🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

23 - БӨЛҮМ
Өзүнө карай келе жаткан Белес Лунаранын көзүнө алда канча ачуулуу, кудум эле азыр чайнап салуучудай мыкаачы бирөөдөй көрүнө түштү. Артына кетенчиктегенден кетенчиктей берди кыз. Бирок Белес шашкан жок. Бирде өңү кубула жумшак акырын үн менен сүйлөсө, затамтта бирде кайра туруп, ачуусу жаагына чыга түктөйө түшөт.
— Лунара мен сага, мен сага жамандык тилегеним жок. Каалабайм жамандык. Лунара колуңду берчи, бирге кетебиз. Сен көргөн нерсенин баарын мен түшүндүрүп берейин.
Эми Белес адатынча жылуу сүйлөй, колун Лунарага суна койду.
— Келчи Лунара менден коркпой эле'жашап жүргөнсүн. Менин оюмда болсо, мен эбак эле сени да булардын катарына кошмокмун да. Мен сени, мен сени сүйөөм да.
Лунара Белестин сөздөрүнө ишенип турган жок. Тек гана, акырын адатынча артты көздөй кетенчиктеп, оозу кыбырай, үнү араң чыкты.
— Сен кимсин? Мен билген Белес башка...
— Жо-жо-жоок мен ошол Белесмин, болгону сен мени такыр тааныбаган эмессин. Билбегенсин.
Лунарага жакындай, адатынча дагы бир кадам таштап алды.
Көздөрү канталай, өзүн көздөй келе жаткан Белес кызга азыр ушунчалык коркунучтуу көрүнүп турган. Коркконунан денеси титирей, көзүнөн салаалап жаш куюла түштү. Бул тигиге жакпай турду.
— Лунара болгону ыйлаба суранам. Мени бул аянычтуу абалың бир гана ачуумду келтирет гана болду.
—Жардамгааа....
Токой ичин жаңырткан Лунаранын үнүн кайра чыгып, заматта жок боло түштү. Артын карабай качып жөнөгөн кыз, бул убакта узакпа бара алган жок. Артынан кууган Белес кызды жерге баса кулады. Оозун колу менен баса, үн чыгарбоосун айткан менен, Лунара да бар күчүнчө алышып, колуна тийген нерсе менен уруп да жатты. Бирок эркектин күчүнүн алдында байкуш илбийген назик кыз ким болуп калган эле? Андан бетер бошонууга аракет кылган Лунара бар күчүн салып,зөөкүрдүн астында тыбырчылай түштү.
— Койуп жибер мени, койуп жибер. Жардааам....
Андан бетер ныгыра басып, оозун жапканга аракет кылган Белестин кантип колуна жанатан кармап отурган бейиттин үстүнө жыгачка байланган ак кездеменин айрындысы урунду. Колуна кармаган айрынды кездеме менен Белес эми чындап ачуулуу эч нерсени эсине албай, алдында тыбырчылап, жан -алы калбай, бар күчүнчө ажал менен күрөшүп жаткан жан, өзүнүн ашыгы экени да эсинен чыгара, Ичке тытынды кездемени кыздын мойнуна иле салып, болушунча тартып да, сүйлөп да жатты.
Алайган чоң көздөрү чанагынан чыгып кетеерче чакчая жаагын түктүйтө түшкөн Белес ызырына сүйлөп, кыздын мойнундагы ак кездемени бурап -бурап алды.
— Мен айттым го сага, мени өзүмдөн чыгарба дедим го. Айттым ээ сага? Айттым. Мени кечир, мени кечир.
Лунаранын көзүнө эч нерсе көрүнбөй туман боло түшүп, буулган тамагынан улам, аба жетпей, колдору титирей, акырындан өзүн жоготуп баратты.
Дал ушул убакта тарс эткен октун үнү, Белестин дал жүрөк тушун тешип өттү.
— Ары жактан жетип келген эки жигиттин бири,Лунара тарапка көздөй жүгүрө, кызды так көтөрүп, токой ичинен шаша чуркап баратты.
Араң -араң көзүн ачкан Лунара түшү, же өңү экени билинбей акыркы ирет Белести карап алды. Жанагы абалында оозунан аккан кан ээги ылдый сызылып, колундагы ак кездемесин кармай жансыз денеси сулап жаткан. Барган сайын Белестин карааны узактап бараттыбы, же өзүн жоготуп баратканы белгисиз, көзү караңгылай барып өзүн жоготту.
— Тууй ата... Эми муну кантем?
Жигиттердин бири сулап жаткан жансыз денени карай бир топко ойлоно отура кетти.
Амирдин жигиттери жигиттин артынан калбай ээрчип барышкан. Бирок кызды да көрүшкөн эмес. Белестин жашыруун унаасын да заматта таппай калган тигилер токой ичин аралашкан менен, бир азга адаша түшүшкөн. Дал ошол учурда кыздын кыйкырган үнү тээ бир кыйла чакырымга Алыстыкта жүргөн экөөнө угула шашыла жөнөшүп, Андан соң бирөөсү такси айдоочусун да көрө салыша,шашыла барып өздөрү издеп баштаган.
Бактыга жараша экөө куткарып кетти.
Токой ичин жаңырткан куралдын үнү айдоочунун кулагына жаңыра түштү. Коркок жүрөгү эмне болуп жатканы менен иши жок, эки жагын элең-элең эте унаасына карай жүгүрүп, андан ары изин суутуп, кызды да күтпөй жөнөп кетти.
— Унааларын башка тараптан келүүчү жолго токтото салган жигиттин бири кызды жунаага жаткыра койуп, шериктерин коңгуроо кыла койду.
— Жардам керек. Кыз оор абалда. Анан... Анан бир адамдын жансыз денеси да бар. Эртерээк өлүктү жашыруубуз керек. Азыр кожоюнду кабатыр кылбай эле койолу. Аа анан кыз оор абалда, дарыгер да даярдап койгула. Эч ким билбесин. Эртереек жетип келгиле.
Дарегин шеригине айта салып,өзү жанындагы шеригин жалгыз калтыра кызды кайдадыр алып жөнөдү.
Шашыла жөнөгөн дагы эки жигит бат эле келип, өлүктү жашыруу үчүн, керектүү нерселердин баарын алып келише, калың токойдун бир жеринен күрөктөрү менен жер казыша, бат эле көөмп салышты да үчөө отура кетишти.
— Шайтан алгырдыкы десе.
Аппак көйнөгүнө топурактын изи түшүп, кир болгонун көрө койгон бирөөсү сүйлөнүп алды.
— Деги эмне болду эле? Кыз кайдан бул жерде жүрөт?
Жанатан куралын аарчый ойлуу отурган жанындагыга юири суроо берип жиберди.
— Билбейбиз биз дагы. Биз кыздын үнүнөн улам таптык. Болбосо аз калса, бул зөөкүр байкуш кызды өлтүрүп салмак.
Бүгүн кечке үйдөн чыккан эмес, көрсө караңгы жагы да бар экен эле да.
Башын жерден албай, куралын тазалаган абалында күңк этип жооп берип алды тиги.
— Ооба-ооба мен бир көргөндө эле бул жигит жөнөкөй эмес дегенмин.
Экинчиси да жаңы эле көмүлгөн бейитти карай шыпшынды.
— Тургула жигиттер кетишибиз керек. Эртең Кожоюн эмне дээр экен билбейбиз. Тиги Аскаттын кызы биздин колдо экенин билсе, Аскат жөн отурбайт. Барып кожоюнду күтөлү, андан соң бир нерсе чечим болоор?...
Үчүнчүсү ордунан туруп баратып ушундайча сүйлөп алды. Анын сөзүн эп көргөн берки экөө да баштарын ийе унчукпай акырын унаалары тарапка көздөй басып баратышты.
****************
Түн бир оокум. Шаардан бир аз сырткараак чекесинде катар түшүрүлгөн үйлөр бар. Баары тегиз, баары окшош. Ошолордун катарындагы бирөөсүндө Амантурдун көпкөн күткөн душманы из жашырып жаткан. Дээрлик эч кайда чыкпайт. Жанагы өзүн кыйын сезип, чалкалап отурган, же жаш кыздарды каалашынча кордоп, зордогон кылыгы да жоголуп, түн уйкусу качып, эшик шырп этсе, башына жазданып жаткан жаздыктын түбүнө каткан куралын кармана, ордунан ыргып турат.
Ошол күнкү көңүл ачуу кечедеги белгисиз жандын, шеригин мээсин чачырата атканы эсинен чыга элек. Ооба далай эле жолу мындай окуялар башынан өткөн. Кимдер гана, эмне деген адамдар жанына кастык кылышка аракет кылышты. Бирок алардан эч качан азыркыдай чоочулаган эмес эле. Көп жамандык кылганын өэү да билет. Ал тургай напсисине баш ийе албай, далай-далай наристе кыздардын убалына калып,эч нерсе биле элек эселектердин этегин күч менен түрүп жүргөнү үчүн, балким бөөдө бирөөнүн канына, колун жууганы үчүн, запкы жеген жандардын көз жашынын убалы уктатпай жаткан чыгаар?
Өзүнө каршы эч кимди каршы чыга албайт деген оюу таш каап, эми мынтип отуруудан башка жол калбай калган сыяктуу.
Күнүгө өзүн алаксытуу үчүн ичип алат. Мас болуп уктса, бир аз жаным тынч алат деген ой менен өз-өзүн алдайт.
Түндүн жарымында дал өзүнө келе жаткан эң коркунучтуу душманын сезгендей, ары күткөндөй куралын дайындап, ойгоо жата берди.
Бир кыйлада барып эми көзү илинген экен. Өзүн теше тиктеп турган караандын элесинен улам көзүн ачты.
— Акыры келипсин да.
Оюнда жигиттин бардык жүзү жабылуу бекитилүү болсо да, билип тургандай сүйлөп алды.
Жигит ачуулуу көз караш менен карап тура берди.
— Ооба! Тагдырдын тамашасын карабайсынбы? Убагында сени өлдү деп ойлоп, түзүгүрөөк издеп таап, көзүңдү тазалабай койгонум, башыма муш болуп тийүүдө. Айла жок! Мени коркуткан күчү жеткен жан чыга элек эле.
Тиги шашпай, тим эле досу менен маэк куруп отурган сыяктуу, күлүп да алды.
— Сенин бир гана, бир гана алсыздарга күчүң жеткен.
Амантур жанында отура жооп берип алды.
— Ооба -ооба анда куралыңды ташта. Күч сынашып көрөлү! Куралсыз кишиге курал көтөргөн сага жарашпайт.
Тиги ордунан шашпай туруп бара, ары жактагы турган суудан култ эте жутуп алды. Артын карай турган абалынан шарт бурулган тиги, Амантурга карай жанындагы турган бычакты ыргытты. Артынан суу куйулган идишин, колуна эмне урунса баары менен ургулап кирди. Баарынан буйтап өткөн Амантур да, юар күчүнүн барынча тиги менен кармашып жатты.
Бирок тиги да мактанганчалык эле бар эле. Чыгыш спорт өнөрлөрүн кеңири өздөштүрүп, уруштун сырларын мыкты билчүү. Акыры экөө тең убагында бир Мекенди коргойбуз деген сакчы эмес беле?! Кийин Амантур Авганистан, башка өлкөлөргө кетип согушуп жүрдү.
Кармаш кыйлага созулду.Буттарынын учтары менен секирише, мышыктай чапчаң болуша, биринен -бири калбай, тиш кайрашат. Ушул кармаш бир аз убакытты алды. Акырында такымына урулган Амантурдун катуу соккусунан улам тигинин буту шалак эте иштебей жерге кулады.
Эми кайра экинчи жолу тура бергенде, колунун каруусуна Амантурдун муштуму кадала түштү.
Экинчи ачуу үнү, эми бүтүн үйдүн баарын жаңыртты.
Колу да, буту да иштебей калган тиги, жалдырай Амантурга карай сүйлөп алды.
— Тан алдым. Кармашта урушта мыкты экенсин. Бирок өкүнүчтүү, мыкты ата боло албадың. Кызыңды коргоп кала албадың. Мен өлөм азыр. Бирок сен тирүү өлүксүн. Менден соң сенин жалгыз башыңа эле эмес, баарына, урук тууганыңа дейре көзүн тазалоо башталат.
Тиги араң жан жатса дагы, оозунан аккан канды аарчый салып, онтоп араң сүйлөп жиберди.
— Прокурор, Рамистин атасы, сени тынч койушпайт. Негизи Рамис бир колдогу оюнчук гана. Сен чыныгы шайтан, чыныгы коркунучтуу адам ким экенин биле элексин азырча. Эч нерсе билбейсин байкуш.
Амантур тигинин сөзүн угуп жатса да, өзүнөн чыгып, ачууланган жок. Тек гана өз ишин жасап бир нерселер дайындап жүрө берди. Качан гана өз иштерин аяктап бүткөн соң, акырын сумкасын ачып, андан дары алып чыгып даярдап жатты.
— Мени сенин сөзүң кызыктырат дейсинби? Мени алар ким экени билбей деп ойлойсунбу?
Амантур дарысын даярдаганча сүйлөп алды. Ага жалдырай караган тиги да, онтоп араң жооп берип алды.
— Сен көп нерсени билбейсин. Менин артымдан башың кетиши анык. Хи-хи-хи. Кызыңдын жыты дале эсимде...
Тиги Амантурдун эми анык кыжырына тийе ыржайып жиберди.
Амантурдун ачуусу чын эле келе түштү. Бирок өзүн сабырдуу кармады да дарысын куюп бүтүп, акырын жанына келди.
— Ал менден сен эми кам санабай эле койсоң болот! Менин убактым кеңири. Сен менин тагдырымды ойлонбо,а мен айтайынбы сага,азыр эмне болоорун?
Тиги өзүнө карай келе жаткан Амантурдун ачуулу көздөрүн карап ала, эми бир аз ырсайган күлкүсүн тыйа салды.
— Азыр сен мунун даамы кандай экенин байкайсын. Өз жаның менен сезип көрөсүн.
Менин кызыма дал ушундай куйдуң эле ээ??? Жоок... Ал жарымы гана болчуу. Бирок сен андан эки эсе дозасын жогорулатам. Билесинби сен кантесин? Азыр кан тамыр аркылуу жүгүрүп отуруп, анан жүрөккө жетет. Жүрөгүң каттуулап сого баштайт, андан соң дагы, дагы, дагы каттуулайт. Башың чыңалып ооруп баштайт, кулагың эч бир сөздү укпай тунжурап, өзүңдөн чыгарат. Калтыратат, титиретет. Ордуңда тургузбайт, жаткызбайт, бат эле жаныңды албайт. Далаай узаак-узаак кыйнайт. Тыбырчылап жаның калбайт. Бут, колдоруң карышып катый баштайсын. Анан кулагыңдан, оозуңдан, ал тургай көздөрүңдөн кан агат. Андан соң, ичиңдегинин баары мына ушул менен бабах.... Жарылып жок болосун. Ага чейин мен сенден көз албай карап турам.
Амантур тигини буту колдон баса, так моюн тамырына жанатан даярдаган дарысын учтуу шприц аркылуу сайып алды.
Андан соң, дайындап келген жардыруучу кичинекей затты, суу менен бирге жуткуруп жиберди да өзү көз албай, маңдайына барып отура кетти.
Аз убактан соң эле тигинин чый пыйы чыгып, дал Амантур айткандай азап тартып баштады. Жерге жата калат, тура калат, бирок болбойт. Кыйналат, өкүрүп бакырды эч нерсе жок. Жанын койоорго жер таппай, ичинде болуп жаткан өзгөрүүлөр чыдатпай жатты. Үйүнүн ичин ургулады басайын дейт бир колу, буту жарабайт. Жалгыз Амантурду көзү көрө, жалынып кирди бирок болбойт. Амантур көз алдына кордолгон кызынын элеси тартыла түштү. Башын мыкчый кармаган тигинин эми кулагынан оозуна кан атып чыкты. Үйүнүн ичи заматта кызыл канга жайнай түштү.
Бир аз убакыт көз албай тиктеп отурган Амантур убакыт болду дегендей, сыртка карай чыгып кетип баратып, колунда кармаган кызыл кнопканы баса койду.
Үй ичи былч эте тигинин ичинен жарылган кичинекей зат, денесин бөлөк-сала кыла, чачыраган эт менен каны, терезени жаба жайылды.
Акырын артына бир карап алып, үстүнөн бирөө оор нерсени алып салган өңдүү, үшкүрүнүп, терең дем алып алды да, иш бүтө элек дегендей, Аскаттын үйүнүн маңдайындагы үйдү көздөй жөнөдү.
Эми шаар аралай кирген Амантур күндүзү дайындап койгон бөлмөгө кире, ал жерге каткан куралын алып чыга, так гана чоң зыяпат өтүп жаткан Аскаттын үйүнө көздөй мээлеп карап алды.
Көпчүлүктүн арасынан, бир караанды издей баштады. Бул учурда Амир менен таанышып,сүйлөшүп турган прокурор дагы Аскаттын кызы, прокурордун жанында эң ишенимдүү жигити бирге турган.
Таптым дегендей сүйүнүп алган Амантур эч нерсени ойлонбостон, снайпердин курогун басып алды.
Акырын гана үн чыга, ошол менен бирге, так маңдайына тийген октон улам, кан жайыла сулк жыгылган прокурордун жигити, зал ичиндеги баарынын көңүлүн бурду.
— Аааа... Емили калтырай түшүп, бакырып жиберди. Аны сүйөп, тайай койгон Амир да, чоң зал ичи да заматта уу-дуу болуша, кайдан атылган ок экенин түшүнүшпөй, баштарын беките жашырына түшүштү.
— Емили... Кызым? Шашыла келген Аскат кызын коргоп жашырып отурган Амирди бир карап алып, кызын жашыра, колдон жетелеп өйдө көздөй алып жөнөдү.
— Жок... Жок...
Жансыз жаткан денесин карай, ачуулана түшкөн прокурор бир бакырып алды. Оюна Амантур келип турду.
Туш тараптан шашкалактаган жан сакчылары, куралдары да жок, ар- бириси өз -кожоюндарын коргошуп элеңдей түшүштү.
Шашыла түшкөн Аскаттын жигиттери эшик ооздорун, андан ары бүткүл кошуна жайгашкан үйлөр тарапка курал кезешип, дагы кайдан чыга калат экен деген ойдо аңдып алышты.
Бирок экинчи жолу ок кайра атылган жок. Рамис менен прокурор экөө бирин -бири тиктей, кимдин иши экенин түшүнүп жаткан сыяктуу көз менен сүйлөшө кетишти.
Бир аз тынчыган соң, акырын басып келген Амирдин жан сакчысы терезени тешип өткөн октун кай жактан чыгып жатканын байкаган сыяктуу, дал ошол маңдайдагы Амантур турган бөлмөнү теше тиктеди.
Шашыла куралын жыйнаштырган Амантур акырын гана караңны бөлмөдөн чыгып кетти. Эми акылына жеткен сыяктуу, Амирдин жан сакчысы кайдадыр чуркап жөнөдү.
— Куралымды бер.
Жанатан текшерип алып койгон куралын кармай, шамалдай зуу койо, маңдайдагы үйгө көздөй чуркап жөнөдү. Анын артынан баарынын жан сакчылары ээрчий келишти. Бирок өзү болжогон бөлмөгө жетип келип караган убакта ал үйдө бир гана кара кагаз турган,жана анда төмөндөгүчө жазуу жазылган.
— Мени издеп убара тартпа! Мен өэүм силерди табам.
Бакыт эч нерсе түшүнбөй, дагы бул ким болушу мүмкүн деген ойго жетелене, дал ушул бөлмөнүн терезеси тараптан атылган ок экенине ишенип, узакка тигиле карап алды.
Кызы менен жубайын жашыруун жерге беките койгон Аскат, чоң залды жаңыртып бакырып алды.
— Кимиң душман ээрчите келгенсиң? Кимдики бул? Менин үйүмө, мага ок аткан? Ким болсо дагы, жердин түбүнө түшсө да таап келесиңер. Алып чыккыла муну!
Жигиттерине карай, жерде сулап жаткан өлүктү, бир жийиркене карап алып, ары көздөй басып кетти.
Коноктору уу-дуу түшө, унааларына отура өз-үйлөрү көздөй тарап баратышты. Жанатан баарын сырттан караган Амантур жол тандабас байкерин мине, акырын кимдир бирөөнүн дарегине карай жөнөп баратты.
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии