🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

19 - БӨЛҮМ
Түн жарымында болгон окуяны шериги экөө тартып, окуяны жайынан кабар берген кабарчы кыз, барган кезде бир гана жансыз жигиттен башка эс алуучу жайда эч ким жок эле. Кайдан жайдан даяр болуп, тез жардам кызматы, анан милиция кызматкерлери да пайда болуша түштү. Жансыз дененин өздүгү такталып, ким экендиги изилденип жатты.
Кабарчы кыз таң калып, ким, кандай! Идам бул маалымат менен бөлүшүп жатканын билген жок! Тек гага алдындан биринчи туура кабарбы, же жокпу аныктайын деп ойлогон. Бирок анык, чын болуп чыккан соң, белгисиз жандын ким экени, ары кызыктуу, ары тынчсыздандырып жатты.
Таң эртең менен ар-бир жаңылыктар арасында бул окуя желдей тарады. Арасында Рамис да, Атасы, айрыкча прокурор менен жанагы отурган үчөөнө катуу сокку болду.
****************
Уйкудан ойгонуп жуунуп чыга эми кофесин даярдап жаткан Тинатин да бул кабарды уга, элейе түштү.
— Кимдер? Же...
Оюуна даро эле Амантур түштү. Өч алып жаткан болуусу толук мүмкүн. Бирок канга кан -жанга жан эмеспи. Анын кызын кандай мыкаачылык менен өлтүргөнүн эстей кетти. Балким Амантурдун, адилеттүүлүгү ушундай жол менен болгон чыгаар деп ойлоп алды ичинен. Оюна түркүн нерселер келип жатты. Кантсе да курбусуна, жан курбусуна зыяны тийбесе экен деп алды.
******************
Прокурор, иш бөлмөсүндө отура албай тынчы кетти. Ачуусун кимден алуусун билбей, үстөлдү уруп-уруп алды. Чын эле кайда барса мамайдын көрү. Ары барса Рамистин атасы, бери келсе башка душмандары, эми болсо бул. Жанагы каза тапкан жигит да, дал ушунун эң жакын кызматкери эле. Бул дегендик өзүнө карай кооптуу душмандын жакындап келе жатканын билдирет эмеспи?!
— Мага тиги үчөөнү чакырып келгиле!
Жанындагы жигит прокурор азыр эле кимдерди айтып жатканын дароо түшүнгөн жигит башын ийкей, үйдөн сыртка көздөй чыгып кетти.
— Акмактар! Дагы бир нерселерди келжиреп айтып салбады бекен?
Тынчы кетип, ары -бери басып алды. Жанын койоорго жер таппай турду.
Көп күттүргөн жок! Жанагы кеткен жигит тиги үчөөнү чакырып келе салды. Кечееги кыйындар жок! Оозунан чөп албаган койлордон бетер момойгон үчөө турду.
— Бул окуя тууралуу билесиңерби? Бар белеңер бул жерде?
Тиги үчөөнөн үн чыкпайт, жерди караша эмне дештерин билбей турушту.
— Эгер болгон болсоңор, мага ачыгын, туурасын айткыла. Дайыма ушундай жерлерде бирге жүрчүүсүңөр... Мен жооп күтүп жатам.
Үнү өктөмүрөөк чыккан убакта чоочуй түшкөн бирөөсү,шашкалактай башын ийкеп ооба дегендей белги берди.
— Эмне болду анан?окуя кантип башталды ал ким?
Прокурор тынчы кетип,ачуулуу адатынча дагы бир жолу айкырды.
— Жүзү бет кап менен жабылуу эле. Ким экенин баамдап,байкай алган жокпуз. Ачык сөз биз көңүл ачып отурганбыз. Кызуу да элек! Бир убакта ал кирип келди. Колунда жардыруучу зат бар эле. Эгер биз кыймылдап,же ашыкча кадам жасасак ал бизди жардырып салмак. Ал биздин душманыбыз жана,баарыбызга кезек келээринен өйдө айтты. Сизди - бизди, Рамисти, атасын баарына кезек келээрин, жана жок кылаарын, Аны издебешибизди айтты.
— Амантур....
Прокурордун оюна дароо Амантур келди. Анткени эң чоң душманына айланган, жана дале ушул убакка чейин көзү тирүү жашап келе жаткан бул Амантуи эле. Калганын баарын зыяны тийет деп көздөрүн тазалап бүтүшкөн. Бирок Амантурду канча аракет кылышса да, таба албай жаткандарына караганда Амантур да оңой олжо эмес экенин, жөн гана уктап жаткан ажыдаарды ойготуп алгандарына эми көзү жетип жаткан сыяктуу эле.
Прокурор башында бул жигит менен мынчалык кыйындыкка чейин барат деп ойлогон эмес эле. Эми гана Амантур өз оюнун баштаган убакта сезилип жатканын'карабайсыңарбы?.
— Көзүмө көрүнбөй иштен бошогула да изиңерди жашырып тургула убактынча. Эгер Амантур болсо, кызынын өчүн алмай сайын койбойт. Эч нерсе билбейсиңер, эч нерсе укпадыңар менин сөзүм түшүнүктүүбү?
Прокурор үчөөнө жеп жиберчүүдөй тигиле карады. Шашкалактаган тиги үчөө баштарын ийкей макул болушту.
— Баргыла! Айткандын баарын кылгыла!
Артынан үчөөнү жекире караган прокурор башын бир чайкап алып, өзү да папкесин көтөрө кайдадыр жөнөдү.
Унаасына отура, кайдадыр кетип бараткан прокурордун изинен калбай түшкөн Амантур да жолун улады. Сааттап жүргөн соң, айтылуу Рамистин үйү көздөй барган прокурор унаасынан түшүп, ичкерини көздөй кирип кетти.
Анчалык жакын барууга Амантурга мүммүн эмес эле. Чооң заңгыраган хан сарайы алдында жайнаган жан сакчы жигиттер байкап койоору анык!
Бирок артынан, капталынан сүрөткө алып алды да, жанатан турган жаман унаасына отура кайра артка көздөй жөнөп баратты.
******************
Белес менен Лунара күндөн - күнгө иштери жүрүшүп, акырындык менен баарына жетишип жатышты. Кооздолгон сүрөттөрү көп адамдын бүйүрүн кызытып, көргөзмөлөргө койулуп жатты. Жаңы ачылган жайга Белес сүрөт ийриминен сабак берип,андан башка тиги жигиттин сүрөт көргөзмөсүнө катышып, айтор өнөрчүлүк жагынан иши жүрүшүп, ити чөп жеп баратты. Күндөн- күнгө Лунара үйрөткөндөй кийим үлгүсүн оңдоп, адамдарга карай, жүрүш турушун оңдоп алды. Ким -Ким? Аз убакытта Белес зыңкыйган жигитке айланды. Ал тургай кооз көргөзмөгө келген айымдар, кыздар, ал тургай бизнес леди деп өздөрүн атаган сулуулар да Белестин тарткан сүрөтүнөн көздөрүн ала - албай, кандайдыр сүрөттүн ичинде коркунучтуу нерсе жаткандай, адамды өзүнө тартып турат эмеспи.
— Эмне деген кооздук? Кандай керемет сүрөт?
Түшүнүгү абдан терең окшойт менимче?
Чоң залдын ичине илинген ушундай кооздукта ары кайгылуу тартылган сүрөттү карап алган сулуу айым, өзүнчө сүйлөнө, Белестин жанына туруп калды.
Белес унчукпай, акырын адатынча жылмайып алып, өзү тарткан сүрөттү өзү карап турган.
— Бул сүрөттүн автору сизби мырза?
Айым эми экинчи жолу жылмайып карап алып, дагы суроо узатты.
— Ооба мен!
Белес акырын үн менен, жылмайып жооп берди.
— Эмне деген укмуш талант бул? Мааниси эмне экен бул сүрөттүн?
Сулуу айым да кетүүчүдөй эмес кайра суроо менен Белеске карай, сөзгө тартты.
Белестин ичиндеги ойду түшүндүрүп берүү кыйын эле.
Ары көздөй туңгуюкка камалып, чырмалышкан, чиелишкен тагдырдын сыноолорун чече албай, тээ караңгыны көздөй кетип бараткан өзүн чагылдырган сүрөт турган. Белес өзүн айткан жок, бирок дал ушунтип маанисин чечмелеп берди. Качан гана сүрөттөгү жигиттерди курчаган кыздарга келгенде үн катпай калды. Бирок тиги айым дал ушул суроону Белеске узата койду.
— А бул бийкечтер кимдер? Жанындагы тегеректеген?
Белес бир азга үн катпай отурду да, акырын ооз учу менен сүйлөп алды.
— Периштелер! Учуп жүргөн периштелер.
Белестин оюна ар түрдү ойлор келип, мурунку адаты кармап жаткан сыяктуу, ар -бир кызды кандай мыкаачылык менен өлтүргөнү эсине түшүп кетип жатты. Башы чыңалып, чыдатпай ооруп чыкты.
Кыйналды, ар-бир кыздын азаптуу кыйкырыгы кулагына жаңырып жатты.
— Мени кечириңиз!
Белес шашкан бойдон кийинүүчү бөлмөсүнө кирип, башын мыкчый отуруп калды. Кулагын жаба салды. Тиги кыздар өзүн да чакырып жаткан сыяктанды.
-—Жок -жок каалабайм! Жок!
Алда ким менен сүйлөшүп жаткан сыяктуу кулагын да, көзүн да жаба салып, сүйлөнө берди.
Дал ушундай абалында көпкө отурду. Бир аздан соң тынчыган соң, жүзүн жууганы кирип, өзүн күзгүдөн карап алды. Көздөрү дал ошол учурдагыдай болуп, кызарып кан толо түшкөн. Адатта бир кызды мыкаачылык менен өлтүрүп, андан соң чарчаган кезинде, дал ушундай абалга түшүп кала турган. Өзүн көрүп, өзүнөн -өзү корко түштү. Ичиндеги кандайдыр бир напсисине баш ийбеген жексур күч, зордук менен эркин жеңип, ичиндеги такыр башка кубулуштагы жан калыптанып келе жаткандай сезилди.
Өңү кубарып, чарчап чыкты. Күзгүдөн карай, өзүнө -өзү сүйлөнүп алды.
— Жок -жок мен мындай адам эмесмин.
Өзүн дал ичиндеги жашап жаткан жырткыч адамга бергиси келбей турду. Кудум эле өз-эрки менен алышып жаткан сыяктуу.
Жүзүн муздак сууга чайкай, шашыла бөлмөдөн чыгып, сыртка көздөй чыгып, унаасына отуруп Лунараны көздөй жөнөдү.
Лунара бул күнү үйдө эле. Дал ушул кыз, дал ушул Лунара баарына дабаа сыяктуу сезиле, жылмайыңкы жүзү элестеп алды. Баарын унуттурчу кыз ушул сыяктанып сезиле түштү.
***************
Бул убакта Лунара үй ичин баарын тазалап жыйнап, адатынча ар түркүн көйнөктөрдүн сүрөтүн ойдон чыгарып тартып отурган. Өңү бозоруп, кубарып кирип келген Белести көрө койгон Лунара чоочуй түштү.
— Белес эмне болду сага?
Таң кала өзүн тиктеген кызды саамга карап турган Белес, ичиндеги болуп жаткан нерселерди кандай айтаарын билбей, бир азга кызды карап тура, кайра кызды колдон тарта, бекем кучактап жиберди. Койуп жибергиси келген жок! Тек гана, тек гана ушундай саамга тургусу келип, көзүн чылк жумуп алды.
Мунун баарына түшүнбөй жатса да, Лунара каршы болгон жок! Тек гана жигиттин жүрөгүнө башын жөлөй, кучагынан чыга албай тура берди.
Белес кыйлага кызды кучактай турду. Көзүнөн эмнегедир мөлтүр жаштар тама түштү.
Ичинен кайра -кайра кечирим сурап алды.
— Белес баары жакшы элеби?
Кыз жигиттин жүзүнө колун койо оттой ысып чыкканын байкай койду.
— Ай -иий сенде ысытма бар экен го.
Жүрү бул жерге отур, азыр дары берем.
Белести колунан жетелей жердеги төшөлгөн төшөккө отургуза өзү ары жактан дары алып келип, жигитке кармата салды.
— Ме ичип ал. Андан соң бир аз уктап эс алсаң, сен - көр, мен- көр, жок болуп кетет.
баары.
Лунара жылмайып алды.
Белес кызды узакка тигиле карап алды да,акырын колун кыздын жүзүнө койо үн катты.
— Аябай мээримдүү жансын ээ?... Ошол менен бирге эле аябай күчтүүсүн да,эрктүүсүн. Сенин колуңдан баары келет. Аны койо берчи сен сени дагы түз жолго салып койдуң. Сага жолуга электен алдын мен кандай жашоодо,жашаганымды да билбейм. Кызыксыз,кунарсыз бир өмүр эле.
Көздөрү жалт-эте Белести тиктегее Лунара бул жигитке азыр эмне болуп жатканын түшүнө албай турду.
— Мүмкүнбү?
Белес Лунаранын тизесине башын койо,бир саамга ойлуу жата кетти.
— Билесинби Белес? Сен дүйнөдөгү эң бир күчтүү, мыкты сүрөтчү болосун. Сенин сүрөттөрүң дүйнөгө атагы таанымал, болуп, тээ бийик -бийик имараттардын ичине илинет. Сенин сүрөттөрүң ичинде укмуштуудай юир жашоо жатат. Сен бул талант менен сыймыктанууң керек. Азыр сага эмне болуп жатат билбедим... Сурабайм да. Сени кыйноого салгым келбейт. Бирок бил... Сен баарынан күчтүү турасын. Өз напсиңе каршы күрөшүп, ушул даражага жеттиң, дагы жетесин буйруса. Биз адам баласы адашуудан турабыз. Биринчи жаңылыш кадам шилтейбиз, жаңылабыз, жыгылабыз, күйөбүз, ыйлайбыз, турабыз. Бирок бул дегени жеңилип калуу дегени эмес.... Кудай бизди жаратканда эмне үчүн сыноо артты дейсин? Биз ошол кадамдардан өтүп барып,өз жон терибиз менен ошол азапты тартып, кайра экинчи баспаш үчүн. Барып -барып түзөлүү болот. Жеңилбөө керек экенин түшүндүм. Бизди саздан өзүбүздү -өзүбүз алып чыкпасак, эч ким колдон тартып, ички напсиң менен күрөшүүгө жардамга келбейт экен. Мен ишенем! Сен дагы жаман адаттарың менен күрөшүп жатасын. Алар менен өмүр өткөнчө күрөшүүбүз кажет. Биздин адамдыгыбыз ошондо экен.
Лунаранын сөздөрү Белеска дары сымал сезилип, азыр эле будуң -чаң, ызы чуу болуп жаткан ички дүйнөсүнө тынчтык орной түшкөндөй болду. Кыздын колун бекем кармаган Белес, сөзүн кунт койуп угуп жатты.
— Рахмат сага, сен мен үчүн, жашоомдун тынчтыгысын.
Ушундай сөздөрдү ичинен айтып алган Белес, көзүн жума уйкуга кетти.
*************
Сырткы чоң залга барып, бутун учкаштыра отура кеткен Рамис эрте мененки болгон суук кабардын ызгаарынан дале чыга албай жаткан сыяктуу... Маанай түшө кетти. Акыры бир күнү ушунун баары бүтөөрүн сезип турду ичинен. Жанатан үйдүн кагаз иштерин бүтүрүп, ачкычын колуна алып келген жан сакчысына үн катты.
— Мага Алинаны чакырып келчи.
— Жарайт шеф!
Акырын басып чыгып кеткен жан сакчы, бир заматта эле, ары жакта кызмат кылып, үй жыйып жүргөн Алинаны чакырып келе калды. Дагы эмне болуп кетти деп ойлой кеткен кыз корко түшүп, Рамистин алдында турду.
— Кел бул жерге отура кой.
Рамис адатынча жанын көрсөттү.
Кыз каршылык көрсөтүү кайда, акырын үн катпай жанына барып отура калды.
— Алина айтчы? Бул жерде жумуш жасоо жагып жатабы? Эгер тандоо койулса кала белең? Же кеткиң келдиби? Кай бирисин тандамаксын?
Алина Рамистин мындай суроосуна таң калв, көздөрүн бакырайтып жигитти карай салды.
Кетем деген сөздү айта албай, корко түшүп, сүйлөп бара, толук айтпай кайра оозун жыйып алды. Аны Рамис баарын түшүнүп турду.
— Албетте кетмексин ээ? Ким кааламак эле. Эч ким кааламак эмес. Сен жаш кызсын. Мындай тагдырды эмнегедир сага ыраа көрө албай койдум. Эмне үчүн анчалык жакын болуп, ичимде сага бир нерсе тартылып турат билбейм. Бирок мен бул жерде турууңду каалабайм.
Сени Кубат бир жерге алып барат. Ошол жакта жашайсын. Ичинде баары бар. Менин өмүрүмдө адамга биринчи жолу жасаган жакшылыгым ушул болсун. Сага эркиндигиңди кайтарып бергим келди. Мен сага үй даярдадым. Кубат алып барат. Эртең окуйм десең каалаган окууңа киргизип берем. Кандай дейсин болобу?
Кыз азыр Рамистин айтканына ишенип, ишене албай, элейе, бирде Рамисти, бирде аркы жан сакчы Кубатты карап алды. Кубат да туура дегендей, кызга жылмайып, башын ийкей койду.
— Аа мунун баары?...
Кыз андан ары айта албай, мукактана түшө кайра -кайра бакыракай көздөрү менен Рамиске суроолу тиктеп жатты.
— Ооба! -ооба ишене албай жатышың мүмкүн. Эми кийимдериңди жыйып, буюм тайымдарыңды жыйнаштыра бер. Болобу? Аа мына көйнөктөрлү ыргыт! Мындан ары андай кийимдер сага кереги жок.
Кыз үн катпай ордунан тура, аң -таң боло өз бөлмөсүнө карай жөнөдү.
— Байкуш кыз. Өз -өзүнө ишене албаган заманда, анан мага ишенүү кайда дейсин.?
Рамис ойлуу жанындагы жигитке сүйлөп алды.
— Атаңызга жетпесин деп ойлоп жатам кожоюн.
Рамис чын эле ошондон коркот. Атасы эч качан уурдалып келген кыздарды үйүнө катып, же үй кызматчы кылып алуусуна каршы эле. Бир күн болсо, бир күн баары бир, түбүнө жетип койот деп ойлочуу. Ошол үчүн андай кыздар дайыма же өлүгү чыгат, же такыр башка мамлекетке кул катары кетээри анык. Рамис Алинаны мындай жашоого кыйбаганы үчүн да, кетирүүн чечти. Эч ким билбөөсү керек муну. Эгер атасынын кулагына жетсе, Алинаны заматта тындым кылдырып салаары анык. Атасы менен иштөө акыркы убакта аябай эле кооптуу болуп баратканы Рамистин уйкусун төрт бөлө турчуу болду.
—Кийимдерин даярдап болсо, айткан дарегиңе алып барып, үйгө киргизип кел. Тиги кайтарган эки жигитке да айт. Оозуна юекем болушуп, эч кимге үн катышпасын.
Кубат башын ийкей макул деп алды да, кайра адатынча суроо узатты.
— Кожоюн тиги акыйкатчы кыз менен учурашасызбы бүгүн кеч?
Рамис эсине түшө бир жылмайып алды да жооп бере салды.
— Албетте!
***************************
— Кожоюн кирүүгө мүмкүнбү?
Жанатан башын кагазгө үңүлө көзүн албай карап отурган Амирге жан сакчысы уирүмгө уруксат сурап алды.
— Кел кир! Эмне кабар?
— Кожоюн кыз тууралуу баарын билдик. Жигит тууралуу да издеп жатабыз. Башка жаңылык бар.
Жигит бир аз үн катпай туруп калды. Муну байкаган Амир кайра суроо узатты.
— Эми айтсаңчы? Эмне болду дагы?
— Эртең кечинде Самир -Аскат келип түшөт экен. Үй бүлөсү менен бирге. Кызын жигиттерине кайтартып койгон. Балким бул кызы менен да таанышуу, көрүшүү оюнда окшойт.
— Демек ошондой дечи! Самир -Аскат! Келе турган болупсун да акыры. Жоок... Эгер кызы менен көрүшкөнүн жубайы билсе, жөн отурбайт. Жубайы кимдин кызы экенин билесинби? Ал айым да жөн эмес. Кызды карап байкатпай карап жүргүлө. Эгер Аскаттын жубайы билип калса кол салаары анык. Бул кыз мен максатыма жетип, Аскаттан өч алуума өтө керек болот.
— Кожоюн мүмкүнбү сурасам?
— Сура.
— Кечириңиз ыңгайсыз суроом үчүн, ошондо кыз аркылуу өч алмакчысызбы атысынан?
Жан сакчы жигит ыңгайсыздана түштү.
— Ооба! Бирок кыжалат болбо! Кызга зыяныбыз тийбейт.
Амир жигитти карай күлүп койду да, кайра иш кагазына үңүлө карап алды.
*****************
Күүгүм кеч кире, Тинатин үйдө ойлуу отурду.
Кечээги Рамистин айткан сөзү эсине түшүп отургандан бери эки саат өттү. Жигит күткөн жерге барбай койгон. Оюнда кеткен болсо керек деп ойлоп алды. Улам -улам саатты карап койот. Убакыт жигит чакыргандан бери үчүнчү саатка карай өтүп жатканы.
—Сиздин келишиңизди ушул жерден күтөм. Келбесеңиз таң атканча деле тура берем. Жүрөгүңүз бар болсо келээрсиз?
Рамистин жылмайып айткан ушул сөзү эсине түшүп кетти.
— Балким???
Ордунан дароо тура, шашылып колуна апакай узун плащын көтөрүп, үйдөн чыгып кетти. Оюнда жөн гана барып көрүүнү каалады. Балким кеткендир деп алды ичинен, жоок ал сени балким күтүп тургандыр деди экинчи оюу. Унаасына отуруп ойлуу кетин баратты.
***********
Күүгүм кечке өзү менен өзү сүйлөшүп, ары-бери басып алган кожоюнун карай Кубат алдына барды.
— Кожоюн... Балким кетеербиз? Суук деле өтүп кетти окшойт. Кыз келе турган убактан бери үч сааттан өттү. Келбеши анык.
Рамис муздап калган колун акырын үйлөп колуна жеңил кара кол кабын кийип ала, Кубатка карай сүйлөп алды.
— Ээх Кубат -Кубат. Келет көрөсүн го. Мен сөз бергенмин. Күтөм деп. Айымдарды билбейсин да сен. Кыз атайылап жатат. Бул бир сыноо. Атайын мени канчалык күтөт экен деп турганы. Эгер сыноодон өтпөй калсам, анда иштин бүткөнү ошол. Келет-келет.
Адатынча Рамис муздап калгандан, ары -бери басып, кыңылдап ырдап алды.
— Кожоюн кап этпеңиз айтсам. Сиз кызды...
Кубат андан ары айта албай, уялгансып жылмайып койду.
— Эмне кызды? Эмне?
Рамис да Кубатты суроолуу карады.
— Эми үч сааттан бери күткөнүңүзгө караганда... Кызды...
Кубат адатынча жылмайып алды.
— Мен билген кожоюн өмүрү кызды күткөнүн көргөн эмес элем да, ошондон сураганым. Балким кызды?...
Кубат андан аркысын айта албай эми чүнчү жолу токтоп калды.
— Түшүндүм эмне айтмакчы экениңди Кубат. Түшүндүм.
Рамис чын эле оозун жыйып айта электе кайрадан Кубаттын үнү чыкты.
— Ии кожоюн караң тээ тигинде кара унаа биз жакка кайрылмакчы. Мен барайын.
Кыздын унаасын жазбай тааныган Кубат колу менен көрсөтө Рамиске кайрылды.
— Бар барагой келди кыз. Айттым го сага.
Рамис өзүн, боюн түздөп кадимки эле мурунку калыбында өзүн, боюн түздөй карап тура калды.
Жакыныраак токтогон унаадан түшкөн Тинатин өзүн күтүп ошоо тааныш караандын турганын көрө койду да, бырс эте күлүп жиберди.
— Бул акылдан азган неме го?!
Өз -өзүнө сүйлөнүп алганы менен, жигиттин дал ушул мамилеси, өзүн үч сааттан бери күтүп жатканы жага түштү. Боюн түздөй тармал чачтарын өйдө карата тарап алып, колун узун плащынын чөнтөгүнө салып койуп, кийген көйнөк, костюм, шымы баары кычырап, ары-бери басып жүргөн жигитти карап алган Тинатиндин жүрөгү жылый түшө, алды көздөй кадам басты.
Жанына жетип барганда эле, Рамистин кыэга берген биринчи суроо ушул болду.
— Келдиңизби сулуу???
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии

Комментариев нет.