Кыргызстанда суу сактагычтарды куруу - негизги милдет

Кыргызстанда суу сактагычтарды куруу үчүн болжол менен жүз жер белгиленген, алардын көпчүлүгү Ош, Баткен жана Чүй облустарында жайгашкан.
«Азыркы учурда бизде суу сактагычтар аз - биз болгону 1,7 миллиард кубометр сууну гана сактай алабыз. Биздин максат - 2,5-3 миллиард кубометрге жеткирүү. Бул 1,2 миллион гектар жерди сугарууну камсыз кылат жана суунун жетишсиздиги маселесин чечет.
Ошондой эле, суу сактагычтарды жана плотиналарды куруу кымбат болгондуктан, тамчылатып сугаруу системасын киргизүү приоритет болуп саналат. Бул жылы тамчылатып сугаруу системасын киргизүүгө 400 миллион сом бөлүндү. Анынсыз айыл чарбасын өнүктүрүү кыйын болот», - деди Бакыт Торобаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Кыргызстанда суу сактагычтарды куруу - негизги милдет - 983405290227

Комментарии

Комментариев нет.