22 авг 2023

СҮЙҮҮМ СИМВОЛУ - 2

Ошол күнү акыл эсин жоготкон адамдай үйгө келдим. Жол катар буулугуп ыйлап, көөдөнүмө толгон бук бөксөрө түштү. Кудум бирөө тартып ала тургансып сиз тартуу кылган ак гүлдөрдү көкүрөгүмө бекем кысып алганмын. Бир чети мен өзүмө жакын көргөн адамдан өзүм жактырган гүлдү өз колунан алганыма чексиз сүйүнүп, сүйүнүчтөн ыйласам, бир чети эс тарткандан бери адамдар арасынан мындай жылуулук көрбөй өткөргөн күндөрүмө, бактысыз балалык өмурумө, бири кем жашоомо өксүп - өксүп ыйлап, ошол күндөрүмдү ый менен жуугансыдым.
Жол катар ,, ...муштайыңда атаңды жеген көчөдө калган жалаптын кызы энеңдин бир жерин тартасын да, мисирейбей кара жерге кир. Эсил менин сени бакканым, куураган жаным...." деп кээде келери кечке какшанган чоң энемдин үнү кулагымдан, элеси көз алдымдан кетпеди.
Мурда баланчанын жакшы кызы бар экен ошону келин кылып алалы деген болсо болду ошого жуучулукка барып ,, ата ыраазы, кудай ыраазы" дешип кыздын көңүлүн эсепке алышпай той баштап жиберишчи экен да. Апам да ошондой бактысыздыктын курманы болгон экен. Атам илбийип жаштайынан оорукча болуп, мен эс тартканда ааламдан өтпөдүбү. Балким апам туура кылгандыр деп ойлоп кетем кээде. ,, Оорукчан балаңыз менен өмүрүм өткөргүм келбейт" деп кетип калган имиш. Ошол учүн мен курган айыптуудай,оорукчан атамдын өлүмүнө да мен себепчидей, же башка сөздү мага ыраа көрбөйт бекен чоң энем жакшы сөзгө татыктуу эместей күнүм өттү. Мектепти жакшы баалар менен бүтүрдүм. Окууга барам, мугалимдерим да оку деп жатышат десем болбой ,,энеңдин жолун жолдобочу" деп сай сөөгүм сыздатып каргап - шилеп таштаган. Мен ошондо бир баатырдык кылдым. Окушум керек деп делгирип туруп алдым. Кошунабыздын келини аябай жакшы болчу. Баары жогунан бар тил билги эле. Менин абалымды жазбай, айттырбай сезип жүргөн экен. Бир күнү сууга барчуу убактыбыз дал келип калган экен сырдаштык. ,, Мени да ала качып келип мына отуруп калдым. Окута койушпады. Бирок күйөөм кудайга шүгүр жакшы сырттан болсо да окутам деп жатат. Эч кимге айтпасаң мен жардам берем. Ооз ачпайсың " деди. Ал мага жол кире берип шаарда жардам бере турган таежесине кат жазып бермей болду. ,,О кудай ай "деп күнүгө кудайдан тиленем. ,, Жолумду ача көр" дейм. Мен тымызын даярбана баштадым. ,,Окууну бүтсөң да китептен баш көтөрбөйсуң жетим. Жамандын жаман өнөрү ашык" деп чоң энем китеп карасам эле кулагым кужурун ала баштады. ,, Мындайларды эр да албайт. Энеңди уккан адам сени алчуу беле. Элдин кыздарына окшоп же эр сүйбөсөң, көмүлүп үйдө элесиң , чыксаң кыздарга окшоп мындай..." деп да жемелеп жүрдү. ,, Бир күн жок болом караанымды таппай каласыз " деп койом ичимен. ,,О кудай ошол күн келе калса экен батыраак "деп тынчым кете баштады.
Бир күн кошуна жеңем Мыскал колуна чакасын кармап биздин эшиктин тушунда туруптур. Мени көрө калып сен дагы чык дегендей таризде баса берди . Демек мен дагы артынан барышым керек. Сүйүнгөнүм айтпай эле койойун. Артынан кандай жеткеним билбей калдым. ,, Көп кийим алба, кат менен өзүңө тиешелүү кагаздарың алып бир сыйра таза, шаарга кийе турган кийимдериңди ал да, эптеп шаарга түз барчуу машиналардын бирине отур." деди. ,, Кайдан отурам" дедим коркуп, көчөгө чыкпаган жаным. ,,Райондун борборунан каттайт экен, сураштыр,маакул ак жол сага, бирөө жарым көрүп калса энеңе жеткирбесин. Кудай буйурса жолугушаарбыз." деди да колума бир топ акча менен бүктөлгөн кагазды бере салып баса берди. Куду бирөө көрө кала тургансып калчылдай, төшүмө ката салдым. Чооң айыптуу иш кылгансып калтырайм. Күн кечкирип, таң атышы кыйын болду. Эртең менен бир уйубузду айдап топ малга кошуп келчүүмүн. Андан ары топтоп алып жылкычы Салман аке айдап кетип кечке чейин кайтарып келчүу. Мен ошондон нары кетмей болдум. Чоң энем адатынча эртең менен чайга отурганда мен уйду айдап жөнөдүм. Кичинекей түйүнчөк кылып, мектепке кийген кийимдеримди салып алдым. Калган болор болбос кийимдерим шаарга болбойт деген ойдо албадым. Аны мыжыгып кармап алгам. Чыкпаган жеримден тер чыгып, айылды четтеп, машиналардын каттамы көп чоң жолго карап шашып бараткам. Бир убакта артымдан
- Ой кызым кайда, эмне мынча шашып, - деген кишинин үнүнөн чоочуп,
- А- аа , - деп айкырып жибериптирмин.
- О кудай, сени чоочутуп жибердим ээ, дүкөнгөбү кызым ?- деди жанагы киши күлгөн болуп.
- Оо- ба...,- дедим араң калч- калч этип.
Менин мынчалык неге чоочуганымды этибарга албаган аттуучан киши атын чапкылап кете берди. Ким экенин да аңдай албадым, коркконума чыдабай бетимди колдорум менен жаап зыркырап ыйлап жибердим. Коркконум чоң энем артымдан бирөөнү жөнөткөн окшойт деп ойлогонум болду. Калчылдаган бойдон машиналар токтоочу жайга барарым менен эле автобус келе калып жолум уланта бердим. Бир аз өзүмө келип калганымда райондун борборуна жетип калдык. Бат эле борборго бара турган машинага отуруп батыраак жылсак экен деп тыбырчыладым. Качан гана айылдан алыстап тоолор аралап калганыбызда жүрөгүм ордуна түшүп, жай баракат көшүлүп, убайым тартып чарчаган жаным уктап кетиптирмин.
- Ай кыз, кызым ойгон...,- деп жанымда отурган орто жаштагы эже ойготкондо көзүм ачып эки жагым карандым.
- Жүр кызым чай ичели, курсагың ачкандыр....
Түшсөм эле бирөө эле алып калчуудай болуп,
- Жок эже, мен түшпөй эле койойунчу...,- дедим. Сууктан калчылдап үшүп да калыптырмын.
- Бир декең болсо кийип отур үшүп калыптырсың.
- Мм.....- деп койдум. Кайдан бир декем кийем. Окуучу көйнөгум кийемби. Кадимкидей калчылдай баштадым. Терезеден сыртты карадым. Тоолордун боору гана, алдыдан да тоолор аларды аралап кеткен жол гана көрнөт. Үшүгөнүмдөн көк тиреген тоолордун сулуулугуна аралап аккан сууларына көңүл бурбаган экем. Жанымдагылар келгенде бүрүшүп отурганым көрүп, баягы эже,
- Ой- йой мына бул кыз карышып калган бейм, чай ичип ал түшүп десе болбойсуң,- деп мени кармалай баштады. Мен чындап эле калчылдай баштаган элем.
- Жүк салган жагыңды ачсаң иним, бир декемди алып алайын,- деп айдоочу эшик ачканда эже.
- Маакул эже жүрүңүз.
Шаарга кимисине экенин билбейм бирөөгө атап алган ичигин алып келип,
- Мынаны оронуп отурчу бай болгур, тоңуп каласын. Кийгенге эч текең да жок окшойт. Чайга акчаң жок болсо мен өзум эле төлөп коймокмун,- деп мени ороп чулгап жатып божурады эже.
Мен унчуга албадым. Тек гана жылуу ичиктин ичине башым ката көзүмдү жумуп алдым.
- Курсагың ток элеби ай кыз,- деди эже дагы. Ооба дегендей баш ийкеп койдум. Кандай гана жакшы адамдар деп ойлоно көзүм жумган бойдон кете бердим. Канча журдүк билбей калдым дагы эже түрткулөп,
- Кана эми алдыма түшчү кызым, тамактанып алалы. Мен сага зордукча чай ичирбесем ичпейт окшойсуң. Эсен - аман барчуу жериңе жеткирип койолу сени. Таштап койгонубуз болбойт да. Менин да кыздар балдарым сага окшоп жолдо жүрүшөт. Бирок дайыма тамактанып анан жүргүлө дейм. Минтпегин кызым. Жолго чыкканда эле сенин ыраңыңдан байкагам ачка экениңди. Өзүң болбой койбодуңбу. Дагы жарым күн убактыбыз калды шаарга .
Ашканага кирип барганча тынбай сүйлөп барган эже отурар замат,
- Ысык чай алып келгиле балдар,- деди бирге келген балдарга.
Жаныбыздан өтүп бараткан ашканада иштеген кызга,
- Ай кызым, бери карачы. Ананайын балыңар барбы..?- деп сурап калды.
- Албетте эже .
- Бир кашык алып келип берсең чайга кошуш керек эле.
- Маакул эже..
Ага чейин балдар эки чайнек чай нандары менен көтөрүп келишти. Курсагым ачып ичим ичиме жармашканын ошондо сездим. Бир кашык эмес пиалада толтура балды алып келип берди жанагы кыз.
- Ыракмат, бактылуу бол кызым,- деп кызга жылмайа караган эже пиаладан кашыктап балды чайы бар пиалага салып,
- Биринчи чайды ич, аралаштыр анан ич....,- деп өзү да ысык чайдан ууртай баштады.
- Чайлары сонунда булардын, нак тоонун таза суусу да,- деп дагы уурттай баштады.
Мен бат эле чайды ичип, дагы ичким келип эжени карап калдым. Дароо сезе койгон эже ,
- Чайдан куйгула балдар ,- деп балдарга мен жакка карай кашын серпип койду. Арабызда мен курактуудай жаш бала чай куйуп, тамагын ичип жаткан. Экинчи жолу чай ичкенимден кийин гана бир аз өзөгүм жазыла түштү.
- Эми сорпону ысык - - ысык ичип ал, ичегой,- деп эже мени карап.
- Менин атым Ашыркан, Ашан эже дешет. Сен кайда баратасың ?
Суроого эмне деп жооп берсем экен ,, Качып баратам " дейинби деп тамагымды тиктеп калсам,
- Окуганыбы...?,- деп эже өзү сурап калды. Ооба дегендей баш ийкеп койдум.
- Атың ким кызым...?
- Кызжибек...,- дедим эжени жалооруй тиктеп.
- А балли, ата - энеңе рахмат! Ушундай аттарды койсо кыздарга. Кайсыл окууга тапшырайын дейсиң..?
- Медке...
- Абдан жакшы. Өзү да сага сонун жарашат го медик болгон. Максатыңа жет кызым.
- Рахмат эже.
- Жолго биринчи чыгышыңбы ?
- Ии...
- Ошон үчун...карасаң кыйналып кеттиң.
Мен унчуга албадым. Ал эже кайдан билсин качарымды билип тамак турмак кылт эткен суу тамагымдан өтпөй делгирип, эртеси да ачка жолго чыкканымды. Чоң энемдин каарынан качканымды айтпай эле койойун деп ойлонуп отурдум . Эмнеси болсо да атамдын апасы, чоң энем болот го деп.
- Бирөө жарым тосуп алабы же өзүң бара бересиңби ?
- Жо- ок, билбейм.... Бирөөгө барып жолугушум керек. Бирок эч ким билбеш керек эже.
- Кантет..? Кандай табасың...? Мейли кызым өзум жеткирип койом. Ии баса дарегин билесиң да.
- Ии...ооба...,- дедим каттагы жазылган дарекке ишенип.
Ошентип кайра жол уланттык. Көп өтпөй катарлашкан жумурткадай үйлөр башталып, андан барып бийик - бийик үйлөр. Өмүрү чоң шаарды көрбөгөн жаным шаар аралай баратканыбыз көзум умачтай ачылып, ары жак бери жагым карай бердим.
- Дарегиңди айтчы кызым сени биринчи таштап койолу, шаарга биринчи келишиң болсо.
Кыска кемзелимдин чөнтөгүнө салган, бүктөлгөн кагазды алып эжеге сундум.
- Кана окуйлучу....
Кагазды карады да андагы жазууларды окуп өңү суз боло түштү. Эмне жөнүндө жазылганын бир карап окуп койгон эмес экенмин. Эжени көрүп менин да маанайым бузула түштү.
Катты окуп бүттү да,
- Иним, машинаңды токтотот окшойсуң, биз түшүп калалы.
- Маакул эже, темир жолго барам дедиңиз эле...
- Ушул жерге токтой бер.
Эже экөөбүз түшүп калдык. Жолдон өткөн таксини токтотуп, отурдук да шаар аралап жөнөдүк. Өмүрунөн береке тапкыр эже акырында каттагы дарекке алып келди. Бийик үйдүн алдына келип туруп калдык.
- Сен отуруп тур мына менин жүгумдү кармаганча. Мен билип чыгайын.,- деп эже ичкери кирип кетти. Бир топтон кийин чачын бурул баскан, бойлуу сулууча келген, орто жаштан өтүп калган көрүнүшүнөн абройлуу, үй кийиминдеги бир аял менен орусча сүйлөшкөнчө менин жаныма келип калышты. Мени маанилүү тиктеп тиги аял,
- Кел кызым, тартынба. Сен издеген эжекең мен болом. Мыскал кызым жакшы жүрөбү?- деп калды.
- Жакшысызбы? Ооба, жакшы жүрөт, салам айтты.
- Жүргүлө. Жакшы келипсиңер. Балдарым дем алууга кетип өзүм жалгыз элем. Силерди кудай жеткирди. Жалгыздыкты жаман көрөм.
- Эжеке, үйүңүздү көруп алдым насип буюрса дагы келермин. Кызыңызды колуңузга тапшырып койойун деп эле бурула койдум. Мен Казакстанга баратам. Кечинде жылам. Ага чейин шаарда зарыл жумуштарым бар бүтүрүп анан.... Ойдо жок жерден эле кызыңызды алып келүүгө туура келип калды. Кыздарымды эстеп...кыздарым казактардын жеринде иштешет. Көп жылдан бери ошол жактабыз.
- Мейли анда курбум. Чооң рахмат сага аял- энелик парзынды аткарганың үчүн. Ошол кыздарыңдын убайын көр ылайым. Аман бол. Көрүп алдың. Келип тур. Көлгө эле кетип калбасам дайыма эшигим ачык сен үчүн. Тууган болуп жүрөлү.
- Мен барайын анда, убактым аз, жумуштарым бутурөйүн.
- Жакшы барыңыз эже, - деп чын дилимден эжени кучактап, бир сыйра ыйлап алып коштоштум. Ошо боюнча ал эжени көрүү насип этпеди. Кайда болсо аманчылыгын тилеймин ал периште эженин.
Ошол күндөн баштап Марал эженин кызы болдум да калдым. Окууга жайгаштырды. Жатаканадан орун алдым. Өзүм курактуу кыздар менен окууну баштадым. Акча жагынан аябай кыйналып, кээ бир чоң үй - бүлөлөрдүн үй жумуштарын кылып, балдарын карашып тыйын - тыпыр таап жүрдүм. Антип - минтип жыл айланып экинчи жылда тааныш- билиш болуп отуруп, Марал энемдин аркасы менен ,, Тез жардамга " жумушка орноштум. Бир топ арманым арылып, көңүлүм жай таап калганда сизге жолугуп отурам. Сиздин жалтаң мунөз жүзүңүздү күнүгө көрсөм деймин....Бирок айласын таппай жүргөн чакта мына минтип таптаккыр эле эсимди оодара салдыңыз го. Сизге деген сезимим өрт болуп жалындаганын сездиңиз бекен. Сезбесеңиз качан сезесиз..... Мен эмне болуп баратам...жардам бериңиз дегим келип турат....
( уландысы бар)

Комментарии