13 дек 2022

ОКУЙБУЗ ДЕГЕНДЕР КӨП БОЛСО ЖҮКТӨЙҮН..

Дагы эле Тазагул Сагымбаева эжекенин "Күттүргөн бакыт" чыгармасы
Күттүргөн бакыт 1- бөлүм
Дагы бир таң атты. Шаар ичиндеги кыймыл күч алып, аялдама элге толтура. Мен да эл катары жумушка жөнөйм күн сайын. Бүгүн да дал ошондой күндөрдүн бири. Сол тарабымда бирөөнүн тиктеп турганын сезип бурулдум. Муздай болгон көздөр октой кадалып турган экен. Бул эмне мынча теше тиктеди? Мен бул көздөрдү мурда көрдүм беле?... Кайдан, кайдан?... Негедир эстей албай жаттым. Демек, эч жерден көрбөгөм. Адамда да ушундай муздак, жүрөк титиреткен көздөр болобу... Көз карашы денемди аралап өтүп, жүлүнүмө жете түштү.
Аңгыча басып келип жаныма катарлаш туруп калды.
- Тааныдыңбы?
- Жок, тааный албай турам.
- Эстеп көрчү. Жакшылап эсте.
Мыскылдагандай сөздөрүнө чыдабай кеттим.
- Мен сизди эч жерден жолуктурган эмесмин. Сыягы, мени бирөө менен алмаштырып жатат окшойсуз.
- Алмаштырганым жок. Сен Адемисиң да.
- Кайдагы Адеми?
Көздөрүмдөгү таң калууну түшүндүбү, же чын эле Адеми эмес экениме ишендиби, бир аз жумшара сүйлөдү.
- Анда кимсиң?
- Сизге ким керек эле?
-Дал сендей адам керек болчу.
Муздак көздөр дагы жебедей кадала түштү. Капырай, адам баласына мынчалык муздак, жүрөктү өлтүрчүдөй көз караштын кереги эмне...
-Көздөрүңүз өтө эле башкача тиктейт экен. Өзүңүзгө сезилеби?- көөдөнүм толо коркуу сезим турса да суроо узаттым.
- Кандайча?
Бейтааныш жигиттин өңү өзгөрүлүп, карегинде кандайдыр бир учкун пайда боло түштү.
- Ууф, мына адамдай эле карайт турбайсызбы. Жанатан бери тим эле көзүңүз менен муунтуп салгандай болдуңуз.
- Бир кездеги бир адамга болгон теңдешсиз сүйүүм жек көрүүгө айланып өмүр бою көздөрүмдө катылып калбадыбы. Терең үшкүрүп, менин алдымда күнөөлүү адамдай жер карады. Акыркы сөзүнөн бул адамдын ичинде көп сыр, болгондо да аянычтуу тагдыр катылганын туюп турдум. Жумуш тарапка барчу автобус келип токтоору менен бирөө мени кармап калчудай шашылып чуркап чыктым. Бейтааныш жигит менден дагы деле көзүн албай тиктеп турган экен.
Андан бери бир топ мезгил өттү. Бүгүн ошондогу муздак көз карашты кайрадан кездештирдим. Ошол боюнча көрбөсөм балким унутуп кала белем, анткени көп эле нерсе, айрыкча тааныбаган адам оюңдан бат эле өчөт эмеспи.
- Салам!
Жалт бурулуп карап денем муздап, буттарым титиреп кетти. Муз тоңгон каректер арбап турган экен.
- Салам! Оозум араң кыбырады.
- Сени көрүп жолдун аркы жагынан өтүп келдим. Көптөн бери сени издеп жүргөм. Таппай каламбы деп да ойлоп кетчүмүн.
- Мени эмнеге издейсиз? Биз тааныш эмеспиз да. Бир гана жолу бирөөгө окшоштургансыз.
- Демек, эсиңде экен да. А сен кимге окшоштурганыма кызыктыңбы?- деп табышмактуу кадала тиктеди.
Ийними куушуруп тим болдум. Ичимден ушул адамдын жанынан батыраак кетсем экен деп тилеп жаттым.
- Мени менен сүйлөшкүң келбей турат ээ?
- Мен кетишим керек,- деп шарт бурулуп катуу басып жөнөдүм.
- Адеми! Токто, Адеми! Менде кандай өчүң бар, өлтүрүп салчы мени, өлтүр! Эки каруумдан бекем кармап булкуп жиберди.
- Коё бериңиз, сизге дагы бир жолу айтам, мен Адеми эмесмин, Адеми эмесмин!!!
- Анда кимсиң, айт, кимсиң деп жатам?- каруумдан кармаган колдору калтырап жатты.
- Менби, мен- Айкызмын.
- Айкыз? Кандайча Айкыз болуп каласың? Эмнеге Айкызсың?
- Анан ким болушум керек?
- Сен менин Адемимсиң да, ооба Адемисиң. Айкызмын дебе, антип мени алдаба!
- Кайдагыны сүйлөйсүз, мен сизге эмне деп жатам. Мен Айкызмын, Айкызмыы-ын!
- Кантип, кантип...
Каруумдан кармаган колдору акырын бошоп, ылдый түшүп баратты. Көзүнүн жашы салаалап бетин жууп жатканын сезбей, мас немече теңселип турду.
- Жогол, Адеми эмес болсоң тез жогол. Жогол дедим көзүмдөн!
Жин тийген немедей кыйкырып жиберди. Ушул учурда эмне кылып, эмне сүйлөп жатканына да акылы жетпегенсип баратты. Ордунда теңселип турду да, өзүнчө бирдемелерди сүйлөп басып жөнөдү. Каккан казыктай мен калдым ордумда...
Алыстан музыка угулат. Тааныш музыка, күндө мени ойготот. Көзүмдү ачпай эптеп сыйпалап телефонумду таптым да, коңгуроосун өчүрдүм. Күндө ушинтем, тураардан жарым саат алдыга коём да, ойгонуп алып бир топко ойлонуп жатам.
Жакынкы күндөрдөн бери ойлогонум баягы мени Адеми деген адам болуп калды. Ким ал өзү? Адемиси ким экен? Ушул ойлор үйдө болсом да, жумушта отурсам да кылт этип эсиме түшө калат. Эми жолуксам сүйлөшсөмбү же кереги жокпу? Өзү деле мени көргүсү келбей калган чыгаар... Акылынан айныган адам дейин десем, андайга окшобойт. Кийингени, өзүн алып жүргөнү тыкан, таза. Кандай болгондо да бул жигитте бир сыр бар экени көрүнүп эле турбайбы.
Күндө жумушка баратып, кечинде кайтканда баягы адамды тымызын издечү болдум. Жок, эч жерден карааны көрүнбөдү. Кайда жүрдү экен, мүмкүн Адемисин тапкандыр. Аялдамада ойлонуп отуруп автобустун келип токтогонун да байкабапмын. Бир убакта эсиме келе түшүп ордумдан турганча автобус да жүрүп кетти. Мына эми дагы 10 мүнөт турам. Ошол учурда арт жактан келген машина өтүп барып токтоп, кайра артына жылып келе жатты. Дал менин тушума келгенде капкара айнеги ылдый түшүп, баягы көздөр көзүмө уруна түштү. Тымызын күтүп жүрсөм да, көргөндө денем калтырап кетти.
- Айкыз, кел отур.
Атымды унуткан эмес экен демек. Дендароо болуп турган мени көрүп өзү түшүп жаныма келди.
- Эмне болду сага, мени тааныбай калдыңбы, же баягы жинди дагы жолукту деп жүрөгүң түшүп атабы?
Күлүп жибердим. Мага кошулуп ал да күлдү.
- Мага мындай крутой машиналар токточу эмес. Ошого эсим ооп өзүмө келе албай жатпайымбы.
Өзүмө билинбегени менен коркконумданбы, айтор үнүм калтырап кетти.
- Буга чейин токтобосо, эми токтотобуз. Үйгө да?
Менден жооп күтпөстөн машинанын арткы эшигин ачып "отур" дегендей ишарат кылды.
- Айкыз, мени кечирип кой, сени бир топ убарага салдым. Мен жөнүндө кандай ойлоп калдың экен? Акылынан адашкан келесоо дедиңби? Артта отурган мага жалт бурулду. Муз тоңгон каректер бүгүн негедир башкача. Баягы жүрөгүңдү өлтүрчү заар, жек көрүү кайдадыр сиңип тараган сыяктанды.
- Эмнеге жаман ойломок элем. Башында катуу корктум, ошондогу сиздин көздөрүңүз бир топко артымдан калбай акмалап жүргөндөй болдум. Бирок, акыркы күндөрү сизге жолугуп сүйлөшүп көрсөмбү деп жүргөм.
- Чын эле мени издедиңби? Көздөрү бир башкача күлүңдөп кетти.
- Сиз мени кимге окшоштурганыңызды, Адеми ким экенин билгим келди.
- А менин ким экенимдичи, Адемиден мурда менин кимдигимди билгиң келбедиби? Жок дегенде аты ким болду экен деп ойлодуңбу? Адеми тууралуу сүйлөгөндө кадимкидей үнү буулуп, дем жетпегендей энтигип кетти.
- Туура, мен жөнүндө эмнеге ойломок элең. Бейтааныш бирөө көчөдөн жолугуп, Адемисиң деп жинди болгон немедей жулкулдатып жатса. Акылы кем, же ичкич бирөөгө окшоштурдуң да. Байкуш Ислам, мунун баарын эмнеге айтып отурасың. Арманыңды төкпөгөн ушул кыз эле калды эле,- деп колу менен рулду муштап жиберди. Газды катуу тээп, жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабай айдап баратты.
- Биз өтө катуу баратабыз. Бир аз акырын айдасаңыз. Чын эле мындай ылдамдыкта үрөйүң уча түшөт экен.
Машина жайлап калды.
Демек, аты Ислам. Адемини сүйгөн Ислам экенсиң да. Ортодогу өлүү жымжырттыкты бузуп өзүм сөз баштадым.
- Менин атым Айкыз. Таанышканыма кубанычтамын.
Менин атымды азыр биринчи уккандай селт этип артка бурулду.
- Ыя?
- Атым Айкыз дебедимби. Кара тору, көзү бүтүк Айкызмын.
- Аа ошондойбу? Мен болсо бир аз акылы кирди-чыкты, турмуштан жолу болбой калган байкуш Исламмын.
- Антпеңиз, оозуңуздан чыккан сөз жакаңызга жармашып калат,- чоң энемдей болуп сүйлөп алып бетим кызара түштү.
- Чын элеби? Чоң кемпирлердей сүйлөйт экенсиң. Ислам күлүп жибергенде кызарган бетим андан бетер оттой жанып чыкты. Кудай жалгап мен түшчү аялдамага жетип калыппыз.
- Токтотуңуз, мен түшөм. Рахмат, жакшы калыңыз. Шашканымдан машинанын эшигин да шумдук катуу жаапмын. Ислам бетин бырыштырып, башын чайкап койду. Мына сага, аңгектен качсаң дөңгөккө. Сүйлөгөн сөзүмө уялганым аз келгенсип, машинанын эшигин катуу жапканымды айтсаң. Артыма кайрылып карабай жолдон өттүм да, шыпылдап басып жөнөдүм. Иий, Айкыз, өлдүң уят эле. Өмүрүңдө машинага түшпөгөн жапайы адамдай болдуң го. Эми экинчи жолукпа. Ушинтип өзүмдү- өзүм жемелеп келатып, үйгө жетип 3-кабатка да көтөрүлүп калыпмын. Кызыктын баары ушул жерден башталды. Канча аңтарсам да ачкычымды таппай койдум. Ойлонуп жатып акыры бүгүн түштөнүүгө чыкканда кабинетти мен жаап ачкычты колума кармап барганымды эстедим. Демек, жумушта калтырыпмын.
Эми эмне кылам? Күтүп отура бергидей же бирөө менен чогуу жашабасам. Кайра барып алып келгенден башка айла жок. Шалдайып төмөн түшүп жөнөдүм. Айтор, бүгүн менин күнүм эмес экен, ачкычты унуттум, ойлонбой сүйлөп бетим кызарды, аз келгенсип бирөөнүн машинасынын эшигин сындырчудай жаап...
Ачкычты алып үйгө келгенде сыртты коюу караңгылык каптап калган эле.
(Уландысы бар...)

Комментарии