🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

20 - БӨЛҮМ
Саат таңкы үчтөр чамасына жакындап калган учур.
Манас аэропортуна конуп түшкөн Американын чоң учагы токтоп, андан чыккан эки-үч, өгүздөй болгон чоңдуктагы жигиттер алды көздөй түшүп, арттан келе жаткан кожоюнун күтүп туруп калышты. Туш тарапты карап алышкан жигиттер, жан жакта эч ким өздөрүн карап турбады бекен деген ойдо элейише, жандарынан кечишип, кожоюнун жанан анын үй бүлөсүн кайтаруушуда.
Жубайын жетелей, артынан бойго жеткен сулуу кызын ээрчите түшкөн Самир -Аскат учактан түшөөрү замат колдорун кере-кере жайып ала, көктү карай, терең дем алып алды.
— Оохх эмне деген керемет жыт? Эмне деген кооздук. Мен сага акыры келдим. Эми өлсөм да ыраазымын. Эч бир жердин жыты өз Мекениме жетпейт.
Жанатан колдорун кере жайып сүйлөп турган Самир-Аскатты кызы карап алып, апасына англис тилинде бир нерселер сүйлөп алды.
— Ооба кызым ооба! Атаңдын Мекени ушул жер. Сен биле элексин да кызым. Кандай кооз жер, кооз өлкө экенин. Буйруса, мен сага баарын көрсөтөм жүргүлө эми кеттик.
Аэропорттун чоң залынан чыгыша, жанатан өздөрүн чыдамсыздык менен күтүп, бутунун башына чейин куралданган топ жигиттери тосуп чыгыша, кара узун, кымбат үлгүдөгү унаа алдында ийлип баштарын ийкей салам берип алышты.
— Кош келдиңиз кожоюн.
— Келдик -келдик.
Шашыла жүгүргөн жигиттер Аскатты, жанан үй бүлөсүн унаага отургузуша, дароо зуулдап айдап жөнөштү. Артынан ээрчиген дагы эки унаа жигиттери да жөнөштү.
Алардын баарын тээ арткы жакта карап отурган жигиттер, дароо коңгуроо кылып, бирөөсү акырын үн катты.
— Кожоюн Самир -Аскат азыр гана,үй бүлөсү менен бирге кайтып келди.
— Жакшы -жакшы. Күзөтүүнү уланткыла. Абай болгула, байкатып койбогула. Самирдин кандай экенин жакшы билесиңер ээ? Кайсыл жерге жайгашканынан өйдө билүүбүз керек. Тиги жигиттер менен кабарлаш, Лунараны да көздөн качырышпасын.
— Макул кожоюн уктум.
Телефонду дароо койуп койгон жигит акырын жанындагы шеригине карап алды. Жанатан артынан калбай, бир аз алыстыкта айдап, араткан шериги, тигилердин унаасынан көэ албай ээрчип баратты.
Узун жолдо кыйма -чийме ээрчишкен окшош унаалар, шаардын так ортосундагы кооз, бийик, айлана тегереги бийик курчалган, кеминде беш кабаттуу чоң имараттын астына келип токтошту. Жанатан үй алдында кайтарып күтүп турган жигиттери да, баары чыгыша, кожоюндарына тизилип баш ийкей, саламдашып алышты да, кожоюндарын үйгө чейин кирип кеткиче, баштарын ийген боюнча тура калышты.
— Кандай кооз үй?
Аскаттын кызы үйгө киреери замат, таң калганын жашыра албай ар - бир жердеги кооздукту карап алды. Үйүнүн жасалгасы улуттук жасалгалоодо, ар бир жериндеги кооз оюулуп чийилген накта кыргызча түшкөн оймолуу кооздуктар кыздын көңүлүн толтуруп турган.
— Эмели ачка болсоң керек жүрү конок үйгө . Атаң күтүүдө.
Апасынан сөзүнөн жанатан өз бөлмөсүн карап, кызыгып отурган кыз, дароо конок үйгө карай жөнөдү.
— Кызым бөлмөң кандай экен?
Жанатан чалкалап отура кеткен Аскат кызына англис тилинде сүйлөп жиберди.
— Айтып бүткүс керемет! Айтып бүткүс кооздук экен атаке.
Кызы да атасына жылмая сүйлөп, жанатан үй кызматчылары алып келип астына койгон тамакка карай үңүлдү.
— Ошондой кызым, ошондой. Эми тактарын көр, андан соң сени дагы кооз жерлерге алып барып көрсөтүп келем.
Аскат да тамакка карай, аялына бир карап алды.
— Сизгечи айым? Жактыбы биздин өлкө?
Аскаттын жылмайып караганына жубайы суз гана жооп бере салды.
— Ооба жакты.
Аскат жубайынын жүзүнөн дароо баарын түшүнө кайра үн катпай үчөө тамактанууга киришти.
Бир аздан соң жолдон чарчап келген кызы менен жубайы акырын өз бөлмөсүнө барыша уйкуга кетти. Бир гана Аскатта уйку жок. Иш бөлмөсүнө барып отура кете, дароо кол астында иштеген жигитти чакыра койду.
— Чакырдыңызбы шеф?
— Мен дайындаган нерселер эмне болуп жатат?
Аскаттын биринчи суроосу ушул болду.
— Кожоюн баары дайын. Кыз жакшы. Кыздан көз албай кароодобуз. Мына сүрөттөрү.
Жигит Аскаттын колуна бир топ сүрөттөрдү таштай салды.
Аскат шашыла сүрөттү колуна алып өзүнө окшош сулуу чырай,чачтары тармал келген, кой көз апакай нурдуу Лунараны көрүп турган.
— Канча деген убакыт?эмне деген убакыттар өттү.
Аскаттын эрди араң кыбырап, сүйлөп ала, акырын көкүрөк тушундагы чөнтөгүнө колун салып, кичинекей ороодогу оролгон наристенин сүрөтүн таап чыкты.
— Кызыңды издеп тап! Ал сенин каныңдан жаралган жан. Менин аз да болсо кадырым бар болсо сага, кызыңды издеп тап.
Көэ алдына кансырап, араң жан жаткан өзүнүн сүйүктүүсү тартылып, сөзү кулагына жаңыра түштү.
— Мен таптым. Кызыбызды таптык.
Ичинен ушуларды сүйлөнүп алган Аскат андан ары - карай, сүрөттөрдү бирден көрүп чыгып жатты.
Сүрөттө кыз ар кандай жерде тартылган. Ал тургай иштеген иш жайынан өйдө, жаман үйү, баары түшкөн. Ал тургай Белестин да сүрөтү тартылган. Мугу көрө койгон Аскат чоочуй түштү.
— Бул жигит ким экен? Аныктай алдыңарбы?
Бурк эте жан сакчысына сүйлөдү.
— Бул... Кыздын жанында бирге жашаган жигит. Канча убактан бери бирге экенин билбейбиз бирок, биз кызды тапкандан бери бирге турушат.
Айтууга бир аз тартына түшкөн жигит сөзүн жыйнактабай бүтүрдү.
— Күйөөсү деп ойлойсунбу?
Аскат кайра суроо берди.
— Билбейбиз муну тактай албадык. Бирок күйөөсү деген, же бул жигит менен нике кагаздары жок экен текшерип чыктык.
— Мейли... Мейли.
Бирок көбүрөөк нерсе аныктагыла бул жигит тууралуу.
— Жарайт кожоюн.
Унааны даярда! Азыр барып, өз көзүм менен көрүп келүүм керек.
— Жарайт кожоюн
Башын ийкей дароо сыртка чыгып кеткен жигит, сыртка чыгып, ары жактагы жигиттерге кайрыла, алар унааны жүргүзө салышты. Арадан аз убакыт өткөн соң, шашыла чыккан Аскат унаага отура кайдадыр жөнөдү.
Мунун баарын уктабай өз бөлмөсүндө, терезеден карап турган жубайын байкаган жок.
Аскаттын унаасы жылган соң, дароо сыртка чыккан жубайы жигиттердин башчысын өэүнө чакыра салды.
— Кожоюнуңар кайда кетти?
Эшиктен кирген жигитке берген суроосунун биринчиси эле ушул болду.
Мукактана түшкөн жигит эмне деп айтаарын билбей, шашыла түштү.
— Мм.. Ммен билбейт экенмин айым. Кожоюн бизге айткан жок.
Бул сөздөргө айым ишенген жок. Өзүнө карай жакын келген айымдын сүрү, тиги жигитти андан бетер калтыратып жиберди.
— Жалган айтып жатасынбы мага? Канчадан бери, жалган сүйлөй турган болгонсун?
Айымдын эми үнү өктөм чыга түштү. Жигит болсо адатынча, жер карай жооп берди.
— Кечириңиз айым. Мен бирок эч нерсе билбейм.
Айым баарын билип түшүнүп турса да, үстөмдүгүн көрсөтүп сүйлөп алды. Кожоюну сырын тең бөлүшкөнү менен, жан сакчылары эч качан айымга, же кызына айтпоосун жакшы билет. Ал тургай өлүм алдында турса да, булардын сөзү билбейм деп кана чыгаарын да билип турганы менен, Айым да өз билгенин бербейт.
— Макул! Азырча ушундай боло турсун.
Кыпкызыл жатаарга кийчүү узун халатын желбирете Айым жигитке бир карап алды да, алды көздөй басып кетти.
******************
БИРИНЧИ ЖОЛУГУШУУ.
— Сиз деги кандай жигит элеңиз? Үшүп муздап дагы эле турганыңыз кандай?
Тинатин Рамиске карап күлүп алды.
— Мен күтөм дедим го сизди.
Рамис да кыздан көзүн албай карап алган тейде жооп бере койду.
— Ушул кантип болсун, кызык жигит экенсиз. Үч саат өттү? Эмнеге турдуңуз бул жерде?
— Баары бир канча саат өтсө да сиз келдиңиз го.
Рамис, тоңуп титиреп калса да, жашырып турду.
— Кантсе дагы рахмат сизге. Келгениңиз үчүн.
Рамис адатынча жылмайып алып кайра сөз баштады.
— Мындай жерде күткөнүм жаман болду. Балким бир кооз жерге барып отуруп, тамактанып келеербиз, кандай дейсиз?
— Чын элеби? Ушул убактабы ээ?
Тинатин эмне дешин билбей ойлоно түштү. Аны улай эле Рамис кайра сөз баштады.
— Сиздей сулуу менен бул жерде турганыма уялып турам ачыгы. Суук да болуп кетти, муздап каласыз.
Тинатин араң сүйлөп,муздап калгандан улам титиреп, ошондо да баарын ичине катып турган Рамисти карай, жылмайып күлүп жиберип, акырын башын ийкей макул деп алды.
— Менин унаамда кетели ээ? Сиздин унааңызды айдоочум алып кетет.
Тинатин башын ийкей, жанатан унаадан түшпөй, экөөнүн жолугуусуг кызыгуу менен карап отурган Кубатты карап алды. Шашкалактаган Кубат Рамис жанына келгенде унаадан түшүп, Тинатинге башын ийкей саламдашып алды.
— Саламатсызбы.
Тинатин да жылмайып башын ийкей, саламына алик ала койду.
— Кубат, Бийкечтин унаасын тиешелүү жерге айдап барып токтотуп кой ээ? Анан чакырган убакта келе - кал.
— Жарайт шеф.
Тинатин колуна ачкычын кармата койду.
— Отуруңуз бийкеч
Шефи өзү эшигин ачып берип жатканына таңдана караган Кубат, ичинен жылмайып алып, башын ийген абалында, шефинин унаасы жанынан жылып кеткенче карап алды да, узактаган соң, башын чайкап күлүп жиберди.
— Эхх кожоюн -кожоюн. Жүрөккө буйрук берип болбойт дегени ушул окшойт го.
Кыңылдап ырдап алып, акырын, кыздын унаасына отура айдап жөнөдү.
**********
Тинатин менен Рамис кымбат эч алуучу жайлардын бирине келише тактанып отурушту. Экөөнүн аңгемеси жараша түшүп, экөө кээде каткыра, баштан өткөн кызыктуу нерселери менен бөлүшө, өздөрү тууралуу айтып, жакындан тааныша да түшүштү.
Канчалык Рамис кыз тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, кызыгып жатса да, кыз ошончолук өзү жөнүндө өтө маанилүү нерселерди айтпай, сыр катат. Айтор Рамис кызды оңой эмес экенин билип отурду. Бирок ошондо да өз оюна каршы чыгып, биринчи эле кездешүүдөн, кызга карай ооп, аны жактырып, ага карай кандайдыр башкача сезимдер пайда болуп жатканын, балким ал сүйүүбү,же жөн гана артыгы жок сыйбы өзү да түшүнбөй турган...
************
ӨЗҮНӨ КЕЛҮҮ
Үнү араң чыгып, өзүнө келип жаткан Динараны жанатан карап отурган кыз сыртта отурган Сезимге карай жүгүрдү.
— Динара айым, Динара айым өэүнө келип жатат.
Сеэим шашыла жетип барды. Үнү кырылдап жаны ооруганга чыдабай онтоп алган Динара акырын, көзүн ачып, бир нерселер сүйлөп алды.
— Мен кайдамын? Кайдамын? Суу... Суу...
Оозу араң кыбырай сүйлөгөн Динара, оюна дароо ошол күндөгү окуяны эске түшүрдү.
— Кыз, кыз кана, Мээрим?...
Ордунан обдула бергенде колунан кармаган наэик колдор Динараны акырын тынчтандыра койду.
— Мен мындамын! Мындамын.
Кыжалат болбоңуз. Мен жаныңыздамын. Баары жакшы болот. Айыгып кетиңиз. Мына суу.. Ичиңиз.
Оозуна тамчылата бир аз суу куйа койгон кыз акырын жанына отура кетти.
Сезим да келе калып, оору калтыруучу дарыларды куюп, кан басымын баарын өлчөп карап жатты.
— Динара айым, сизде баары жакшыбы, ден соолугуңуз кантип калды? Каттуу оору жокпу?
Сезимдин үнү алыстан угулган Динара оозун кыбырата бир нерселер айтып, акырын кайра,өзүнө келе албай уйкуга кетти.
— Сезим эже баары жакшыбы? Эмнеге кайра уктап калды.
Жанында отурган кыз коркуп кете, чебелектей түштү. Оюнда өлүп калбады бекен деген ой келген.
— Жок-жок жаман ойлобо. Баары жакшы. Азыр уктап эс алганы жакшы. Анткени оорусу дале катуу. Күч жыйнашы керек бир аз. Мурункудан караганда аэыр абалы кыйла жакшы.
Корко түшкөн кызды араң өзүнө келтире, чачтарынан сылап, кучактай койгон Сезим, алаксытууга аракет кылып жатты.
— Бул айым жок болсо эгерде, менин жашоом эмне болмок билбеймин. Өлбөсүн! Кудай өлтүрө көрбөсүн. Мени тигилердин чеңгелинен сууруп чыгам деп, ушул абалга түштү.
Кыз ушунтип сүйлөнө берди.
— Түүш кыжалат болбо! Андай жаман ойлор ойлобо ээ?... Динара айым мыкты айым экен. Күчтүү дагы. Буйруса дагы мурункудай абалына кайтат.
Сезим да ич -ичинен ушул айткан сөздөрүнө ишенгиси келип турду. Бирок баары оңой эле боло калчуудай эместей...
Экөөнүн сөздөрүн угуп, бери жакта тиктеп турган Амантур акырын кайра сыртка чыгып кетти.
Жер төлөсүнө түшүп, дубалга илинген бир нече сүрөттөн, кечееги эки, үч күн алдын өзү өлтүргөн жигиттин, дагы бир шеригинин жүзүн, кайчылаштырып, кара боёк менен сызып алды да, узакка тигиле карап, койо, өз буюмдарын даярдап, эртеңки кечти күтмөкчү болду.
Прокурордун экинчи жигитин дагы жок кылса, тигилерге эң чоң көйгөй, ары коркунучтуу болоорун билип турду. Анткени мунусунда өзгөчө мыкаачылык менен жанын алууну ойлоп алды. Ананчы? Кызынын жанын кыйнаганы аз келгенсип, азаптап өлтүргөнүн өз сөзүндө айтып берип жаткан жок эмеспи?... Кечееги колундагы жазып алган видео тасмада баары ачык, айкын,өзүнүн айтып отурганы көрсөтүлгөн. Каны кайнай түшкөн Амантур бул жигит үчүн эң азаптуу өлүм даярдап жатты.
**************
ЧАКЫРУУ, ЖЕ БОЛБОСО УГУЛГАН ҮНДӨР.
Белестин кулагына угулган ыйламсырап отурган кыздын үнү тынчын ала берди. Азыр да караңгыдан өзүнө карай шамалдын шуулдаган үнүнө кошула келе жаткан муңдуу ый, Белестин ичиндеги жашаган башка, мыкавчы инсанды ойготуп жаткан сыяктуу сезилип, өз -өзүнө баш бербей, кыжыры кайнай түштү.
Адатта ушундай ыйлаган муңдуу үндү уккусу келбейт. Кыжыры кайнай түшүп, алдындагы отурган жанды ачуусу менен бөлүк, бөлүк кылып тытмалап кескилеп салчуу адаты бар эмес беле?
Калың токой ичин аралай келе жаткан Белес үн чыккан тарапты карай кадамын арыштап басып, кызга жетүүгө шашат.
Ичиндеги жиндидей болгон ойлор, мээсин жейт. Эмнегедир кадамдары шилтене, дал өэү барып, тирүүлөй көөмп жүргөн он чакты бейиттин арасына кантип туруп калганын билбей калды. Ар- бир көмүлгөн топурагы үстүндө отурган кыздар, жүздөрү тааныш. Жүзү башы канга толо, биринин ичи, көйнөгү канга чыланып, бирөөсү болсо колу кесилип бети кесилген кыздар, өзүн кошо бул өмүрдөн жетелеп кетүүчүдөй жакындай бергенде чоочуй,бакыра уйкудан ойгонуп, ордунан ыргып тура калды.
— Эмне болду сага Белес?
Ары сырт жакта жаңы гана көйнөгүн тигип бүтүрүп уктап калган Лунара да чоочуй ойгоно жетип келди.
Көл-шал болуп, маңдайынан куюлган тер, кийим үстүнө жабыла суу боло түшкөн.
— Жаман түш көрдүңбү ээ? Мен азыр.
Лунара сыртка чыгып, идишке суу көтөрүп келе койду.
— Мэ муну ичип алчы. Жөн гана жаман түш көрдүң окшойт. Болду баары жакшы.
Лунара сууну жигитке кармата салып, сүйлөп алды.
Кулкулдата кыз карматкан сууну жутуп алган Белес ойлуу, өзү -өзү сүйлөшө, кайра ордуна жата кетти.
— Бул жөн гана түш. Бул жөн гана түш. Менде баары жакшы. Баары жакшы. Көзүн чылк жума салып, ушуларды ойлогон Белес алда неден коркуп тургандай денеси титиреп, бүрүшүп жатты.
Мурун кыздарды өлтүргөн убакта такыр ушундай кооптонуу, же бир коркуу сезими болгон эмес. Жөн гана мал сойгондой мууздап, же майдалап, өзү каалагандай мыкаачылык менен жанын алчуу эмес беле? Бара -бара өзүнүн ушундай жексур, жаман адам экенине көзү жетип, ал тургай өзүн -өзү жек көрүүчү адатка айланып бараткандай, өзүнөн -өзү кээде коркчуу болду. Баарынан да ары жакта таттуу уйкуга кирген кызга билбей, бир күнү азап берип алуудан коркчуу болду.
— Мендей адам жашоого акылуубу? Кантип? Ушунча жүк менен мойнумдагы оор кылмыш менен, мен кантип жашай алам?
Кулагына угулган кыздардын үнү дал ушундай азап берип, дал ушунтип кыйкырып жаткан өңдүү туюлат.
Таң атып, жерге жарык кирип баштаган убакта сыртка чыга, керилип чоюлуп койгон Лунара кыз тээ алыстан, өзүн карап турган Аскатты байкаган да жок. Боюнун узундугу, тармал чачтары, кудум эле сүйгөнүн эсине салып жиберди.
— Куйуп койгондой апасына окшоштугун карасаңчы? Көз алдымда Анелди көргөндөй болдум.
Акырын жанында турган жан сакчысына карай сүйлөп алды.
Жан саксычы да үн катпай, муңая түштү.
— Байкуш кызым. Башына эмне деген мүшкүлдөр түштү экен билбейм. Баарына мен күнөөлүүмүн. Бир нерсе кылып башка үйгө көчүрүүбүз керек. Билбейм тиги жигиттин кызматын сатып аласынбы? Же кызымдын эмгегин, тиккен кийимдерин алабызбы айтор, мен экеним билинбесин. Чоң акчага сатып ал. Кийин үй алып чыгуусуна жардам болсун. Жөн берсең, өмүрүндө кабыл кылбоосун билем.
— Жарайт шеф.
— Самир Аскат бир азга ойлуу кызды тиктеп тура, кайра акырын унаасына отура үйүн көздөй жөнөдү.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии