28 апр 2021

🌹 "ЖООЛУК МАСЕЛЕСИ"

Жоолук салынуу парз ар бир балакат жашына жеткен аял заты үчүн.
Жоолук салынуу парз экендигине ишенип, бирок салынбай жүргөн аял заты чоң күнөөкөр болот. Аллахтын фарзын аткарбагандыгы үчүн.
Эгер ата - энеси же күйөөсү жоолук салынуусуна каршы болсо, анда ата - энеси , күйөөсү да чоң күнөөкөр болот. Аллахтын өкүмүнө каршы чыккандыгы үчүн.
Жоолук салынбай деле койсо болот деген адам динден чыгат. Аллахтын өкүмүн жокко чыгаргандыгы үчүн.
Аллах баарыбызды Тозок азабынан сактасын, Өзү көрсөткөн туура жолдон адаштырбасын, Мусулман болуп жашап, Мусулман абалда өлүп, Мусулман абалда кайра тирилүүнү насип кылсын 🤲🏻
Жоолук салына элек бир туугандарыбыздын жоолук салынып,Аллахтын өкүмдөрүн аткарып Бейишке кирүүсүн насип кылсын. 🤲🏻
"Ар бир жан өлүм даамын татуучу"
Кеч боло электе Акыретиңизди ойлонуңуз жоолук салыныңыз,намаз окуңуз. Аллахтын фарздарын аткарыңыз.
Өлүм чындык, Өлгөндөн кийинки жашоо (Акырет) чындык. Акырет чындык экенин Аллах Пайгамбарыбызга (с.а.в) түшүргөн китеп Куран, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистери аркылуу билебиз
Бул дүйнө - убактылуу.
Акырет - түбөлүктүү.
Бейиш - түбөлүк,Тозок да түбөлүк
Тандоо сизде бир тууганым.
Түбөлүк Бактылуулукту кааласаңыз Бейишке алып баруучу амалдарды кылыңыз. Күнөөлөрдөн сактанып, Аллахтын ыраазылыгы үчүн жакшы иштерди көп кылыңыз. Диний китептерди окуңуз жана амал кылыңыз.

🌹 "ЖООЛУК МАСЕЛЕСИ" - 910618317274

Комментарии