🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

18 - БӨЛҮМ
Жол ката унаада ойлуу кетип бара жаткан Рамисти жанатан узата караган айдоочу жан сакчасы акырын сөзгө тартып, аңгемени алыстан баштады.
— Кожоюн бул кыз ким экенин жакшы билесиз да, атасыңызга жетип калса, кандай болоор экен деген кыжалаттамын.
Рамис жигиттин сөзүнө узак ойлоно түштү.
— Кыжалат болбо! Ооба билем! Борбор боюнча аты чыккан мыкты кызды кантип тааныбай калат элек? Сен болгону эч нерсе айтпасаң болду атама. Мен бул кыз тууралуу биле турчуу, кызыктарым көп. Азырча атама эч нерсе айтпай турабыз. Баарын билген соң,башкача иш тутабыз. Эхх... Мындай кыздарды башка жол менен кайырмакка иле албайбыз, илине да беришпейт. Тың, өзүнө, ишине тыкан кыз экени көрүнүп турат. Көрөсүн мен ойлогон ойлорду сен ойлой элексин да. Болгону кыз мен тууралуу эч нерсе билбөө керек. Көпчүлүк эле менин чыныгы атымды билишпейт эмеспи? Ушундай Кубат! Өзүбүз үчүн өзүбүз аракет кылбасак болбойт.
— Хоп кожоюн.
Айдоочусу түшүнгөндөй кожоюнун бир карап алып, башка үн деген жок. Ичинен түрдүү нерселерди ойлонгон Рамис адатынча узун жолдон көзүн албай, бара жатып, кайра айдоочусуна суроо узатты.
— Үй эмне болуп жатат? Таптыңарбы?
Айдоочусу шашпай адатынча сүйлөп алды.
— Ооба кожоюн бир, эки жакшы үйлөрдү көз алдыма алып койгом.
Бүгүн барып, иш кагаздарын бүтүрүп, кожойкесинен үйдүн ачкычын колума алып келем.
— Азаматым десе! Жакшы кылыпсын. Деги тынч жерден бекен үй?
Айдоочу жигит башын ийкей, ооба дегендей үн катты.
— Жакшы. Ичине баарын даярдап, баары бүткөн соң, мага кабар бер!
— Жарайт кожоюн! Бирок, ал үйдү ким үчүн даярдап жатканыңызды билсем болобу?
Бул суроого Рамис бир аз ойлоно түштү да, кайра жылмайып алды.
—= Азырча сыр! Жана аны качан убагы келгенде өзүң көрөсүн. Ишкана айда, бүтпөгөн бир эки жумуштардын баарын бүтүрүп, андан соң үйгө кетебиз.
Айдоочу жигит, юашын ийкей, бир жылмая карап алып, андан соң башка тарапка карай багытын буруп, айдап жөнөдү.
************
Тинатин үйгө келе адатынча курбусу жок жалгызсырай түшүп, колундагы кармаган сумкасын тээ аркы диванды көздөй таштап салып, ойлуу отура кетти. Сезимди ойлоп кыжалат боло түштү. Кантип? Кайда жүрөт, эч кимдин дайыны жок! Кээде туруп жибербей эле койбой, каршы болсом эмне болмок деп ойлойт, бирок Сезим да жаш бала эмес да, өзү баарын чечип, баруум керек деп жатса кантип, жок демек эле?...
Ушунун баарын ойлой отурду.
— Уффф... Кантип байланышам сен кыз менен? Тигиден да дайын жок! Эми эмне болот?
Ушуларды ойлой бир саамга отурган кыздын үйүнүн эшиги адатынча коңгуроо басылды. Денеси дирт эте, чоочуй түштү. Эшик дагы коңгуроо чалынды.
Адатта бүгүн эч ким келүүсү деле керек эмес эле. Негизи эле бул үйдү Амантурдан башка эч ким билбейт эмеспи? Ордунан тура акырын эшик тарапка көздөй басты. Ичкериден чыккан ар -бир кадамды туюп турган сырттагы караан акырын үн катты.
— Тинатин бийкеч бул мен!
Эми гана Амантурдун үнүн жазбай тааныган Тинатин, терең дем ала, акырын эшикти ача салды.
— Түн жарымда бул эмне адат?
Тинатин Амантурду бир карап алып, кайра эшикте эч ким көрбөдү бекен дегендей ойдо, эки жакты карап алып, суроо узата койду.
— Кечирим сурайм, ыңгайсыздык жаратканым үчүн. Курбуңуздун саламын жеткирдим. Баары жакшы Динара айымды дарылап жатат, качан жакшы болуп калса келем деди.
— Кантип ишенем айткан сөзүңө?
Тинатин Амантурду бир карап алып, ары көздөй басып кетти.
— Андан көрө байланышчуу кол телефон берсеңчи, мен сенин курук сөзүңө ишене албайм, балким сен аны өз эркине каршы кармап отурган чыгаарсын???... Ким билет?
Амантур кыздын суроолоруна акырын гана жылмайып койду
— Баары жакшы! Сиз кыжалат болбоңуз бийкеч. Мен сөзүмдө турган жигитмин! Андыктан андай ойлор кереги жок! Мен барайын!
Амантур башка эч нерсе дебей, сыртка карай чыгып баратып, акырын бир нерсе унутуп калган сыяктуу кайра артына кайрыла, кызга карады.
— Аа айтмакчы бийкеч.... Караңгыда жалгыз жүрүү аябай эле кооптуу.
Амантур бул менен эмне айткысы келгенин Тинатин түшүнүп турду.
— Курбума салам де! Көп менин үйүмдүн тегеринде оролошпо! Баары жакшы болсун.
Тинатин ушуларды айта эшигин ачып койуп, жигитти күтө карап калды. Аны түшүнгөн Амантур да башындагы кепкасын бетин көрсөтпөй баса кийип, акырын үйдөн чыгып кетип, караңгылыкка карай сүңгүп жок болду.
— Өхх..
Терең дем алып алган Тинатин Сезимде баары жакшы экенине ишеним артып турду. Эми барып эс алуум керек деп диванына жата кетти да, дароо эле уйкуга кетти.
***************
Түнкү кооз эс алуучу жайлардын биринде, жанына үчтөн-төрттөн кызды кучактай, тим эле ааламды томкоруп алгансып кериле отурган жигит, өзүн азыр эмнелер күтүп турганын билген да жок.
Жанындагы сулуулары улам-улам ачуу шараптан куйа салышат. Андан бетер шараптын кызыгы, ичин кызыта, анысы аз келгенсип, жанында отурган сулуулардын апакай денеси көздөн өтүп, ого бетер тигинин телегейи тегиз.
— Ааламдагы эң керемет, жыргал убакыт ошол болсо керек, мындан өткөн жыргал барбы я? Хе-хе-хе!
Жанындагы өзү катарлаш отурган эки үчөөнө ушунтип сүйлөп да,оозунв тамекисин сала,кере-кере тартып да алды.
— Жанындагылар жа коштой, баштарын ийкеп коштоп алышат.
— Тиги Рамистин айтканы эмне болду?
Бирөөсү кызыга сурап калды.
— Койгулачы! Мен качан Рамисти, мен качан Рамисти неме элем? Ха-ха-ха.
Ал деген сүйлөп-сүйлөп калат да. Менин түбүмө оңой эле жетип алам дейби? Хи-хи-хи.
Мен мына бул төш белгини бекер эле тагып жүрөмүнбү я?
Көкүрөгүндөгү өзүнүн милиция кызматкери экенин аныктай турган белгини көрсөтүп, мактана койду.
— Жакын калды! Аз арада кызмат ордумдан көтөрүлгөн жатам. Бир аз убакыттан соң, анан Рамис менен да, Амантур менен да, эсептешчүү күн келет. Экөөнү тең түрмөгө тыгып, андан соң сазайын берем. Ошондо көрөбүз!
Тиги бим эле азыр барып, баарын жанчып салчуудай көз алдына элестетип, түктүйгөн жаагына ачуусу чыга түштү.
— Сенден амал качып кутулбайт. Билебиз. Тиги шериктери коштоп, баштарын ийкеп күлүп алышты.
— Ал эч нерсе эмес! Амантур кайда жоголду экен? Андан санааң тынч элеби?
Дагы бирөөсү колундагы шарапты кулкулдата жутуп алып, бутун айкалыштыра отура кетти да, сурап жиберди.
— Ооба чынында эле. Ал кызына берген азабыңды өзүңө кайтармайынча койбоочуудай көрүндү мага. Жөн жүрбөйсүн! Жабылуу аяк жабылуу бойдон калуу керек эле. Эмнеге өлгөндү козгодуң? Анын кызын зордуктап, аны байкуш бир маңыроого оодара салганыңчы?
Сенден коркуш керек!
Бирөөсү тамаша-чынга аралаштыра тигинин дагы бир кылыгын эсине түшүрүп жиберди.
Бир азга үн катпай ойлуу боло түшкөн жигит, чынында эле үнү, саамга токтоп, ортону жымжырттык каптай түштү.
— Ооба жигиттер! Кызына туура эмес иш кылдым. Бирок... Бирок...
Жанагы ойлуу отурган немеден түк калбай бир убакта каткырып жиберди.
— Бирок Амантур кайда? Ошончо сөздү укса да, жок го. Алдыма келээр деп ойлогом, камданып отурам, бирок жок! -хи-хи-хи.
Эми мен өзүм издебейм го?
Ошол үчүн менде коколой гана башым бар. Ошол үчүн мен үй бүлө күтпөйм! Анткени менин да үй бүлөм кордолушун каалабайм.
Мага мына сулуулар жетет!
Жанындагы эки сулууну белинен имере тартып кучактап ала, экөөнү чоп эттире, жанатан ичип, ачуу сасыган шараптын жыты урган ооэу менен өөп алды.
Тиги эки кыз кускусу келе, жийиркенип отурушса да айла жок! Үн катпай күлүп койоордон башкага алдары келбейт.
Жанындагы сүйлөп отурган шериктери, бирин-бири карай, кайра тигини карай таң кала карап алышты.
Кээде жинди эмедей каткырып, Рамисти да, же Амантурду, алдына келе жаткан душманды тоготпой, бир гана өзүн ааламдын падышасындай сезип чалкалаган шеригине ооздору ачыла түштү.
Жай музыка ырдалып, анын алдына төрт беш кызды зордук менен эле жарым жылаңач бийлетип койуп, өздөрү кино көргөн эмедей, тамшана тиктеп отурган тигилердин эшиги шарак ачылып, алдынан белгисиз караан өздөрүн көздөй басып келе жатты.
Музыка заматта токтой, кыздар бир жерге тыгыла түшүшө аркылар ордуларынан тура, дароо куралдарына кол жүгүртө алууга урунганда, алдында турган жигиттин үнү селт эткизе, кайра акырын куралдарын ала албай колдорун өйдө карай көтөрүп жиберди.
— Мындай кылууңарды сунуштабайт элем!
Амантурдун колундагы кичинекей жардыруучу зат, эгер азыр амантур оозун ачып жиберсе баарын тып-тыйпыл кылаары анык!
— Токто! Мен мындай кылууңарды сунунштабайм. Бул жерде кыздар да бар эмеспи?
Титирей бир бурчта тыгылган кыздарга карай Амантур бурк этти.
— Силер кетүүңөр мүмкүн.
Амантурдун сөзүн уккан тигилер даро шашыла кийимдерин көтөрүшүп, , сыртка карай чыгып жөнөштү.
— А силер болсо куралдарды мага карай таштагыла!
Бери карай!
Бетиндеги бет кабы Амантурдун ким экендигин, өздүгүн таанытпай турган.
Тигилер акырын гана куралдарын өзү тарапка сүрүп жиберише, суроо берип алышты.
— Кимсиңер? Атыңар ким?
Жанагы кыйын болуп, жанатан оозу басылбай сүйлөп жаткандын, жаагы жап боло, жалдырай Амантурду карады.
— Менин кимдигимди жакшы билесиңер. Айрыкча сен!
Бир колунда жарылуучу зат! Экинчи колундагы кезеген куралы, эми жанатан кыйын боло сүйлөп жаткан, милиция кызматкерине кезелди.
— Баары бир, бир күнү ачыкка чыгасын! Менин ошончо душманым бар кимиси экениңди кайдан билем?
Тигинин үнү жанакыдай кыйын болуп айкырбай, эми акырын чыкты.
— Кайсынысы сага эң көп тиш кайраганы?
Жок! Убактым жок силерге! Сен бүгүн окуя эмне болгонун, кандай болгонун, кожоюнуңа айтып бар! Сен болсо прокурорго. Мен баарыңардын түбүңөргө жетемин! Убакыт сааты менен! Сенин азабың өзгөчө болот.
Кыздар баары кетип болуусун көздөп, убакыттан уттуруп сүйлөп турган.
Үчөө куралдарынна көзү жеткени менен колдору жетпей карап турушту. Тек гана азыр коколой башынан башка эч нерселери жок! Ал тургай жарым жылаңач ордуларында турган ар -биринин оюнда ушул нерсе. Тигинин куралы качан, кимибиздин мээбизди чачырата атат экен деген, коркуу ой, ар биринин башында ойноп турду.
Ооба чын эле жаңылышпаптыр. Тарс эткен куралдын үнү чыгып, жанындагы шериги кулай, тигинин бетине кан чачырай түштү. Шеригинин так маңдайынан ок тешип өтүп, чалкасынан кулаган.
— Аааа...
Коркконунан жанагы кыйын болгон сөзү жок, эмне кылуусун билбей, экөө алдында жаткан жансыз шеригинин денесин карап алыша, көздөрү чыгып кетейин деп турган.
Акырын бутунун учу менен чыгып кеткен Амантур жол тандабас байкерине отуруп, зуу койду.
Эси эки болгон немелер, куралдарына жетип сыртка чыкканча, Амантур эчак көздөн кайым боло карааны узактап кетип баратты.
Түнү менен өлкө ичиндеги жаңылыктарды алып барган кабарчы кыздын телефонуна, чалуу келе, кимдир бирөө кыска гана сүйлөп,кайра дароо өчүрө салды.
— Ок атылып бир адам каза тапты.
Телефонуна келген даректи окуган кыз дароо шеригине коңгуроо кыла койду.
— Шерлан камераны даярда. Белгисиз бирөөдөн ушандай кабар келди. Текшерип көрүүбүз керек. Эгер чын болсо, окуяны жеринен алып көрсөтүүбүз керек! Даярдан мен азыр барып калам.
Түн жарымда чыккан кабарчы кыз, шеригине келе, анысы камерасын жүктөй окуя болгон тарапты көздөй жөнөп баратты.
*********************
Түнү менен, жашырынган үйүнө келип 'акырын кирген Амантур сырткы ашканасында ойлуу отура кетти.
Мойнунда илинген жалгыз тумарынын ичинде кызынын сүрөтү сакталып калыптыр. Узакка тигиле карап алды. Үңкүйүп маанайы түшө кетти.
Бүгүн биринчи өчүн алды. Жертөлөдө, өзү баардык душмандарын сүрөтү менен койуп, кимден кийин, кимдер кетээрин баарын белгилеп жазып, ал тургай кимисине кандай өлүм, кандай жаза бере турганынан өйдө ойлоп койгон эле. Кызына эч жамандык кылбаса дагы, шерик болгон адамдарын да, кечире албас эле! Бүгүн ошолордун бирөөсүнүн жанын алды. Дагы эки үч күндөн кийин, дагы бирөөсү.
Ошентип отуруп, Рамистин жүрөгүнө сес, коркуу салмакчы болду. Бирок, ошол менен бирге эле өзү да абай болуусу керек! Бир жеринен жаза тайса, түбү жок туңгуюкка кулаары анык!
Жанатан кийимине коюлган ичке камераны алып чыкты да, ичиндеги кичинекей флешкартаны карап алды. Амантур эми эч кимиси эч кайда кача албасын сезип турду. Анткени баарын башынан жазып алган эле. Эмне деп сүйлөп жаткандарын, кызына кылган кордугун баары, баары тиги кичинкей камера жазып алган.
Колу сыздап оорутуп чыкты. Ошол -ошол эки жолу тазалап, таңган боюнча карай элек экени эсине түштү.
— Уйкуңуз жокпу?
Сырттан угулган Сезимдин үнү Амантурду ойдон алыстатып жиберди.
— Сиздин колуңуз кантти? Баары жакшыбы? Менимче жараатыңыз кайра жаңыланып жаткан сыяктуу. Жарааты ачылып кеткендей.
Колу бир аз бүтпөй зле кансырап калган экен. Сезим көрө койуп көздөрү алайа түшүп, суроо узатып жиберди.
Амантур унчуккан жок! Тек гана колун бекем бир колу менен кармай калды.
— Менде да уйку жок! Динара айым бир аз ден соодугу калыпташып, өзүнө келгендей болуп жатат, бирок дале коркуу бар. Баары соонун болуп кетет деген ойдон алысмын.
Сезим Амантур үн катпаса да акырын жанына басып келе Амантурдун үстүндөгү көйнөгүн чечип жиберди.
— Мындай абалда жүрө берсеңиз колуңуздун жаракаты бүтөлбөйт.
Сезим жанатан ала келген спирт, дарыларын үстө үстүнө койо салып, каруусунан өйдө таңылган ак чүпүрөктү чече салды. Амантур жаны ооруп жатканын эми сезе, кызга каршылык көрсөтө алган жок. Бир жагынан Сезимдин айтканы туура эле.
— Оору каттуу болот! Бирок чыдай турган даражада. Микроп кирип кеткен., ир сыйра тазалообуз зарыл!
Сезим Амантурдун көздөрүнө тигиле,отурган Амантурга карады.
Акырын гана башын ийкей Амантур да эч нерсе дебестен экөөнүн каректери чагылыша түштү.
— Муну тиштей турасызбы?
Колуна карматкан кездемени Амантур алган жок, тек гана жанында турган ачуу ичимдиктен кулкулдата жутуп алды да, даярмын дегендей кызга карап алды.
Сезим аны дароо түшүнө койду. Ишине киришип, жигитти бир карап алып, чыдаңыз дегендей, ачуу тазалоочу суюктукту, бүтпөй канталап, ачылып келе жаткан жараатынын үстүнө куюп жиберди.
Канчалык оору каттуу болсо да, айла жок! Чыдаш керек! Амантур тиштене үн чыгарбай чыдады. Бир аздан соң акырын гана баарын бүтүрүп жараатын таңып жаткан кыз Амантурга суроо берип алды.
— Курбум менен көрүштүңүзбү? Кандай жүрөт экен?
Амантур башын ийкей, андан ары унчуккан жок!
— Тагдырдын кызыгын караңыз ээ? Сизди башында эң коркунучтуу адам деп ойлогонмун. Ал эми азыр болсо, ошол инсандын жанында жүргөнүмө кээде таң калып кетем өзүмө-өзүм. Кандай болсо да, Динара айымдан соң, баштапкы оюмдан кайтып келе жатам. Курбума саламымды жеткиргениңиз үчүн рахмат.
Сезим сөзү менен бирге, жараатын да таңып бүтүп, бир карап алды да, кайра сыртка көздөй жооп күтпөстөн чыгып кетти.
— Азыр эле эмне болду? Неге кыз мындай сөздөр айтты? Амантур бирине түшүнсө, бирине түшүнбөй, бирок кыздын өдүнө кылган камкорлугуна ыраазы боло, кыздын жалт караган көздөрү жүрөгүнө өчпөс бир алоо салып кеткен сыяктана, артынан узата карап алып калып кетти.
**************************
— Угуп жатам!
— Кожоюн жакын арада,Америкадан Кыргызстанга кайтмакчы. Кызына жана,жубайына өз туулуп өскөн Мекенин көрсөтүүгө кызыктар. Ал жакта баары жакшыбы?
— Ооба жакшы! Бийкечтен көз албай кайтаруудабыз.
— Азаматсын! Кожоюн барган убакта, бир көйгөйлөр чыгып жүрбөсүн дагы, жигиттерге айт, өзүң көзөмөлдө баарын. Кызы менен жубайына айрыкча, кожоюнга тиш кайрагандар үй бүлөсүнө залака кетирүүсү мүмкүн. Баарынын алдынын ал.
— Жарайт түшүндүм. Бирок бул кызы менен кожоюн көрүшө бекен? Эмне кылабыз бул кызды?
— Мен азырча билбейм! Айтууга оор! Эгер жубайы менен кызы билип калса, иш чатагына айланаары анык! Калганын барганда көрө жатаарбыз.
— Макул жарайт! Айтканыңыздай аткарам.
Жанатан алыстан Лунаранын үйтнөн көэ албай тиктеп отурган жигит, телефонуна келген коңгуроого жооп бере, кимдир бирөө менен ушундайча сүйлөшүп өчүрдү да, кайра дароо эле башка жигиттерге коңгурро кылды.
— Жигиттерди топто! Иш бар!
Уландысы бар ...
Айзирек Бектенова

Комментарии

Комментариев нет.