздын жанына барды да дароо өткөн окуя көз алдына тартыла бүткөн бойун муздак тер басып кетти: "неге ушундай аруу кызды булгадым экен, ошондо не шайтанга алдандым, кучагыма ууз бойдон кысып сүйүүмдү арнап, шыңгыр күлкүсүн угуп кумарга батпай, ушул азыр мени сүйбөй түртүп, жаман сөз айтса ысып турган денем муздап, элжиреген жүрөгүм ташка айланып, көңүлүм калса эмне кылам?" деп көпкө аны карап тура берди. Бир кезде Мариям козголо бери бурулуп жатты да ойгонуп кетти:

Озгочо базар. - 858386977109

Комментарии

Комментариев нет.