7 дек 2022

Сапырылган сары жалбырак 1-бөлүм.

Баары балалыктан башталган... Мен орто жашаган, жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдө жарыкка келгенмин. Эки уулдан кийин кыз төрөлгөнүнө ата-энем мандайлары жарыла кубанышкан тура. Так ошол кыз болгондуктан тагдыры тайкы болуп, турмушта көп азап тартаарын ойлошпогон чыгаар ошондо байкуштарым... Мен эки жашка толгондо апам дагы бир кыз төрөдү. Ошентип эки уул, эки кыз болуп калганбыз. Көп деле эрке осподук. Кымбат баалуу, белгилуу фирмалардын кийимдерин кийбесек да өзүбүзгө жарашыктуу, өтө жупуну эмес кийимдерди кийип өстүк. Атам кесиби боюнча ооруканада көз дарыгери болчу. Апам болсо мектепте орус тил мугалими. Билимдүү адамдардын тарбиясын алгандыктанбы, агаларым да синдим экөөбүз да тартиптүү элек. Туугандарыбыз балдарына бизди үлгү кылаарын көп угуп, кээде сыймыктанып алчубуз. Атам оор басырыктуу, токтоо бирок каардуу жана сүрдүү адам эле. Бир туура эмес иш кылып койсок атамдан коркуп турчубуз. Бирок атам бир жолу да бизге колу тийген жок. Апам болсо шыпылдаган, женил, коп сүйлөгөн аял эле. Бизди коп сабабаса да кээде ачуусу келгенде акырын уруп какыс-кукус кылып калчу. Андайда атам бизге болушуп, балдарымды урба деп калчу. Бирок апам да ичинде кири жок, канча ачуусу чукул болсо ошончолук бат жазылган шайыр аял болчу. Ата-энебиз коноко кеткенде тортообуз ынтымактуу олтуруп ар кимибиз озубузго тиешелуу жумуштарды бутуруп өз ордуларыбызга жатып уктап калчубуз. Ошентип балалыгыбыз коп деле эркеликсиз, көп эле чан-тополонсуз өттү. Бирок эч бир нерседен зарыгып, кыйынчылык коргон жокпуз. Жыл артынан жыл кубалап отуп, биз эс тартып бой жете баштадык. Биз чонойгон сайын бизге сарпталчу акчанын саны да чоноё берет тура. Улуу агам мектепти бүтүрүп оз кучу менен атамын жолун жолдоп медициналык академиянын бюджетине отуп кетти. Миндеген абитуриенттерден жалгыз агам оз кучу менен отуп кеткенине үй-бүлөбүз менен аябай кубандык. Андан кийинки агам бир аз тентегирээк болчу. Мектепти бутургон сон өзү энсеген музыкалык окуу жайга эмес, атамдын каалоосу боюнча юридикалык университетке окууга отту. Албетте контракт бөлүмүнө. Ошентип эки агабыз тен чон окуу жайларда окуп журушту. Ата-энебизге агаларыбызды окутуп, бизди багуу оорлошуп калды. Албетте эки адамдын жарыбаган айлыгы бир уй-булоону багып, эки студентти камсыздоого жетпей баратты. Убакыт отуп мен да оз кучум менен окууга тапшырып медициналык факультетине бюджетке оттум. Улуу агам окуудан сырткары иштеп бизге каралашып калган. Синдим дагы мектепти ийгиликтуу аяктап журналистикага тапшырып отуп кетти. Ошентип баарыбыз окуп ата-энебизге туйшук кобуроок жуктолуп калды. Синдим биринчи курсту буткон жылы атам жүрөк оорусунан каза болуп калды. Ошондогу биздин абалыбызды соз менен жеткирүү кыйын эле. Бактылуу жашообуз заматта тозоктой сезилип кеткен. Апам байкуштун күйүтү оор болду. Атамы жерге берип кыркы чыкканча окууга да бара албадым. Апамы андай абалда таштап кетүү кыйын эле. Бир туугандарым аргасыздан окууларын улантып барып жатышты. Атамын кыркынан кийин окуума барып коп кун сабакты калтырып койгондугум учун аябай тил уктум. Эскертүү алдым. Бирок андан кийин окуумду улантууга кызыгуум калбады. Атамы ото катуу жакшы көргөндүктөнбү эмнегедир көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Агаларым да синдим да апам да баарыбыз кыйналып кеттик. Бирок жашоо улана берет тура. Атамын жылдыгынан кийин синдимди ала качып кетишти. Болгондо да Нарынга. Биз өзүбүз түштүктөн болгондуктан Нарын ото алыс сезилди. Апам так секирип каршы болуп туруп алды. Бирок суйуу жердин алыс- жакындыгына карабайт тура. Жалгыз уул экен күйөө бала. Бишкекте жашайт экен. Синдимдин окуусун Бишкеке которуп окутууга соз берип, апамдын кайра-кайра отуп жатышып көндүрүп ак той менен алып кетишти. Синдим алыска тушконгуно дагы көпкө коно албай куса болуп жүрдүк. Бара бара буга да көндүк. Андан коп отпой мага да куда түшүп келе башташты. Бирок эки агам да үйлөнө элек мен турмушка чыгып кетсем болбой калышын ойлоп анан калса окуумдан алаксып калгым келбей турмушка чыгуудан баш тартып жүрдүм.
Мага куда түшкөндөр көбөйгөн сайын апам безилдейт агаларыма "Үйлөнгүлө" деп. Ошентип улуу агам окууну буткон жылы чогуу окуган группалаш кызына үйлөндү. Ото чон болбосо да өзүбүзгө жараша той бердик. Женем тын чыкты. Апам да карылыкка баш ийип коп жумушту кыла албай калган эле. Айрыкча атаман айрылгандан бери тез карып кетти. Женемин келгени апама чон кубаныч болду. Бирок женем уйдо бир ай олтуруп "ошончо окудум, иштейм" деп чыкты. Албетте бай үй-бүлөдө өскөн кыздын кыялы башкача болот экен. Женемин атасы жогорку кенеште иштеген киши экен. Коп өтпөй женем менен агама Бишкектен үй алып берип, бөлүп салды. Агам чечкиндүү болгону менен женеме негедир баш ийип, жооштугунан уттуруп алды. Ошентип улуу агам да алыста жашап калды. Апам "экөөңөр бактылуу болсонор эле болду" деп эле олтуруп калды.
Ошентип экинчи агам Аскат мен апам учообуз жашап калдык. Апам жумушунан пенсияга чыгып уйдо. Аскат да окуусун жакшы аяктап дипломун алды. Бирок кесиби боюнча жумуш табыш кыйын болуп достору менен бир бизнес баштап башка иш кылып калды. Улуу агамын кайнатасы жардам берейин дегенине Аскат намыстанып ынабады. Бирок бизнеси жакшы киреше алып келет эле. Үйүбүздү да улуу агам экөөлөп башынан салып зангыратып коюшту. Уйду бутургон сон Аскат да суйлошкон кызына чакан той берип үйлөндү. Женем жаш эле. Менден да төрт жашка кичүү болчу.
Женемдин аты Малика. Өзүбүзгө тен эле жердин улуу кызы. Билими орто. Сулуу, татынакай. Агам жар тандоодо жанылышпагандай эле сезилген баарыбызга. Апам да колу узарып кубанып калды. Мен окуумду бүтөөрүмө аз калган эле. Окуудан келсем ысык тамак даяр, үй таза, апам көңүлдүү. Агам да жумуштан шашып келет. Бактылуу болуп эле жашап калдык. Синдим Эркайым жылына бир келсе келет, келбесе жок. Өзүнүн турмушу менен, эгиз уулдарды төрөп окуусу да калып кеткен. Ал эми улуу агам Азамат ай сайын келип апаман кабар алып кетет. Ар келгенде толгон -токой белектерди алып келип, үйдүн кемин толуктап, ондоп- түзөй турган жерлерди ондоп, апамын ден-соолугун каратып кетет. Женем канчалык заарын чачып ачууланса дагы агам бизди көпкө унутуп сала албайт. Боорукер. Аскат ошентип жакшы жумушта жакшы таап келет. Женем үйдө апамды карап. Апам акыркы күндөрү сыркоолоп төшөккө жатып калды. Тамакты жарытып ичпейт, өңү кубарып арыктап кетти. азамат агам келип канча дарылатса да болбой апам да бизди таштап кете берди...
Ошентип, Аскат женем болуп жашап калдык. Мына окуумду бүтөм деген жылы мени белгисиз бирөөлөр сабактан чыкканымда ала качып кетишти. Канчалык каршылык көрсөтпөйүн бир үйгө алып барып аялдар чурулдашып бир бөлмөгө киргизип коюшту. Ак жоолук сала албай убара болушту көпкө. Акыры мен чарчап олтуруп калганымда жаркылдап кулуп Малика женем кирип келсе болобу?! Көргөн көзүмө ишенбей чакчайып тура калдым. Женем тим эле жумшак суйлоп:
-Эми кыз мени ук, кыздын бараар жери күйөө дейт. Сизди узатаар апабыз же атабыз болбогон сон, мен апа ордуна апа боло албасам да оз милдетимди аткарып турмушка узатайын. Бул жер ото жакшы жер. Күйөө болчу жигит да чон иште иштейт, өзүнүн үй-жайы бар, үйүндө улуусу болгондуктан өзүнчө жашайт. Билими жогорку. Ата-энеси да жакшы жер. Мындан артык кандай жерге бармаксыз? Жакшына олтурун, тополон салгыдай жаш кыз эмессиз, окуунуз деги бүтөйүн деп калды,- деп эле мени кондурушко аракет кылып кирди.
Эсим ооп эле олтуруп калдым. Уйго батыргысы келбей калган го деген ой мээмди аралап отту. Туура да, бойго жетип калган кызды кайсы жене батырат эле? Кайра олтурбай үйгө барсам деле жыргатпайт го бул түрүндө. Ушунча убакыт эч нерсени байкабай жашаганыма тан кала туштум.
-Аскат билеби? Деп женеме суроолуу карадым.
- Ооба билет, озу олтургузуп кел деп мени жибербедиби. деп женем шакылдай жооп берди.
Үмүтүм үзүлө олтуруп калдым. Башыма ак жоолукту салышып баталарын беришип баары куттуктап тойго даярдана башташты. Күйөө болчу жигит менен да тааныштырышты. Жоодар экен аты. Тойго чейин нике кыйбай турууларын сурандым. Негедир той күнү башкалардай жаны никеге кирууну кааладым. Эч ким каршы болгон жок. 3 кун ичинде көйнөк тандап, ресторан белгиленип, эл чакырылып той болуп кетти. Баары тан калышты. Ото тездик менен баш коштук.
Уландысы бар.

Сапырылган сары жалбырак 1-бөлүм. - 944439335862

Комментарии