Комментарии
- 17 дек 2015 05:40Алибай Эркинбек тегинЭкстремизм жонундо да тушунук берип койгулачы.
- 17 дек 2015 05:41Алибай Эркинбек тегинЭкстремизм жонундо да тушунук берип койгулачы.
- 17 дек 2015 07:43АИША ПРИНЦЕССА👸Тероризм азыр бизнес
- 17 дек 2015 15:11вей лин ответила Алибаю Эркинбеку тегинуЭстремизм терроризмдин гана синонимоми
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
"Терроризм" деген эмне?
Терроризм – бул, саясий жана экономикалык максаттарга мыйзамсыз жолдор менен жетүүгө аракет жасоо. Терроризмдин негизги максаты – кандайдыр бир чакырыкка же болбосо саясий келишпөөчүлүккө коомдун көңүлүн буруу, башкача айтканда, саясий бийликке таасир көрсөтүү жана коомду коркутуу. Учурда, терроризмдин стратегиясы өнүккөн доорго жана социо-экономикалык түзүлүшкө жараша бир топ өнүгүп, улам барган сайын кеңири аймакты камтууга умтулууда.
Дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү бет алган багыты экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды тирештирип, таасир талаштырып турат. Ошондон улам, «бөлүп ал да башкара бер» же болбосо «өзүңдүн кызыкчылыгыңа зыяны тийбегидей төмөн деңгээлде карма» деген позицияны карманган айрым блоктордун же болбосо ири державалардын диний, этникалык, рассалык багыттагы ар түрдүү маселелерди, социо-экономикалык жакырчылыкты терроризмге жем катары пайдаланганын көрүүгө болот. Мындай нерсе абалды табийгый жана жасалма жол менен чыңалтып, терроризмдин жаралуусуна себеп жаратат. http://formula.kg/terrorizm-degen-emne