Комментарии
- 2 сен 2017 19:46Толкунай Марипова ЗАМУЖЕМЧон рахмат
- 2 сен 2017 22:45аты нет фамилия нетА кечиресиздер1жарым жашта салмагы кача болуш керек жазып койуздарчы
- 3 сен 2017 11:03💞 Шаравидинова12.15 кг
- 3 сен 2017 11:03💞 ШаравидиноваБолуш к к
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
БАЛ -БАЛАКАЙ
БАЛДАРДА ГЕМОГЛАБИНДИН НОРМАСЫ КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК??
Балдардын жаш курагына жараша гемоглобиндин нормасы
Жаш-курагы
Гемоглобин көрсөткүчү
Жаңытөрөлгөңымыркай 3 күн
145-225
Жаңытөрөлгөңымыркай 7 күн
135-215
Бирайлыкнаристе
110-175
3 айдан 6 айгачейин
95-135
6 айдан 5 жашкачейин
105-140
5 жаштан 12 жашкачейин
115-145
Аз кандуулук эмнеге алып келет?
Баланын гемоглобининин төмөн болушунан улам анын ден соолугуна доо кетет. Өзгөчө 1-2 жаштагы балдардын ички органдары калыптануу мезгилинде болгондуктан өтө коркунучтуу.
Организмге кычкылтектин жетишсиздиги биринчи кезекте баланын мээсине таасир берет. Андан соң бөйрөктүн иштешин бузат.
Баланын гемоглобининин төмөн болушу узакка созулса, ал жугуштуу ооруларга тез кабылат.
Салмагы азайып, бою өспөй калат. Бир гана физиологиялык жактан эмес, психикалык жактан да жабыркайт.
Оорунун өтүшүп кетишинен улам жүрөк-кан тамыр системасынын жана тери оорулары байкалат.
Буттары шишип, боору чоңоюп кетет.
Гемоглобинди жогорулатуучу азыктар
Жашылча-жемиштер: сууга бышкан картошка, кызылча, капуста, ашкабак жана анын данеги, помидор ж.б.
Мөмө-жемиштер: көк жана кызыл алма, алмурут, өрүк, банан, кулпунай, курма жана анар гемоглобинди жогорулатуу касиетине ээ.
Жумуртканын сарысы
Дан эгиндери: кара буудай, гречка, буурчактан жасалган ботко.
Эт азыктары: курамында темирди жетиштүү камтыган азыктар катары саналган уйдун эти жана тили, тоок эти, өзгөчө тооктун боорунан жасалган тамактар кирет. Эт азыктарын бир гана кайнатма түрүндө берүү зарыл. Мындан тышкары бардык эт азыктарынын шорпосу да пайдалуу деп эсептелинет.
Ширелер: алма, сабиз, кызылча, анардан жасалган эч кандай кошулмасы жок ширелер.
Кызыл жана кара икра, жаңгак, кургатылган жемиштер, кара шоколад.