28 сен 2021

-Адам болуу деген эмне?

Адам канткенде адам болот?
-Бул -өтө оор суроо.Адам болуунун да түрлөрү бар.Элде начар адам,орто адам ,ортозаар адам, жакшы адам, мыкты адам деген түшүнүктөр бар.Мунуно баарын жалпысынан адам деп айтканыбыз менен ,адамдын да адамы бар.Кызык, адамдын бары өзүн адамбыз деп эсептейт.Ооба ,бары адам деген атты алып жүрөт.Бирок кандай адам экендигин өзү да толук баамдабайт.
Адам болуу үчүн адамга тиешелүү көптөгөн жакшы сапаттарга жетүү керек: адам өзүнүн кандай адам экендигин талдап билип, жагымсыз жоорук-жосундан арылып ,жашоонун туура жолуна түшкөндө ,жана да тиричилик өзүнүн түз,жагымдуу ордун тапканда ,өз баркын билгенде,айрыкча башкаларды да адам деп урматтай билгенде жашоонун көркүнө чыгарган мээнеткечтиктен , адамгерчиликтин,сезимталдыктан,ар кандай нерсени туя билген билимдүүлүктүн баркын билгенде ойдогудай адам болот.Мындай даражага жетүү абдан кыйын.Жакшы адам деген-эңсеген ,самаган даража ,улуу даража.Бул даража өмүрдүн аягына чейин сактап жүрүү баарынан кыйын...

-Адам болуу деген эмне? - 917268798682

Комментарии