<< ____________________________ Куугум тарап тан да атты, кичине,. Теребелге жарык чачты тим эле. Жаркыраган алтын тустуу кун нуру, Жер бетине чачырады нур бере. ___ Айланада туркун куштар ун безеп, Сайрап жатат, жандандырып жер бетин. Тан атканын кабар берип ак короз, Элди калды, ойготконсуп кыйкырып. ___ Ала кучук, озунчо эле ургулоп, Мени карайт, козун ачып кайра жуумп. Анда журот чожолорун ээрчитип, Сары тоогум, кукулуктап жем издеп. ___ Тан да атса, тиричилик башталып, Жан жаныбар, бут кыймылда шаттанып. Карап туруп аларды мен суктандым, Кандай сонунун табият бул, бул турмуш. ___ Эркин басып, атыр жыттуу абадан, Керээ- керээ дем аламын кайрадан. Салкын желим сылап отсо бетимди , Энем келип эркелетип жаткандай. ___ Азыр озум болдум эне, тайэне, Ошентсе да, эске тушот энекем. Эрте менен секин сылап бетимди, Турагой деп, эркелетчу озумду. ___ Алтын апам, сабагындан кеч калдын, Деп, ойготчу бир саат мурун озумду. Эрте экен го, деп апама мен айтып, Башты чумкоп жатып алчуум, жуурканды. ___ Корсо эне асылдын да, асылы экен, Балдар учун, эт журогун берип келген. Азыр озум апакемдин оордуна, Балдарыма, куйуп бышып озум келем. ___ Балдарымды ойготсом мен эртелеп, Эрте экен го, деп атышат эркелеп. Ошондо мен, оз апамды эстеймин, Мен да ушинтип, жатчу элем эркелеп. ___ Жан уул- кыздарым болосунар ата- эне, Ойлойсунар мага окшоп ошондо. Жаштык кезим келсечи деп, окунуп, Таппай издеп, отуп кетсем озумду. Ав.Бурмакан Борбоева. 03.11.2017 ж.
>> ЭСКЕ КЕЛЕТ !
<<
____________________________
Куугум тарап тан да атты, кичине,.
Теребелге жарык чачты тим эле.
Жаркыраган алтын тустуу кун нуру,
Жер бетине чачырады нур бере.
___
Айланада туркун куштар ун безеп,
Сайрап жатат, жандандырып жер бетин.
Тан атканын кабар берип ак короз,
Элди калды, ойготконсуп кыйкырып.
___
Ала кучук, озунчо эле ургулоп,
Мени карайт, козун ачып кайра жуумп.
Анда журот чожолорун ээрчитип,
Сары тоогум, кукулуктап жем издеп.
___
Тан да атса, тиричилик башталып,
Жан жаныбар, бут кыймылда шаттанып.
Карап туруп аларды мен суктандым,
Кандай сонунун табият бул, бул турмуш.
___
Эркин басып, атыр жыттуу абадан,
Керээ- керээ дем аламын кайрадан.
Салкын желим сылап отсо бетимди ,
Энем келип эркелетип жаткандай.
___
Азыр озум болдум эне, тайэне,
Ошентсе да, эске тушот энекем.
Эрте менен секин сылап бетимди,
Турагой деп, эркелетчу озумду.
___
Алтын апам, сабагындан кеч калдын,
Деп, ойготчу бир саат мурун озумду.
Эрте экен го, деп апама мен айтып,
Башты чумкоп жатып алчуум, жуурканды.
___
Корсо эне асылдын да, асылы экен,
Балдар учун, эт журогун берип келген.
Азыр озум апакемдин оордуна,
Балдарыма, куйуп бышып озум келем.
___
Балдарымды ойготсом мен эртелеп,
Эрте экен го, деп атышат эркелеп.
Ошондо мен, оз апамды эстеймин,
Мен да ушинтип, жатчу элем эркелеп.
___
Жан уул- кыздарым болосунар ата- эне,
Ойлойсунар мага окшоп ошондо.
Жаштык кезим келсечи деп, окунуп,
Таппай издеп, отуп кетсем озумду.
Ав.Бурмакан Борбоева.
03.11.2017 ж.