🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

25 - БӨЛҮМ
Көздөрүн араң ирмей акырын ачкан Лунара кай жерде жатканынан да кабары жок. Тек гана бир бөлмөдө, колдорунда сайылган асма уколдор. Эмне болуп жатканы, кимдин үйүндө экенин эсине түшүрө албай, тек гана араң жан ирмелген каректери аркылуу, айлана-тегеректи карап алат. Эч ким жок. Тукумдай аппак бөлмөнүе ичинде бир өзү. Ордунан турууга аракет кылды, бирок башынын зыңылдап ооруганы койчуудай эмес. Баары бир ордунан тура, эшикти көздөй басып баратты.
Эмне болоорун, кайда калганын өзү да билбейт. Тек гана баарына жоопту сырттан таба тургандай, бөлмөдөн, чоң залга чыга калды. Эшигинин алдында коруп отурган жигит жанатан байкабаса керек эле, эми эле үстү башы үксөйө чачтары жыйылбай чыга ичкериден чыга калган Лунараны көрө чоочуй түштү да, кайра кызды токтотууга аракет кыла койду.
— Бийкеч кайда барасыз? Эч кайда чыгууңузга мүмкүндүк жок! Ким бар, дарыгерди чакыргыла!!!
Бутуна араң турган кызды, колдон сүйөп, кайра ичкери киргизүүгө аракет кылып жатты.
— Мен? Мен кайдамын? Үйүмө кетүүм керек кайдамын мен?
Жигитке карап алып, кайра -кайра суроо берип жиберди кыз. Андан бетер жигит кызды аяп кетти.
— Сиз коопсуз жайдасыз. Коркунучтун баары артта калган. Кыжалат болбоңуз, азыр дарыгер келип, сиздин ден соолугуңузду текшерет. Анан кожоюн бир чечим чыгарат. Сиз кыжалат болбоңуз, баары жакшы болот. Азыр жатып эс алып туруңуз. Коркунучтун баары артта калды.
Жигиттин сөзү бирөө кулагына кирсе, бирөө кирбей, деги эле алдында безилдеп турган жигит эмне тууралуу айтып жатканын да кыз түшүнбөй турду.
— Коркунуч?... Эмне коркунуч? Кожюн???
Ушул нерселер кулагына жаңыра, кайра ары жактан өзү карай басып келе жаткан ак халатчан дарыгерге көзү түшө калды.
— Мен... Мен кайдамын?
Бирок буга дарыгер да түзүгүрөөк жооп берген жок, тек гана жылмайып караган аял, акырын үн катты.
— Кыжалат болбо, 'сен коопсуз жайдасын.
Дарыгер кайра тынчтандыруучу укол сайаар замат кыз жаайлап көзүн жума уйкуга кетти.
— Айтыңызчы доктур абалы кандай кыздын? Жакшы болуп кете алабы?
Доктур бир аз үшкүрүнө,кызга узаакка тигилип андан соң жооп берди
— Абалы бир аз алсызыраак азыр. Бул кыз үчүн өмүр бою калчуу кара так болуп калат. Эртең жакшыраак эсине келгенде, ошол күнкү окуялар эсине түшсө кыйын болоору турган кеп.
— Ооба туура айтасыз айым. Мен өз көзүм менен көрүп таң калдым. Күчтүү кыз экен, башка кыз болсо билбейм балким эбак эле өлүп кетти беле. Колунун келишинче алышып жактан экен. Бул кыз баласы, эркек башым менен менин эсим чыгып кетейин дегенин тан алам. Өмүрүмдө андайды көргөн эмесмин да.
Кызык бул жигит экөө бир үйдө турушат болчуу. Бирок ким ойлоптур дейсиз, ушундай жолго барат деп?
Жигит сүйлөп жатып, көз алдына ошол күнкү, токойдогу кызды жерге чөгөлөтө салып, мойнунан кездеме менен бууп жаткан Белестин элеси тартыла, азыр да, денеси жылаан тийгендей жыйрыла түштү.
— Бир аздан соң Амир мырза да келип калса керек ээ? Өз көзү менен көрсүн абалын, андан соң бир чечимге келээр?
Дарыгер айым кызды дагы адатынча узакка карап алды.
— Кыз эмнени көргөнү ошол учурда бир өзүнө маалым. Менин оюм боюнча эгер жигиттин артынан ээрчип барбаса балким мындай нерселер болмок эмес беле?
— Бирок эгер жигиттин артынан барбаса, кыз эч нерсе жигит тууралуу билмек да эмес деп ойлоп жатам.
Жигит дарыгердин сөзүн коштой сүйлөп койду.
— Жап - жаш кыз. Мейли эс ала берсин. Кечке чейин жакшыраак болуп калат, андан соң Амир мырза өзү чечет калганын.
Дарыгер айым акырын коштошо бөлмөдөн чыгып кетти. Ыракматын айтып, баш ийкеп коштошкон жигит, кыздын ары жагындагы үстөлгө бара отура койду. Жанынан жылбай отуруп карайын деди окшойт сыягы....
********************
Амантур турган жайынан Динара, Сезим, Мээрим үчөөнү башка жайга жайгаштырууну көздөп турду. Эч кимге айтпай, башында эң ыңгайлуу жерден убактынча жашан туруулары үчүн жай тапты. Аларды жайгаштырып алса, андан соң, акырын өзү да бул жерден убактынча орун котормок. Анткени башка аргасы жок. Динара да кыйла өзүнө келип, күч топтой түшкөн. Эми үчөөнү өзүсүз да башка жакка бөлүп турууну чечти. Артынан калбай, сандаган душмандары ээрчип жүргөндө жанында бул үчөөө шерик экенин билишсе, биринчи үчөөнөн баштаары анык. Сезим да кетүүгө убакыты жетип келген менен, негедир буларды жакын тартып калган. Айрыкча Амантурду, күндө күтүүдөн тажабай, жол карайт. Кээде издеп артынан чыгып да кеткиси келет. Бирок ага мүмкүн эмес экенин, бул иши өзү үчүн да, башкалар үчүн да, айрыкча Амантур үчүн да кооптуу экенин жакшы түшүнөт.
Амантурдун да сезими жок эмес, бар. Аны кызга тике карап сүйлөй албай, сүрдөгөн түрү эле көрсөтүп койгон. Кызды жоготууну каалабаганы жалооруй караган көздөрүнөн көрүнүп турат.
— Аман байкебиз сизге ашык.
Кээде Мээрим ушундай тамашалап калат. Экөөнүн аңгемеси жарашып, анда-санда бактылуу боло түшкөнүн да, Динара менен Мээрим көрүп калат эмеспи.
Сезимдин балбыл жанган коюу көздөрүнө сүңгүп кетүү оңой. Андан чыгуу азап менен тозоктун өзү. Сезимдин мамилеси, күлгөнү'канчалык кыйын абалда турганы менен, ууртундагы күлкүсүн жоготпой жүргөнү Амантурду өзгөчө өзүнө тартып турат.
Сезим караңгы үмүтсүз туңгуюктан жалгыз жагылган үлбүрөгөн шам сыяктуу сезилет. Жылуу кабыл алып, жараатын карап бергеничи?... Өзүнө арбап алган Сезимден качып кутулуу кайда дейсин??? Өмүр бою сүйүүнүн туткунуна чырмалып калганың калган.
Азыр да дал ушуларды ойлой үйүнө кайтып бараткан Амантур бир азга кайгырып алды.
— Башка чарам жок деп алды ичинен. Эмне кылуум керек? Аларды жанымда алып жүрсөм, пайдамдан да, зыяным көбүрөөк тийеери анык. Кээде Мээрим менен тамашалаша, кээде баары топтолуп отура калган үчөөнө өзү дагы аябай эле көнүп калганы сезилип жатпайбы. Ойлоп көрсө канча убакыттан бери, ушундай көпчүлүк менен, кобурашып отурбай калганына далай эле жылдар болгон экен. Сүйүктүү жубайынан айрылган соң, убакытынын баарын жалгыз кызына арначуу... Кечке карай өзү турган үйү тарапка жакындай кетип баратты. Өэү тууралуу маалымат издеп жүрүшкөн бир топ жигиттерди да көрүп, алардан алыстай өтүп, сактанып келе жатканы ушундан.
Үйүнө жетип келээр замат, өзүн кечеетен бери күтүп отурушкан үчөөнү көрө койо саламдашып жиберди.
— Амантур мырза?
Шашкалактай алдынан сүйлөй тосуп чыккан Сезимди көрө, каректери чагыла түштү.
— Баары жакшыбы?
Кыз бир нерсени сурайын деп барып, кайра жигиттин чарчаңкы абалын көрө эч нерсе айтпай оозун жыйып алды.
— Жакшы баары. Сиздерге сөзүм бар.
Үчөө үч жагына отуруша Амантурдан эмне сөз чыгаар экен дегендей, ооздорун карап, күтүп калышты.
— Бул үйдөн кетүүбүз керек. Сиздерге башка жерден жай дайярдап койдум. Баары тынчыганча, ошол жерде болуп турасыздар. Бул жер кооптуу болуп калды. Колго түшсөк, эмне болоорубузду бир Кудайга маалым. Ошол үчүн, азырча үчөөңүздөр болуп турасыздар мен болушунча, убактынча сиздерден алыс болуп турам.
Амантур сүйлөп жатып Динараны карап алды.
— Алардын кандай экенин жакшы билесиздер. Башка айлабыз жок.
Амантур үчөөнөн жооп күткөндөй, сөзүн аяктап бүтө туруп калды.
Үчөө тең баштарын ийкей, унчукпай калышты. Бир аздан соң барып, Мээрим акырын үн катты.
— Сизге эч нерсе кылышпайбы алар? Аларды кандай экенин билемин.
Мээрим жалдырай корккон көздөрү менен Амантурду карап алды.
-— Жоок -жок кыжалат болбо. Мен силерден кыжалаттамын. Сиздер жакшы болсоңуздар, мага эч нерсе болбойт. Бүгүн кечинде чыгып кетебиз.
Ордунан тура адатынчп жер төлөсүнө кирип кетти. Артынан бир аздан соң Сезим да кире калды.
— Аман мырза, мен????
Кыз андан аркысын айта албай мукактана түштү.
— Айта бериңиз? Эмне болду?
— Мен?...
Бирок Сезим адатынча дагы сөзүнүн аягына жеткире албай туруп калды.
— Сизге Динара айымга берген жардамыңыз үчүн ыраазымын. Эгер кааласаңыэ кеткиңиз келме, курбуңузга кетүүңүз мүмкүн. Эгер сагынган болсоңуз. Кантсе да, бул'жерде туткунга түшкөндөн бетер болуп кыйналып кеттиңиз окшойт. Сизди ушул абалга түшүргөнүмө уялып турам.
Амантур буюмдарын жыйнап жатып күнөөлүү күңк этти.
— Жок -жок андай эмес. Мен аябай кубанычтамын, Динара айым аябай жакшы инсан. Мен сизден кыжалатмын. Билем, жаңылыктардан берип жаткан окуя сиздин ишиңиз экенин, ал жигит мени канча ирет аңдып да жүргөн эле. Бирок мен сизди күнөөлөөдөн алысмын. Коркконум ушул, эгер сизге?...
— Эмне мага?
Амантур кыздын оюн окуп турса да, бирок өз оозунан угууну каалап, кайталап сурап алды.
— Мен... Сизге зыян жетеби деп корком. Билбейм эмнеге, бирок корком.
Кыз мукактана түшүп көзүнө жаш келип кетти. Өзүнөн көзүн албай караган Амантурдан бир четип уялып да кеттти.
— Мммен?... Эмне деп кеткенимди өзүм да билбейм. Кечириңиз.
Кыз артына карай бурула бергенде жигиттин карылуу колдору кайра өзүнө карай тартып, кучагына бекем кысып алды.
Чачынан кере -кере жыттап алган жигит, эми чын эле ушул кызга ашык экенине, бул кызга деген сезимдери өчпөй кайра алоолоп жанып жатканына дагы бир ирет ишенип алды. Өмүр бою жубайы каза болгондон кийин, өмүр бою ушундай атыр жытты сезбегине канча болгон. Кыздын дүкүлдөгөн жүрөк кагышы, кабынан ыргып кетүүчүдөй ылдамдыкта кагып жатты.
Сезим дагы жигиттин кучагына өзүн эркин таштай, эч нерсени ойлогусу келбей, тек гана үнсүз тура беришти.
— Мага эч ким зычн бере албайт. Мен албетте кайтып келем жаныңа. Мага ишен.
Кыздын чачтарын сылай, көзүнө тике караган Амантур сөз берип алды.
— Мен сизди күтөм Амантур мырза. Ага дейре Мээрим, Динара айым менен бирге болом. Алардын жанында болом. Болгону мага кайтып келсеңиз болду. Канча убакыт болсо да күтөм.
Сезимдин ичке үнү дирилдей түштү.
— Ооба курбумду чынында сагындым,бирок азыр аны да оор абалга салгым жок. Ансыз да эки үч күндө шаарга кайтуусу керек болсо керек. Сизден бир гана өтүнүчүм, менин саламымды курбума жеткизе аласызбы? Ал кетип калса коштошо албай калуум анык.
Амантур макул дей башын ийкеп алды.
— Эми мен, мен барайын.
Кыз Амантур менен коштошо акырын өйдөнү көздөй чыгып кетти. Канчалык алыстап жатканы менен, бирок ичинде кандайдыр бир ишеним пайда боло, жигиттин азыркы жылуу сөздөрү Сезим үчүн бүтүн бир дүйнө сымал сезилип жатты...
************************
— Мага уулумду чакыргыла!
Өктөм сүйлөгөн Рамистин атасы адатынча шашпай барып, орундукка отура кетти. Көп өткөн жок, бир аздан соң шыпылдай жанатан өзүн чакырганы чыгып кеткен жигиттин артынан ээрчий Рамис кирип келди.
— Атаке чакырган белеңиз?
— Ооба уулум кел отур мындай.
Рамис отура кетти. Эмне болду экен деген ой ич этин тырмап өттү.
— Уулум иштер чатак.
Рамистин жылуу жүзү өзгөрө түштү.
— Эмнеге ата? Бир жамандык болдубу?
— Ооба уулум. Биз чет өлкөгө жөнөтүп жаткан кыздар,жаштары улуу болуп калууда деп, кардарлар нааразылык туудурушуп жатыптыр.
Кеминде он бештен жаштан болсун дейт. Кийинки жөнөтчүү кыздарды, ушундай кыл. Алар бул жакта калат. Көчөдө иштегендер жанына кошкула аларды. Чет мамалекетке болсо, жаш кыздарды топтогула!
Рамис бул нерсени таптакыр күткөн эмес эле. Эмне кылуусун билбей, көзү алая түштү. Атасынын ушунчалык чегине жетип баратканын билип турса да, эч нерсе кыла албасын ойлоп, кыжырдана түштү.
Он беш жаштан, жап-жаш чырпыктай кыздардыбы, акыры өзү Алинанын өмүрүн жаш экен деп сактап куткарып кетирбеди беле??? Эми кантип? Кантип, жаш кыздарды уурдап келип, тагдырларына балта чабат? Кантип?
— Рамис эмне болду ойлонуп калдың?
Атасынын ачуу күңк эткен жоон үнү кайра ойдон алаксыта койду.
— Ата ал акмак кардарлар ошол кыздар барганына сүйүнбөйбү? Кантип? Кайдан он беш жашар кызды табабыз? Бул оңой эмес, оо бийликтегилерге жетсе кылмышыбыз, өмүр бою камакта чирийбиз го ата? Ансыз деле канча кызды жөнөттүк!
— Басс!!! Токтот!!! Мага каршы чыгасынбы? Сага эмне болуп жатат акыркы убактары башкачасын? Сенин бүтпөгөн жумуштарыңды мен бүтүрүп жүрөм уулум. Бийликтегилерге келсек, алар өздөрү да ушул чөйрөдө тамыры кеңири жайылган немелер.... Ал жагынан кыжалат болбо.
— Бирок ата? Биз аябай эле чегинен чыгып кеттик, жап -жаш кызды кантип???
— Жетишет!!! Токтот!!!
Атасынын сөзү эми жанагыдан дагы ачуулуу чыкты. Жеп жиберчүүдөй үлжүйгөн көздөрү менен, Рамисти тиктеп алды.
— Жооп бер?
Рамис атасы эмне тууралуу жооп сурап жатканын түшүнүп турду. Мурункудай, хоп ата, жарайт ата, деген сөзүн күтүп турду. Бирок жигиттин оозунан андай сөз кечигип жатты.
— Жолон!... Жигиттерге айт, кыздардын жашы, он беш жашардан болсун. Тиги кыздарды бул жактагы кардарларды тейдөөчү кылгыла, эгер бирөөсү ашыкча өнөр көрсөтсө, ит аткандай атып, көзүн тазала!
Рамистен көзүн албай, ачуусу менен жанында турган жан сакчысы Жолонго тапшырма буюрду. Ит аткандай атып салгыла деген атасынын сөзү, Рамистин андан бетер денесин титирете койду. Атасын өмүрүндө биринчи жолу көргөндөй таң калып, көздөрү алая түшкөн Рамис ордунан дароо тура, эшикке карай чыгып кетти.
— Жарайт шеф азыраак кабар берем жигиттерде.
Жолон дагы баш ийкей Рамистин артынан чыгып кетти.
******************
— Кызымдан кабар барбы? Эмне экен, аны таба алдыңарбы?
Аскаттын топтолуп, жаңы гана издөөдөн келген жигиттерине берген биринчи суроосу ушул болду.
— Кожоюн?...
Өзүнүн берген суроосуна жооп таба -албай шалпыя түшкөн жигиттерин көрө, жооптун даяр экенин байкаган Аскат эмне кылышын билбей отура кетти.
— Кайда жоголду? Кимдин иши бул? Көчөгө коюган камера күзөтчүлөрүн текшердиңерби? Баарын карап чыктыңарбы?
Канча сөэ айтканы менен баары бир кабар жок, дайын жок экенин айтыша, өздөрүн күнөөлүү сезген жигиттер баштарын шылкыйта туруп беришти.
Муну жанатан байкап отурган жубайынын жүзүнө жылмайуу келе, ары карай басып кетти.
Аскаттын кызы менен жолуктурбоо үчүн бар күчүн салууга аракет кылган жубайы, Аскатка эмне болуп жатканын билип туруу үчүн, кадам басканына чейин жеткирүүчү, өзүнүн эң бир ишенимдүү, Аскатка бей тааныш жан сакчысын артынан дайындап койгон.
— Эгер кызы табылып, жолуга турчуу болсо 'мага кабар деген.
Дал ушундай эле, азыр да телефонуна келген билдирүүнү ачып окуп алды.
— Кыздан дайын жок!
Бул кабар Аскаттын жубайына жага берди. Жылмайып ала Аскатты мыскылдаган өңдүү, акырын карап алып, ичинен өзүнчө сүйлөнүп алды.
— Кызың биротоло жоголуп кетсе экен. Өмүр бою энеси турмушумду бузганы аздай, эми кызынын кезеги келди беле? Жоок... Мен буга жол койбойм.
Акырын өз бөлмөсүнө чыгып кеткен жубайы бир нерселер ойлонуп жатты.
**********
Уландысы бар...
Айзирек Бектенова
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии

Комментариев нет.