23 дек 2022

Алгачкы махабат - 3 Аягы

- Деги, тынччылык болсо экен! – деп күбүрөнгөн апам калдастай түшүп, бат эле анан эшикти ачты. Бир жамандык болгонун дароо туйдум! Жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү
күчөп, ичимде тоо солкулдап жаткандай сезилип жатты.
– Апа! Тиги!.. Тиги!.. – деп ансыз да масы тарай элек агам андан аркысын айта албай булдуруктап, турган ордунда бир чимириле түштү да, башын мыкчып отура калып, өңгүрөп ыйлап жиберди.
– Кетип калдыбы?! – деди апам. Анын үнүндө: “Ылайым ошондой эле болсо экен! Андан жаманын угуза көрбө, айланайын Кудай?!” – деген маани бар эле.
Өгүнү да мас болуп алып, жедеп өзү да чарчап суй жыгылгыча жеңемди
уруптур. Качан ал уктап кеткенде жеңем баланы көтөрүп алып төркүнүнө баса бериптир! Тээ кечкурун эсине келип, катын-баласын таппай калганда гана байкем
апама келип, экөө барып алып келишкен. Жеңем бечара “барбайм!” деп жакшы эле жаналакетке түшкөн көрүнөт. Энеси да: “Ичиме баткан бала сыртыма батат!” Эне сүтү оозунан кете электе ала качып алып, баламдын багын байлап!.. Кокуй жетим бала экен, мейличи эми, эптеп киши болуп кетээр десе, акмак турбайбы! Мунун кебетесин
карагылачы! Денесинин бир жеринде соо жери жок! Барганы бети- башынан бир көгала
кеттиби? Биз көрбөй, билбей калганыбыз канча?! ...Баргыла, айланайындар! “Башыңар баш, багалчагыңар кара таш!” Бербейм, кызымды!” – деп катуу кетиптир. Апам бечара да ансайын жалынып-жалбарып, өпкө-жүрөгүн чаап жатып, акыры болбогондо: “Ата-
энеси тирүү болгондо бул акмак башкача болбойт беле?! Мен да ушундай сөздөрдү угуп, ушул жерде отурат белем? Кудайым башка салып койсо ушул тура! Андай болсо кетели, балам!” – деп чындап эле ызаланып ыйлаган экен. Агам да ботодой боздоп:
“Экинчи ичпейм! Экинчи өйдө карабайм! Апа, ата, мени кечиргиле?! Мен Айданасыз жашай албайм!” – деп төрт бүгүлө кечирим сурап, кайнатасынын бутун кучактап ыйлайт. Акыры эне-балага Кудайдын боору ооруганбы:
– Жөнөт, кызыңды! – дептир куда аялына ачууланып, – “Чыккан кыз чийден тышкары!” Эрге тийдиби, ысык-суукка чыдап жашасын! Анан да кызың мындан ары
үйүмө ыйлап келчү болбосун!
Апамдарга бул майдай эле жакса керек да. Жеңем бечара:
– Ата, мени ушинтип кубалайт белеңиз?! – деп атасынан мээрим күтүп,
буркурап ыйлаган экен. Атасы үн катпай, мисирейип коюптур. Акыры атасынын төрүнө сыйбай турганын түшүнгөн жеңем чыгып баратып:
– Ата, мени кечириңиз, өлүгүмдү эле артып келбесеңиз, бул үйгө эми эч качан ыйлап келбейм! – деген экен.
Апам ушуну ойлоп кетти окшойт. Анткени байкемдин кебетеси бу саам таптакыр башкача эле! Бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей, ыйлаганын
токтото калып, ордунан ыкчам тура, кайдадыр чымын-куюн болуп жүгүрүп кетти!
Апам экөөбүз артынан чуркадык.
Ай жарык болчу. Эмнегедир Кабылбек байкем үйүнө кирбей, дарбазасынын
жанына жетип “тык” токтоду да, кайра бурулуп төмөндү көздөй салды. Бирөө-жарым
кармап калчудай каякадыр аттап-буттап, көзгө илээшпей баратты! Биз нес болгон кишиче, анын карааны көрүнбөй калгыча тура бериппиз. Бир убакта анан апам эсине келгендей шашкалактап, короону көздөй жүгүрдү. Артынан мен да кирип барып!.. Кире бериште бирөө башка уруп ийген эмече эсим эңгиреп, кулагым тунуп, көргөн көзүмө
ишенбей, шайым оой түшүпмүн!.. Апам Айдана жеңемди көздөй чуркады!
Жеңем! Байкуш жеңем! Терезенин түбүндөгү карт дарактын тарбайган жоон бутагында салаңдап, аппак ич көйнөгүн сыдырым жел шуудуратып, кундуздай олоң чачы тизесине чейин жайылып, асылып туруптур!.. Жерде томолонуп, киши отурган
үстөл жатат!..
Апам жеңемдин эчак эле жан бергенин билген сымак кокуйлап, эмне кыларын билбегендей ары-бери жүгүрүп жүрүп, кошуналардын эшик- терезесин койгулай
баштады. Заматта чогулуп келген эл жеңемди чечип алышты! Денеси эчак муздаптыр
дешти. “Тез жардам” да “кыйкырган” боюнча учуп-күйүп жетип келип, кайра кетти.
Андан көп узабай укук коргоо кызматкерлери пайда болуп, иштин чоо-жайын сурап апам экөөбүзгө, дагы бир топ кишиге кол койдуруп алды.
Бир убакта эсиме Улан түштү! Үйгө чуркап кирсем, бөбөгүм бешикте бөлөнүп жатыптыр. Аттап-буттап кирип эле баланын дем алганын тыңшадым. Менин
келгенимди сезгендей “солк-солк” этип бир чукуранып алды да, эмчек издеп эки жакка
эриндерин чормоңдотуп алып, бат эле кайра уктап кетти. Жаздыгы, жоолугу чылпылдап, жаш менен терге чыланып кетиптир. Сыягы, эчактан бери ыйлап жатып, жедеп чарчаганда уктаса керек.
Өпкөм-өпкөмө батпай, бөбөгүмдүн бешигин кучактап алып үнүм да, жашым да чыкпай калгычакты ыйладым!..
Ошондон көп өтпөй эле жеңемдин төркүнү келип, сөөктү алып кетишти. Жерге бергиче апам экөөбүз да ошол жакта жүрдүк. Апама ошондо ушунчалык боорум ооруду. Кудаларынын алдында жер карап, айыптуу болуп отурду. Кетээрибизде да
батына албай жатып, Уланды сурады.
– Алгыла! – деди кудагый чаңырып ыйлап, Улан жөнүндө уккусу да
келбегендей, – Алып кеткиле!.. Желкемдин чуңкуру көрсүн силерди! Ой, Кудайым ай! Балам бир баладай бала болсочу! Он гүлүнүн бири ачылсачы, кокуй!...
Апам бечара жол бою бөбөгүмдү бирөө жула каччудай бооруна басып, көзүнөн жашын буурчактатып, үйгө чейин ыйлап келген!..
Азыр Улан он бешке карады. Жеңем айткандай, апам да аны мага окшоштура берет. Агам болсо, ошол кеткен боюнча кайра кайтып келген жок!..
А мен али күнгө чейин эле жүрөгүмдүн ханышасын издеп жүрөм..
АЯГЫ

Комментарии