>> ТОО КОЙНУНДА !

<<
________________________________
Тоо койнунда эркелеп ойноп остум,
Аралап арча кайын, булдурконун.
Аймалап тоо койнунун салкын жели,
Сылап отчу, жумшак болгон аппак бетти.
__
Тоо койнунда, суйуу таптым эскирбеген,
Омур бойу айта берсем, кеч кирбеген.
Тоо койнунда бала таптым жыты укмуш,
Жыттасам, жыты укмуш мемиреткен.
__
Тоо койнунда балалык чагым откон,
Жаштык кезим ич куйгузуп дагы кеткен.
Тоо койнунда жаштык чагым гулдой жанган,
Арчалардын арасында калып кеткен.
___
Тоо койнунда бирге басып жетелешип,
Ардагымдын элеси калып кеткен,
Тоо койнунда махабатым очпос болуп,
Жыты анкып, белестерде калып кеткен.
___
Тоо койнунан издей берем балалыкты,
Жайнаган жаштык кездин жамалын бу.
Тоого барсам эске тушот ошол кундор,
Отуп кеткен менин кунум бир омур бул.
___
Тоо койнунда сакталып калып калган,
Сезимдерди издеп мен таппай келем.
А бирок, унуталбай эстеп азыр,
Ал кундоду эскерген кундор келген.
Ав. Бурмакан Борбоева.
30.10.2017 ж.

Комментарии

Комментариев нет.