БАЛАНЫ КАНТИП ОҢОЙ ЭМЧЕКТЕН ЧЫГАРУУ КЕРЕК?
Көпчүлүк учурда баланы эмчектен чыгарууда энелер үчүн өтө кыйынчылыктар жаралбайт. Бирок бөбөктөр көмбөстөн энесин бир топко кыйнаган учурлар дагы кездешет. Мындай учур эненин күтүүсүздөн эле балага эмчек эмизүүнү токтотуп коюшунан улам жаралат. Эгер балаңызды оңой жана психологиясын жабыркатпай эмчектен чыгаргыңыз керсе, аны акырындык менен көндүрүңүз. Маселен, буга чейин балаңызды күнүнө 5 же 6 маал эмизип келсеңиз, эмчектен чыгарууну пландаган күндөн баштап эмизүүнү азайтыңыз. Алгачкы күндөрү 4-5 жолу, андан соң 3-4, акырындык күнүнө 3 же эки жолу эмизип, анан бир маалга өтүңүз. Мындай ыкма бөбөк үчүн дагы, эне үчүн дагы жакшы болот.
Эне баланы эмчектен чыгарууда кетирген эң орчундуу каталар:
1. Баланы эмчектен чыгарууда көпчүлүк учурда элдик медициналык ыкмалар кеңири колдонулуп келет. Бирок булардын бардыгын тең эле колдоно берүү туура болбойт. Андай ыкмалар балаңызга дагы, өзүңүздүн ден-соолугуңузга дагы терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Алардын бири сүт бездериңизди таңып таштоо. Айрым учурда эненин сүтү бат тартылыш үчүн сүт безди катуу таңып салуу кеңеши айтылып кетет. Бирок мындай кадам туура эмес. Организм сүттү активдүү бөлүп чыгарып жаткан учурда эмчекти таңып таштоо биринчиден оорутат, экинчиден ыңгайсыздыкты жаратат, үчүнчүдөн эмчек чыңалып, лактостазга алып келет.
2. Эмчектен чыгаруунун оңой жана туура эмес ыкмаларынын дагы бири сүттү таратуучу дарыларды колдонуу. Маселен, эмчекке сүт толтурчу дарылардын жок болгондугу сыяктуу эле, сүттү таратууга багытталган дары болбойт. Ал дарылар гормондору бузулган адамдарга багытталып чыгарылган. Бул дарылар түздөн түз эмчек эмизген энелер үчүн чыгарылган эмес. Мындай одоно медициналык кийлигишүү эненин организмине терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Сүттүн тартылуусун дары аркылуу жөнгө салуу эненин кийинки эмизүүсүнө жана баласына зыян алып келет. Сүттү тарттыруу үчүн кандайдыр бир дары жазып берген дарыгер сиздин сүт бездериңизге, организмиңиздеги өзгөрүүлөргө, тийгизүүчү терс таасирлерге өзү жооптуу болуусу зарыл. Өнүккөн өлкөлөрдө сүттүн тартылышы үчүн мындай дарыларды колдонууга тыюу салынган. Эмчектин сүтүн тарттыруу үчүн дарыны жок дегенде эле 1 жумага жазышы мүмкүн. Бул убакыт аралыгында сиз табигый жол менен деле ишке ашырсаңыз болот.
3. Тамактануудан баш тартуу. Көпчүлүк энелерде баланы эмчектен чыгаруу маалында сүт аз бөлүнүп чыгуу үчүн тамактанууну жана суюктук ичүүнү азайтыш керек деген түшүнүк бар. Бирок андай эмес. Сүт эмнеден бөлүнүп чыгат? Эненин канынан жана лимфтен. Демек сүттүн бөлүнүп чыгуусуна сиздин тарелкаңыз менен чыныңыздын тиешеси жок. Маселен, эң жарды мамлекеттердин катарына кирген Африкада дагы энелер балдарын эмизип багышат.
4. Баланы бир нече күнгө таштап кетүү. Эгерде балаңыз жаныңызда болуп, бирок эмчектен такыр эле чыкпай жатса, демек бөбөк даяр эмес. Баланы таштап бир нече күнгө жок болуп кетүү бөбөктүн психологиясын жабыркатат. Сизге болгон ишенимин жоготот. Кичинекей болсо дагы "энем мени таштап кетти. Бир гана өзүнүн мээриминен эмес, тамагымдан дагы ажыратты",- деген ой жаралат.
5. Балага эмчекти көрсөтүп алып, "мокочо, жаман" деген сөздөрүңүздү айтпаңыз. Бала үчүн бул чоң травма. Буга чейин ага сүйүүнү, кам көрүүнү, жылуулукту тартуулап келген эмчектин бат эле жаман затка айланып кетүүсү бөбөктүн психологиясын бузат.
6. Баланы уялтпаңыз. Балдар чоңоюп калганда дагы эмчек эмген учурлар кездешет. Андан пайдаланып эч качан "карачы чоңойдуң, уят эмекспи",- деген сөздөрдү айтпашыңыз керек. Мындай учурда баланын аң сезиминде туура эмес ойлор жаралышы мүмкүн.
7. Эмчектин учуна сүрөт тартып, калемпир сүйкөп же жүн-жүбүр жабыштырып алып баланы коркутпоо керек. Узак убакыттан бери бөбөктүн эң негизги азыгы болуп келген нерсенин бат эле өзгөрүп кетиши баланы ирээнжитет. Айрым учурда ал өзүн күнөөлөй баштайт. "Мен эмгендиктен ушундай абалда дуушар болуп калдыбы?"- деген суроо жаралат.
8. Эмчектен чыгарууну чечкен соң, сөзүңүзгө бек туруңуз. Балаңыз эмчекти эстегенде анча-мында чырдаса бооруңуз ооруп кетип кайра эмизип албаңыз.
9. Эмчектен чыгаруу учурунда түнкүсүн сүт же шире бербеңиз. Бул балдардын тишине зыян алып келүүсү мүмкүн. Алардын ордуна таза суу берсеңиз болот. Ал эми эненин сүтү тишке зыянын тийгизбейт. Тескерисинче балдар үчүн чыгарылган айрым тиш жуучу каражаттардын курамына эненин сүтү кошулат.
10. Эмчектен чыгаруу эненин жана баланын жашоосундагы кыйын учурлар, өзгөрүүлөр менен туш келбеши керек. Маселен, башка жакка көчүп кеткенде, бөбөк бала бакчага бара баштаганда, ооруп калганда, тиши жарылганда, энеси жумушка кирип, байланыш аз болуп калганда эмчектен чыгаруу сунуш кылынбайт. Ал үчүн кадимкидей эле өзгөрүүсүз, турмушуңуз өз нугунда өтүп жаткан учурду тандап алыңыз.
9
788
779
7
799
797 878
97
9
9
9
9788 7
8 778 7 787778 68
7