1 мая 2022

Кайын журт тарткылыгы 8-бөлүм

Мына, эми баарын билесиз, -деди Айсезим көзүнүн жашын аарчып.
Ал айтып жатканда мен да бир сыйра көз жашым куюлуп, аны не деп жубатарымды деле билбедим. Эгер мен мындай турмушта жашасам кандай жол табат элем деп ойлонуп, туңгуюкка кептелгендей эле болдум. Адамдын тагдыры алдын-ала көзүнө көрүнбөйт, бардык кыздар бара турган жерине бактылуу болуп, ошол жерде жакшы турмуш курсам деген ниет менен жүрүшөт. Ал эми мындай кайын журттун азабы өзүнчө эле чечилбеген көйгөй. Мен аны кайра кайтып келип жаша деп айтуудан да алыс болдум. Тагдыр Айсезимдики, кандай чечсе өзү билет. Бир чети жолдошунун да чечкинсиздиги десек болобу же апасын сыйлап унчукпагандыгы да Айсезимди кайра жашоого көңүлүн калтырып жатпайбы. Канткен күндө да Айсезимди жумуштан бошоо тууралуу чечимине каршы болдум. Эми гана иштегенине эч канча болбой бошосо, кийинки келечеги да кандай болот.
Шаардан батир таап, жайгашып алгыча биздин үйдө жашап туруусун айттым. Ооба, бул маселени жолдошум менен чечип, анан гана Айсезимге жардам берсек туура болот деп ойлодук. Качан батир тапса, балдарын алып келип, аларды бакчага берип, жашоосун өткөрсө болот. Ырас, банктан тапкан акчасы баарына жетпеши мүмкүн, бирок, кошумча жумуштар деле толтура.
Ошентип, Айсезим ата-энеси менен сүйлөшүп, бир жумадан кийин гана бара турган болду. Ал арада экөөбүз тең батир издедик. Эми несин айтайын, Айсезимдин күйөөсү күндө ушул жерде, “Жашайбыз” деп эле Айсезимге жалдырайт, кечирим сурайт.
Эки жаштын тагдыры өздөрүнүн колунда, болгону кайрадан эжелерине өчөшүп, келинчегин урган жакшылыкка алып барбасын Азамат түшүнө алат бекен...
***
Сиздерге баяндаган окуя Айсезимдин тагдыры болду. Убакыт өтүп, Айсезим батир таап, балдарын алып келип, ишин улантты. Албетте, турмушта кыйынчылык болбой койгон жок. Жетишпестик болду, кыйынчылык болду, бирок, Айсезим эмнегедир Азаматтан ошол боюнча көңүлү калганбы, жарашкан жок. Ал эми кайын эжелери келип, балдарын алып кетип, Айсезимге айтпаган сөздөрдү айтып, аны уруп кеткен күндөрү да болду. Мындай кордукка Айсезим сот аркылуу гана ажырашууну туура көрдү. Ал ишке Айсезимдин жакын адамы катары мен да бардым. Мына ошондо анын кайын журтунун чыныгы жүзүн көрдүм десем болот. Келинине ушунчалык кара көө жабат деп эч ойлогон эмесмин. Айтпаган сөздөр айтылды. Алардын ою боюнча эң начар келин Айсезим болуп чыкты. Өз учурунда тамак бербегендиги, уктап жаткандыгы, баласы ыйласа да карабагандыгы, эринин көйнөгү дайыма кир боюнча жүргөндүгү, тамак-ашты бекитип жегендиги, айтор, алардын айтуусунда, келин эмей эле желмогуз алгандай пикир калат. Азамат болсо бир ооз сөз айткан жок. Мен аны аяп турдум, балким, ал ушул учурда Айсезим менен, балдары менен бактылуу жашоону эңсеп жашагысы келген чыгар. Бирок, үй-бүлөсүнүн айынан азыркы жолдон башка жол жоктой ажырашууга макулдугун берди. Ошентип, бириккен тагдырлар экиге ажырады.
Туура, Айсезим, турмушунун барагын башка нукка ачты. Эми ал барактын сыясында Азамат экөөнүн тагдыры эмес, өзүнүн тагдыры жазыла турган болду.
Айсезим күчтүү аял, ал баарына чыдады. Ал эми Азамат Айсезимден ажырагандан кийин дагы беш жолу үйлөнүп, бирок, баары менен жашай алган жок. Жакшы жашоого серпилип, кадам койгону менен дагы эле апасы, дагы эле эжелери аралашып, акыры бардык нерсе тобокелчиликке окшоп калды. Жакшы жашоону ичкиликке алмаштырып, же иштен, же аштан жок болуп, ички дүйнөсү бырчаланып, качандыр бир кезде бактылуу жашоосун эстеп, аны басууга кайра эле ичимдик ичип, үйлөнгөн жубайларын жактырбай, кынтык таап, мазесин алып, бактылуу жашай албады.
Уулунун турмушун бузганын эне түшүндү, эжелери да туура эмес иш кылганын билишти, бирок баары кеч эле. Кайын журттун азабын тарткан Айсезим жашоосунда таянар жолдошу жок болсо да, балдарды багып, аларды эч нерседен өксүтпөй, күчтүү аялга айланды. Аны күчтүү аялга айланткан кайын журтунун ага ыраа көргөн тарткылыгы эле. Бул мезгилдер өтүп, Айсезим бактылуу болорун билет, ооба, ал бактылуу болот. Өзүнүн жашоосун кыздарына ыраа көрбөйт. Келин кул эместигин, бирөөнүн үйүндө кыздай болуп жашоо кечириши керектигин кантип элдин баарына жеткирсем деген тилеги дайыма көкүрөгүндө.
Айсезим, сен бактылуу болосун, болгондо да эң бактылуулардын катарын толуктайсын. Анткени, сен жакшы жашоого татыктуусун! (Аягы)
Байтикова_Бактыгүл

Комментарии