23 авг 2023

СҮЙҮҮМ СИМВОЛУ - 3

( соңу )
Улам барган сайын окуум татаалдашып, жумушка убакыт таап жетишүү кыйын болуп баратты. Эмнеси болсо да жумушту да таштабайын деп алымдын барынча аракет кылып, тыным жок. Бирөө менен жолугушмак тургай, кээде түзүктөп тамактанга убакыт таппай калган кездерим болуп жатты. Сизди сагынычым күн сайын күчөп, чыдамым кетип турган күндөрү сиз өзүңүз жоктоп келип калганызга төбөм көккө жете сүйүндүм. Чуркап эле барып мойнуңузга артылгым келип, сабырым кармап , тике карабай жалтаңдаган көздөрүңүздү карап тура бериптирмин.
- Сабак бүттүбү Кызжибек ?
- Ооба, азыр....
- Убактың барбы....
- Ооба... Кечинде жумушума...
- Жүр бир аз айланып басып келели.
- Маакул....мен китептерим таштап койсом болобу?
- Мейли ....кайда таштайсың.?
- Үйгө...Жүрүңуз чогуу эле баралы анда. Мен таштап чыга койом.
Мен жатаканага жатпай төрт кыз биригип ижарага бир орус кемпирдин бир бөлмөлүү үйүн алып алган элек. Сабак даярдаганда тынч болобуз деп. Мына ошол үйгө келип, темир дарбазанын жанына сизди калтырып, ичкери кирип кеттим. Башка кийимдерим кийип алсам деп, кыз кыялымда сиздин астыңызга жасанып чыккым келди. Өзүмдүн эң жакшы көргөн агыш түстөгү крепдишин көйнөгүмдү кийдим да, түйүлгөн чачымды экиге бөлүп өрүп таштап алдым.
- Күттүрүп койдумбу....- дедим уялынкырай ары карап турган сизге.
- Оо, ак куу болуп алыпсың го.
- Мм....
- Жөө басалыбы...?
- Кайда барабыз...?
- Сен айт, кайда баралы?
- Билбейм....
- Жүр анда бүльварга барып отуруп келели. Сейилдеп бассаң да сонун.
- Маакул....
Ала- Тоо аянтына келдик да шаркырап аккан сууларды сагынган жаныбыз фонтандын жанына келип отурдук.
- Жолугушууларга келбей жатасың...сени бир сыйра жоктоп алабыз....
- Сиз келип атасызбы?
- Кечээки жумада келдим.....андан мурда келбедим эле сен да келген эмес турбайсыңбы.
- Эч бош убактым болбой жатат да...
,,Азыр гана сиз үчүн келип отурам. Болбосо келмек кайда. Сиз дегенде баардык ишимди таштайм....Сиз мен учүн..." деп ойлодум, айта албадым. Умсунуп сизди гана карап койдум. А сиз болсо кылмыштуудай көзүңүздү алып эле качасыз...
- Жумуш, окуу деп кыйналып кеттиңби. ?
- Көнүп деле калдым. Эмне үчүн тиктеп туруп сүйлөбөйсүз башка жакка карап аласыз ?
Оңтойсуз суроо берип алып, эриним бир тиштеп, буйдала түштүм. ,, Кечиресиз" дегичем болбой,
- Сени тиктеп сүйлөө мен үчүн аябай кыйын, абдан кыйналам.
,, Эмнеге" дегендей балмуздак жеп жаткан оозум ачыла сизди тиктеп калыптырмын. Сиздин бул сөзүңүз ички дүйнөмдү тилип өтүп жүрөгүмө барып кадалды. Унчукпай балмуздакты караганча отуруп калдым. Экөөбүздүн ортобузда билинбеген от жалын алпурушуп жаткандай эле. Ал оттун жалынына экөөбүз эки жерде ысыгыбыз чыгып, тилибиз дилибизде сүйлөп, бири - бирибизге арнаган сөзүбүз жол таап сыртка чыга албай, курбу жетпей, шайы ооп жаткан эле. Бизди ушунчалык кыйнаган эмне бул...? ,,Сүйүү дегени ушундай сүрдүүбү" деп өзүмө суроо берип, чындап эле мен сүйүп калган окшойм деп жүрөгүм тилинди.
Ысыгымдан колумдагы балмуздак ээрий баштады.Тамагымдан өтпөй, жегим да келбей калган эле. Аны байкадыңыз окшойт.
- Башкасын алып берейинби....? Аны таштап сал..., - деп колумдан ала койуп, таштанды салгычка таштап койдуңуз.
- Жо - ок, тим эле койуңуз, башка жебейм.
- Сен дагы мага окшоп жаман көрөсүңбү....?
- Албай эле койуңуз....чын айтам.
Турган ордуңуздан кайра отурдуңуз.
- Колумду чайкап алайын...,- деп фонтандагы суунун жанына келдим. Терең улутуна сууга карап, алаканым сууга тостум. Алаканыма тийген суу бир деме деп сүйлөп барып, анан кулап жатты. ,, Эмне мынча кыйналасыңар" деп жымыңдашып алаканыма урунган суунун майда тамчыларын тутулбаса да мыжыга - мыжыга ойноп, ойлонуп туруп калган экем,
- Өзүбүздүн шар аккан суубузду сагындыңбы ?- дедиңиз жанымдан.
- Ии....бизде, тоолордон аккан суунун шары, үнү таптаккыр башка...
- Жайында, эс алганы барып, сагынычыңды жазып кел...
Ойлуу сизди тиктегенче кыялым айылга кетти. ,, Кайдагы эс алууну айтасыз. Келегой кызым деп кайсыл ата - энем көзүмдүн карегинен айланат. Абасына тойуп, суусунан татып, көркүнө көз тойбогон жерлерин басып келсем кана. Ошол жерде, ошондой күнөстүү жерде балалыгым тар дүйнөдө жашап өтпөдүбү. Аны сиз кайдан билмек элениз. Жашоонун кооздугуна муштумдай түйүлгөн жүрөгүмдү сиз ойготуп отурбайсызбы? Сизди сүйүп калып жашоонун жакшы жактарын түшүнүп жатпаймынбы. Бул жашоонун жолдорун үйрөткөн окутуучум сиз болдуңуз. Сиз дегенден бери ар нерсеге көз карашым башкача болгонун өзүм сезе баштадым. Буюм турмак адамдарга маани бербеген сезимдерим сизди жактыргандан бери аңгарыштыра баштады. Адамдан адамды айырмалай, андагы кемчиликти өзүмдөн издеп, таппай калсам сүйүнүп, бар болсо күйүнүп, сиз аркылуу өзүмдү - өзүм тарбиялап, жашоо мектебиндеги биринчи мугалимим сиз болдуңуз. Анын үстүнө сизди таштап эч жакка кете албайм, эгер билсеңиз."
- Кызжибек, ой Кызжибек, - деп күлүп колуңузду ары - бери кылып жатыптырсыз, - катуу кыялга берилип кеттиң го . Жүр мындай басалы.
Сиздин артыңыздан ээрчий баса бердим. Көпкө чейин унчугушпай баса бердик. Сизге дагы жаныңызда мен болсом эле болду окшойт. Мен ошентип бараттым да. Жанымда жүргөнүңүз эле тоодой тирек.
Күн кечтей баштаганын сиз айтпасаңыз мен ойлогон эмес экем.
- Жумушуңа качан барасың?
- Аий...саат канча болду деги...
- Кечки беш болуп калды.
- Кетели...кетейин....- деп сизди суроолуу карап калдым.
- Сен менен көп нерселерди сүйлөшөйүн деп келдим эле. Мейли дагы жолугушабыз го, - дедиңиз дагы башка жакты карап.
Ошол жолугушуудан кийин көптө жолугуштук. Сизди канчалык көргүм келсе да, иштерим жыйнап койуп канча жолу сизге баргым келсе да намыстанып бара албай жүргөм. Сиз издеп келсениз мен жок болуп жаттым. Жумуш, окуу. Түпсүз ойлор.... Не кылайын. Сүйүүмдөн да өзүмдү бийик тутуп жүрүптүрмүн көрсө.
Ич ара ички дүйнөбүз аралашып жүргөн менен аралыгыбыз ыраак болуп, мен сизге айта албай, сиз мага айта албай, кез келгенде сезимдер гана сүйлөшүп, жылдар тогошуп отуруп, мен акыркы курс болуп калдым. Акыркы күндөрдө чоң энемдин дубай саламдары бат- бат келип тура турган болду. Убагында балалык сезимиме кетпес залакасын тийгизсе да мен чоң энемди аябай сагынган элем. Кээде жүрөгүм эзилип, көргүм келип кетип, анан дагы көңүлүм сууй түшүп, ошентсе да көргүм келе берчү болду. Энем экен да, өз энем болбосо да....Ойума келсе өксүп - өксүп алам.
Сизге капилеттен базардан чыгып келе жатканымда жолугуп калдым. Артымдан тааныш үн мени чакырып жатканынан карасам сиз. ,, Айчүрөк" универмагынан чыгып, жашылча базарынан малинага өч жаным жаңы терип алып келген малинадан сатып алып жеп бараткам. Уялганымдан кайда катарымды билбей, сиздин маңдайыңызда туруп,
- Кандайсың, шашып баратасыңбы ?
- Жо- ок...шашкан жокмун....өзүңүз кайдан...мен көрбөй калыптырмын.
- Базардын ичинде жүргөнүңдү алыстан көрүп, анан таппай калсам болобу....
- Базардын ичиндеби...? Мен эки жакка көңүл бурбаган адатым бар....
- Сен көрбөдүң да...
- Малина жеңиз....
Колумдагы кичинекей идиштеги малинаны узатып, сизди дагы тикирейип тиктеп тура бердим. Мен сизди ошентип сүрдөтө бергим келет кээде. Дагы ошонум кармап, жөн турбай күлүп, сизди ан сайын дабдыраттым окшойт.
- Бүгүн башкача эле болуп калыпсын...,- дедиңиз. ,,Ушул адатыңды койчу " дегенсип. Мен уялып жер карай калсам,
- Башкача ачылып калыпсын дегеним... Ишенбесең азыр карап тургун....Тээтиги үч бала келе жатат.... Азыр өтүп эле сени карашат.... Мени карабайт...
- Койсоңуз....
- Мына карап тур...
Аңгыча бетме - бет үч бала өт берип биз жакты карап, биз аларды карап, сиз экөөбүз каткырып күлүп жиберсек, алар түшүнүп күлүштүбү айтор бизге кошулуп күлүп кете беришти.
- Көрдүңбү...?- дедиңиз дагы башка жакты караганча.
- Уфф...адамды карап сүйлөңүзчү....караса эмне болуптур эми....
- Мен жөн эле айттым....бүгун башкача эле болуп алыпсың деп, жаман ойлобо...
- Ии...мейли...жесеңиз
Дагы малина узаттым.
- Даамдуу экен. Биздин тоо жакта укмуш төгүлүп бышат да.
- Ал башкачабы, же ушундайбы?
- Ушундай эле. Балдар чогуу барып тойгончо жеп, терип келчүүбүз....
- Мм....
- Мен эртең Ошко жөнөп жатам....
- Айылга барасызбы?
- Жумуш менен....бошоп калсам өтөм го.
- Убакыт таап өтүңүз...
- Ооба өтпөсөм болбойт....бир жумача жүрүп калам го...
- Айылыңызга барсаңыз жакшы экен.
- Жарым жылдай болуп калды бара элекмин...
- Жакшы барып келиңиз.
- Айтмакчы сени өзүм издеп тапмакчы болуп жаттым эле.
- Неге....?
- Саматты билесиң да.
- Ии...
- Ошол сени алып качмай болуп пландаштырып жатат экен. Этият болчу...
- Ой шерменде....ким экен ал мени алып качкыдай....
- Мен кичине жемелемиш болуп койдум. Кыз каалабаса катылба деп.
- Эмне дейт...
- Кыздарды каалайт деп отурабы дейт...
- Ой...акмак....
- Тийсең капа болосуң деп койдум...
- Ии ошентиңизби ...?
- Ооба, бирок этият болчу ээ....
- Маакул....,- дедим ачуум келгенин билдирбей.
- Окууңду жакшы окуй бер.,..кыжаалат болбо...эчтеке кыла албайт.....мен эскертип койдум го...
- Бирок коркуп турам...
- Дагы жолугуп бир деке деп койойунбу...?
- Жок ай тим эле койуңуз....катылып эле көрсүн.
- Жакшы кыздарга ушинтип көз арткандар көп болот да..
- Койуңузчу......
,, Мен деле жүрбөймүнбү " дегендей күлүп карап койдуңуз. Күлгөнүңүз дайыма сырдуу эле. Өзүңүз жадырап күлгөнүңүз менен карегиңизде эмнегедир толгон - токой ой жаткандай туйула берчү мага. Мага окшоп кыйналган ойлору бардыр же мендей өксүктүр деп койчумун. Ооба ошол ой, ошол өксүгүңүздү анан билдим. Өтө кеч уктум. Көрсө жашоодон көңүлүңүз толбой, толтура албай, купулуңузга толгонун издеп жүргөн чагыңыз экен. Аны да кийин билдим. Байкабай сизди туура эмес түшүнүптүрмүн. Өтө кеч түшүндум.
Сиз өзүңүз айткандай айылыңызда бир топ күн жүрүп калдыңыз окшойт. Жердештер арасында да көрүнбөдүңүз.
Мен атайын ,, Кана мени ким алып качат экен..." дегендей кыжырым келип жердештер арасында болдум. Эч ким унчукпады. Жакшынакай отурдук. Ары - бери кептер. Жаңылыктар. Кыздар бир жагында баштарыбыз бириге калып...шыбың - шыбың....
- Ээ балдар Аманбвй акеге эмне болду таптаккыр эле көрүнбөй калды...
- Жеңең бар го...эсептеп бастырат. Ошого да карабай келе берчи эле.
- Аялы барбы...?.- дептирмин чоочуп.
- Ооба, өтө начар түшүнүгү тар, адам баркын билбеген...
- Андай экен эмнеге ага үйлөндү экен...? Алтын киши да..,- деди ар жакта отурган жердеш кыздардан бирөөсү.
- Ала качып, достору менен....мага бир жолу сөздөн сөз чыгып айткан эле.
- Бир уулу бар азыр...
Сиз жөнүндө сөз болуп жатты. Бирин уксам бирин укпайм. Башымдан ылдый муздак суу куйулгандай титиреп чыктым. Баёоо мүнөз жаным ушул убакка чейин кантип билбедим экен. Кыйналып кеттим.
- Кыздар кетелиби....?,- дедим кыздарга акырын.
- Отурчу бир аз....
- Жумушка барасыңбы...?
- Ооба.....
Калп айттым....Жумуштан атайын суранып келгем. Жакшы отуруп, кыздар менен чер жазыша сүйлөшүп келейин дегем.... Жок эми бир аз эмес эч отура албайм дедим да,
- Мен барайын анда...капа болбосоңор....
- Сенин жумушуң бар түшүнөбүз, - дешти.
Мен жоо куугандай атылып сыртка чыктым да оозумду бекем жаап алып, сай сөөгүм сыздап ыйлап, улам - улам чуркап койуп, кай тарапка баратканым элес албай кете бердим. Айланамда эч ким жоктугунан үнумдү да чыгарып ыйладым. Сиздин бүлөңүз барына ыйлаган жокмун. Тагдырымдын тайкылыгына, жетим кыздын тушунда чындап эле таң атпашына ынана өксүп жаттым. Жадырап ачылган гүлдөй жайнаган аруу таза сезимдеримди капилет борошо уруп, аязына калчылдай баштадым. Туш келген отургучка отура калып кадимкидей калчылдай, өпкөлөп ыйлаган ыйым токтободу. Тагдыр ай тагдыр, дагы эмнелерди көрөсүн деп турасын.....? Жакшы күндөрүң барбы деги....? Же мен жакшы күндөрдү көрүүгө татыктуу эмесминби....? Ый аралаш калчылдап ушул сөздөрдү шыбырап, бугумду айланадагылардан жашырып жаттым. Жашырбаганда эмне кылам жар салып кыйкырып ыйлашым керекпи...? Бат эле ыйдан санаага чөгө түштүм....Сизди сагынып кеттим.....Сизди сагынган сайын сиз алыстап баратасыз....Сизди жоготкум келбей эмне кылам деп ойлорум чабалактады. Көзүмдө жашым кургабай үйүмө келдим. Эч ким жоктугу жакшы болду. Көпкө тунжурап отурдум. Кимге айтам...айтканда эмне. Эсиңди жедиңби бүлөсү болсо дейт да ким болсо да. Анан эмне кыласың.....? Жооп жок...
Эртеси ысытмам көтөрүлүп, өзүм иштеген ,, тез жардамым" келип, күлүшүп даарылап кетишти. Окуума араң барып келип жүрдүм. Баякы жаркылдаган Кызжибек жок. Тунт, кимдир бирөө менен урушкан адамдай, түбү жок ойлорунан жүдөгөн. Жайнап турган көздөрүмдүн үмүтү өчкөн каректеринен чарчаган санааларды окуса керек эле көңүл бөлгөн киши ошондо. Мага эч нерсенин кызыгы калбагандай баары жок суз көрүнуп калган эле ошондо.
Сиз канчалык мени издеген сайын мен кача баштадым сизден. Жолуккум келбеди. Сагынычтан жүрөгүм барчаланса да өз сүйүмдү өзүмө курмандыкка чалдым. Канча керек сизден алыстап, сиздин оттой орозгериңизди бузгум келбеди. ,,Бүлө бузуп тапкан бактым кандай болсун. Андай кыла көрбө....!" деп өзүмө. Сизди деп зыркырап соккон жүрөгүмө да кулак салбадым. Чыдайсың, эми өмур бою чыдайсың дедим.
Акыркы экзамендерди тапшырып жаткан мезгилибиз. Мен өжөрлөнүп, өчүмдү окуудан алдым. Сизди эстеген сайын мажбур бир декени окуйм. Айла жок ошого көндүм. Сиз жүрөгүмдү өйүп турсаңыз да окууга эт - бетимен өзүмдү таштадым. Антпесем бир деке болуп сизди да кыйнап койбойун деген ой келди. Окууну бүтөөргө жакын аябай чүнчүп да кеттим. Аным өзүмө да байкалып турду..
Окуу аяктады. Баары куунак. Мен гана санаа түбунө чөгүп.
- Жүр биз менен. Эмне эле отурасың же башка жакка барасыңбы,- деген кыздарга,
- Бара бергиле, мен да жердештерим менен болом, - деп койдум. Эч ким менен, эч жакка баргым жок эле. Бирок үйдө отурсам дагы бирөө жарым келбесин деген ой менен кийинип сыртка чыгып кеттим. Ойум онго, санаам санга бөлүнүп, чеги жок ойлорду ээрчип жүрө бердим. Кечке жуук башым жарылгыдай болуп ооруп, үйгө келдим. Эшик оозунда кемпир кутүп туруптур.
- Эмне мынча капасын.? Сенин бүгүн бактылуу күнүң го...Ооруган жоксуңбу ?
- Башым катуу ооруп жатат эне, - дедим.
- Билесиңби сени канча адамдар издеп келишти. Сен алар менен бирге болбогон окшойсуң...?
- Мен жалгыз болдум, жалгыз журдүм...
- Кой антпе...Капа болбо....Капа болбош керек...Жатаканаң_ толтура гүл болуп кетти. Кирсең көрөсуң, баарын сууга салып койдум.
- Ыракмат эне, - дедим да суз гана ичкери кирдим. Астананы аттаганымда эле тушта чоң чакага салынган аппак розаларды көрүп сиздин келгениңизди, зарыга кутүп кеткениизди билип ички дүйнөмдү ачуу жалын каптап, гүлүңүздү кучактап, жакынынан айрылгандай ыйга баттым. Кечке бук болгон жаным ачуу ыйга чөмулүп, жүзүмдүү армандуу көз жашым жууп жатты. Сизден акыркы гүл алышым деп ойлодум. Сиздин да мага акыркы жолу гүл сунушуңуз болсун.... Мен ошондой чечимге келип, башка көрүнбөйм эми дедим.
Окуу жайынан алган айрым китептерди китепканаларга тапшырып, ушунча жыл билим алган окуу жайы менен коштошпой жатып сагынып турдум. Эми көруп жаткансып баардык нерселерин кармалап, кыйылып карап отуруп сыртка чыктым. Эки жагым каранып оор дем алдым. Көктү карап, ,,Көк мейкин баарына сен күбөсүн. Сенин көзөмөлүңдө болуп жатат баары. Мына эми мен кетип баратам. Көңулүм да жалгыз, өзүм да жалгыз, өзүң күбө болчу тагдырым да жалгыз эми....", - деп үзүлгөн кебездей болгон сейрек булуттарга дилимден айтып жаткам.
- Кызжибек, - деген сиздин тааныш үнүңуздү угуп, көктү караганча туруп калдым. Унчукпадым. Козголгон да жокмун.
- Кызжибек сага эмне болду ? Түшүнсөм өлөйүн... Бир деке дечи.
Көктөн көзүмдү алдым да, суз гана сизди карадым.
- Бүтүшүң менен! Мына эми доктор Кызжибек ....
- Рахмат....
- Кызжибек....
- Гүлдөрүңүз үчүн да рахмат....
- Ай,Кызжибек ай биз сени издебеген жерибиз калбады го. Сен болсо унчукпай чыгып келе берген турбайсыңбы, - деп, ызы - чуу болуп, бирге окуган балдар кыздар мени колтуктай сүйрөп басып кетишти. Сиз мени жалдырай тиктеп кала бердиңиз. Ошондо гана сиз мага тике карадыңыз, ичиңизден ыйлап турдуңуз. Ошол ыйлаган боюнча кала бердиңиз. Башка көрүшпөдүк. Тагдыр бизди көрүштүрбөдү. Бирок сиз берген роза гүлдөрдү жылыга көрөм. Ал гулдөрдөн азыр короомдо бар. Дайыма көз алдымда. Жылыга ачылат. Бул гүлдөр өмүр бою сүйүм символу болуп кала берет.
(СОҢУ )
У. Сатарова. Москва.

Комментарии