🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

17 - БӨЛҮМ
Түнкү саат үчтөр чамасы. Аэропорттон чыгып келе жаткан узун бойлуу, кара узун пальтосу тизеден ылдый түшүп, колуна чемоданын сүйрөй, ак жүздүү, мурду кырдач сулууча келген жигит чыгып, жанатан өзүн карай күтүп турган кымбат үлгүдөгү кара унаага отура кетти. Артынан зуулдай ээрчиген төрт-беш дал ошондой окшоштуктагы унаалар ээрчий, артынан калбай, жөнөп баратышты.
— Чарчабай жетип келип алдыңызбы?
Жигит башын ийкей акырын, ооба дегендей белги көрсөтүп койду да, өөх деп, терең дем ала түштү.
— Бишкегим! Кандай өзгөргөн, укмуш!
Чоң шаардын арасында кымбат унаа зуулдап бара жатты. Борбор шаарды мынчалык сагынганына караганда, көптөн бери келе элек сыягы.
— Шеф балким бир жерге кирип тамактанып алаарсыз?
Жанындагы айдоочусу менен жакшы сыяктуу. Анын сөзүнө бир аз ойлоно отура, кайра мейли днй салды.
— Ансыз да шаарымдын таттуу даамдарын сагындым, бир жерге токтотсоң, токтото сал. Бир отуруп эс алалы.
— Жарайт шеф !
Айдоочу жигит шефине карап жылмайып алып, дароо унаасын зуулдай айдап кетип жатты. Артынан куюндай ээрчиген, унаалары да калчуудай эмес.
Бир эле шефтерин ушунча, жигит кайтарып, бирде жанаша, бирде болсо артынан түшүп ээрчий баратканына караганда, жөн жигит эместей.
— Жетип келдик! Бул жер, эң сонун эс ала турчуу жай.
Арткы унаадагы бирөөсү шаша- буша келип,ийилип эшикти ача койду.
Акырын түшө ичкери киришти. Артынан ээрчий кирген тигилерди көргөн ичкеридеги ишкерлерден өйдө,таңыркап,ал тургай чоочуй да кетишти.
— Саламатсызбы! Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Бизге карап жибересизби ээ?...
Сылык сүйлөгөн бирөөсү тигилердин жүэүнөн чоочулоону көрө койуп,акырын барып,ийилип сүйюөп жиберди. Сылыктыгы чанда жок!башкаларга окшоп,айкырмай,кыйкырмай жок!өздөрү менен өздөрү.
Дал ушул жерде,өздөрү менен өздөрү боло,күлүп,жайнап,жанатан отурушкан,Белес менен Лунара да отурушкан.
Экөө эч нерсеге маани беришпей,өздөрү менен өздөрү.
— Жүрү жеңил бийге бийлеп келебиз?!
Лунара эч нерседен тартынган жан эмес,жөн гана ортодогу убакытты кызыктуу кылуу үчүн Белеске кайрылды.
— Мен такыр бийлеп көрбөгөнмүн.
Белес алдайтай түштү. Ага кыз көнчүүдөй эмес.
— Аны билем. Мен үйрөтөм болобу? Кана жүр!
Ордунан тура Белести колдон алган Лунара эай баракат жеңил музыкага бийлөөгө ортону ээлеше туруп калышты.
— Кана колуңду бер.
Белестин колуна акырын алып,белине койо салды да өзү да Белестин колуна колун койо жигитке үйрөтүп жатты.
— Мына ушундай! Кана кеттик!
Кооз,анан жай музыка экөө үчүн арналган сыяктуудай сезилип,анын арасында Белес да,ЛУНАРА Да учуп жүргөндөй сезиле,чимирилип бийлешүүдө. Мунун баарын тээ арты жакта отурган жанагы жаш жигит,таңдана,ары кыэыга карап алды. Бир караганда эле көзүнө түшкөн Лунарадан көзүн албай, теше тиктеди.
— Кандай сулуу жан?!
Ичинен ушуларды ойлой, Белеске ушундай сулуу менен бийлеп жаткан Белеске суктана түштү.
Музыка бүтөөрү менен экөө үйдү көздөй сыртты карай жөнөп калышты. Артынан узата тиктеген жигит көпкө карап алды.
— Шеф... Тамагыңыз келди. Сууп кала электе ичип алыңыз.
Качан гана жанакы айдоочу жигит өзүнө карай кайрылганда гана, тамагына үңүлө калды.
***************
— Бүгүн өзгөчө күн болду ээ?
Лунара унаада кетип бара жатып, кубанычын койнуна жашыра алган жок.
— Сага жактыбы?
Белес да жылмая карап алды.
— Ананчы Белес? Кантип жакпасын? Аябай соонун отурдук. Тим эле керемет.
Белес ичинен кудуңдап кубанып алды.
— Сен бүгүн өтө эле сулуу болуп кетипсин.
Белес Лунарага карай жылмайып карап алды.
— Чын элеби? Чын элеби?
Лунаранын көздөрү жайнай түштү.
— Ооба аябай керемет. Ушундай жүрүшүңдү каалайм дайыма.
—Рахмат чоң жигит! Аа сен дагы, айрыкча үстүңдөгү кийимдериң укмуш жарашыптыр. Эми дайыма ушундай жүрсөң керемет болмок.
Кыз да жигитти мактап койо, түнкү Бишкектин кооз көчөлөрүн суктана карап бара жатты.
*******************
Түн ката Сезимди өзү менен ээрчите келген Амантур жаман эски үйдүн ичине алып кире, кечеетен алсыз жаткан Динаранв көрсөттү. Сеэим карап ала, өзү менен бирге көтөрө келген апараттары менен Динараны текшере койду.
-—Мага ушул дарылар керек. Алып келип бере аласызбы? Эгер батыраак кыймалдабасак, айымдан ажырашыбыз мүмкүн.
Амантурдун колуна бир топ дарыларды жазып бере салды.
Башын ийкей Амантур түн ката кайра сыртка көздөй чыгып кетти.
Араң жан жаткан Динараны бир карап, жанында бекем кучактап жаткан кызды бир карап, Амантурга ишенүүгө мүмкүн экенин сеэип турду.
— Кантсе да өз кызынан айрылды эмеспи? Билет кандай экенин.
Ушуларды ойлой, башында Амантурду жексур, зөөкүр деп ойлогон оюнан кайтып, кайра аяп кетти.
Убакыт бир канча өткөн соң Амантур кайдан жайдан Сезим айткан дарыларын көтөрүп жете келди.
Асма уколунан бери узун жипти байлай, аса калып, Ары жактагы турган буюмга байлай, айтор бир эбин таап дарылап жатты экөө.
— Байкуш аял, байкуш кыз. Ушулар эмне күнөө?
Сезим өзүнчө сүйлөнүп алды.
—Ушунчалык да мыкаачы болушабы? Эмнеге адамдар мындай жырткыч болуп баратышат?
Сезим дарылап жатып, жараатын карап алып, андан бетер чочуй сүйлөдү.
— Экинчи колу да жаракаты бар эмес беле? Кандай күчтүү аял. Ушунча азапка чыдаган.
Амантурдан үн чыккан жок! Жөн гана тыңоап отура берди.
Баарын дарылап бүткөн соң, кыз Амантурга кайрылды.
— Мен бара берейин эми.
Амантур селт эте түштү.
— Жоо-жок. Азыр кетсеңиз сизди канча күндөн бери күзөтүп жүрүшкөнүн байкап жүрөм. Сизди да алып кетишет. Андан көрө, баары тынчыганча ушул жерде болгонуңуз оң.
Курбуңузга сизсиз жеңил болот анткени алар аны тааныбайт. Эгер бирге көрүшсө, экөөңүздөргө тең, кыйын болот. Курбуңузду оор абалга салгыңыз келбесе бул жерде калыңыз. Анын үстүнө айым өзүнө келе элек.
Амантур мукактана түштү. Сезим эч нерсе айтпай, экөөнүн каректери тиктеше калып, кайра уялгандан экөө тең жер карай калышты.
— Макул дегендей баш ийкей, кыз үнсүз калды.
— Бул жерге жатып эс алыңыз. Туура андай, сиздикиндей жакшына үй эмес, бирок азырча жашап турууга болот.
Амантур кызды жайгаштырып койо, өзү сыртка чыгып кетти.
******************
Тинатин курбусуз ичи быша отурду. Көзүнө уйку ала-алган жок! Чоң үйдүн ичинде ары -басты, бери басты, айтор такыр көңүлү жок! Эч нерсе кыла албай, телевизор тамыза койот, ага да болгон жок. Сезимден кыжалат чеге, кантип байланышууну билбейт. Же Амантурдан да кабар жок. Кантсе да тынч аман болсун деп ойлоп койот. Бир четинен ал жигит коргойт деп ойлойт, бир оюу болсо,.... « — Ошол кантип болсун, ал деген издөөдө жүргөн бирөө да » дейт. Ошентип отура таң ата уйкуга кетти.
************
— Чакырдыңызбы атаке?
Рамис бул ирет көңүлсүз атасынын бөлмөсүнө кире койду.
— Ооба чакырдым! Кел отур мындай.
Атасы бул ирет маанайы ачык окшой!, негедир мурункусундай ачуулуу эмес, тескерисинче жай баракат кабыл алды.
Рамис отура кетти.
— Иштер кандай?
Рамис эмне деп жооп берерин билбей, акырын үн менен күңк эте сүйлөп алды.
— Иштер жакшы! Бирок Амантурду таба элекпиз. Ал бир жигитибизди кармап алып, айтыптыр.
— « Мени издебесин, атасынын алдына, Рамистин алдына өзүм барам » деп.
Жигиттерибиздин көбүнүн жансыз денеси келди. Сиз Амантурду жөн гана жеке ишкер деген элеңиз ата?... Мындай күчкө ээ экендигине караганда жөн эле, жеке ишкер эместей.
Рамистин сөзүнө атасы карс, карс каткырып жиберди.
— Бул жигит бизди коркутмакчы го дейм? Амантур деген жигит жөнүндө көп деле маалыматка ээ эмеспиз жөн гана жеке ишкер экенин таап чыкканбыз. Сен кыжалат болбо уулум. Баарын өз ордуна койобуз. Атаң бар! Баарын койобуз.
Ушинтип Рамисти жайгарымыш эткен менен, Амантур тууралуу баласынан уккан кабарлар атасын бир аз ойго салып койду.
— Кимди ойготтум экен? Деп алды ичинен. Кандай жырткычты ойготтум экен.
Ичинен өзүн -өзү алаксытайын десе да болбой турду.
— Сен бара бер! Иштериңди так -тың жаса. Дагы эртең он бештери тиги келет билесин аа? Кыздар даярбы?
Рамис атасына жооп кыла салды.
— Ооба! Кыздар даяр. Он бешине баары даяр.
Рамис так жооп бере калды.
— Азаматсын! Баарын кылдаттык менен карап, тың аткаргыла! Абай болгула! Эми бара бер.
Атасы кете бер дегендей, колун жаңсап сүйлөп алды. Ошону эле күтүп турган Рамис дароо сыртка чыгып кетти.
Жолдо баратып, бир жигитине кайрылды.
— Мага бир, шаардын чекерээк тарабынан чакан гана үй тапкыла. Ичинде баары даяр болсун . Бирок муну эч ким,укпасын билбесин. Атам дагы.
— Жарайт шеф.
Жанындагысы дароо башын ийкей койду. Жол ката асынан чыгып, өз үйүна жол тартты.
************
Таң эрте чыкыйып кийинген Белес, акырын Лунара менен коштошуп, кирген жаңы ишине карай жол тартты.
— Сага ийгилик! Сенин колуңдан баары келет!
Лунара ушундай деп жөнөттү.
Кудуңдап сүйүнгөн Белес унаасына отуруп, белгиленген жерди көздөй айдап жөнөдү. Эми Белесте жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы жашоо. Эми баары өз колунда. Андан ары кандай алып кете алат? Эмне кыла алат? Лунаранан сөздөрү кулагына жаңырып турат. Өзүн -өзү алаксытат ушул сөз менен. Бул адат оору сыяктуу. Кээде сулуу, татына кыздарды көрсө эсине түшө кетет. Бирок кайра Лунаранын сөзүн эсине түшүрүп, өзүн -өзү алдап, ичинен миң ирет кайталап алат. Ойлуу кетип баратып кантип жетип калганын да билбей калыптыр. Чоң имараттын үчүнчү кабатына көтөрүлө калган жигитти, лифттен түшүп, ооздон чыккан учурда эле сулуу жаш, ийкемдүү жигит жылуу тосуп алып ары көздөй алып кетти. Ичинин баарын тааныштырып, эмне жумуш жасаары тууралуу, кандай сүрөттөрдү тартуусу боюнча маалымат берип, эң сүйгөн калем сабын колуна кармата, ишке киришти.
Эмгек акысын ар күнү кечинде ала тургандай сүйлөшө, өзүнүн сүйгөн кесибине 'бар күчүн жумшап жатты.
Убакыт бир аз арадан өтүп, Лунара да өзүнө жумуш таап, өзүнүн кийим тигүү жаатында иштеп жатты. Башында барган кызга анча, ишене бербеген башчысынан өйдө, кызматчы кыздарга дейин жек көрүп, сынай карашчуу. Бара -бара кыздын тиккен кийимдерин баары өз кардарларын таап, сатылып кетип жатты. Болгондо да кымбат акчага. Бул көпчүлүккө жакпай кетет. Мунун баарын алыстан байкаган, жакында Бишкекке келген жигит Амир сатып алып жаткан. Кызды алыстан тиктей, көз албай отура берчү адат таап алып, качан гана кеч кирип, кыз өз үйүнө кайткан убакта гана Амир да кайтып кетет, же болбосо ар бир кадамын каратып, жигиттерине текшертип койот.
Лунара канчалык иши жүргөн сайын, ошончолук Жумушка көп берилип баратты. Ар Дайым кардарлары бир гана Лунарага көйнөк тигип берүүмүн сурап кайрылышат. Кээде түнү менен деле калып, иштөөчү адат таап алды.
— Кожоюн сизге айтаар кабарым бар!
Амир иш кагаздарын карап жатып, башын көтөрө, жан сакчысына кайрылды.
— Эмне кабар экен?
Алдында турган жан сакчысы азыр эң-бир жаман кабарды угуза тургандай, айта-албай, башын төмөн сала туруп калды.
— Эмне кабар айтсаңчы?
Амир тынчтыкты сактап, башкаларга окшоп, катуу тийип, айкырбай жөн гана, кайталап сурап алды.
— Мен бир кабарды билдим. Кыз тууралуу кожоюн. Сиз күзөттүргөн кыз....
Адатынча сүйлөй албай дагы тили байланган эмедей, токтоп калды.
— Кожоюн сага баарын айт деп буйрук берди го! Айтсаңчы эми?
Жанындагы дагы бирөөсүнүн тынчы кетип бурк этип сүйлөп алды.
— Тынчтан! Сабыр!
Амир бир колун көтөрүү менен аркы жан сакчысын тыйып койо, кайра өзү суроо салды.
— Анан? Ал кыз тууралуу эмне билдиңер?
— Лунара бийкеч жөнөкөй кыз эмес экен. Тескерисинче ал сиздин эң кооптуу душманыңыз, Самир - Аскаттын кызы экен.
Бул сөздү угаар замат, жанында турган жигит чоочуй, Амирдин башына, бирөө бир чапкан сыяктуу башы зың дей түштү. Азыр алдында турган жигити эмне деп жатканына ишене албай кетти.
— Акмаксынбы? Самир -Аскаттын кызы Америкада атасынын жанында эмеспи? Кайдан алдың бул келжирек сөзүңдү?
Жанындагы жигит адатынча бурк этти.
— Аны кайдан, кантип билдиң? Такталган маалыматты айтып жатасынбы?
Амир кайра суроо берип жиберди.
— Ооба! Кызы азыр жанында. Бирок бийкеч экинчи турмуштан. Эсиңиздеби? Самир -Аскаттын башка сүйгөнү болгон. Атасы аны тең көрбөй, аралыктагы, тынчтыкты сактоо келишим деп, өзүнүн душманынын кызын алып бергени. Бирок Самир - Аскат келишим менен үйлөнгөнү менен тигисин таштаган эмес. Андан жашыруун кыздуу болгонун, аны биринчи аялы билип калып,
— Бирок аны биринчи келинчеги өлтүртүп салган деген эмес беле?
Амантур таң кала сурады.
— Ооба! Ошондой делген, бирок бир гана сүйгөнүн өлтүрүп, кызын бекитип салышкан экен.
Ал убакта Америкада эле.
— Бул чын эле такталган маалыматпы?
Амир ишене албай кайра -кайра сурап алды.
— Ооба кожоюн. Анын үстүнө кызды дагы бир башка, мафиянын жигиттери күзөтүп жүргөнүн байкадым. Бирок азырча кимдер, жана кайсыл мафиянын жигиттери, тактоого мүмкүн эмес болду. Балким, Самир -Аскат өзү болушу да мүмкүн. Сиз Бишкекке келген күнү ошол эс алуучу жайда отурушканда эле байкаганмын артынан күзөткөндөр бар экенин.
— Түшүнүктүү!
Амир колуна бокалдагы аздай калган виносун көтөрө ары -бери, ойлуу басып алды.
Култ-култ эте жутуп алды.
— Самир -Аскат! Самир-Аскат...
Болуусу мүмкүн эмес! Элестете албайт. Эң күчтүү душманы. Атасын көз алдында мээсин чачырата атып, апасын кошо өлтүрүп басып кеткен каардуу киши көз алдына элестеп алды. Апасы кичинекей кийим илчүү арасына бекитип, артына жашырганы менен, Амир бааран көрүп турган. Дал ошондой элес азыр да көз алдына тартыла түштү.
Атасынын кадыр баркы каралар дүйнөсүндө чоң болгондуктан, атасы тээ мурунтан дайындап жүргөн эң ишенимдүү адамы алып кетип чоңойткон. Каралар дүйнөсү болсо да, эң таза, чынчыл адам катары, Амирдин атасын баалап айтып калышканы менен, бул көптөргө жакчуу эмес. Анын бири дал ошол Лунаранын өз атасы.
Тагдырдын табышмагын карасаңар... Келип -келип эң чоң душманынын кызына көзү түшүп калганын.
Кипкичинекей наристе алдына келип, баш ийип, өлүп кеткен кожоюндарынын эң акыркы керээзин аткарышкан желдеттери, өмүр бою Амирге кызмат кылууга бел байлашкан. Ошол -ошол... Убакыт өтүп, каралар дүйнөсүндө Амир аттуу ысым кеңири жайылып, алда кайда канатын кере жайып, өз ордун таап, атасынын жолундай чынчыл атка конуп, кадыр -баркы көтөрүлүп бараткан.
— Атаң жакшы инсан эле деген сөздөр канына, жанына сиңип, өзү да дал ошол атасындай болууну көздөгөн. Эч кимге тийбейт, бирок өэү келип тийгенди аяп отурбаган адаты бар! Аны желдеттери эң жакшы түшүнөт.
— Кожоюн эмне кылуубуз керек?
Амирди жан сакчысынын биринин сөзү ойдон алысттаты!.
— Мүмкүн болсо артынан кайсыл мафиянын адамдары аңдып жүргөнүн тактагыла! Жана кызга зыян тийгизе көрбөгүлө. Эч нерсе билбей эле койгону дурус кыз. Кийинчерээк убакытка карай иш тутабыз.
— Тиги жанында жүргөн жигиттичи, аны эмне кылабыз?
— Аны да карап байкагыла! Ким эмне менен алектенет? Бир көрүнүшүнөн мага аябай кооптуу адамдай сезилди. Бир караштан өтө эле момун сычктуу. Мындай адамдарда эки, үч, төрт, бет каптары болуусу мүмкүн жана, баарын күтүүгө болот. Көздөн качырбагыла! Эң башкысы кызга зыяны тийбесин.
****************
Үч күндөн бери эч кайда чыкпай үйдөн чыкпай отурган Тинитин уйкудан ойгоно өзүн алаксытуу максатында, жуунуп таранып ала, сыртка чыкты.
Унаасына отура кайдадыр кетип баратты. Шаар аралай жүрүп отурду. Артынан карап, аңдыган деле эч ким болгон жок. Баары тынчып кеткендей сезилди. Үйдөн отуруп тамактана да алган жок. Өзүн жалгыз сезди. Айдын жарымы да боло элек. Болбосо жумушуна кетип калмак. Эч кимге жооп да бергиси жок, телефонун да өчүрүп салган.
Обедден кийин уйкудан турса да көчөдө жүрө берди. Өзү -менен өзү, сейил бакты аралады. Кооз шаардын ортосундагы астынан шарылдап суу өткөн көпүрөнүн үстүнө барып, көпкө ойлуу турду.
Жүзүн жума бир саамга көктү тиктей турду.
— Ушул менен тагдыр бизди үчүнчү жолу көрүштүрдү. Балким жөн эместир?
Тинатин жанынан чыккан эркектин үнүн уга, акырын карап алды. Жанында жанагы эле тармал чачтарын артты көздөй тараган Рамис жылмайып турган.
— Дагы сизби? Мени аңдыгандан башка ишиңиз жокпу?
Тинатин бир карап алып, жактырбагандай тейде сүйлөп алды.
— Мага кызык болуп жатат да, тээ алыстан карап турсам, башкача көрүндүңүз ойлуу, дайыма жалгыз көрөм сизди. Эмнеге? Мына караңыз менде номериңиэ да бар ал тургай, бирок сиз менен байланышуу өтө эле оңойго турган жок!
Рамис жылмайып алып, жанына катарлаш тура кетти.
— Менде кандайдыр ишиңиз бар беле?
Тинатин Рамиске карады.
— Жоок!
Рамис кызды бир карап алды.
— Анан? Анан эмне эле менин тынчымды алып жатасыз?
Рамис эмне дешин билбей калды. Оозуна келген сөзү биринчи ушул болду.
— Мага жагып калдыңыз бийкеч. Жактырып калдым. Миллиондордун арасынан издеп жүргөнүм сиз болдуңуз окшойт!
— Эмне?
Тинатин Рамиске бир карап алды.
— Мен эч кимге ишенбейм, айрыкча эркек затына.
— Эмне үчүн?
— Билбейм, табиятым ошондой.
Тинатин ары карай басып кетти.
— Сизди ишендирүү үчүн эмне кылуу керек?
Рамис да кызга жанаша баса, суроо берип алды.
— Билбейм! Изденип көрүңүз.
Рамис жылмайып күлүп алды. Кыз буга түшүнө бербей чоң көздөрүн андан бетер бакырайтып, суроолуу тиктеди.
— Эмне болду?
— Аа эч нерсе... Адатта чыныгы биринчи сүйүү ушундай башталат дейт эмеспи?... Балким?... Рамис андан аркы сөзүн айта албай туруп калды.
— Мен эми тентек, оюнкараак жаш бала эмесмин го сизди алдай тургандай?... Андай курактан өткөнбүз да.
Кыз бир аз токтой туруп калды да жигитке кайрылды.
— Балким?
Рамис кубана түштү. Ичинен кызга карап жүрөгү жылый түштү.
— Кош болуңуз мен кайтышым керек!
Рамис менен эми бир аз жумшагыраак коштошкон Тинатин ары унаасы тарапты көздөй басты.
— Мен сизди эртең да, дал ушул убакта күтсөм болобу? Мен күтөм сизди. Күтөм бийкеч.
Тинатин баарын укса да артына караган жок! Тек гана үнсүз алды көздөй кете берди.
— Эмне деген өзүмчүл жигит!
Ичинен ушуларды ойлой кетти, да жылмайып алды.
— Эмне деген мүнөз, эмне деген кыз мына? Менин бир сөзүмдү угуп, кайрылып карап койгон жок ээ?
Рамис чынында эле таң калып, ары суктанып алды. Ушул кызды көргөндөн бери ушундай. Жүрөгү ордунда эмес. Канча жерден сулуу бол, авторитет, баары болсо да бир сүйүүнүн алдында суу кечпей калаарына көзү жетип турду.
— Эртең күтөм! Дал ушул жерден күтөм! Мен сени өзүмдүкү кылам! Мени да сүйүп калууң үчүн, колумдан эмне келсе, баарын жасайм! Баарын!
Рамис өз -өзүнчө сүйлөнүп кубанып алды. Азыр Рамиске баары бир эле. Бүтүн дүйнөсүн азыр, артын карабай кеткен эрке кыз ээлеп алган сыяктуу....
Уландысы бар ....

Комментарии

Комментариев нет.