ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:

“Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.
Кыргызча мааниси:
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллоху акбар”.
ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва аьла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту”.
Кыргызча мааниси:
“Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.
Рамазан айынын 26 сынан 27не караган түн – Кадыр түн.
Урматтуу мусулман боордоштор жана мекендештер, баарыңыздарды кирип келген ыйык РАМАЗАН айы менен чын ыкластан куттуктайбыз! Бул – тазалыктын, аруулуктун, берекенин айы.
Бул күнгө канчалар жетпей калды, а канчалар
жеткенине шүгүр кылбай жүрөт. Ар бир аткан
таң менен баткан күн баалуу, бирок бул күндөр өзгөчө күндөр.
РАМАЗАН айыңыздар куттуу болсун!
Урматыбыз менен
«Formula.kg» -
Маалыматтык Маданий-Рухий агартуучу портал.

ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ: - 835463418126

Комментарии