20 июл 2017

СПИД ЖАНА ИСЛАМ!

Акыркы мезгилде дүнүйө илимпоздору кызыктуу бир фактыга коомчулуктун пикирин буруп жатат.Биринчилерден болуп бул керемет абалды Канада өлкөсүнүн илимпоздору аныкташты.
Алар эки Африка материгинин картасын изилдеп чыгышып, кайсыл өлкөдө Ислам өкүм сүрсө,ал өлкөдө СПИД илдетинин жоктугун байкалганын жана тескерисинче кайсыл өлкө Исламдан оолак болсо,ошончолук бул коркунучтуу илдет көбүрөөк өкүм сүргөнүн
баяндашып жатат.
Картада Ислам динин кармануу жашыл түс менен белгиленип,канчалык диндар болгонуна жараша өлкөлөр ошончолук ток жашыл түскө боелгон.Ал эми СПИД илдети менен көбүрөөк жабыркагандар кызыл түс менен белгиленген.
Бул нерседен бир акыйкат көрүнүп турат-СПИД илдетини алдын алууга бир гана Ислам дини жарайт.Бир да башка материкте Африкадай СПИД илдети өз кулачын жайган эмес.Бирок ошол кара материкте да кээ бир өлкөлөр бул оорудан алыс.Көпчүлүк СПИД илдети жарды өлкөлөрдө гана күчөйт деген адашкан ой бар.Тескерисинче жарандык согуштан башы чыкпай,экономикалык жактан кыйналган Сомали мамлекетинде
СПИДтин коэффициенти өтө аз.Ал эми аларга кошуна болуп,көптөгөн ресурстарга ээ болуп,ички дүң продукциясы өнүгүп жаткан өлкөлөрдөй болгон журттар болсо,Исламдын жоктугунан бул ооруга моюн сунуп жатышат.
Ар бир оору,анын ичинде СПИд илдетине чалдыккандарды дарылабастан,а балким ага бөгөт койгон профилактика жүргүзүү маанилүүрөөк.
Ибн Маджанын “Сунанында” Абдулла ибн Умардан рабаят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
мындай дейт: “..Беш сыноодон этият болгула.Качан адамдардан болгон бир коом бузукулук(зынаны) ачык кыла баштаса,ошондо алардын арасында алардын ата-бабаларына маалым болбогон оорулар күчөйт....”
Демек сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) СПИД илдетинин профилактикасы бул никелүү болуп,бузукулук жана ойноштуктан алыс болуусун бизге үйрөтүп жатат.
Үйлөнүүгө шашылыңыздар,урматтуу бойдок эже-сиңди жана ага-инилер!
Макаланы даярдаган Нуриет Абдулазиз.

СПИД ЖАНА ИСЛАМ! - 856760170623

Комментарии

Комментариев нет.