ЧАЧТЫН ТYШYYСYН КАНТИП ТОКТОТСО БОЛОТ?

Чач таза жана кайраттуу болсо, ал сөзсүз түрдө жагымдуу көрүнөт. Туура эмес кам көрүүдөн улам чач өз сапатын жоготуп, түшө баштайт.
ЧАЧТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕПТЕРИ
Чачтын көп түшүшү ооругандан, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт оорулар, ошондой эле чач түбүндөгү май безинин функциясы бузулгандан болот.
Чачтын бузулушуна ачык тийген күн жана катуу суук да терс таасирин тийгизет. Ысыкта чач кургап сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температурада теринин үстүнкү кан тамырлары кысылып, чачка керектүү азык-заттын келиши азаят.
Мындан тышкары организмдеги микро-элементтердин төмөндөп кетишине да байланыштуу. Эгер чач түшө баштаса, демек, организмге темир жана B витаминдери, белок жетишпейт.
Айымдар кош бойлуу кезинде витаминдер жетишпей баштайт, ошол мезгилде чачтын түшүшү күчөйт. Ошондуктан бул учурда чочулоонун кажети жок.
Көп ачууланганда нерв системи бузулат. Мындай адамдардын чачынын түшүшү өнөкөткө айланып калат да, 13 күн ичинде чачы агарып баштайт.
Оорулардан башка ар түрдүү дарыларды колдонуу да себепчи болот. Мисалы, кан басымдын көтөрүлүшүнө каршы, бойго бүтүүдөн сактоочу жана ооруну басаңдатуучу дарылар.
Чачты бат-бат боёо, түзөө, кайруу, тармалдатуу, чач кургаткычты дайыма колдонуу – мунун баары чачтын көп өлчөмдө түшүп, жукарып, сапатынын начарлашына алып келет.
Алкоголь жана кофеинди көп колдонуу да чоң таасирин тийгизет.
Сурап билуу жана заказдар учун телефон ватсап 0777622111

Комментарии

Комментариев нет.