Комментарии
- 26 фев 2018 16:45Жашоо кереметВауу ким болду экен автор
- 6 июн 2018 09:37Майк Замбидис 🇰🇬 мусульман🇹🇳 ответил Жашоо кереметСонун журоктун ичинде жашаган бироода
- 13 июн 2018 12:58I DoNt CaReЖакшы саптар
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Жашоо керемет
Эрким жетпейт
Биролтоло унутууга бел байлап.
Жазбай жүрөм жат адамдай атайлап.
Кереги не керек эмес сөздөрдүн.
Кереги не кандай дештин кайталап?
Андан бери нечен даалай күн өттү.
Алдап келем алып учкан жүрөктү.
Өчүрсөм да сенден келгрн каттарды.
Эрким жетпейт өчүргөнгө сүрөттү.
Унутам деп ойлогомун күн өтсө.
Кеткен белең из калтырып жүрөккө.
Канча сүрөт турсадагы сакталып.
Карай берем сенден келген сүрөткө.
Сыйкырчыдай мени өзүнө арбаса.
Сениби, билбейм, жэ сүрөтүң башкача.
Өжөрлөнүп кол баш ийбейт эркиме.
Өчүрөм деп канча аракет кылсам да.