КАДЫР ТҮНДҮН ПАЗИЛЕТТЕРИ

✍🏻 Эрланбек Кушчубек уулу
🔹1) Кадыр түн миң айдан да артык түн
Аллах Таала айтты:
«Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)». (Кадыр сүрөөсү, 3-аят)
Кадыр түн жыл ичиндеги эң улуу түн. Мусулман адам бул түндө кандай ибадат кылбасын, ал ибадаты Аллахтын алдында миң ай кылынган ибадаттан да жакшыраак. Аллах Таала мындай артыкчылыкты Кадыр түнгө гана берген. Жыл ичиндеги башка эч бир түн бул түндүн даражасына жетпейт.
Миң айды жыл менен эсептей турган болсок, 83 жыл 4 айга барабар болот. Азыркы күндө 83 жашка чыккан адамдар саналуу гана. Бирок Аллах Таала Өзүнүн сүйүктүү пенделерине акылга сыйгыс мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койгон. Эгерде мусулман адам Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөргөн болсо, анда анын ошол түнкү кылган ибадаты – Аллахтын алдында миң айдан ашык кылынган ибадаттан да артыгыраак деп айтылган.
🔹2) Кадыр түндө периштелер жана Жебреил түшөт
Аллах Таала айтты:
«Бардык (тагдыр кылынган) иштер үчүн Раббисинин уруксаты менен периштелер жана Рух (Жебреил) түшкөн түн». (Кадыр сүрөөсү, 4-аят)
Ибну Касир аятты мындайча тафсирлеген: «Башкача айтканда, Кадыр түндөгү берекелердин көптүгү себептүү бул түндө көптөгөн периштелер түшүшөт. Ал эми периштелер береке жана ырайымдуулук түшкөндө түшүшөт. Мисалы, алар Куран окулганда түшүшөт, (Аллахты эстеген) адамдардын тобун тегеректеп алышат жана чын ниеттен илим издеген адамга урмат көрсөтүп ага канаттарын төшөшөт». (“Тафсир Ибну Касир”)
🔹3) Кадыр түнү таң атканча бейпилдик болот
Бул туурасында Аллах Таала айтты:
«Ал таң аткыча уланган бейпил (түн)». (Кадыр сүрөөсү, 5-аят)
Курандын бул аятын Мужахид мындайча тафсирлеген: «Бул түндө шайтан эч кандай жамандык кыла албайт же зыян да бере албайт». (“Тафсир Ибну Абу Хатим”, “Тафсир Ибну Касир”)
🔹4) Кадыр түндү тоскон адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып Рамазанда орозо тутса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет. Ал эми ким ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып Кадыр түндү (ибадат кылып) тоссо, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». (Сахих Бухари; Сахих Муслим)
Имам Навави хадисти мындайча шархтаган: «Хадистеги “Ыйман келтирип” дегендин мааниси – анын чындык экенин тастыктоо жана анын жакшылыктарын туура көздөө дегенди билдирет. Ал эми “Сооп үмүт кылуу” дегендин мааниси – Аллахтын Өзүн гана каалоо жана ыкластуулукка каршы келген адамдар көрсүн деп ибадат кылууну ж.б.у.с иштерди көздөбөө. Ал эми “Ибадат кылып тоссо” дегендин мааниси – таравих намазын окуу. Аалымдар таравих намазы – мустахаб ибадат деп бирдиктүү ойду айтышкан». (“Шарх Сахих Муслим”)
🔹5) Кадыр түндө ырыскы, ажал ж.б иш-аракеттер тагдыр кылынат
Аллах Таала Куранда мындай деп айтты:
«Биз (Куранды) берекелүү түндө түшүрдүк. Чындыгында, Биз эскертүүчүбүз. Ал түндө Биздин буйругубуз менен бардык анык иштер ажыратылат. Чындыгында, Биз (Китептерди жана пайгамбарларды) жиберүүчүбүз». (Духан сүрөөсү, 3-4-аяттар)
Ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты: «Чындыгында бир адам адамдардын арасында тирүү жүрсө да, анын аты ажалы жеткен адамдардын арасында жазылган болушу мүмкүн. Андан соң «Биз (Куранды) ыйык түндө түшүрдүк. Чындыгында, Биз эскертүүчүбүз. Ал түндө Биздин буйругубуз менен бардык анык иштер ажыратылат» деген аятты окуп, мындай деп айтты: «Бул түнү жылдан-жылга чейинки бардык дүйнө иштери ажыратылат». (“Тафсир Табари”)
Ал эми Абу Абдурахман Сулами мындай деп айткан: «Кадыр түнү бир жылдык иштер жөнгө салынат». (“Тафсир Табари”)
*▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁*
*☑ ИсламОнлайнKG*
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz *🔘 Ватсапка катталуу үчүн:*
📲 +996 703 667 418

КАДЫР ТҮНДҮН ПАЗИЛЕТТЕРИ - 856315779357

Комментарии

  • 19 июн 2017 07:38
    Алла ыраазы болсун. Туткан орозобузду Аллахым эл катары кабыл кылсын жана кадыр тунду тосууга насип эткин.
  • 20 июн 2017 21:39
    Кардыр тундун касийетулугу емнеде жооп кутобуз
  • 20 июн 2017 21:56
    Баарынарга кадыр тунду намаз жан жакшы ибадат менен откорууну Аллах Таала насип кылсын. .
  • 23 июн 2017 23:57
    Жогоруда жазылган, макалада.