🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

22 - БӨЛҮМ
— Мен... Мен чоң рахмат сизге.
Лунара азыр эмне болуп кеткенин түшүнө албай, жигитти жалт карап алды да, ордунан өйдө боло койду.
— Бул сууну ичип алыңыз.
Кызга сууну кармата койгон Амир ордунан тура калды.
— Абай болуңуз. Эгер ден соолугуңуз сыр берсе, бир аз бул жерде отура турууңуз кажет. Анткени мындай абалда сыртка чыгууга кооптуу. Аман болуңуз мен барайын.
Амир кийимдерин оңдоно акырын жигиттерин артынан ээрчите, ары көздөй басып кетти.
Артынан узата караган Лунара эмне айтаарын билбей, таңдана түштү.
Ордунан өйдө боло калып, бирок чын эле башы зыңылдап ооруп чыкты. Кайра бир аз чоң залда жайгашкан жумшак отургучка отура кетти
— Кызык эле нерселер болууда. Түшүнүп акылга сыйчуу эмес. Ким эмне кылып, кандай адамда үйүмдө жашап жатканын да билбейм. Бул эмне сүрөт? Кандай чечмеленет? Эгерде Белес мен ойлогон эмес эле такыр башка адам болсочу?
Эрте мененки өзүнө карай болгон суук көз караш, муздак көздөр кайра-кайра элестеп, денеси титирей түштү. Ар нерсени ойлоно, артында турган чоң сүрөт, чындап эле каттуу, ары коркунучтуу сырды катып, көргөн ар-бир жанды өзүнө карай тартып туруучу нерсеси бардай эле. Жүрөгү опкоолжуй, кайра карап отургусу келген жок. Тек гана ордунан туруп, сыртка көздөй чыгып баратты.
************
Рамис акыркы күндөрү өзү менен өзү көңүлдүү. Көп нерсени көңүлүнө албай, мурункудай ачуулуу да болбой, эч кимге жаман мамилесин көрсөтпөй, ал тургай колунда иштеген кыздардан өйдө карап алып, кээде жумуштарына жеңилдик берип, айтор жакшы жагына өзгөрүп бараткандай...
Буга эмне себеп болуп, Рамистин аз күндө мынчалык, мурункудан да ачык, шайыр боло түшкөнүн, бир гана жанынан калбай жүргөн жалгыз шериги айдоочусу Кубат кана билбесе, калганы кожоюндарына аң-таң болуша элейишет.
Азыр да бардык иштерин бүтүрүп, өз үйүнө келип, чарчаган адам сыяктуу, чоң залдагы диванга буттарына айкалыштыры отура кетти.
— Артынан кирген Кубат да жанында тура калды.
— Кожоюн мүмкүнбү?
Бир аздан соң сырттан келген жигиттеринин бири, акырын ийилип салам берип алды да, колуна кармаган чакыруу кагазын бере койду.
Кубат колунан ала койуп ачып окуй салды.
— Кожоюн Айтылуу Самир -Аскаттын бүгүнкү зыяпатына чакыруу келиптир. Эмне кыласыз? Атаңыздын атынан дейт.
Жанатан үн катпай отурган Рамис бир азга ойлоно кайра ордунан туруп, кайдадыр жөнөдү.
— Атамдан сурообуз керек. Атам ал кишини жактыра бербейт негедир. Бул маселеде атам менен кеңешпесек болчуудай эмес. Жигиттерге айт! Даярданышсын.
Кубат башка эч нерсе деген жок. Тек гана, ашсн ийип макул боло, ары жактагы жигиттин бирөөсүнө буйрук бере койду.
— Кубат.
Рамис адатынча унаасына отуруп жатып сүйлөп алды.
— Угуп жатам кожоюн.
— Кандай ойлойсун? Кылып жаткан ишиюиз туура бекен? Атамдын бизнесин өнүктүрөм деп, белчемден сазга батып бараткан сыяктуумун. Башында буга анча деле көңүл бөлчүү эмесмин, азыр негедир башкача ойлорго жетеленип баратам.
Кубат кожоюнун сөзүн үн катпай угуп баратып, качан кожоюну ойлуу отура калган кезде сөз баштады.
— Мен дагы билбейм кожоюн. Кайсыл ак, кайсыл кара, эмне туура экенин да айырмалай албайм. Мен тек гана сиз айткан кызматты аткарам. Мага ошол жетиштүү. Менин үй бүлөм да, эч кимим жок кожоюн. Менде мээрим деле жашабаса керек деп ойлоп кетем. Бирок... Кубат ары эч нерсе айта албай, ордунда тск токтоп калды. Аны байкаган Рамис дароо сурай салды.
— Эмне бирок? Көңүлүңө жаккан инсан барбы?
Азыр ооба, азыр ошондой дей бересин. Бирок сенин да теңиң чыккан учурда, кандай өзгөргөнүңдү билбей каласын. Бир гана адам, бир гана адам бүткүл жамандыктан кайтара алат окшойт деген ой келип кетет кээде.
Ошондой Кубат. Эмне кылып жүргөнүбүздү атам билбесин. Эгер атам билсе...
Аяк жагын улай алган жок. Атасынын да каттык киши экенин башкалардан караганда жакшыраак билет эмеспи.
— Туура айьасыз кожоюн. Бирок мен сиз үчүн жанымды берем.
Рамис ичинен ушундай ишенген жан сакчысы бар экенине кымыңдай кубана түштү.
Кубат да ичинен жылмайып ала, оюна бир сулуунун элеси тартыла кетип баратты.
************
— Бакыт?
Жол ката үйүнө көздөй кетип бараткан Амир акырын жанында отурган жигитке үн катты.
Жанындагы жан сакчы жигит кулак төшөй тура калды.
— Жигиттерге айт! Мага кыз тууралуу эмес, жигит тууралуу маалымат такташсын. Күнжө артынан калышпасын. Кайда барат, кимге, качан, эмне жейт, ичет баарын. Бул жигит биз ойлогондой оңой эмес сыяктуу. Сен тарткан сүрөтүн байкадыңбы? Адатта мындай сүрөттөн жигиттин психикасында бир мандем бар экенин байкоого болот. Сүрөттөн кыэ эмес, менин да жүрөгүм шуу деди. Демек мындай сүрөттөр эч качан жөндөн жөн жаралбайт. Кызга зыянын тийгизбөө керек. Жигиттерге айт, азыртан буйрук беришсин.
— Уктум кожоюн азыр айтам.
Амирдин оозунан сөз чыгаары замат, жигит кол телефону аркылуу кол астындагы кызматчы жигиттерге байланышка чыгып, кожоюндары эмне десе баарын так ошондой жеткирип буйрук берип алды.
*********
— Бийкеч, сиздин кийимдериңизди алып келдик. Балким тандап кийип көрөөрсүз?
Жанатан үй ичинде кыңылдап көңүлдүү ырдай 'бир нерселер менен алек болуп жаткан, Емилинин бөлмөсүнүн эшига кагыла, сырттан кирген кызматчы кыздын үнү чыкты.
— Аай иий... Чын элеби? Азыр чыгып баратам мына.
Емили бөлмөсүнөн чыга, үстүңкү кабатка көтөрүлө, кийим кийүүчү чооң залды көздөй басты.
— Саламатсызбы Емили айым? Бул көйнөктөрдөн кайсынысын кааласаңыз кийип тандап көрүңүз.
Кызматчы кыздар баштарын ийкей сылык сүйлөп алышты.
— Макул. Мммм мунусун кийип көрөйүн.
Емили кеминде дегенде алты жети көйнөктү тандап кийип көрдү. Баары тең укмуш кооз. Бирок көңүлүнө жаккан көйнөк бир гана көйнөк болуп, өзү да жактыра түштү. Кызды Көркүнө чыгара ачып турган кийимде Лунаранын эмгеги жаткан.
— Мага ушул жакты. Мен ушул көйнөктү алып калам.
Жанындагы жалаң англис тилиндеги кайрылган кыздар дароо макул болуша, калганын ошол жерге илип койуша, калган жумуштарына киришишти
**********
— Атаке мүмкүнбү?
Рамис адатынча шыпылдай жетип келди.
— Мүмкүн уулум, мүмкүн. Жайчылык элеби?
Атасы дагы кенен бутун созо бир бөлмөдөн чыкпай отурган.
— Жайчылык эле ата. Сиз Самир -Аскатты тааныйсыз ээ? Ошондон чакыруу келиптир, сизден сурайын деп чечтим. Бүгүн зыяпат берип жатыптыр.
— Ошондой дечи Аскатты тааныйм ооба. Ал тургай экөөбүз далай- далай иштерди бирге бүтүргөнбүз. Сен мындай кыл уулум. Зыяпатка бар. Чакырган жерден калба. Менин ордумду басып отурган алардын арасында сенсин да. Демек сени сый үстүнө чакырган соң, бара кой. Анын эч жаманы жок. Бирок тилиңе абай бол. Ал аябагандай куу адам. Сенин ар -бир сөзүңдөн эле кандай экениңди байкап койот. Өзүңө керектүү жерде сүйлө, башка жерде үн катпа.
Атасынын сөзүн кунт койуп уккан Рамис макул дей башын ийкей, атасы менен коштошуп чыгып кетти.
— Сени менен да таанышчуу күн келет тура Самир -Аскат.
Ичинен ушуларды ойлой, кечеге даярдык көрүү үчүн кооз кийимдерин кийинип жатты.
*************
Амантур бүгүнгү кечеге дайын. Баары даяр. Бирок Амантур үчүн зыяпат эмес эле, Амантур көптөн күткөн ошол кече, кек алуу. Бүгүн баарынын денесин титиреткен өзгөчө бир жаңылык киргизүү. Бүгүн баарынын тынч уйкусун бузуу, жыргал жашоосун бүлдүрүү үчүн дайын. Жер төлөсүнө эч кимди түшүрбөйт. Сезим үчүн, Динара үчүн, кыз үчүн баарынан өч алуу керек. Алар тынч укташы үчүн, кызынын арбагы бир аз болсо да жай алышы үчүн. Бүгүн Амантурга эң маанилүү күн. Ооба бүгүн Аскаттын үйүндө майрам, той. Анын ичинде прокурор да болот.
Көптөн бери, прокурордун артынан калбай, изин жашырып аңдып жүрүп, эң чоң душманы, кызын өлтүргөн жигиттин кай жерде жашаганын билип алган. Ага өзгөчө өлүм даярдаган. Кийинки кезек дагы бир жигитте, андан соң прокурор, андан соң, калгандары...
Амантур бүгүнкү кечти чыдабай күттү. Жер төлөсүнөн чыкпай бир нерселер жасап жатты. Бул учурда Динаранын да ден соолугу кыйла калыптанып калган. Көзүн ачып сүйлөп акырындык менен өзүнө күч топтоп, өч алуу максатында. Ордунан турайын дейт, бирок болбойт. Жаны жай албай, эки бутуна сайылган учтуу бычактын ичинен калган жараат, Динараны андан бетер өч алууга түртөт. Азыр да качкын кыз Мээрим акырындан колунан сүйөп бастырып жүргөн учуру.
Сезим булардын баарын көрүп, ичинен кубанып алат. Бир чети өзүнө да жакшы. Баары тынч, баары жакшы. Айрыкча Динараны ажалдан алып калганына, Мээримди карап алып, бактылуу боло түшөт. Баары жакшы эле болсо экен деп тилеп алат ичинен. Телефон көтөрө албайт, курбусуна коңгуроо кылууга коркот. Аны да өзү менен бирге сазга батырып аламбы, өмүрңнө коркунуч туудурамбы деп ойлоп алып, кайра өз оюнан өзү чоочуй, тынч эле отуруп турууну ойлойт.
Этияттык менен Амантур Аскаттын дагы жашаган жеринен өйдө кылдаттык менен карап иликтеп чыккан. Ал тургай бүгүнкү конок күтүүчү чоң залды кооздоп, Аскаттын көбүрөөк көзөмөлдөөчү камерларды койгону ишчилерди чакырганын угуп, өзү да ошол ишчилердин арасында барып, үй ичин кылдаттык менен текшерип келгенин өзүнөн башка эч ким байкаган эмес. Бир гана өзүнөн көз кырын албай, кыйыла тиктеген Аскаттын жубайынын көзүнө түшкөнүн билди.
— Сен дагы керек болосун деп койду ичинен.
Ушуларды ойлой отурган Амантур жер төлөсүндөгү чийген душмандардын катарына Аскаттын да сүрөтүн жармаштыра салды.
Кечее күнү дал ошол, Аскаттын үйүнүн маңдайында жайгашкан кабат үйлөрдүн биринен алтынчы кабатынан бир бөлмөнү, дал ушул кечеге арнап ижарага алып койгон. Маңдайдагы үйдө эмне болуп, ким, кайдан чыгып, ким кайда кирип жатканын баарын көрүп турууга болот.
Амантур баарын даярдай сыртка чыгып үчөөнү карап алды.
Баардык жүк азыр тек гана өзүнүн мойнунда экенин ойлонуп алды. Кичинекей Мээримде эмне күнөө бар? Динарадачы, жөн гана жардамга келген Сезимчи. Эгер бул оюндан утулса, дал ушул инсандар биринчи жок болоорун өзү да билет. Андыктан бир кадамды да жаза баспоосу керек. Андайга мүмкүн эмес!
Сырттан узакка тигилген Амантурду көрө койгон Сезим ары бурулуп кеткен Амантурду көрө артынан басты.
— Тамактанып аласызбы?
Кыздын берген суроосу ушул болду. Бирок бул жөн гана шылтоо эле.
—Жок рахмат, ачка эмесмин.
Сезим тартына түштү. Кайра эмне деп айтаарын билбей тура калды.
— Баары жакшыбы сизде?
Сезимдин кайра берген суроосуна адатынча Амантур суз жооп кайтарды.
— Менде жакшы баары. Динаранын бутка туруп баратканы кубантты мени. Бул үчүн сага рахмат.
Сезим Амантурдун эми бир аз жылуураак сөз атйканына ичи жылый, жылмайя түштү.
— Эмнеге рахмат дейсиз? Менин жумушум, кесибим негизи ушул эмеспи? Мен дагы айымдын көзүн ачып, бутуна туруп баратканына кубанып турам. Менден дагы Мээрим өзгөчө жакын эмеспи? Мээримдин кубануусунда чек жок.
— Ооба. Кыздын жүзү күлүп баштаганы мени да кубанттырды. Динара айым күчтүү экен. Ошончо азапка чыдаган.
Экөө бир аз кобураша түшүштү. Кеч кире Амантур буюмдарын жүктөнүп, баары менен коштошуп шаарды көздөй аттанды.
**********
Кооз шаардын ичин жаркырата катарынан унаалар келип токтоп, ичинен мен -мен деген кадырлуу инсандар түшүп, туш тарабы курчалган үйдүн ичине көздөй кирип баратышты. Ар- бири менен жылуу учурашкан
Аскат эски тааныштарын көргөнгө кубанып, ичкери карай узатып, кайра сырттан келген конокторду тосуп жатты. Катарынан токтогон унаалардын алдында өздөрүнүн кожоюдарын жанын берчүүдөй коргогон жигиттери, эң ишеничтүү, бирден гана жан сакчыларын ээрчите кирип баратышты. Ошондо да эшиктин алдында турган эки жигит, тигилердин куралдарын алып койуша, ичкери курал менен кирүүгө мүмкүн эмес экенин айтып жаташты.
Жанаша токтогон унаадан, шашыла эшикти ачкан жигиттер Рамисти күтүп туруп калышты. Бутунан башына чейин таптаза чыкыйып жалтыраган Рамис да, жан сакчысы экөө, бет маңдайга токтоп, ичинен түшкөн Амирди карай, ким экенин билише албай Рамис акырын Кубатка кайрыла калды.
— Бул жигит ким экенинен кабарың барбы?
Кубат жоок дегендей башын чайкады.
— Мейли анда кийин...
Рамис алды көздөй басып бара, ичкериден чыккан Аскат менен жылуу учурашып алды.
— Оо... Кимдер- кимдер келүүдө? Атыңызды эле көп укканым менен өзүңүздү бир экиде бала кезден көргөн боюмча көрө элек элем. Кош келипсиз төрлөтүңүз.
Рамисти жакын таанышындай кучактай, жылуу учурашкан Аскат акырын ичкери киргизе кайра сырттан келе жаткан Амирди каршы алды.
Бирок Амирдин өткүр көз карашынан бир аз күлкүсүн жыйып, олуттуу учурашып алды.
— Кош келдиңиз. Амир мырза. Чакыруума терс көз караш билдирбей келип бергениңизге кубанычтамын. Биз сиз менен бирге, дагы көп-көп жакшы иштер бүтүрөбүз деген ойдомун.
Амирге биринчи боло, өзү код сунуп алды. Амир да ичинен канча жек көрүп турса да, калп жылмая, акырын башын ийкеп, Аскаттын колун алды.
— Мен дагы кубанычтамын. Чакырганыңыз үчүн рахмат.
Экөөнүн көз караштары бири -бирине баары бир душман экенин билдирип турган.
Колун каттуу кысып,көзүнө тике караган Амирди бир караган Аскат,сырттан келе жаткан прокурорду көрө,сөздү башкага бура койду.
— Көргөнүмө кубанычтамын.
Аркы жактан кирген прокурор да эң жакын адамын ээрчите көпчүлүктүн катарына кошула койушту.Мунун баарын кыраакы Рамис менен жан сакчысы Кубат байкап койду.
— Менимче бул жигит да оңой олтоң эмес көрүнөт.
Рамис акырын Кубатка карай сүйлөп алды.
— Мен да ошондой ойлоп жатам кожоюн. Болбосо Аскаттын көзүнө карап,көпчүлүк,айрыкча мындай жаш жигиттер даап карай алышпайт эле.
— Туура - туура . Кайдан келгенин, качан, эмне иш менен алек баарын билгиле жигит тууралуу.
Рамис шашыла сүйлөй, алдынан чыгып учурашкан ар-бир сый болуп келген жандар менен учураша кетти.
Конок учу үзүлбөйт. Эмне деген гана, кимдер кана келбеди. Жаш селкилерин ээрчите колтушкандар, кыздары, аялдары менен келгендери болду. Айтор аял- эркек бир чоң залдын ичи толтура.
Кече эми гана башталды. Жанатан баары менен сый таанышып, жылмая учурашып жүргөн Аскаттын жубайы Рамис менен да жылуу учураша кетишти. Ал тургай Емилини да тааныштыра өттү.
Узун көйнөгү жер чийе, бой келбетинин көркүн ачып, сары узун чачтары бийик, тармал болуп төбөсүнө түйүп, мойну койкойгон узун, көздөрү көкмөк, өңү ак саргыл келген Емили, жанында жүргөн тил котопмочу кызын ээрчитип, баардык коноктор менен сый мамиледе таанышып учурашып жатты. Ак-көз, кара -көз Емилинин сулуулугуна суктанып карашса, дагы бир топ, Аскаттын кызы экенине суктанып карап жатышты.
Бир гана бул нерсеге Рамис менен Амирдин маани бербегени таң калтырат эмеспи?.
— Саламатсызбы? Биздин кечебизге кадырлуу конок болуп келип бергениңазге аябай кубанычтабыз.
Жанатан артын карап башка адамдар менен сүйлөшүп турган Амир кыздын үнү чыккан тарапты карап алды. Артынан көздөрү бакырайып өзүн тиктеген Емили турган.
— Оо Емили бийкеч. Салмаматчылык. Сиз менен жакындан жүз көрүшүп,таанышып жатканыма төбөм көккө жетти.
Амир да сылык мамиле менен кыздын колун алып, башын ийип, сый ызаат билдире акырын назик колдорун оозуна алып барып өөп жиберди.
— Бар болуңуз. Атыңыз ким болчу эле сиздин?
Кыз да ийилип жигиттин саламын кабыл алгандай, көздөрүнө тике карай, кайра жигитке кайрылды.
— Атым Амир бийкеч.
Жигит да жылмайып койду.
— Сиз менен таанышканыма кубанычтамын Амир мырза. Кечебиз көңүлүңүздөн чыгып жатабы? Баары жакшы элеби?
Кыз Амирди карай, жандап баса, суроо берип алды.
— Баары жакшы бийкеч. Сыйыңызга ыраазымын.
Амир жылмайып койду. Кыз да акырын жылмайып андан ары сөзүн улады.
Экөө бир азга кобураша түшүштү. Амирдин өзүнө карай жасаган жылуу мамилеси, Амирдин дал өзүндөй англис тилинде сайрап турганы, дээрлик эле баарлашуу оңой болгону, сый-сыпаасы кыздын көңүлүнөн чыгып турду.
— Сиздей сулуу бийкеч үчүн.
Колунда турган кымбат, хрустал бокалдагы кызыл шараптан экөө кагыштыра, култ этип жутуп алышты.
— Емили мында кел.
Ары жактан чыккан апасынын үнүнөн улам, дагы бир үй бүлө менен тааныштыраарын билген кыз, жигит менен маегин түгөтүп, акырын ары карай басып кетти.
Артынан узата караган Амир, өзүн жеп жиберчүүдөй теше тиктеген, Аскатты көрө койду. Экөө тим эле арбашып жаткан сыяктуу, жек көрүүлөрү күч болуп турган.
— Бул экөө жөн адамдар эмес. Аскаттын көрөөр күнү алдыда окшойт.
Жанатан мунун баарын байкаган кыраакы Рамис адатынча Кубатка шыбырап алды.
**********
Күн кечтеп, түнгө алмашып, коюу түн кучагын жайып калган маал. Лунара кечке басып жүрүп, бутун сүйрөй, акырын үйүн көздөй кетип баратып, жол четинде турган Белестин унаасын ага шашыла отуруп кайдадыр жөнөгөн Белести байкады.
Эмнегедир оюна башка нерселер келип, унаа өтүп кеткенче артын карай жашына салып, бир аз убактан соң жолдон унаа кармай шашыда отура кетти.
— Байке тиги унаанын артынан жүрө аласызбы? Бирок өтө жакын барбаңыэ.
Кыздын оюнда Белестин кайда бара жатканы, кимге, эмнеге? Деген суроолор тынчтык бербей жатты.
Айдоочу да Белестин унаасынан калбай кете берди.
Шаардан бир кыйла сыртка чыгып калган убакта, калың токойго кеткен жол аркылуу ичкери карай унаа кирип баратты.
— Карындаш мындан ары жол жок, болсо азыркы унаа ушул жерге токтоду. Эмне кылайын же, дагы жол бүткөнчө барайынбы?
Кыздын түркүн ойлорун айдоочунүн күрүлдөгөн жоон үнү бузду.
— Рахмат мына.
Жол каражатын төлөй, Лунара айдоочуну ушул жерде күтүшүн суранды.
Айдоочу баоын ийкей ары карай кирип кеткен кызды карай күлүп, өэүнчө сүйлөнүп жиберди.
— Эх эркек- эркек. Айымдардан амал качып кутулбайт. Анабу ойношуң менен кармалсаң өлдүң эми. Мынабу кыз, бу түрүндө сени кечирбейт. Караңгы токойго да келесинби? Бир кеңиреек эле мейманканага неге барбайсын... Шоруң жок эркек окшойсун.
Айдоочунун ою такыр башкага жорулуп, өзү менен өзү күңк, эте сүйлөнүп отура берди.
Үйү көздөй кетип бараткан кызды артынан күзөткөн Аскаттын жигиттери көз жаздымда, катар турган таксилердин кайсыл бирине отуруп кеткени да байкабай калышып, заматта жоготуп жиберишкен эле.
Буту калтырай араң баскан Лунара ары көздөй басууга алы келбей коркуп турду. Денесин калтырак басты. Бирок баары бир, ичиндеги бир ой тытмалап жеп, өз көзү менен көрбөсө тынч ала -албоочудай терең дем алып ала, алды көздөй кадам басты. Ичиндеги ишеничи Белести өзүнө эч нерсе,жаманжык жасабайт деп ойлоп турду. Жолдун башы бүтүп, кайра туш тарабын карап алды. Ары жактагы жашыруун жайда, Белестин унаасынын башы гана көрүнүп турган. Андан ары акырындан кадам басып бара берди. Ичи коюу токой. Басканга деле оңой эмес. Демин ичине катып, абайлап басты.
Бир аз ары жактан кимдир бирөө менен сүйлөшүп жаткан сыяктуу, тааныш үн кулагына угулду түштү. Дагы бир аз сөздөрүн так даана угуш үчүн жакыныраак барды.
— Эмнеге? Эмнеге мени чакырдыңар? Мен эми андай жаман адам болгум келген жок. Ошол себептен келгеним жок. Үшүдүңөрбү? Жок! Жок силер үшүбөйсүңөр да. Мен болбосо силерди өзүм үстүңөрдү жылуулап койом. Мен силерге атап сүрөт тарттым. Силер дайым мени курчап турасыңар. Дайыма менин эсимдесиңер. Эски досторум. Менин... Мени колум барбай жатат. Дагы досторду таап, кошконго колум барбай жатат. Лунара мага башка жашоону үйрөтүп жатат. Бирок канча күндөн бери силер мени чакырганыңарды койбойсуңар.
Лунара топтолгон бейиттердин арасында өзү менен өзү сүйлөнүп, ар -бир бейиттин үстүндөгм ак жиптерди көрүп ала, жүрөгү оозуна тыгылып, көздөрү чакчая түштү.
Белес азыр көзүнө өзү тааныган жигит эмес, такыр башка, мыкаачы жан алгычтай көрүнө кантип эки колу менен оозун баса калганын да билбей калган. Акырын артты көздөй басты. Бирок бутунун учу менен басылган жыгат кырт эте түшө, аны уккан Белес көздөрү чакчая башын өйдө кылып'ордунан тура койду.
Маңдайынан он чакырым алысыраакта өзүн шашыла карай салган Лунараны көрө койду.
Көзүнөн жашы он талаа ага түшкөн Лунара оюнда азыр эле мени да дал ушул бейиттердин катарына кошот деп ойлоп, калтырай артка карай кетенчиктей түштү.
— Ббеелес?... Ммеен...
Лунаранын көзү арты жагында турган бейиттерден алынбай, жалдырай Белеске карады. Мындан улам кыз баарын билип койгону маалым эле.
— Бул жерде эмне кылып жүрөсүн?
Белестин мурдагы үнү жок. Каардуу көэ карашы менен кызга тигиле карады.
— Ммеен.. Мен... Белес...
Өзүнө карай бир кадам алдыга жылган Белестен корккон Лунара, акырындык менен артка карай кетенчиктей жооок дегендей, көздөрү жалдырай, башын чайкады.
— Демек сен билгенсин. Менин кандай экенимди билгенсин. Лунара мен тырыштым, өзгөрүүгө тырыштым. Мен сага эч нерсе кыла албайм. Бирок... Бирок менин чыныгы жүзүм ушундай экенин да, жашырып жүрүп...
Белес адатынча жүзү өзгөрө эми жанагындай момун боло түштү. Бирок кызды эми бул кубулуш аркылуу ишендире албасына көзү жетип турду.
Тилине башка сөз келбей, Лунара адатынча дагы кетенчиктей берди.
— Лунара өтүнөм. Мен сага жамандыгым жоок... Токточу.?
Кыз дагы бир артка кадам баса, эми болгон күчүнүн барынча бир кыйкырып алып, Белестен качып баратты. Жана араңдан зорго тебелеп өткөн токой ичи эми кыз үчүн эптеп жанын алып калуу болуп, кандай өтүп, кандай качып баратканын да билбей, тек гана келген жагы көздөй качып жөнөдү.
— Лунара токто!!!! Сени эч ким бул жерден таба албайт. Чыга албайсын. Мен сага түшүндүрүп берем баарын Лунара.
Токой ичин жаңырта кыйкырган үн тигинде күтүп отурган айдоочуга да жетти. Эми иштин тынч эмес экенин билген айдоочу сыртты көздөй унаадан түшкөн убакта үн кайрадан жаңырбай токой ичи тып-тынч боло түштү.
Үнүн чыгарбай өзүн араңдан баскан Лунара өзү келген юол тараптан караңгы болгон үчүн чоң токойдун ичинен адаша да түшкөн.
Артын карай бергенде өзүн карай турган Белести көрө чоочуп кетти.
Адатта Белес кыздардын ушундай жаны үчүн, өмүрү үчүн алышып, качканын сүйчүү. Тим эле мышык араң жаны калып, качып жаткан чычканды ойногондой ойнойт эле. Токой ичин Белес беш колундай билет эмеспи. Азыр толук мурунку калыбына келе, жанагы момун Белестен түк калбай, Лунараны тиктеп отурган такыр башка жырткыч сыяктуу, көздөрү канталай түшкөн, Белес өзү тарапка кадам басып, жыртайып күлүп ала, суроо узатты.
— Лунара... Кайда качасын????
Уландысы бар.
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии