ДОСТУК радиосу "БИРИМДИГИБИЗ ЫНТЫМАКТА".

КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү,СССРдин график-сурөтчүсү,КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сабиджан Бабажанов ,дүйнөлүк масштабдагы жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Жамийлясын “окуп алып ,Шекердеги ага тааныш балалык кундөрүн ,Талас жеринин сулуулугун,элдин салтын кайрадан элестетип, ошондон баштап элуу жылдан ашуун жазуучулук эмгектерине кызыгып ,узбөй окуп ,ар бир чыгармасына сурөт тартып келен .С.Бабажанов “Манас”эпоунун 1000 жылдыгына карата кыргыз жана казак элдеринин талантуу инсандары Токтогул Сатылановдун , Саякбай Каралаевдин, Муктар Ауэзовдун ж.б.портреттерин тарткан. Андыктан “Эл ынтымагы ыйык” программасында 2 –апрельде 104,1 жыштыгында саат 17.15тен саат 17.30 га чейин сиздердин көңүлүңүздөрдү КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сабиджан Бабажанов менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Уктуруунун автору жана алып баруучусу Жыпаргуль Шабданалиева.

Комментарии

Комментариев нет.