🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР

26 - БӨЛҮМ
Эски тааныштар
Ачуулана үйүнө келип, эмне кылаар айласын билбей, ары -бери басып жүргөн Рамисти атасынын сөздөрү тынчын алып, кайра -кайра кулагына жаңыра түштү.
— Аралыгы он беш жаш, он беш жаш дегендери эмне я Кубат? Эми биз алардын ар бир оозунан чыккан сөзгө макул дей берсек кантип болмок эле? Мугу карагыла! Он-беш жаш имиш. Болбойт! Болбойт! Кубат.
Ачуусу келе, ары жакта үстөл үстүндө турган буюумдардын баарын ыргытып, ачуусун кимден чыгараарын билбей турду.
— Кожоюн түшүнөм бул туура эмес. Бирок атаңыздын сөзүн эки кыла албайбыз го, эч ким эки кылган эмес'. Эмне кылабыз эми? Айлабыз жок.
Кубат да башы шылкыйа, күнөөлүүдөй күңк этти.
— Жок Кубат! Мен мындай кыла албайм, аралаша да албайм, ары четке, оюндан чыгып кетейинби? Же???
Оюна ар нерселер келип жатты. Кандай жол тутушун билбей көпкө ойлонду!. Бир туруп атасы бул иштерден алыстатып салганына да капа болгон жок. Азырча өз жашоосу менен жашап турууга аракет кылды. Андан кийин эмне болоорун көрө жатаар.
Ойлуу отура кеткен Рамистин телефону чырылдай, шашыла ала койду.
— Ало?
Ары жактан чыккан назик үндү уга, өңү да, өзү да өзгөрө түшкөн Рамис бир саамга танчтала түштү.
— Тинатин?
Кыздын сөзүн уга, оозунан сөзү түшкөндөй, ии, ооба, макул дегенден башканы айта албай, кайра кыз телефонду койгон соң, Кубатка жалт карап алды.
— Кубат? Түшүмбү же өңүмбү я?
Кубат, Рамистин эмне дээр сөзүн туюп тургандай, акырын башын ийип жылмайып алды.
— Мына ссагаа??? Кечинде жолугууга мүмкүнчүлүк сурады. Бүгүн кечкиге даярдан, билесин го сенден башка жан адамга ишенбесимди? Мени менен бирге барасын.
Кубат башка эч нерсе дебей, акырын башын ийкеп койду.
Жаш баладай кубана түшкөн Рамис жана эле жаагы түктөйүп, ачууланганын эсине чыгара, ары көздөй бөлмөсүнө кирип кетти.
******************
Түн ката шаардан обочороок жерде жайгашкан, катар тизилген үйлөрдүн бирине Динара, Сезим, Мээримди көчүрүп келген Амантур, жайгаштырып болгон соң 'эч' кимге байланышпоолорун, дарегин жан адамга айтпоолорун, ал калса, көзгө көп илине бербей, көчөгө чыкпоолорун суранып алып, өзү баары менен коштошо, акырын үйдөн чыгып кетти. Сезимге берген сөзү үчүн да, баары бүткөн соң кайра келүүсү керек. Ал үчүн буларга зыянын тийгизбөөнүн жападан жалгыз жолу' ушул гана.
Түн ката, караңгылыкты көздөй кетип бараткан Амантурду үчөө узата карап алышып, аман -соо болушун тиленип алышты. Амантурдун карааны алыстагандан алыстап бара, акыры караңгылыкка сиңип жок болду.
Изин жашырып бир аз убакыт шаарга ызы -чуу салбай турууну чечти. Болгону аз гана убакыт керектелет. Тынчып калган убакта кана, андан соң эмне кылууну ойлоп жатты. Жаман үйүнүн жер төлөсүнө кирип, жата кетти. Илип алган даяр сүрөттөр ичинде сан жеткис душмандары бардай. Жана аларды кантип, кайдан, ким биринчи кезекте экенин белгилеп, ар бирине адатынча, ар кандай жаза колдонууну ойлоп жатты.
Кек алып бүтмөйүнчө жаны тынч албай турган сыяктуу сезилип жатты. Кызынын ар -бир күлкүсү кулагына жаңыра түшөт. Көз'алдына элестейт. Үңкүйүп, башын жерге салып отура озоңдоп ыйлап да алды. Ушул убакытта жанында кызы жок болуп, жетпей жатканы Амантурдун жанына батып кетти. Кыйнала түштү. Шолоктоп жаш баладай кызын сагынып ыйлап алды.
— Атаке деген кызынын эркелеп, мойнуна асылып, кучактаган күндөрү ыйлабачы деген үнү кулагына жаңыра түштү.
Көзүнүн жашы жүзүн жууп жиберип, сууланган каректери менен, эшик тарапты карап алды. Эч ким жок. Жүзүнүн жашын аарчый, кайра болгон күч кайратын топтоп, адатынча өз ишине киришти.
***************************
Көзүн ачып өзүнө келген Лунара ордунан тура койду. Кечееги сайылган уколдордон уламбы, бүгүн анча өзүн жакшы сезип калыптыр. Акырын жаткан жайынан түшө, адатынча эшик тарапты көздөй басты.
Эшик ачылаар замат, сырттагы турган жигит, өзүн жылмайыуу менен, сылык сүйлөп карап карап алды.
— Жакшы эс алып турдуңузбу айым?өзүңүздү кандай сезип жатасыз?
Жигиттин берген сөзүнө таң калып, андан калса, бул жигит өзү ким экенине акыл жеткире албай, айлана тегерегин карап алган Лунара кайра жигитке суроолуу кайрылды.
— Мен кайдамын? Бул жер кай жер, кайдамын?
Лунаранын сөзүнө жооп бере электе эле арткы жактан үн чыкты.
— Саламатсызбы? Жакшы эс алып турдуңузбу? Ден соолугуңуз кантти?
Үч -төрт топтолушкан жигиттери менен бирге келген Амирди көрө койгон Лунара кайдандыр жигитти көргөнүн чала -була эстеп алды.
— Сиз? Сиз менен көрүшкөн эмес белек?
Лунара адатынча дагы суроо үстүнө суроо узатып жиберди.
— Эмнелерди эстей аласыз? Мени кайдан көргөн элеңиз? Дагы башка окуялар эсиңизде калдыбы?
Амир Лунарага жакын келе тиктешип алды. Канчалык узак аракет кылса да, эмне себептүү белгисиз, бир аз гана Амирдин жүзү, анда-санда эсине түшө кетет. Бирок толук эстей албай турду.
— Бийкеч жакшы элесизби? Суу алып келгиле!
Жигиттин ушул сөздөрү кулагына жаңыра, көз алдына чоң зал тартыла түштү.
— Мен сизди кандайдыр бир чоң залда көргөнмүн, сиз мага суу алып келип бергенсиз. Мени кайдан тааныйсыз айтыңызчы?
Лунара жигиттин суроосуна жооп бере салып, кайра өзү да суроо бере койду.
— Мага эмне болду эле? Мен эмне үчүн бул жердемин, сайылган уколдор. Мен үйүмө кетким келди.
Амир башка эч нерсе айта алган жок. Сырттагы болуп жаткан ызы чуулардан, кабардан дайыны жок кыздын. А эгер жанагы Белес эсине түшсө эмне болот. Белес баасып жыккан убакта, башына да катуу тийген экен. Бирок бул коркунучтуу эмес, болгону азыр эстей албаганы менен, акырындык менен эсине түшөөрүн доктур айым айтып өткөн.
Амир эмне дешин билбей турду. Үйүнө кетирип жиберсе кандай болот? Бирок бул жерде да байкуш кызды кармап, камап отургусу келбеди.
— Лунара бийкеч, өзүңүзгө ишенимдүүсүзбү?
Лунара жигитке карай башын ийкеди.
Үйтнө кеткиси келип жатса, албетте зордоп алып -калмак беле?
— Жигиттер, кечирээк үйүнө алып барып койгула.
Амир аркасынан ээрчип келе жаткан жигиттерге бир карай, кайра кызды дагы күзөтүүнү улантышаарын айтты да, жигиттин бирөөнө кайрылды.
Кубана түшкөн кыз жанынан өтүп бараткан жигитти карай токтото үн катты.
— Мырза?...
Амир тык токтой артын карап алды. Сүрдөп, колдорун кайра -кайра ушалаган Лунара жигитти карап турган.
— Мага эмне болгонун билбесем да, атыңыз ким, жакшы тааныбасам да, бирок сизге рахмат. Үйүмө койуп жиберип жатканыңыз үчүн рахмат.
Кыздын сөзүн угуп турган Амир эч нерсе дебей, Лунараны бир саамга тиктеп алды да, кайра шарт бурула, кетип баратты. Ичинен бирок баары бир, кыздын жылуу сөзүнө ичи жылый түшүп, адатынча жылмайып алып, жанындагы жигитке бурула сүйлөдү.
— Унааны даярда! Аскаттын үйүнө барабыз.
Жигит уккан кулагына ишенбей таң калып алса да, шыпылдаган бойдон кожоюндун сөзүн эки кылбай, унаасын даярдаганы сыртка көздөй чыгып кетти.
**•****************
Кайда жоголгонун билбей, шаарды түрө кыдыра издеп жатышса да бир кабар таап келе албаган Аскаттын жигиттери адатынча шадпыйышып башын ийип турушту. Алдында ачуулуу чыккан үнү, бүтүн бөлмөнүн ичин көтөрүп, жаны кашайган Аскат кызын кайдан издеп таптыраарын билбей, ары -бери басвп жүрдү.
— Кандай жок? Кандай? Жер суунун түбүнө түшүп кетпеген чыгаар?
Же өзү жок, же жанындагы жигити жок, жер сууга сиңип кеткендей.
Мен күнөөлүүмүн. Өзүм күнөөлүү! Силерге ишенген мен акмакмын. Эми, араң таптым дегенде. Араң дегенде тапканда...
Шалпыйып чарчап, көзүнөн жашы сыдырал түштү. Муну көргөн жакын жан сакчысы күнөөлүүдөй күңк этти.
— Кожоюн жакшы ниет кылып туралы.
Кожоюнун өмүрүндө ушундай абалда Биринчи жолу көрүшү эле. Жалдырай караган жигиттерине, шефинин алсыз жерин көрсөткүсү келбеген жан сакчы, акырын башын ийкей, жигиттерди сыртка чыгууларын буйруду.
Буйрукту уккан жигиттер дароо сыртка көздөй чыгып кетишип экөө кана калышты. Шефинин жанына отура кеткен жигит акырын үн катты.
— Жакшы болот. Буйруса табабыз.
— Кээде бекер эле келген экенмин деп ойлоп кетип жатам. Мен келдим, кызымдын башына мүшкүл түшкөн сыяктуу.... Балким? Балким душмандарым алып кеткен болсочу? Алар алып кетип, мени колго түшүрүү максатында кармап отурушсачы?
Эми гана жоготкон сүйүктүүмө убакыт эмчи болуп, дарылап келе жатканда, экинчи жолу канатымдан айрылуу... Жок.. Мен буга түтө албайм.
Ордунан тура башын мыкчый сүйүктүмсүн эстеп алды. Мени өмүр бою кечирбейт арбагы. Өмүр бою кызымды да жоготсом болбойт.
Терезе тарапты ойлуу тиктеп, карап алган Аскаттын жанына жан сакчысы келе ойлуу сүйлөп алды.
— Кожоюн эгерде бирөө жарым уурдап кетип, же душман колунда болсо, сизге байланышка чыкмак. Душмандарыңыз балким сизден акча сурап жатышкандыр, бирок, сиз алардын айтканын кылмай сайын, алар кызыңызга кол жумшалаарына ишене албаймын. Бул менин оюм.
Жан сакчы жигиттин сөзүндө чындык бар эле. Жөн эле адамдын колунан бул нерсе келбеери анык. Эгер келген учурда да, алда качан акча, эе өздөрүнө керектүү нерсени эбак эле сурашмак. Демек аларда да эмес... Анда кимде? Кайда? Белгисиз!
Эшик тыкылдай түшүп сырттан кирген жигиттердин бири, сыртта Амир кирүүгө мүмкүндүк сурап турганын айта салды. Үстү башын оңдой түздөнгөн Аскат бөлмөдөн чыгып, арткы, иш бөлмөсүнө барып отура кетти.
— Мейли урунсат кирсин.
Дароо эле шыпылдай Амантур кирип келди. Канчалык ачуусу келсе дагы, акырын башын ийкеп, сый ызаат көрсөтө учуруша койду жигит.
Саламын алик алып, кабылдаган Аскаттын да оюнда бул эмнеге келди деген суроо туулуп, тынчын алып жатты.
— Кулагым сизде Амир мырза? Мага жолугуугу сураптырсыз. Биз тарапка эмне жетелеп келди экен?
Аскат болушунча сылык мамиле менен Амирге кайрылды.
— Аябай чарчап турган сыяктуусуз, маанайыңыз да жоктой, Мекендин иштери сизди чарчатып койуп жаткан окшойт. Аман -эсен жүрөсүзбү?
Амир да атайын сөздү баштай, тийише өттү.
— Мен ооба жакшымын. Шүгүр. Менде эмне жумушуң бар эле?
Аскат Амирдин сөзүнөн тартына түштүбү айтор жакасын түздөй кайра суроону кабыргасынан койду.
— Угушумча,бирөөнү түрө кыдырып издеп жатыпсыз? Баары жакшы бекен деген ойдо сурагым келген.
Камаарабай созуп сүйлөп жаткан Амирге жанатан ачуусу келе түшкөн Аскат, эми чын эле ордунан атып турду.
— Анын сага кандай тиешеси бар? Ой бала ачуума тийбе!
Кыжырдана түшкөн Аскат Амирге тике карай, үстөл үстүн эки алаканс менен чаап ала Амирге карай үңүлдү. Амир ага чоочуган да жок.
— Кызыңызды менин жигиттерим кай жерден таап келишкенин айтайынбы? Токойдон!... Ооба токойдон. Сиз мына бул жерде кымбат үйдө, кымбат ичимдик, шарактаган досторуңузду күтүп отурганыңызда, кызыңыз ээн токойдун арасында, жалгыз бир баш кесер, жырткыч, оорукчан кылмышкердин алдында, жанын алып калуу үчүн, өлүм менен алышып жаткан. Ал ким экенин билесизби? Өзү менен бирге жашаган жигит эле. Бир аз убакыт жигиттерим жетишпей калгаг убакта, кызыңыз менен өмүр бою кош айтышмаксыз. Сизге кеңешим мына ушундай. Кызыңызга жакшыраак көңүл буруңуз. Анткени ошол күнкү каргашалуу окуя азыр эсинде жок. Эртең эсине түшсө жаман болоору анык. Мен кызды аядым. Сизди болсо атасы болгонуңуз үчүн кабардар кылдым. Жана өзүнө келип, жакшы болуп калган убакта, үйүнө кетем дегени үчүн бошоттум. Азыр үйүнө барат. Мен сиздей таш боор боло албаганым үчүн, ата менен баланын ортосундагы кымбат сезимди билгеним үчүн, алдыңызга келдим. Мындан ары кызыңызга абай болуп, көз салып туруңуз. Анткени артынан аңдыгандар көп сыяктуу....
Эми мен барайын. Кабыл кылганыңыз үчүн рахмат.
Амир үстүндө кийин кара плащын түздөнө, баш ийип, сый-ызаатын көрсөтүп койо, Аскаттан жооп күтпөй акырын чыгып кетти.
Элейген Аскат эмне дешин билбей, оозу ачыла, Амирдин кээ бир сөздөрүн укса, кээ бирлери мээсине кирбей жатты.
— Эмне деди бул? Кызым үйүнө барат дедиби? Өлүм менен алышып дедиби азыр эле? Жигиттерге айт үйү тарапка көздөй барышсын. Тезирээк! Кыз үйүнө келген болсо кабар кылышсын.
Жан сакчысы дароо жигиттерге шефинин сөзүн жеткирип, кайра чыдамсыздык менен жооп күтүп калышты.
Сыртка карай чыгып бараткан Амирди артынан чыккан кыздын үнү тык токтотту.
— Амир мырза?
Артынан шашыла эркелей, жылмайып келген Емили Амирди көрүп кубана кетти.
— Бийкеч, Емили?... Саламатсызбы? Сиздей сулууну көргөнүмө кубанычьамын.
Амир сый урматын билдире кыздын колунан ийилип өөп алып, жылмайып койду.
— Саламатчылык! Мен дагы Амир мырза. Кубанычтамын. Биз тараптан сизди көрөмүн деп ойлобогон экенмин. Мени кубанттыңыз. Жакшы жүрөсүзбү деги? Өткөндөгү болуп өткөн окуяларга байланыштуу ырахматымды айтууну эңсеп жүргөнмүн. Кудай жалгап көрүп калдым. Сизге ыраазычылык билдирем, ошондогу окуя үчүн. Ачыгы азыр эстесем, азыр да денем дүркүрөй түшөт.
Емили сөздү кайда бураарын билбей, жигиттин оттой көздөрүнө тигиле албай алдастай түштү.
— Убарасы жок! Баары жакшы, биздин милдет ал. Ошол сыяктуу эле мен да өз милдетимди аткардым.
Амир да кызга карай жылмайып жооп берип алды.
— Кантсе дагы ырахмат, аа... Атамда жумушуңуз бар беле? Балким үйгө кирип чай...
Бирок кыздын сөзү бир азга жоопсуз кала түштү. Үстүңкү кабаттагы терезеден дал экөөнү карап турган, Аскатка көзү түшкөн Амир атайын кылгандай коюн чөнтөгүнөн, өзүнүн дареги жазылган кагазды алып чыгып, кызга суна койду.
— Бийкеч мына бул менин жумуш жайым эгер үйдө отуруп жадаган убакта барып, бул жердеги көрсөтмөлөрдү барып көрсөңүз болот. Эми мен барайын, аман болуңуз.
Амир адатынча кыздын колунан өөп коштошо, дароо шарт бурула, короодон чыгып, унаасына отура зуу койду.
Артынан узата караган Емили жигиттин оттой жанган көздөрүнө чөгүп бараткан сыяктуу, көпкө карап туруп калды да, кайра кубана ичкери көздөй кирип кетти.
***************************
Рамис кыз айткан дарекке келип, Тинатинди күтүп отурду. Элеңдеп отуруп, кыз айткан убактан алда канча эрте келип алган.
— Кожоюн жарым саат алдын келип алганыбыз кантет? Акыйкатчы айымды билем го, бийкеч дагы сизди эки саат күттүрбөсө болду.
Кубат саатты карап ала Рамисти карап жылмайып алды.
— Ооба. Мен ал бийкечти өмүр бою деле күтүүгө ыраазымын. Сени көрөм менин абалыма түшкөн учуруңда жигит. Андан көрө айтчы, тишим тазабы? Кийимиде эч кандай эч нерсе жокпу ашыкча? Баарын карап кой, бут кийимим таптаза.
Рамис ар -бир жерине, кийимине кылдаттык менен мамиле кылып, текшерип карап алды. Ал тургай оозундагы тишинен өйдө Кубатка көрсөтүп алды.
— Кожоюн баары соонун, бир гана бийкеч жок.
Кубат тамашалап алды.
— Азыр келет! Келет азыр. Менин абалымда болгонуңда билесин сен дагы. Ээх Кубат бул өзү ушундай сезим экен? А эмнеге сенде жок, жап -жаш жигитсин бирөөнү сүйүп көрбөгөнсүнбү эмне?
Кубаттын жүзү уялгандан кызара түштү. Адатта калп айта албаган Кубат, башын жерге сала, сүйгөнүм жок деп айтууга кызарып кетти.
Муну дароо түшүнгөн Рамис андан бетер Кубатты сурак үстүнө калтырды.
— Аа десе Кубат... Ашыгың бар экен ээ??? Байкап койдум окшойт? Ким ал кыз? Айтчы ким?
Рамис тамашалай, кайра-кайра сурай берди.
Мен бирде жигиттердин арасынан сөз болгонуңду угуп калганым бар эле? Үйдөгү кызматчы кыз менен...
Рамис сөзүнүн аягына жетпей, Кубаттын жаш баладай уяла түшкөнүн байкап, бырс этип күлүп жиберди.
—Чын эле? Биздин Алинабы? Биздин кызбы? Ошо эмнеге эле өзүң көчүрүп, өзүң колго алып калган деп ойлосом??? Ээх Кубат -Кубат.
—Кожюн койсоңузчу.
Тили байланып калган эмедей араң сүйлөгөн Кубат да жылмайып алып, кожоюнунун Алинабы деген сурагына ии дегендей башын ийкей салды.
—Билесинби ал кыз эми гана он алтыга чыкты го?
Рамис кайра кызыга сурады.
— Ооба кожоюн билем. Мен бирок күтөм. Окуусун каалайм, баары жакшы болуп, бойго жетүүсүн каалайм андан соң айтуум мүмкүн.
— Жоок -жоок ага чейин сен карып кетпейсинби?
Рамис тамашалай дагы каткырып алды.
— Мындай кыл! Бир күнү сага убакыт берем. Барып кабар алып кел! Көңүлүн ал. Кубанттыр. Оюмча сендей жигитти деле Алина жактыраары анык. Же белек алып бар. Макулбу?
Рамис Кубатка тамашалай шыбырап алды. Акыркы кездерде оюң онго бөлүнүп жүргөнүңдүн себеби ушул десеңчи. Баары жакшы болот жигит!!!
Рамис акырын Кубаттын далысынан таптай койду. Кубаттын көзү эшик тарапты көздөй кадала, Рамиске акырын шыбырап алды.
— Кожоюн -кожоюн Тинатин бийкеч келди.
Рамис шашыла артын карай берип, адаттагыдан башкача сулуу боло, өзүн карай келе жаткан кызды көрүп, бир саамга көзүн албай кадала түштү.
Качан гана кыздын назрк үнү жанынан угулган убакта гана денеси дирт эте, жылмайып алды.
— Саламатсызбы?
Уландысы бар...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии