🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

24 - БӨЛҮМ
Түн ката ызы чуу түшкөн Аскаттын коноктору акырындан үй -үйлөрүнө тарап жатышты. Арасында Рамис өз жигити менен, Амир өз жигиттеринин курчоосунда өз унааларына отура жөнөштү.
— Кызык болду го бул жагы?
Рамис өз -өзүнчө сүйлөнүп алды.
— Сен ким деп ойлойсун Кубат? Бул кишинин душманыбы? Же прокурордунбу? Эмне үчүн байкуш прокурордун жан сакчысын жайлап кетишти экен?
Кубат да бир аз ойлоно түштү.
— Мен прокурорго жасалган кастык деп ойлойм кожоюн. Анан бул жөн гана прокурорго эскертүү да болушу мүмкүн. « кийинки сапта сенин кезегиң » деген сыяктуу...
Анткени ал көзгө атаар мерген экени аткан огунан гана көрүнүп, билинип турат.
Рамис ойлуу Кубаттын сөзүн жактай түштү.
—Туура айтасын... Атама баарын кабардар кылышыбыз керек. Акыры башта бир өлүм деген ушул да Кубат. Баскан жолубуз кандуу жол эмеспи. Биз бирөөнү өлтүрсөк, акыры күн келип, бизди да бирөөлөр өлтүрөт. Ушундай.
Рамис негедир оор үшкүрүп алды. Чынында мынчалык болот деп ойлобогон. Оюнан негедир Амантур кетпей туруп алды. Бул иш Амантурдун иши экенин да жүрөгү сезип тургандай акыркы күндөрү тынч эмес.
Оюна Тинатин келе түштү. Кыздын турган үйүнүн дарек жайынан өйдө жигиттерине тактатып билип алган. Эмнегедир көргүсү келген сыяктуу... Бир аз жол ката көз албай бара жатып, кайра дароо айдоочуга карай бурк этти.
— Жолду башка багытка карай бур. Кызды көрүп келүүм керек.
Рамис ушул маалда көргүсү келип турганына таң калган Кубат не дешин билбнй суроолуу тиктеди. Муну түшүнө койгон Рамис кайра үн катты.
— Кубат эмне болду? Мен кызды көрүп келмекчимин. Мунун эмнеси жаман?
Кайра өзүнө карай суроо узаткан кожоюну чын эле кызды акыл кетип сүйүп калганын, Кубат эчак эле байкаган.
— Мейли деңизчи кожоюн. Бирок кыз чыгаар бекен, азыр жарым түн болсо, уктап жаткан чыгаар балким?
— Кубат мен үйүнө кирип барбайм, чык, көрүшөлү деп да айтпайм. Мен болгону терезесин карап, көрүп келем!
Кубат башка үн каткан жок. Жөн гана айдоочу бурган багытты көздөй кайра үнсүз кетип баратышты.
Бир кыйла жол жүргөн унаа айткан дарекке келип токтой, унаанын айнегин ача караган Рамис, тээ кабат -кабат үйлөрдөн көзүн албай, узакка тиктеди. Арасында бир бөлмө көзүнө ушунчалык жакын, ушунчалык жакшыдай көрүнүп азыр эле кирип барчуудай жүрөгү тыбырчылай түштү. Эч нерсени билбей, бей капар уктап жаткан сүйгөнүн көз алдына элестетип алды. Өзүнүн өмүрүнө да коркунуч жаралып жаткандай сезилди. Бирок эмне кылсын, айла жок. Канча өмүрү калганын өзү да билбейт, балким эртеңки Амантурдун тизмесиндеги сап башында турган чыгаар?... Ушундай болсо да, кызга баарын ачык айтып, күнөөсүн мойнуна алып сүйгөнүнүн алдында таза болгусу келип турду.
Узакка тигиле карады. Көз алдына араңдан кызга жол таап, жолуккан күнүн эсине Сала, акырын жылмайып да жиберди.
— Өмүр кызык ээ?
Кубатка күтүүсүз күңк этти.
— Айтпаңыз кожоюн. Дал ушундай сыноолору менен сынап турат.
Кубат да коштоп алды.
— Кожоюн кызга баарын айтасызбы? Ким экенибизди, эмне иштер жасаганыбызды?
Кубат Рамистин оюн окуган сымал күтүүсүз суроо сала койду.
— Билбейм! Эмне кылсам, айтсамбы же жокпу?
Рамис акырын унаадан сыртка түшө, артынан эле унаадан чыккан Кубаттан тамеки сурай, колун созду. Дароо түшүнгөн Кубат кара плащынын чөнтөгүнөн тамекисин алып чыга суна калды. Анан кайра дароо салып, эми күйгүзүп да берди.
— Качанга дейре ушундай жашайт экенбиз ээ Кубат. Жаш өткөн сайын, үй -бүлө,балдарың болсо, жубайың болсо деп калат экенсин. Мен атамдын жүгүрүгү болуудан чарчаган сыяктуумун. Максатым ушул кыз менен үй бүлө куруп, тынч жашоону каалап калдым.
— Бирок кожоюн бул кыздын кандай экенин жакшы билебиз. Демек, демек эгер кыз биздин ким экенибизди билсе, анда камалаарыбыз анык кожоюн. Оюнан кайтпаган, акыйкаттан кайтпаган тик мүнөздүү кыз.
Кубат Рамиске карай акырын сүйлөп алды.
— Билесинби Кубат, мен кыздын эмнесин жактырдым? Дал ошол, айтканынан кайтпаган тик мүнөздүү экенин...
Рамис кыздын бөлмөсүн дагы бир саамга карап тура, кайра Кубатты бир карап жылмайып алып, акырын унаасына отура кетти.
Таң кала караган Кубат, артынан ээрчий унаага отуруп, кайра үйүн көздөй жөнөп баратышты.
************
— Кожоюн менимче булардын душманы алда канча эле күчтүү окшойт. Таамай атканына таң калдым, анын үстүнө, Аскаттын үйүндө ээ? Аскат деген кандай абройлуу адам?
Жан сакчысынын сөзүнө жанатан кулак төшөй угуп келе жаткан Амир, тигинин сөзүндө жаны бар экенин, алдыдагы жоо, оңой эмес экенин билип турду Көз алдында так маңдайына тийген октон улам мүрт кеткен жигиттин элеси тартыла түштү.
— Аскаттын душмандары болсо, Аскатты атмак да. Бирок тигини... Кожоюн бул жазууну ошол бөлмөдөн таптым.
Бакыт Амирге жанатан байкатпай салып койгон кагазды кармата койду.
— Бул оңой адам көрүнбөйт. Оюмча, бул сырдуу адам ушул иши менен эле чектелип калчуудай эмес. Жазылган сөзүнө караганда, душмандары көп сыяктуу.
Амир баардык сөзгө кулак төшөй, өзү да дал, ушул Бакыт айткан сыяктуу экенин билип турду.
— Демек кызыктын баары алдыда.
*******•*•*
Айтор баарынын оозунда ушул кептер айланып жатты. Эми кылмышкерлер арасында, дагы бир аты белгисиз, сырдуу жигиттин кечееги кылган кылыгы бүтүн каралардын оозунан түшпөй күбүр-шыбыр болуп, ал тургай, кийинки кезекте кимдер турганын билишпей, айтор өз жандарынан өздөрү корко түшүшүп, кээ бирлери жан сакчыларын күчөйтүп да жатышты. Ызырынган Аскат да,бүткүл жигиттерине издөөгө тапшырма берип, ким экенин, же өлүгүн, же тиригрн тапкыла деген буйрукту берди. Дароо калган жигиттерине башка жактан үй сатып алууларын буйруп, аялы менен кызын колунун келишинче коргоого алууга аракеттенип жатты.
**************
Таң атпай дагы бирөөнүн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, тагыраагы былч этип жарыла түшкөн үй ичиндеги жалгыз дененин жаңылыгы, андан бетер баарын үрпөйтүп, ооздорун ачыра салды. Ушунчалык да мыкаачылык менен ким өлтүргөнүн, эмне себебин билишпейт. Жалгыз гана прокурор андан бетер түктөйүп, коркуп, эки көздөрү алаңдай түштү. Кандай балеени башына үйүп алганына өзүнө -өзүнө бушайман тарта,өкүнүп, ал тургай түнкү уйкусунан да түк калбай, тек гана өз өлүмүн күткөндөй жүрө түн ичинде да, басып, уктабай чыкчуу болду. Бул кабар бир эье прокурорду эмес баарын, бүтүн өлкө ичин дүң кылды да калды. Менмин деген каралардын чоңдору да таң калыша, бул сырдуу адам ким экенин билишпей, же издеп таба алышпай убара тартышканы, тартышкан. Ал арада жигиттин аты жөнү такталган убакта гана, бул жигит ким экени, эмне үчүн өч алып жатканынан, анан да, бул кек, азырча бүтпөсүн, уланаарын, анча -мынча адамдар билип турганы менен үн катып айтууга батына алышпайт. Тинатин да каза болгон жигиттерди экөөнү тең көргөн. Экөө тең Амантурдун кызынын окуясында катышы бар немелер экенин билет. Демек?...
Жаңылык баарын уу-дуу кыла түштү. Эми,каза болгон жигит милиция кызматкери болгонуна байланычтуу, бүтүн мамлекеттик органдардан өйдө, ишке тартыла, Амантурга мурда каралар гана издөө салышса, эми мынтип, бүтүндөй өлкө ичиндеги, орган кызматкерлери кошо тартылды.
Тек кана арасында эмне болуп жатканын билген бир эки гана жан бар. Рамис да кылмышкер. Каралар дүйнөсүндө орду бар адам. Амантурду барып тааныйм деп айта албайт. Прокурор андан бетер. Өэ күйүттөрү өз ичинде калып, Амантур тууралуу же бир маалымат айта алышпай, айла таппай, үн катпоодон башка нерсени туура көрбөй турушту.
Бул кабарлар Аскаттын да эсин эки кыла, өзү араң ачуулуу отурган немеге, жан сакчысынын бири келип, кулагына бир нерселер шыбырай, күнөөлүүдөй башын шылкыйта туруп калды. Буд уккан кабар, жетмек тургай ашып түштү окшойт. Аскаттын көздөрү чакчайа түшүп, андан бетер ачуусун жаагына чыгара айкырды.
— Эмнеее????
Акмактар! Келесоолор! Акмактар!
Тиги жактан шалпыйып баштарын ийип басып келген экөөнү алмак-салмак тепкилей, ачуусун баса албай, колуна тийген нерсе менен ургулап да, сүйлөп да жатты.
— Кантип таппай каласыңар а? Кантип жоготуп жибересиңер? Мен эмне силерге малды дайындадым беле? Мээси жоктор. Кантип жоготуп жибересиңер, кантип?
Күчүнүн барынча тепкилеп, ургулап, тиги экөө кыймыл кыла албай сулап, үнсүз жатып калган убакта гана күшүлдөп-бышылдап, жерге сулк эте отура кетти да маңдай терин аарчый аркы жактагы эң ишенимдүү жан сакчысына күңк этти.
— Алып кеткиле бул иттерди.
Экөөнү кездемеге орой койгон тигилер арткы эшик менен сыртка чыкчуу жол аркылуу сыртка чыгып, жөнөп кетишти.
— Мени карагыла! Мага ушул кызды таап келесиңер. Кайдан, жайдан болсо да, таап, алып келгиле. Башындагы бир тал чачы түшсө 'башыңар кетет жарайбы?!
Тиги экөө көздөн качырып, жоготуп жиберишиптир. Тезден жөнөгүлө!
Башын шылкыйта ийген жигиттер, акырын макул болуша буйрукту угушаар замат жөнөп кетишти.
Аскар күшүлдөп -бышылдай сүйлөнүп алып, акырын кан болгон көйнөк башын алмаштара, муздак сууга бети-башын кошо жууп алды да, бөлмөдөн сырткары карай чыгып кетти.
*************
Өз бөлмөсүндө жаздыкты кучактай, ойлуу отурган Емили терезе тарапка үңүлө тиктеп кимдир бирөөнү күькөн сыяктуу Узакка тигилет. Узун кирпиктери анда-санда ирмелип, акырын өз -өэү менен кээде үн чыгарып сүйлөшүп да алат. Кимдир бирөөнү күткөн сыяктуу, кээде келбей, көрүнбөй койгонуна таарынгандай түр көрсөтүп, ич -ичинен түңүлө үшкүрүнүп алат да өзүнчө ооз учунан акырын күбүрөнүп алды.
— Бүгүн да көргөн жокмун. Келбеди.
Мен ойлогон элем ал жигит атамдын тааныштары деп. Жөн гана сырдуу конок окшойт билбейм. Мен эмнеге андан башканы ойлой албай калдым? Мага эмне болуп жатат?
Өзүн -өзү кээде ушунтип кейип да алат. Бирок тынч албаган жүрөгү кайрадан эле эсине түшүрүп, ошол кечедеги Амирдин оттой жанган көздөрү, жанындагы жигитке ок тийген убакта, кучугына бекем кысып эңиле ылдый кыла, сактаганы, кол алышып, таанышып, акырын күлүп алганы баары көз алдына тартыла түшүп, бактылуу боло түштү. Оюна бир нерсе келген сымал, акырын өз бөлмөсүнөн чыга сыртка карай жөнөдү.
—Кайда жөнөдүң?
Артынан угулган апасынын үнү кызды ордунда тык токттотту.
— Аа... Сыртка апаке, эмнеге?
Кызынын жанына басып келе койгон эне сынай карап туруп калды.
— Эмнеге чыгасын? Атаңдын айтканын уктуң го? Азыр чыгууга мүмкүн эмес!
Апасы кызынын көчөгө чыгуусуна каршы боло, кызына акырын түшүндүрүп кирди.
— Апаке ал аьамдын иши. А менин ага кандай тишешем бар эле? Акыры өзүңө айткан эмес белеңер? Мен шаарымды көрсөтөм, ана -мына деп.
Кыз да койчуудай эмес. Бирок апасы кайра кыздын сөзүн бөлдү.
— Емили болду кыл! Албетте көрсөтөт атаң өзү, бирок азыр эмес, атаң катуу ачууланат кызым.
Емили эми апасынын сөзүнөн чыга албасын билип, акырын кайра өз бөлмөсүнө көздөй кирип кетти.
****************
Эшигин акырын такылдата, бөлмө ичине кирүүгө уруксаат сураган жигит, жооп күтүп туруп калды. Көп күтүрбөй эле, дароо эле ичкериден жооп боло, эшикти бир жигит ачып, тиги бей тааныш жигитти күзөтө адып кирди. Чоң креслодо чалкалай отурган Рамистиг атасынын алдына келе калган жигит, ашын ийкеп, акырын саламдашып алды.
— Мени чакырттыңызбы?
— Ооба чакырттым. Сага иш бар.
Рамистин атасы башын ымдай, акырын, жанындагы жигитке белги берди. Аны эле күтүп турган жигит, ак кагазда оролгон кабат-кабат акчаны, жигиттин алдына жылдыра койду.
— Бул сага. Мага балам тууралуу кабар билдирип турушуңду каалайм. Башына балее кылып бирөө менен кездешип жүргөн сыяктуу. Көңүл ачса, ойносо, ичсе мейли, бирок кыз менен ысык мамиледе болуп,жакын тартуусун билген заматта дароо, кыздын көзүн тазалайсын. Ким болсо дагы. Акыркы убактарда өэгөрүп жүрөт Рамис. Мындайга ёол койбоошубуз керек. Болгону билдирип койбо. Мени баардык жаңыляктан кабардар кылып тур. Эмне иш кылды, кайда барды, басты, ким менен жолуктуң, бүтүн баарын айтасын. Бул жерде сага жетүүчү акчанын жарымы бар, жарымын сен ишти бүткөн соң аласын.
Тиги жигит шыпылдай колуна акчасын ала, көз жүгүртүп өттү да, бир аз ойлуу отуруп, кайра дароо үн катты.
— Жарайт сүйлөштүк.
Шыпылдай жигит бөлмөдөн сыртка чыкты да өз оюна өзү маашыркана түштү.
— Ушундай да карачы. Дагы баласы имиш. Бир аэ калса, уулуңду деле жеп койчуудайсын окшойт.
Акырын көчөгө чыгып өз унаасына отура кайдадыр жөнөп баратты.
***********
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии

Комментариев нет.