Аллах Таала Куранда мындай деген:

*«Алардын мал-мүлктөрүндө кайырчынын жана муктаждын акысы бар».* (Зарият сүрөөсү, 19-аят)
Пайгамбарыбыз бул аятты окуду:
*«Аллах Өзүнүн берешендиги менен аларга берген нерселерде сараңдык кылуулары алар үчүн пайда деп ойлошпосун! Жок, бул алар үчүн зыян! Кыямат күнү алардын сараңдык кылган нерселери (мойнуларына от болуп) оролот».* (Аалу Имран сүрөөсү, 180-аят) (Сахих Бухари)
Соодагер бир тууганым, сен Аллах Тааланын бул аятына көңүл бур:
*«Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан жакшы нерселерден садака кылгыла!».* (Бакара сүрөөсү, 267-аят)

Комментарии

Комментариев нет.