Комментарии
- 17 апр 2016 14:04Салайдин Хамраев
- 17 апр 2016 14:54Баатыр Адынов
ma sha Allah bizge da hafizdikti nasip kylsyn Allahym. Kur'andy abdan suiom))
- 17 апр 2016 15:29💎 💎Мен барып коруп келдим
- 17 апр 2016 15:34💎 💎МашАллах, кичинекей балдар эле укмуш окуйт экен
- 17 апр 2016 17:03Бужа СатыбаеваДиним деген пенделерге Кудай амандык жана бакыт берсин.
- 17 апр 2016 21:04Мунира МунираАмиин
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
БИШКЕКТЕ VI-КУРАН ЖАРЫШЫ ӨТҮҮДӨ (ВИДЕО)
Бүгүн, 17-апрелинде саат Кожомкул атындагы спорт сарайында «Адеп башаты» фонду тарабынан уюштурулуп жаткан VI-Курани Карим боюнча жарышынын финалы өтүүдө. Анда катышуучулар 10, 20 жана 30 пара боюнча 3 категорияда ат салышууда. Жарышка Кыргызстандын бардык облустарынан алдыңкы орундарды ээлегендер күч сынашып, өздөрүн сынашууда.
VI-Курани Карим боюнча сынактын финалынын ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Акимжан ажы Эргешов, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, КИУнун ректору Марс Ибарев, КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Замир кары Ракиев, «Адеп башаты» фондунун мүдүрү Нурлан Субанов жана Египет Араб Республикасынан атактуу Куран хафызы Мухаммад Саид Абу Лайла катышууда.
Жарышта башкы үч орунду алгандарга акчалай сыйлыктар жана башка кызыктуу белектер берилмекчи.
-Ар жылы уюштурулуп келе жаткан бул жарыш, элибизге Куранды таанытуу, жайылтуу, сүйдүрүү жана жаштарды Куранды окуп, үйрөнүүгө кызыктырууга үндөйт,-деди КИУнун ректору Марс Ибарев.
Ал эми дин аалымдары өткөөл мезгилдерде Куранды билген инсандардын өтө аз санда болгонуну айтышып, бүгүнкү күндө дин эркиндигинин урматына мамлекетибизде Куран жаттаган мекендештердин санынын көптүгү кубантып жаткандыгына токтолушту.
Республикалык VI -Куран Карим жарышы Египет Араб мамлекетинен келген атактуу кары Мухаммад Саид Абу Лайланын Куран окуусу менен башталды. Андан соң өлкө аймагындагы Куранды жат билген карыларга жана дин аалымдарына белек-бечкектер берилди. http://formulasy.blogspot.com/2016/04/vi.html #КуранЖарышы