Комментарии
- 18 апр 2016 08:57райхон муслима
- 18 апр 2016 09:26Айнагул Молдокулова(замужем)
- 18 апр 2016 09:57Жамиля Балтабаева
- 18 апр 2016 10:244 FL
- 18 апр 2016 11:52Гулмира Шабалаева
- 18 апр 2016 12:14KYRGYZBAEV BILAL
- 18 апр 2016 12:55Nasipa Maksymbekova
- 18 апр 2016 14:21نصر ةالله нусрат
- 18 апр 2016 16:51سلطان sМашаАллах
- 18 апр 2016 18:05Айнур КабыловаАлхамдулиллах
- 19 апр 2016 05:22Н А З Г У ЛАллаа ыраазы болсун!рахмат!
- 19 апр 2016 15:09Жабир КМашАЛЛАХ КУНДО ОКУЙМ ИНШАЛЛАХ.
- 22 апр 2016 18:01д тМашаАллах,
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Аятал курсинин пайдалары
Суроо: Ар дайым окуп жүрүү сунушталган Аят-ал курсинин [Бакара сүрөсү 255] пайдалары эмнелер?
Жооп
Аятал курси окуунун абдан көп пайдалары бар. Бир канча хадиси шарифтин маанилери төмөндөгүдөй:
"Аятал курси - аяттардын сеййиди. Бир жерде окулганда шайтан ал жерде тура албай сөзсүз качат.” [Хаким]
"Аятал курси Курани каримдин төрттөн бири.” [Абу-ш-шайх]
"Үйүндө Фатиха жана Аятал курси окуган адамга ал күнү жин жана шайтан зыян кыла албайт. Назар (көз) тийбейт.” [Дайлами]
"Жатаар алдында Аятал курси окуган адамга шайтан жолой албайт.” [Шавахид-ун-нубувва]
"Ар фарз намаздан кийин Аятал курси окуган адамдын Бейишке кирүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок.” [Насаи, Ибни Хиббан, Байхаки, Табарани]
"Үйүнөн чыгып баратып Аятал курси окуган адамга жетимиш периште үйүнө кайтып келгенге чейин дуба жана истигфар кылат.” [Эй, Уул Илмихали] (Унаага түшкөндө Аятал курсини окуу балээ жана кырсыктардын алдын алат)
Аятал курсини ыкылас менен окуган адамдын адам жана жаныбарлар акысынан жана фарз карызынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Б.а., тооболору кабыл болот. (Ислам Ахлагы)
Хазрети Али: "Кабыр азабынан кутулуу үчүн Аятал курсини көп окуу керек”, - деп билдирди. (Зухра-тур-Рийаз)
Эй, Уул Илмихали китебиндеги хадиси шарифте:
"Намаздан кийин Аятал курсини окуган адамга ар тамгасы үчүн 40 сооп берилет.”
"Бир киши намаздан кийин дароо бир жолу Аятал курсини окуса, ал аят Арш-ы алага чейин барат жана ал жерде тынбай аракет кылып: "Эй, Рабби! Мени окуган кулуңду кечире көр!”, - дейт. Аллаху таала аянттан жана кандайдыр бир тараптан муназзах болуп: "Эй, периштелерим! Күбө болгула, намаздан кийин Аятал курсини окуган кулумдун күнөөлөрүн кечирдим”, - деп айтат.