🌀ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТТӨР

16 - БӨЛҮМ
Түн ката кызды өзү азырча жашырынып отурган үйүнө алып кире калган Амантур Динараны көтөрүп келе диванга жаткыза койду.
Алы калбай, араң жан, сүйлөөгө алы келбей калган Динара бир нерселер деп, ооз учунан шыбырап жатты.
— Кызды куткара көр!
—Кыз жаныңда. Сак! Аман!
Ары жактан келе калган кыз Динаранын колун бекем кармай, көзү жашылдана түштү.
—Мен ушундамын! Ушундамын. Сизге баары жакшы болот, айыгып кетесиз.
Канга боёлгон колдорун кыса кармаган кыз жанында чөгөлөй отура кетти. Динара эч нерсени билбей, өзүн жоготуп, уламдан -удам шалдырап барат.
Ары жакта бир нерселер жасап жүргөн Амантур колуна таза спирт ичимдигин алып келе дары менен жанына койо, кызга кайрылды.
—Көзүңдү жаап, ары карап тур ээ? Карап отуруу кыйын.
Амантурдун сөзүнөн, кыз дароо түшүнүп, ары көздөй туруп кете, кулагын, көзүн жаба салды.
—Катуу оорутат! Бирок чыдабаска айла жок!
Амантурдун сөзүн түшүнгөн Динара араң жан, башын ийкеди. Ушуну эле күтүп тургандай, Амантур шаша жанатан камдап келген, таза чүпүрөктү Динаранын оозуна тиштете салды да, спирт ичимдигин жарадар бутуна куйуп алды.
Динаранын дагы бир ачуулуу үнү түн ичин жаңырта түштү.
-—Чыдашың керек азыраак калды.
Адатынча Амантур эми жаракат алган колуна өттү. Күчүнүн барынча кездеменин кесиндисин тиштенген Динара акырындан алын жоготуп бараткан.
-—Динара! Динара өзүңдү карма! Элестет! Сен жана туткун кыз. Экөөң дагы көп жакшы нерселерди өткөрөсүңөр. Динара, багынууга жол жок! Күч топто!
Динараны уйкусурап баратканын көргөн Амантур алаксытып, сүйлөөгө өттү.
—Бул күндөрүңдү али күлүп эстейсин. Ооба сен мыкты аял экенсин. Эми дагы бир жолу чыда. Жаракатыңдагы окту албасак, жайылып баратат жаракатыңдын оорусу.
—Эй -эй Динара? Чыдайбыз ээ? Кана! Бар күчүңдү жый дагы мага кара.
Динара акырын көзүн ача, оозундагы кездемени күчүнүн болушунча тиштеп алды. Дал ушул учурда, ачуу ичимдикти эми колунун жараатына куя салып, жанатан ыссык отко күйгүзө ысыткан узун бычакты жаракатына матыра салып, ичиндеги окту издеп жатты.
Динаранын ачуу, кыйналган үнү жан чыдагыдай эмес.
—Тырык эте темир идишке түшкөн октун үнү кулагына жаңыра түшүп, Динара таптакыр өзүн жоготуп, терең уйкуга батып баратты.
Жанатан даярдаган дарысын жаракат үстүнө жаба салып, андан ары, таза кездеме менен таңып койгон Амантур кыздын үстүн жылуу жаап, жаткызып койду.
—Эмне болду айымга? Уктап жатабы же?...
Кыз Амантурга коркуп, титирей акырын суроолуу карады.
—Ден соолугу оор аябай. Кан көп жоготкон.
Амантур ойлуу отура кызга жооп бере койду.
—Менин күнөөм баары. Эми эмне болот? Байкуш аял мени деп, мени деп ушунча нерсе өткөрдү.
Кыз чоң адамдай сүйлөп, өзүн күнөөлүү сезип, көзүнөн жашы мөлт эте жерге таамп кетти.
— Мени карачы.
Амантур кыэды аяп кетип, кыздын жанына барып отура кетти.
— Сенин эч кандай күнөөң жок! Ошолор, жаман адамдар күнөөлүү. Жана алар сөзсүз жооп беришет.
Амантур сөзүн андан ары улай албай, отура кетти.
— Сиз ошол жигитсиз ээ?...
Кыз ошондогу теледен көргөнүн эстей койду. Андан соң ооруканадагы болгон ызы-чуу, кызынын кайтыш болгонун эстеди.
— Сизге сабыр тилейм.
Амантур эч нерсе деген жок! Тек гана өзүн күнөөлүү сезине башын жерден албай үңкүйө түштү.
— Мен өз катамдан сабак алдым. Менин кетирген каталарымдан улам, кызымдан ажырадым. Мен өзүм баарына күнөлүү болдум.
Амантур үңкүйө отурган калыбында күңк этип ала, кайра сөздү башкага бура койду.
— Бир аз эс алып ал. Бизди издегендер четтен саналат. Күч жыйна. Мен болсо анан келем. Эч кайда чыкмай, басмай жок! Баардык жак өтө кылдаттык менен каралган. Бизди кармоо үчүн, бүтүн барын жасашат. Унутпа!
Кыз Амантурдун сөзүнө унчукпай, башын ийкеп жиберди.
— Мейли! Мен кеттим.
Амантур акырын үйдөн чыгып кетип, кайдадыр жөнөп баратты. Чарчаган кыз бутун сүйрөй араң барсп, Динаранын жанына төшөнчүсүн сала, Динаранын колунан бекем кыса кармай, Кудайга ичинен жалынып жатты.
— Бизге жардам бер Кудайым! Динара көзүңдү ач! Көзүңдү ач мага керексин!
Ушунтип кайталап жата, өзү да чарчап, уйкуга кетти.
*****************
— Эмне?
Ач аюдай айкырган Рамис жана эле суук кабар менен жетип келе, жөн келбей, өзү менен бирге Амантурдун кабарын сүйрөй келген тигини жаак талаштыра тееп алды.
— Ал ким болуптур мага, коркута турган? Сен унчукпай жүрөгүң түшүп келе бердиңби я?
Эки шеригиңди өлтүртүп, өзүң квчып баса бердиңюи коркок!
Рамис ачуусу менен күчүнүн жетишинче тепкиледи. Өзүн билбей калган экен. Качан гана колу былчылдап канга боёло түшкөндө өзүнө келе, колун аарчып, буйрук бере бурк эте сүйлөдү.
— Алып чыккыла бул акмакты.
— Сен, жигиттердин баарын топто! Бүтүн шаар ичин, токой, айыл баарын түрө кыдырып, мага өлүгү,болсо башын, тирүү болсо өзүн таап келгиле. Бир аялды качырып жибергени эмне эми?...
Рамис ары-бери басып алды. Жини азыр таркачуудай эмес!
Топтолгон жигиттердин баары ээрчише чыгып кетишти.
— Эмне кылуу керек? Кандай жол тутуум керек? Атама эмне деп айтам?
Өзүн койоорго жер таппай, тынчый албаган Рамис күйпөлөктөй атасын эстегенде кудум эле өзүнүн баш кесерлери өзүнөн титирегендей, дал ошондой өзү да атасынан коркуп турду.
Ажалым жеткени ушулбу балким.
Ушуну эле күтүп тургандай сырттан кирген атасынын кишиси келе, Рамисти сынай карай, акырын, сый үн менен сүйлөп алды.
— Сизди шеф өз бөлмөсүндө күтүүдө. Бул жерде эмнелер болуп жатканын билиекчи.
Жанындагы атасынан жан сакчысы өзүн сынай карап алганы Рамиске жаккан жок! Болгону жек көрө ачуулуу, тиктеше түшкөн Рамис, үн дебей атасынын үйү көздөй жөнөп баратты.
**********
Сыртты карай, бир чекени тиктеген Лунара Белести күттү. Эрте менен да көргөн эмес, ошол бойдон жок! Бир күн күттү. Белес сууга сиңип кеткендей жоголду да калды.
— Мындай адатын билбейт элем деп ойлоп алды ичинен. Кайра, — Жоок ал эмне мага баарын айтып кеткидей ал эмне менин эрим беле? Жүрөт да бир жерлерде. Балким көңүл ачып жүргөндүр.
Оюна ар нерселер келет. Жакшы жакка жоруп койот, бирок ага да болбойт, жаманга жоруп алып, өзү чыдабай кетет.
— Ушундай да болобу?
Бирок Белеске кыйла көнө түшкөн экен. Өзүн жалгыз сезе түштү. Эшикке чыгып карай бермей адатка айланып баратты.
Түшкө ооп калган учур, адатынча күлүп сырттан өзүн карап турган Белести күтөт бирок жок. Мунун баарын кызды эки күндөн бери күзөтүп жүргөн, күчтүү мафиянын жан сакчысы, карап отурду.
— Бүгүн кыз сыртка чыккан жок! Ооба дал өзү! Сиз байкооңуз туура чыгыптыр. Шеф! Бул анык ошол, сиз жоготкон кыз.
Колундагы капкара кол кабын чечпеген абалда кимдир бирөөгө кабарлашкан жан сакчы,Лунара тууралу эки күндөн бери билген, бардык кабарларын Шефине жеткиэип жатты.
Күн түштөн ооп, кечке жуукка карай карап калган учурда, токтогон унаа Лунаранын оюн буза, эшикти ача салып, алдында турган Белести көрө кубанып кетти. Бирок ичине жашыра, акырын сүйлөп алды.
— Кандайсын? Дайын дарексиз кайда жоголуп кеттиң?
Белектин жүзүндө күлкү, кубаныч ойноп, бир жакшы кабар менен бөлүшөйүн деген ой менен шашыла үйгө кирди.
— Мен жумушка кирдим.
Лунара уккан кулагына ишене албай , кайра сурап алды.
— Эмне дейсин? Кандай жумушка кирдиң?
Лунара жөн гана Белести тамашалап жатат деп ойлогон. Бирок андай эмес экен. Качан гана Белестин тарткан картиналары бир канча кымбат каражат, суммага бааланып, укмуш бай, ишкер адам аны сатып алган соң, чооң компаниянын ишкери келип, өзү кызмат берип, сүрөт жаатында, бирге иштешүүгө жигиттен уруксаат сураганын угуп, Лунара делдейе түштү.
Белестин бир жакшы адаты ушул эле. Эч качан меники, мен деп жулунчуу эмес. Азыр да эки күн ошол жерде иштеп, сатыкка койулган өз сүрөттөрүнөн түшкөн каражатты, Лунарага жарымын кармата салды.
Эң кымбат суммага бааланган сүрөтүнөн түшкөн сумманы Белестин өзүнө берип турганы кызды уялтып жиберди.
— Кандай соонун?! Сен үчүн кубанычтамын Белес. Эң мыкты жансын. Куттуктайм жумушка орношууң менен. Ммах-ммах.
Лунара жигитти кучактай чоп эттире жүзүнөн сүйүп койду да, кайра Белеске берген акчаларын карматып койду.
— Бирок мен бул сумманы ала албайм. Бул сенин күчүң, эмгегиң. Анын баарын өз күчүң менен таптың! Сен азаматсын дегим келет.
— Лунара бул эмне дегениң? Сен болбосоң мен кайдан ушундай болмокмун. Көчөнүн жигити элем эч нерсе билбеген. Эгер сен болбосоң, мен дале ошентип....
— Балким мен дале ошол абалда, кыздардын канына колумду жууп жүрө бермекмин деген ойду, оозуна бирөө салып жиберген сыяктуу, айтып ала жаздап, кайра араң барып, оозун жыйнап алды. Лунара да бир нерседен шекшиген сыяктуу, кайра сурап жиберди.
— Эмне ошентип?
Белес кыздын суроосуна мукактана түштү. Оозуна сөз келбей,азыр эле алдында турган кыз баарын билип койчуудай далбастай түштү.
— Ошондой. Көчөнүн баласы болуп өз ордумду билбей жүрө бермекмин да.
Лунара алапайын таппай калган жигитти, ир карап алып, бырс эте күлүп жиберди.
— Баардык адам жаңылыштык кетирет. « Адашкандын айыбы жок » дейт. Сен дагы өз жолуңду таап келе жатасын. Жакшы жумуш буйруса. Кандай болсоң деле, мен сени жакшы көрөм.
Лунара мурдун чүйрүй эркелеп сүйлөп, ары карай басып кетти. Белестин көңүлү жайына түшүп кетти. Азыр эле айткан кыздын сөзү жүрөгүн жибитип баратты. Кайра айтуучу сөэүн унутуп калганын эстей Лунаранын артынан басты.
— Лунара айым! Сизге бир сунушум бар!
Лунара чай койуп жатып, акырын сурап алды.
— Кандай сунуш экен?
— Мен сизди бүгүн бир жерге кечеге чакырууну каалайм! Эсиңиздеби айтканым?сизди бир конок кылуу максатым бар деген элем.
Белестин сөзүнө Лунара бырс күлүп жиберди.
— Бирок Белес анда сен байып кеткенимде дегенсин да.
Күлө караган Лунарага Белес да жылмая сүйлөп алды.
— Бүгүн эле барып,биринчи жумуш күнүмдүн кубанычын,жакшы күндү сени менен бирге кубанычтуу өткөрмөкчүмүн. Эсте калат эмеспи?эртең эмне болот ким билет дейсин?андыктан... Дүйнөнүн эң сулуу айымын бүгүн бир кечеге чакырам. Кечкиге даяр болуңуз бийкеч.
Жигиттен мындай сөздөр чыгат деп күткөн эмес. Кубанычы койнуна батпай турган, Белестин көэдөрүнөн, өзүнө деген ишенимдүүлүк артып баратканын сезип турду кыз.
— Бул жигит мени таң калтырганын койчудай эмес! Мейли баралы.
Лунара бир жылмайып алып, ичинен Кудайга миң шүгүр деп алды. Кантсе да жигиттин жакшы жакка өзгөрүп баратканын көрүп, ичинен кубанып алды.
Белес дагы, унаасына отура өзүнө биринчи жолу кийим алууга дүкөнгө кирди. Биринчи жолу өзү тапкан мээнетинин каражатына кийинди, кооз костюм шым алды, андан ары чачын, мурут сакалын албаганына көп болгон экен. Чачын кооз алдырып, мурут сакалын баарын тазалап, носкисин алмаштырып, айтор ич кийимден өйдө, өзү жуунуп тазаланды. Биринчи жолу кыз менен таптакыр башкача, кездешүүсү. Толкунданып алып, Лунараны биринчи жолу, жолугууга чакыргандай, жүрөгү элеп -желеп боло түштү.
Кудай ооматты берем десе, заматта тура. Болгону үмүтүн үзбөш керек экен эле. Болгону аракет кана керек болгон тура.
Желкеден алып, муштум менен оюп алчуудай кежигеге койуп алган жанагы атасы, балким бала кезде, бир- эки чиймелеген кагаздарын көрүп, уулумдун аракети күч деген бир гана сөэ айтса, балким мурунку тагдыры ошончо азап чекпес беле???
— Хи-хи-хи бул эмне я? Дубанадай кылып эмнени тарткансын? Колуңдан келген иш ушулбу? Мындан башка тыңыраак иш кылсаң болбойбу? Бөтөлкө ташы, мага арак алып кел.
Атасынын ушул сөздөрү азыр чыкыйып күзгү алдында турган Белестин кулагына жаңырып турду.
— Ким болгонуңду унутпа Белес деп алды өз-өэүнө ичинен.
— Кечириңиз, Саламатсызбы?! Бул сүрөттөр сизге тиешелүүбү?
Эки күн алдын дал ушундай келип таанышкан бей тааныш жигитти Белеске Кудай өзү жолуктурган сыяктуу.
— Ооба! Саламатчылык!
Чызган сүрөттөрүн жанына койуп койо, кайра башкасын тартып отурган Белес алдында турган кычыраган, ( Бай көпөстүн баласы экени билинип турат ) өзү чамалуу жигитти көрө башын ийкеп, суроосуна жооп бере салган.
— Ваааув эмне деген керемет сүрөттөр.
Жигит чынында таң калганын жашыра алган жок!
— Аа.. Бул сүрөттөр сатылабы? Керемет талантыңыз бар экен. Мен сиздин бир эки сүрөтүңүздү сатып алсам дейм.
Бей тааныш жигит, ошол күнү эле эки -үч сүрөтүн бирдей сатып алып, үйүнө алып кеткен эле. Эртеси күнү, кайра келе дал ушул сунушту айтып турганы...
—Белес мырза, бизге сиздин тарткан сүрөттөрүңүз аябай укмуштуудай,ары кайгылуу маанай тартуулады. Албетте бул сыноолор биздин жашообузда болуп жаткан көйгөйлөр.
Бирок айла жок! Менде сизге бир сунушум бар. Биз менен иштешүүгө кандай карайсыз? Көчөдө отурбайсыз, жылуу жайда, кооз имараттын ичинде, сүрөт түшүрөсүз. Биздин кооз, сиздей таланттарды тартуучу,окуу жайыбыз жакында ачылганы турат. Дубалына кооз, ары бир караган адамды ойго салуучу керемет сүрөт тартып берүүңүздү каалайт элек . Жана бизге сиздей ишкерлер керектелет. Ойлонуп көрүңүз. Кызмат акыңыз, жакшы төлөнөт. Жана тарткан сүрөттөрүңүз, көргөзмөгө бат -баттан койулуп турат.
Жигитке макул боло, башын ийкеген Белес сатылган сүрөттөрдүн акчасын ала, кудуңдай Лунарага келгени ошондон эмеспи?!
—Баары жакшы болуп келе жатат Кудайга шүгүр.
Азыр дал ушундай чыкыйып кийинген абалда күзгүнүн алдында туруп, баарын эстеп ала, кайра жылмайып алды.
Өмүрү күлүп көрбөгөн жаны, күлгөндү да билбейт экен. Адамдарды карай, бойун түздөп, оюн түздөп, өзүн жакшы алып жүрүүгө аракет кыла, жанатан көрүп койгон кооз, конокторун күткөн эң керемет ресторанды көздөй жөнөп баратты.
*********
Күн кечке үйдө отуруп, сыртка, дүкөнгө карай чыккан Тинатиндин караанын узата алыстан тиктеген Амантур, качан гана,Тинатин үйүн көздөй кадам басканда артынан ээрчий жөнөдү.
Муну Тинатин байкаган жок.
Үйгө кирээр замат, Сезим экөө тамактанууга камданып эми отурушкан убакта, эшиктин коңгуроосу басылды.
Элейе түшкөн кыздардын жүрөгү шуу дей түштү.
Тынбай басылган коңгуроо койоор эмес. Үн катпаган экөө, ким келе калганын билбей, аң -таң болуша, коркуп да турушту.
— Тинатин бийкеч эшикти ачыңыз.
Тинатин өэүнүн атын укканда, болгондо да тааныш үндү уга койоор замат эшик тарапка бет алды.
Сезимди жашырып койо өзү эшик тарапка барып карап алды.
— Тинатин айым мен силерге жамандыгым жок!
Тинатин ойлонун отурган жок! Эшикти дароо ача салды. Алдында эч нерсе болбогондой, Амантур турган.
— Саламатсызбы?
Амантур жай баракат сүйлөп алды.
— Даректи кайдан билесиз?
Тинатин берген суроо биригчи ушул болду.
— Койуңузчу бийкеч. Табуу кыйынга турган жок!
— Эмне болду көрдөн туруп келдиңизби? Кызмат?...
Тинатин Амантурду ичкери кийире дароо, эшикти жаба салды.
— Ооба дароо эле максатка өтөлү. Мага курбуңуз керек!
Амантурдун сөзүнө аң -таң боло түшкөн Тинатин оозун жыйып бара электе Амантур кайра сөзүн жулуп алды.
— Билем сиз менен бирге турат. Жок дебеңиз. Издөөдө жүргөн Динара айым, жана кыз аэыр менин колумда. Айымга дарыгердин көмөгү кажет, болбосо каза болушу мүмкүн.
Амантурдун сөзүнө ишене бербеген Тинатин калп айтууга үлгүрдү.
— Курбум мени менен жашабайт. Анан, азыр жалган айтып жатпаганыңызды мен кайдан билем? Динара айым кандайча сиздин колуңузга түшүп калат?
— Кечее, кече айым менен кызга кол салуу болгон...
— Аа демек, анан сиз келип, дароо асмандан түшкөн өңдүү, пайда болуп, экөөнү куткарып калдыңыз да ээ?
Тинатин Амантурдун оозунан сөзүн жулуп кетти.
— Дал өзү! Эгер азыр дарылабасак айым кайтыш болушу толук ыктымал.
— А эмне үчүн өз?...
Тинатин аркы сөзүн айта албай, токтоп туруп калып, кайра сөздү башкага буруп жиберди.
— Курбум жок!
Бирок ары жактан чыккан Сезим Тинатиндин жалганын чукуп койо, Тинатин өзү уяла түшүп алдастай түштү.
— Тинаш? Мен баруум керек! Ал айымга көмөгүм кажет болбосо каза болот. Сен мени деп кыйналба курбум. Өзүңдү абайла! Сени оор абалга салгым жок.
Менин максатым ушундай адамдарга жардам берүү. Анан кантип бара албай койом.
Тинатин Сезимди бир карай, айткан сөздөрүнө каршы чыкты.
— Жоок Сезим! Кайдан билесин балким бул жигит?...
— Мен бул жигитке ишенем. Азыр баарыбыз бири -бирибизге жардам бербесек болбойт. Динара айымга да ишенем. Ошол үчүн кызды алып качып кетсе керек. Азыр абалы жакшыбы айымдын?
Сезим Амантурга карай суроо берип алды.
— Дээрлик жакшы дей албайм! Бир колу жарадар, ок тийген. Бир бутуна болсо бычак сайып кыйнашкан. Кан көп кеткен. Мен жараатын тазалап, андан соң кан токтотуу үчүн жары сүртүп койдум. Башка колумдан келген жок! Бирок абалы өтө оор. Ошол үчүн силерге жардам сурап келдим. Кыздын андан башка ишенеер эч кими жок.
Амантурдун сөзүн уккан экөө бирин -бири карап алышты. Тинатин Динараны айап кетти. Сезим болсо, өз буюмдарын жыйып жатты.
— Бизди эч ким байкабашы керек. Ушул дарыларды алышыбыз керек кантип болсо да.
Тинатин сен да өзүңдү абайла. Мени ойлобо курбужан. Азыр күрөшүүбүз керек. Динара айым билген көп нерсени биз билбейбиз.Мен жардам берүүм керек. Дагы бир наристенин өлүмүнө шерик болууну каалабайм.
Сезимдин сөздөрү Амантурдун кызын айтып жатканы дароо эле билинип турган. Мейли деген Тинатин башын ийкей айласыз коштошуп алды.
— Сенин айыңдан бар көйгөйдүн баары. Сен курбумду кошо, кооптуу коркунучка коштуң. Эгер курбума бир нерсе болсо, чыккан түрмөңө кайра киргизем. Ишеничимди актайсын деп үмүт кылам.
Амантурга акырын барып шыбырап алган Тинатин айласыз Сезим менен коштошо калып кетти. Ички туюмунда Амантур жаман жигит эмес экенин, анан да, курбусун коргооруна көзү жетип тургандай.
***********************
Кеч кире кооз конокжайдын ичинде чыдамсыздык менен Белес Лунараны күтүп отурду. Ич -ичинен өз -өзүнө ишене албай, чын эле кыздын көңүлүн алуусу үчүн баарын жасап жатты.
Биринчи жолу таанышып жаткан сыяктуу, азыр келсе кантип тосуп алуу, кантип сүйлөө жолдорун ичинен кайтталай койот.
Мына -мына күткөн убакыт да жетип келе, өзү карай тааныш жүз жылмайып келе жатты.
Белестин көзүнө ошол -ошол Лунара эмес, жердеги периште сымал көрүнүп турду.
Өзүнүн кечееги сүрөттөгү тартып, бүтүрүп койгон көйнөгүн кызы тигип кийип алганына башы көккө жетип, кыздын узун көйкөлгөн кызыл көйнөгү илбийген арык жанына жарашып,ичке белинен чачын ылдый тармалдаштырып түшүрүп алган сулуу өзүнө карай жакындаган сайын,Белеске аба жетпей жаткан сыяктуу.
Кой көзү, ага жарашкан узун кирпиктери, апакай жүзү кооздоп, көркүнө көрк кошуп турган.
— Ушундай периште, сулуу экенине Белестин оозу ачыла түштү. Ал тургай бир эле Белес эмес, ошол жердеги далай жигиттердин көэ кырына түштү. Өзгөлөр турсун, ичинде Белес өзүнөн да кызганып кетип жаткан сулуусу бир гана өэүнө карай жакындап келе жатканы кайра ичиндеги кызганычты басып жиберди.
— Аай -иий кандай кооз керемет жай! Кандай кооз жигиттин гүлү?
Тамашалай келген Лунара Белес менен учурашып ала, экөө орундуктан орун алып отура кетишти.
Экөөнүн артынан калбай ээрчиген кымбат үлгүдөгү унаа, анын ичидеги жан сакчы адатынча кимдир бирөөгө толук кабардын баарын жеткирип турган.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии