30 мар 2021

Ормон Хан.

33-бөлүм.
II КИТЕП АЗГЫРЫК «Тамчы таш тешет» (Эл макалы)
1854-жыл, жетинин айынын аягы. Ай арасынан кийинки кеч күздүн асманы чайыттай ачык. Кызыл-Жардын батыш кыраңына аркан бою кыңайган күн өзөнгө нурун март төгүүдө. Өзөн боюндагы мөмөлүү бактагы шакийген ала бөйрөк кызыл алмалар күн нуруна ажарын ачып, көз жоосун алат. Имараттардан ылдый, алмалуу бактын жанына күздөөгө тигилген ак боз үйдөн тик жака ак кемселинин сыртынан жалаң суп чепкенин желбегей жамына топучан чыккан Боронбай бий бак аралай сейилдөөгө басты. Жашы улгая, эткээл тартып, сары чийкил жүзүнө майда бырышкире баштаган, маңдайы жайык, мурду жалпагыраак, тайкыраак суйдаң каштуу кабак алдындагы ой уялаган сурмасыз көздөрүнүн алды көбүңкү, ак аралаган жээрде сакал-мурутусыйда серпилген, турпатынан кадыресе күткөн сөөлөт туюлат. Ал демейкидей дарак жанына байырлап, Көлдө биринчи болгон өрнөктүү ишине маашырлана албай, санаасы уйгу-туйгу. «...Кара кыргыздагы экинин бири деген белдүү билермандардын бири элем. Жамы эл биригип жоо кайырганда четте турдум. Казак-кыргыз жоолашканда катышпадым. Орусия кепил болуп казак-кыргыз жарашып, урпактарга тынчтык мурастаганда да четте болдум. Ашмарада Кокондун баскынын кайырганда да болбодум. Орусия, Орусия деп жүрөм. Орусиямага чапан-чапкыт, идиш-аяк тартуулайт. Ормонго алтын чен, медаль, алтын тон берип,жарым падыша жандыралы** кат жазыптыр... Мен эмнеден жаңылдым... эмнеден жаздым?Баары акылга чегерилген эле... — деп өткөн окуяларды көз алдынан өткөрүп турду. Баарынбилет, баары көз алдында. Эмнеден башталды эле?..»
1847-жыл. Жалган курандын башы. Жаз асманында бозомук киргил булуттар каалгыйт.Кызыл- Жардын чыгыш кыраңынан кылайган күндүн нуру күңгөй кыркаларды чала, өзөналдына тие элек. Боронбай бийдин бак-дарактары бүрдөй элек, имараттары көлөкө алдында. Кары кете элек Жууку ашуусу тараптан өзөн ылдый суук сыдырым сого, жаз түнүнүн тоңгологу жибий элек. Бийдин ысык үйүнүн алды тактайланган төркү бөлмөсү: ала кийиздер үстүнө шырдактар төшөлүп, төргө, эки капшытка кара саксак көлдөлөңдөр салынган. Төрдөгү килем жабылгантактанын үстүндөгү күмүш жагдандарга адеми жууркандардан эки кертим жүк жыйылган,жүк үстүндө ак жаздыктар тирелет. Улага жактагы кетирмаңке меш үй ичин мелүүн жылуулукка бөлөп турат. Боронбай бийдин чакырыгы менен кечээ келип конок болушкан бугу билермандары эртең мененки чайдан кийин масилеттешип отурушат. Capт аке, Муратаалыдан төмөн отурган үй ээси бий малдашын түзөп, сейрек сакалын сылай: — Мурдагы күнү Ормон хандан шашылыш чабаган келип кетти. Кадимки кандуу Абылайдын небереси Кенесары хан түмөндөгөн кол менен Таластын капкасы алдындагы кыргыз айылдарына кыргын салып, Кокондун Мерке чебин багындырып, Чүй боорун кана карап кылып каптап келатат. Төрөгелди, Жангарач, Жантай бийлер солто, сарбагыштан жасоо кайрып, Токмоктун алдында жоону тосуп, кан төгө салгылашып турушат. Эли-журтубузду кара өзгөй канкордун кыргынынан сактап калалы. Эки күндүн ичинде жасооңорду кайрып,Көтмалдыдан бизге кошулгула» дептир ханыбыз, — деп үнүн бир аз созо, акыркы сөзгө басым жасай, сөзүн улады бий: — «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей, кеңешелидеп сиздерге кабар бердирген элем. Өтө кооптуу иш болуп турат, — деп сөз учугун Caрти аке, Муратаалы, Качыке, Тилекматтарга таштагансыды. Кандуу кыргындын кабары отургандардын үрөйүн учура, үй ичи бир тынымга үнсүз тунжурай түштү. Бир оокумдан кийин: — Оо жараткан алла, кандуу алааматтан сактай көр калкыңды, — деген Caрт акенин коңурүнү отургандардын көңүлүн бурду. — Абылай насилинин кан көксөгөн бийлик кумарыойгонгон экен да. Оо, жараткан эгем, өзүң жар боло гөр, — деди да, көптү башынан кечиргенакылман карыя бир аз демин жыя сөзүн кайра улады. — Кудайга сыйынып, солто, сарбагыш туугандар токтотуп турган экен да канкор жоону. Кудай алдында аларга Азыретаалы жар болсун. Биз да баш кошуп, жоого каршы тургандан башка арга жок. Угуп турабыз го, Кенесарынын өзүнө баш ийбеген казак урууларына салган кыргынын, андан ырайым күтүүгөболбойт. Ар түтүндөн жоо беттээр бирден эр бүлө чыгарып, Ормон хандын кайырган жасоосуна кошулгула. Өзүңөр баш болгонуңар оң, билермандар. Айлакер, илекор кайраттуу эр эмеспи — Ормон хан Кенесарыга жемин жедире койбос, «Жатып өлгөнчө — атып өл»деген бабалардын осуяты бар эмеспи. Жоону тосолу, — деп муюп угуп отурушкан Боронбай, Муратаалы, Самсаалы, Качыбектерди карады. Күтүүсүз коркунучтуу кабардан улам ооздорунан сөздөрү түшкөн билермандар Боронбай бийге астыртан көз жиберишүүдө. Журт башынын кыйын кезеңде эл биримдигин сактоо парзынан жеке кусаматы жана Орусия азгырыгы шыкак болгон Боронбай бий ойлуу, үнсүз отурду. Малы, дүнүйөсү арбын, элинде кадыр-баркы, дөөлөтү төп болуп, Боронбай бий менен астыртадан басташып жүргөн кыдык бийи Самсаалы: — Кудаң да, хан Ормон кабарды сага жиберген тура. Неге тунжурайсың? Хан кабарынынучугу сенин алдыңда турат да. Айт оюңду, — деп кырдана, кончунан күмүш чегелеген мүйүзчакчасын алып, насыбай чекти да: «Сөзүм жактыбы» — деген таризде Caрт акени карады.Тизесин таяна ойлуу олтурган Боронбай бий: — Айткыла силер да оюңарды. Эл жүгүн чогуу көтөрөлү. Кенесары оңой жоо эмес, — деди. — Орусиянын регуляр армиясына баш бермеген түгүл султан Кенесары. Таякчан малчылардан куралган Урманның лашкер сөрөйү ога каршы туралмай түгүл. Оларның тезатар мылтыклары, замбиреклери бар. Зря өлүм болосыңар. Урманга бармаңлар, ал өзү багышлары, саяклары билен бара берсин. Алар өлөрга, силер өлмөңлар, — деп чебеленди Файзулла Ногаев, бийдин сөзүн ырастаган болуп.
— Байсылда абзий, бул не дегениңиз?! Кыргыз бир четинен кырылып жатса, үйүңөрдө жатып өлө бергиле дейсизби? Өмүрү элибиз мындай апааттарды бирге тоскон, — деп Боронбайды карады салабаттуу отурган Муратаалы бий. — Бий аке, совсем олай демедим түгүл. Урман Кенесары султандан өлүм табады дегеним гой,— деди да, астыртан Боронбай бийди карап, сөзүн улады. — Омбуга Орусияга кайрылыңдар. Аскер сураңар. Омбуга генерал-губернаторго мен өзүм барарга керек. Ал замбирек,пулемётлары билен аскер жиберсе, иш тамам болоды. Улук императорям курсант боларга, —деп отургандарга компоё карады, аракеттенүүчү учурдун келгенин туйган Орусия тыңчысы Файзулла. — Мына кызык, абзий, сиз Омбуга барып орус алып келгиче элди кыргындап келаткан Кенесары күтүп турабы? Эл кырылып бүткөндөн кийин орусуңуздун келгени кимге керек, —деп сөзгө аралашты ойлуу отурган тарам кызыл жүздүү көгала сакал карыя. — Керек эмес түгүл, жуда керек, империяга керектур. Олар Кенесарыны уштай албай жүрүшөдү. Шул ерден Кенесары колго түшсө хаммабызга улук императордон сый-урмат болоды, — деди тыңчы. — Сиз, абзий, орустан сыйлык аларыңыз турулуу иш. «Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жанкайгы» деген сөз ырасталып турат го. Кыргыздын кырылганына жаныңыз кейибегенин көрүп турабыз, — деди да, кыйладан бери бул татар соодагердин мүнөзүн баамдап жүргөн Caрт аке Боронбай бийге кайрыла сөзүн улады. — Бий, бул өтө зарурат иш го. Күн сайын күнөөсүз элдин каны төгүлүп турганда ыкчам аракеттенгиле. Болгон мүмкүнчүлүктөр менен кол курап, Көтмалдыда Ормон ханга кошулгула, бүрсүгүндү болжогон тура, кечикпегендей болгула, — деди
Чекесин таяна ойлуу олтурган Боронбай бий кабагын көтөрө: — «Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» деген учур. Элди бөөдө кыргынга учуратып алабызбы деп чочуймун. Кеңешели, атаганат, Байсылда айткандай, орустан жардам болсо элди сактап калар белек. Бирок кеч болот го, — деп сөзүн бүтө электе, Файзулла: — Кеч болмой түгүл, мени Аягөзгө тез жибериң, Урман багышлары, саяклары, солтолору билен согуша берсин. Перемышльский корпуснойдон бир сотня Челек аша келип сендерди кайтарып турарга. Онан соң Омбыдан аскер келеди, — деп Боронбайды жубаткысы келип жапалактады. — Абзий, сөздөрүңүз коошпой турат го. Өзүңүз айттыңыз, Кенесары орустун көп армиясына моюн бербей келет деп, эми Омбудан он чакты солдат алып келип, бугуну коргойм дейсиз, бул бир. Дагы бирөө Кенесарынын түмөндөгөн колу Омбудан орус аскерлери келет деп күтүп турабы? Ормон хандын аз гана колун талкалап, эртең эле Көлдү каптап, кыргын салбайбы. Элдин убалы кимге, — деди Файзулланы иренжий карап турган Балбай. — Бий аке, мен дагы оюмду айтайын, — деп Боронбайды карады орундуу сөздөрү, калыс мүнөзүнөн улам элге алынып келаткан Тилекмат мырза. — Абзийдин азгырыгына ынанып, «Жолоочуну ээрчип, жолу каткан ит өлөт» болбойлу. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, Чүйдө кыргыздар кырылып жатса, биз чүмкөнүп жатып аман калмак белек. Акебиз айткандай, ар түтүндөн бирден эр бүлө чыгарып, кошулалы Ормон ханга. — «Атасына баласы неткенди үйрөтүптүр» дегендей болбойлу, мырза иним, чүмкөнүп жатып алалы деген эч ким жок. Караламан калктын каны бейкүнөө төгүлбөсүн деген камкордук, — деп Боронбай сөздөрүнүн аягына чыга электе: — Анткенди кишиден үйрөнбөсүңдү билебиз дечи. Какпагын, бий, мыкты чыкма уулду. Ардайым кысталышта кеңешке келгенде ушинтип каадалана бермейиң бар, — деп, тизесин кагып обдулду Самсаалы бий. — Калдактаган кокуй кишисиң. Жаштын адеп сактаганы оң? Эмнеге каадаланам? Тыяктан жоо каптап келатса, кеңешели, айла табалы деп отурамын, — деди бий, «туурабы» дегендей олтургандарды тегерете карап. — Мен кокуй кишиминби? Кыйкырсам үч миң киши атка минет, бирге бололу, кеңешели деп келип отурабыз, — деп кырдана сүйлөдү Самсаалы бий. — Кер-мур айтышканды коюп, каптап келаткан жоону кайтаруунун айласын көрсөк боло, —деди Муратаалы бий нааразы болгондой. — Көрүп турамын, — деп бир аз тунжурай жер карап турду да, сөз улады Боронбай бий: — Ашыкпайлы, экиден кош ат менен эки жигит кошуп, Байсылда абзийди Аягөзгө чаптыралы. Абзий сен бизди ынандырып жүрөсүң го, тез атарларынан башка да ок чачма мылтыктары, замбиректери бар деп. Орусия бизге жан тартары чын болсо ошондой куралдары менен салдаттарын жиберсин Челек аркылуу. Күңгөй эмеспи, ашуу деле ачылып калды. Алар артыбыздан такоол болушсун, биз даярданып турабыз, — деп, кабагын көтөрө Файзулланы карады. — Бий аке, мен азырдур даярмын, хам этпеңиз. Хаммасы сиз каалагандай болоду, — деп көшөкөрлөндү Файзулла. — Орустар артыбыздан тирек болсо жакшы дечи. Өзүбүздүн колду даярдап тактайлы, кай жерде чогулабыз? Бүрсүгүнү Көтмалдыда хан жасоосуна кошуларыбыз ырас болсо ушуларды тактап алганыбыз оң, — деп Боронбай бийди карады, анын хан көтөрүү аземинен кийин кудасы менен кыргый кабак болуп жүргөнүн жана Кенесары менен согушууга барууну каалабай турганын баамдаган кыраакы Муратаалы бий. — Ашыгуунун кереги эмне. Өз камыбызды көрүп турсак аңгыча Аягөздөн Перемышльский төрөдөн жардам да келип калар, — деди Боронбайга ою төп, орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн, ар ишке камбыл, оозунда сөзү бар Качыбек Шераалы уулу. — Качыбек мырза, ашыкпайлы дейсиң, жоо ашыгып келатпайбы, ашыкпай отура берип бөөдө өлүм болобузбу? — деп ийнин куушура түйшөлдү, Боронбай менен Качыбектин «орусо юнун» түшүнө билбеген айыл башынын бири — жээрде сакал, келте мурун, чекир көз, эндейак калпакчан, кара кемсел кийген орто жаштагы киши. — Бөөдө өлүм болбос үчүн ар түтүндөн бирден эр бүлөнү ат жабдыгы, куралы менен камдап тур, — деди Боронбай, куралдуу эр бүлөлөрдүн кайсы күнү, кайсы жерге чогулаарын бүдөмүктө калтырып. — Бий аке, мен Аягөзгө тез жөнөргө. Кош атлуу жигитлер хазыр болсо. Увакыт күтүп турмайды түгүл, — деп Боронбайга кайрылды Файзулла Ногаев. — Кылычка айт, көздөй эки жигит, төрт ат даярдасын. Барыңыз, жөнөөр алдында менден дубай салам аласыз Аягөздөгү, Омбудагы төрөлөрүңүзгө, — деп компоё олтурду үй ээси. Файзулла жылып чыга жөнөдү. Кеңешменин акыры эмне менен бүтөрүн баамдай албай олтургандар бири-бирине көз жибере, үй ичи тынчый түштү. Хан көтөрүлгөндөгү жыйында өзүнө кыргыздын баш бийинин мансабы тиет деген мүдөөсү орундалбаган ички кусаматына татар тыңчынын оруска кошулуу жөнүндөгү азгырыгы шыкак болгон Боронбайдын жалпы кыргыз кошуунуна бириккиси келбей турганын сезип турган Capт аке: — Менин жадыма түшпөй турат, бий, качан, кай жерден баш кошуп жөнөөрүңөр? ! Оролду каптап, орусту багынтып, Кырым-Урумга атынын туягы жеткен Чынгыс хандын насили Кенесары ашыкпай күтчү жоо эмес го. Ногойуңар орус алып келгиче эмне болор экенбиз? Оо,жараткан, сактай гөр, күнөөсүз пенделериңди, — деп сакалын сылай тобо келтире: —Ойлонгула, билермандар, элдин убал-сообу мойнуңарда турат. «Казак-кыргыз жоо болсун,кара башым соо болсун» болбойлу. Чыбык кырккан антыбыз бар эле. Мойноп кетсеңер аягы эл башына түшүүчү кандуу мүшкүлгө алып келбесин, — деп сөзүн Боронбайга саласал этти, үнү каргылдана жашый түшкөн акылман карыя. Карынын жан туюму келечекте болуучу кандуу жоболоңду сезе, калкы үчүн кабыргасы кайышып турган абалы, келечектеги алааматтын добушу беле анын жашыган үнү? — Оо, жарыктык десе, калкыбыз үчүн «карыбыз казык, башыбыз токмок» болуп кызмат өтөгөнгө даярбыз. Ар айыл, ар үй-бүлөдөн бирден эр бүлөнү ат жарагы менен чыгарсын. Өзүбүз даяр туралык, кабарлашалы. Элди бөөдө кыргындан сактап калуунун чарасын көрөлү,— деп кайпалактатты, Кенесарынын баскынына каршы согушка бара албайбыз деген оюн ачык айтуудан айбыккан Боронбай бий.
Аңгыча түштөнүү дасторкону жайылып, кырма жыгач табактарга көк жалтаң сүр карчыгалар, «узун сарыга» сактаган чучуктарга аралаш кыш туума сүт эмген күрпөңдүн эти тартылды. Коноктор сый көрүп бата тиленип, уруу билермандары айыл-айылдарына аттанышты. Файзулланы Аягөзгө кош ат менен чаптырып, кайпыткан сөздөрүнөн бугу уруусу Ормон хандын жасоосуна кошулуп, Кенесарыга каршы барбай, орустардын келишин күтөрүн түшүнүшкөн билермандар өз айылдарын сактоонун камын ойлоп баратышты. Сыртынан өзүн сабырлуу тутуш, жаз камында чарбасына көз салган болуп, күнүгө бир маал Ыбырайым багбандын мөмөлүү бактагы иштерине алаксып өзүн жооткотсо да, Боронбай бий оюн жыйнай албай эки анжы. «Ормон хандын азгантай жасоосун талкалап, Кенесарынын түмөндөгөн колу бери карай каптап кирсе эмне күн болот. Айыл-айылдарды кайтарып турган куралдуу эр бүлөлөр анын кандуу жаалына туруштук бере албайт го. Ок чачма мылтыктары, замбиректери менен орустар келип калбаса, эл кырылат го. «Орусия колдойт» деген Байсылданын азгырыгы жамы кыргыз ынтымагынан оолактатканы аз келгенсип, эл кызылуук болуп кыйраса, алардын убалын Кудай алдында кантип көтөрөм?» — деген мүшкүл ойлор жанын кыйноодо. Анын оюн аңгыча: — Бий аке, «Чүйдөн келдим, сизге киремин» дейт бир киши, — деп эшиктен кирген жигиттин сөзү бийдин көңүлүн бөлдү. — Оо, жакшы, келген экен да, жагымдуу кабар болгой эле, кирсин, — деди мандашын түзөй оңдонуп олтуруп.Эшик ачыла орто бойлуу, арык чырай, кара сурунан келген чап жаак, сакал-муруту сейрек, кабагы тайкы, көздөрүнөн чарчоо сезилген боз таар кемселчен, эндей ак калпакчан орто жаш киши салам айта кирди да, бийге кол берүүдөн айбыккансып туруп калды. — Аа, келдиңби, мындай өтүп жай ал. Ат-көлүгүң аманбы, арыбай, кыйналбай келдиңби?Алтын шилекейиңди чачырат эми, — деп орун жаңсады бий. Жылуу мамилени сезген кабарчы бийге аяр кол берип, төмөнүрөөк отурду. — Кудайга шүгүр, сүйүнчү, бий аке. Кенесарынын колу талкаланып, өзү иниси Норузбай менен кечээ колго түштү. Бул кабарды алып, сизге сүйүнчүлөөгө шашылдым, — деди тымызын кабарчы. — Баракелде, баракелде, жакшы кабарың бар экен. Сүйүнчүң менден болот. Айтчы, согуштун жайын, — деди бий, чакчасын алып насыбай чеге. — Оо, бий аке, жүзү курусун согуштун, аябаган кыргын болду. Бөтөнчө Кенесары тараптан көп өлдү. Сыртынан байкап жүргөн биздин жаныбыз жай таппай жүрдүк. Согушуп жүргөндөрдүн абалын Кудай билсин. Ормон хан айлакер кыйын киши тура. Тоо жылгаларынан караган-шак сүйрөтүп чаң салып, түнкүсүн талаага жер жайнаган от жактырып, душман арасына жаман ооздорун жиберип үшүн алды. Акыры ичип турган суунун нугун буруп, Кенесарынын жоокерлерин суусуз калтырды. Кенесарынын жоокерлери айласы кетип, дүрбөлөң түшкөндө Ормон хандын колу аларды талкалады да койду деп, бийдин «сүйүнчү берем» дегенине көңүлү көтөрүлүп, санаасы тынган кабарчы чокчо сакалын сылай жагалданды. — Аа, андай иш Ормон баатырдын колунан келмек. Өзүбүз катыша албасак да,кыргыздардын жеңгенине курсантпыз. Каталашсак Кудай өзү кечирсин. Эми айтчы,Кенесары, Норузбайды эмне кылышты? Өлтүрүшкөн жокпу? Азыр алар туткундадыр, кимдин колунда болду экен? — деп такыктады бий. — Кудай акы биле албадым, бий аке, өлтүрүштүбү же жокпу? «Мыкандын кара суусунда сазга тыгылып көбү өлүп, Кенесары инилери менен колго түштү» деп гана уктум. Такып суроодон айбыктым. Биздин бугунун кармашка барбай калганына эл ичинде нааразы сөздөр айтылууда. Биздин ким экенибизди, байкап жүргөнүбүздү туюшса, оңбой калат элек, бий аке. Өтө сак жүрүүгө туура келди, — деди кабарчы. — Сак жүргөнүңөр, албетте, акылдуулук. Эми барып эс ал, дагы жай сурашабыз. Берки экөө качан келет? Бери чыгарда аларга жолуга алдыңбы? — деди бий. — Жолуктум, бий аке. «Сен барып кабарлай бер бийге. Биз дагы жүрө туралык. Дагы тактай турган иштер бар» деди бизге баш-көз болуп барган Берикбай мырза, — деп, ызаат менен ордунан тура жөнөдү кабарчы. — Берикбай эстүү киши, туура иштептир. Куда кааласа эртең-бүрсүгүндөн дагы даана кабар угат экенбиз. Иншалла, барып эс ал, — деди бир жагынан болсо да санаасы тына түшкөн Боронбай.
#тарыхыйчыгармаОрмонхан

Ормон Хан. - 908699356890

Комментарии

Комментариев нет.